Бишкек, «Саясат. kg». Атамекендик өндүрүшчүлөрдү жана жүк ташуучуларды убактылуу чегарага барбай турууга чакырышууда.
Кыргыз-казак чегарасына атамекендик жүк ташуучулар жана өндүрүшчүлөр убактылуу барбай туруулары керек. Мындай чакырыкты бир нече бизнес ассоциациялары жасашты.
Белгиленгендей, бул кыргыз-казак чегарасындагы автоунаалардын узун кезегин азайтат. Бардык татаалдыктар жөнгө салынмайынча чегараны кесип өтпөй туруу керек.
«Учурда Кыргызстан жана Казакстандын премьер-министрлеринин жетекчилигинин алдында жумушчу тобу түзүлдү. Беш жумушчу күнүндө маселени чечүүнүн чараларын иштеп чыгышат», - деп билдиршкен бизнес ассоциациялары.