Печать
Категория: Коом

Бул тууралуу Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаевдин 18-октябрда Астанадагы жолугушуусунда макулдашылды.


Кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, эки өлкөнүн биринчи вице-премьер-министрлеринин жетекчилиги менен жумушчу топ түзүлөт. Ал топ беш күндүн ичинде биргелешкен Жол картасын иштеп чыгат. Жол картасы кабыл алынгандан кийин, тараптар андагы келишимдерди аткарууга милдеттүү.

 

Өкмөт башчылардын жолугушуусу Кыргызстандын демилгеси менен өттү. Алар алгач өз ара, анан кеңейтилген форматта жолугуп экономикалык кызматташуу, кыргыз-казак чек арасындагы абал, транспорттук, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, ЕАЭБ жана Дүйнөлүк соода уюмунун норма, эрежелерине ылайык бажы, салык төлөмдөрү боюнча маселелерди талкуулады.

 

“Алдыда бир топ маселелер турат. Эки өлкө тең бир Экономикалык биримдикке мүчө. Биз конструктивдүү диалогго даярбыз. Чечилбеген маселе жок, алар сүйлөшүүнүн негизинде каралышы керек”, - деди Кыргызстандын өкмөт башчысы.

 

Өз кезегинде Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинатев эки элдин байланышы бекем экенин, боордош өлкөнүн кызматташтыгы бүт аймакка үлгү болушу зарылдыгын айтты. Анын белгилешинче, учурда Казакстанда биргелешкен капиталы менен 700 ишкана бар. Товар жүгүртүү соңку жети айда 28% түзгөн.

 

Кыргызстандын чек ара кызматы бүгүн, 19-октябрда кыргыз-казак чек арасында абал жеңилдегенин “Азаттыкка” билдирди.

 

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

 

Бул президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак президентине, бийлигине багытталган cөзүн расмий Астана саясий максатты көздөгөн “чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келди.