Бишкек, «Саясат. kg». Кара-Балтада мектеп окуучусу өз жанын кыйды.
Кара-Балта шаарында 14 жаштагы кыз 5-кабаттагы үйүнүн балконунан секирип, өз жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 19-октябрда саат 21:00дө болгон. Кыз 2001-жылы туулган эжеси менен уруша кетип, өз өмүрүнө кол салган.
Кырдаал иликтенүүдө.