Печать
Категория: Коом

Бишкек, «Саясат. kg». Кара-Балта шаарындагы өз өмүрүнө кол салган 14 жаштагы кыздын атасы жакында эле башкага үйлөнгөн.

 

Кара-Балта шаарында 14 жаштагы кыз 5-кабаттан секирип каза тапты. Ал эжеси жана иниси менен таенесинин үйүндө жашачу. Апасы Түркияда, а атасы Россияда иштеп жүргөн.

 

Бул тууралуу Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алашүкүр Гасанов билдирди.

 

Айтымында, 8-класстын окуучусу Ж.Ж. мектептин мыкты окуучуларынын бири болгон. Ата-энеси ажырашып кетишкен, бир нече күн мурда атасы башка аялга үйлөнгөн. Аны угуп кыз курбуларына: «Атасы жок кантип жашайм?» - деген экен.