К.Ташиев:Тынчтык, бейпилдик жана стабилдилдүүктү бузганга эч бир себеп жок”

28-ноябрдагы парламенттик жарыштын алдын-ала жыйынтыктары, БШКнын сервериндеги мүчүлүштүктөр коомчулукта катуу талаш жаратууда. Кечээ саясатчы Ө.Текебаев болсо өзүнө кол салуу болгонун, бул саясий иш экендигин билдирип чыкты. Ушундан улам, биз бүгүн УКМКга барып, таңкы 6.50дө жумушта иштеп жаткан жеринен Камчыбек Кыдыршаевичке жолугуп, маек алууга жетиштик.

- Камчыбек Кыдыршаевич, эмне үчүн шайлоодон кийинки кырдаал боюнча унчукпай жатасыз?

- Саламатсыздарбы, биринчиден, биз шайлоонун мыйзамдуу өтүшүн тыкыр көзөмөлдөп турдук. Кандайдыр бир олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок. Айрым элдин добушун сатып алам дегендер чыгып жатты, бирок аларды дароо мыйзам негизинде жоопко тартып турдук. Буюруса, шайлоонун таза жана ачык өтүүүсү камсыздалып, эл тандаган талапкерлер шайланып келишти, а биз укук коргоо органдары мыйзамдуулугун камсыз кылып бердик.

- Кечээги Ө.Текебаевге болгон чагымчылдыкка эмне айта аласыз?

- Бул окуя кылмыш болуп эсептелет жана биздин мамлекетте эч кимге кол салууга жол бербешибиз керек. Кылмышкерлер табылды, жазасын алышат.

- Көптөгөн саясатчылар, мисалы, Б.Асанов, Б.Калмаматов ж.б. сиздин жана президентибиздин атына жалаа жабышып, чындыкка дал келбеген сөздөр, маалыматтар менен сүйлөп жүрүшөт, а сиздер жооп бербей жатасыздар, эмне үчүн?

- Биринчиден, президент, анын командасы мамлекетти башкарып турат. Анан кыйкырып чыккан ар бирине эле жооп бере берсек майдаланып кетебиз.

Экинчиден, убагы келгенде булар баары жоопту алышат, анан өздөрү дагы туура эмес маалымат таркаткандыгы үчүн жооп беришет.

Үчүнчүдөн, мен ошол саясатчыларды бир аз сабырдуураак болсо деп айтаар элем.

- Сиз Бишкекте эмессизби, эч көрүнбөйсүз?

- Акыркы 3-4 күндө чек арадагы абал татаалдаша баштаган, көптөгөн кооптонуулар пайда болду, ушул жумуштар менен алекмин. Кечээ эле эки тараптуу сүйлөшүүбүз Көк-Ташта түнкү саат 12-1лерде бүттү. Абал контролдо, чек ара бекем, биз кызматта.

- Шайлоо жыйынтыктары кандай болот эми?

- Шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоонун жыйынтыгы бюллетендердеги, протоколдордогу берилген добуштарды кол менен эсептеп чыккандан кийин гана мыйзамдуу болот. Буюруса БШК 1-2 күндө жыйынтыгын толук маалымдайт болуш керек.

- Тынчтык болобу деги коомубузда?

 -Тынчтык, бейпилдик жана стабилдилдүүктү бузганга эч бир себеп жок, Жагдай боюнча кооптонуу жок, ошондуктан жай турмуш менен алек болушубуз керек.

Булак: “Медиа-центр”