Бишкек, «Саясат. kg». Укук коргоо кызматкерлери тарабынан Маевкадагы окуяга шектүү адам кармалды.
Маевка айылындагы үйлөрдү жана автоунааларды өрттөгөн деген шеек менен жаран кармалды.
Бул тууралуу Чүй облустук ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда ыкчам – тергөө иштери жүрүүдө, кененирээк маалымат кечирээк берилет.
Эске салсак, 17-октябрда Маевка айылында өрт болгон. Аны белгисиз жаран атайын жасаганы айтылган.