Печать
Категория: Коом

Өткөн санда эле биз эл уулу Камчыбек Ташиевдин Сузак, Базар-Коргон райондорунда бир топ ички жолдорду асфальттап, жаңыртып бергени тууралуу сөз кылган элек. Андан көп узабай эле Камчыкенин агы бир соопчулук иштери жөнүндө маалымат келип, сүйүнүп калдык.

 

 

Өткөн санда эле биз эл уулу Камчыбек Ташиевдин Сузак, Базар-Коргон райондорунда бир топ ички жолдорду асфальттап, жаңыртып бергени тууралуу сөз кылган элек. Андан көп узабай эле Камчыкенин агы бир соопчулук иштери жөнүндө маалымат келип, сүйүнүп калдык. Эсиңиздерде болсо, мурдараак Камчыбек Ташиев Барпы айыл өкмөтүнүн жаштары үчүн “Таймурас” спорт клубун ачып берген. Анда машыгып жаткан балдар Кыргызстандын намысын эл аралык ареналарда талашып, ийгиликтерге жетишип келе жатат. Эми мына ошол спорт клубунун аймагына Камчыке жаңы футбол аянтчасын куруп, ачылыш салтанаты болуп өттү. Кыргыздын келечектеги Роналдо, Мессилери ушул аянтчадан өсүп чыкса, өлкөбүздүн футболдук держава болушуна кошкон чоң салымы болот. Андан соң, ошол эле күнү Таш-Көмүр шаарында да К.Ташиевдин жеке каражатына салынган спорттук залдын дагы ачылышы болду. “Мунун баарын жасап жаткан себебим, азыр жаштар арасында жаман иштерге азгырылып кеткендер көп болууда. Ошондуктан, айыл жаштары ичпей, чекпей, жаман иштерден алыс болуп, ден-соолугуна кам көрүүсүнө өбөлгө болсун деп спорттук аянтчаларды тартуулап олтурам. Бизге дени сак келечек муун керек”,- дейт К.Ташиев. Эл уулу кайрымдуулук, соопчулук иштери ушулар менен эле бүтүп калбай турганын кошумчалады. Келечектеги иштерине чогуу күбө болобуз. Азырынча, элдин камын ар дайым ойлоп жүргөн Камчыкеге ден-соолук каалап туралы. Баса, К.Ташиев президенттик шайлоодо азыркы президент Жээнбековду колдоп, Жалал-Абадда күнү-түнү уктабай, катуу иштеген эле. Бирок, эмгиче эмнеге бул эл уулун кызматка тартпай жатышканы түшүнүксүз болууда.

 

 

“Майдан-пресс”, Булак:  “Майдан. kg” гезити