Печать
Категория: Коом

Жүк ташуучу унааларды өткөрүүдөгү көзөмөлдү жеңилдетүү боюнча эки өлкө ортосунда биринчи вице-премьер министрлер жетектеген жумушчу топ түзүлдү. Бул топ беш күндүн ичинде чек арадагы бардык маселелерди чечүүнүн жол картасын иштеп чыгышы керек.


Жүк ташуучу унааларды өткөрүүдөгү көзөмөлдү жеңилдетүү боюнча эки өлкө ортосунда биринчи вице-премьер министрлер жетектеген жумушчу топ түзүлдү. Бул топ беш күндүн ичинде чек арадагы бардык маселелерди чечүүнүн жол картасын иштеп чыгышы керек.


Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов төмөнкүлөрдү билдирди:

 

- Дагы талкуулай турган бир нече маселе калды. Буга байланыштуу биздин делегациянын бир бөлүгү Казакстанда калды. Эртең аларга мен да барып кошулам. Андан соң беш күндүн ичинде казак-кыргыз чек арасындагы абалды жакшыртуу боюнча атайын протокол иштеп чыгып, макулдашып, кабыл алышыбыз керек.

 

Чек арадагы жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү шартын жеңилдетүү чечими 19-октябрда Астанадагы кыргыз жана казак өкмөт башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынган эле. Казакстандын борборуна жумушчу сапар менен барган премьер-министр Сапар Исаков баштаган кыргызстандык делегация коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев менен жолугушуп, атайын келишимге кол койгон.

 

Келишимде өткөрмө бекеттеги жөө жүргүнчүлөрдү, жеңил жана эл ташыган унааларды биринчи кезекте өткөрүү каралган.

 

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.