Печать
Категория: Коом

Бишкек, «Саясат. kg». Москва шаарындагы аэропортто кыргызстандык полиция кызматын сүзгөн.

 

Москва шаарындагы «Домодедово» аэропортунда таксист болуп иштеген кыргызстандык полиция кызматкерин сүзүп кеткен. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыгышты.

 

Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлери сүзгөндөн кийин качып кеткен таксистти издешүүдө.

 

Белгиленгендей,  полиция кызматкери таксистке келип, документин көрсөтүүсүн талап кылган. Бирок, таксист полициянын талабына көңүл бурбай, автоунаасынын эшик-терезелерин бекитип алган. Полиция кызматкери автоунаанын алдында тургандыктан, от алдырганда капотто калган. Ушул тейде таксист полиция кызматкерин бир нече аралыкка сүйрөп барган.

 

Полиция кызматкерлери таксистти кармаганга аракет кылышкан, бирок башка бир эркек тоскоолдук кылган да, ал дагы окуя болгон жерден из жашырган. Эки автоунаа табылып, айдоочуларынын өздүгү аныкталган. Азыр издөөгө берилген. Маалым болгондой, айдоочулар кыргызстандыктар.