Печать
Категория: Саясат

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо добуш бергендер боюнча кол санактын алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, Кыргызстан социал-демократтар партиясы сунуштаган талапкер Сооронбай Жээнбековду добуш бергендердин 54,74 пайызы колдогон.

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду колдоп добуш бергендердин саны 33,7% түзгөн. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун алган добушу 6,55%, “Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариевдики 2,57% деп эсептелди. Калган талапкерлердин алган добушу 1% жеткен эмес.

БШКнын маалыматына караганда, добуштарды саноо өлкө аймагындагы жана чет өлкөдөгү добушканалардын бардыгында жүрдү.

15-октябрдагы шайлоого 1 млн 692 миң 423 шайлоочу катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызын түздү.