Печать
Категория: Коом

Бишкек, «Саясат. kg».  КР УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери ИИМдин кылмыштуулукка каршы ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлерин кармашты.

 

КР УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери ИИМдин кылмыштуулукка каршы ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлерин кармашты.

 

Такталгандай, аларга каршы кылмыш иши козголду. Эки кызматкер кылмыш болгон жерден качып кетишип, учурда издөөдө.

 

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ички иликтөө кызматы коррупцияга каршы кызматы менен биргеликте 400 доллар пара алган ИИМ кызматкерлери боюнча  ыкчам – тергөө иштерин жүргүзгөн.

 

Иликтөөнү УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө. Кармалган милиционерлер УКМКнын абагына киргизилген.