Жылдыз Жолдошова, экс-депутат: “Эгерде Аскаров боштондукка чыга турган болсо, анда урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизди элибиз да, тарых да кечирбейт!”

 

2010-жылдагы кандуу июнь окуясында массалык башаламандыкты уюштургандыгы жана милиция кызматкеринин өлүмүнө кириптер болгондугу үчүн өзбек улутундагы укук коргоочу Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылган. Өкүм Базар-Коргон райондук соту тарабынан чыгып, кийинки инстанциядагы соттор да бул чечимди өзгөртүүсүз калтырып, андан улам кылмышкер өмүрүнүн калган бөлүгүн темир тор артында өткөрүшү керек эле. Бирок, айрым укук коргоочулардын аракети, БУУнун адам укуктарын коргоо боюнча комитетинин талабы менен Аскаровдун иши кайра жанданып, Жогорку сотто 11-12-июль күндөрү каралды. Баарынан кызыгы, кылмышкердин таламын талашкан укук коргоочулар Аскаровдун айыбын жеңилдетүүнү эмес, актап, эркиндикке чыгарууну каалашууда.

 

Жогорку сотто сот процессине судья Качыке Эсенканов жетекчилик кылды. Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Аскаров себепсиз эле кармалып, айыбы жок туруп өмүр бою эркинен ажыратылганын баяндады. Укук коргоочу Азимжан Аскаровго камакка алган милиция кызматкерлери орой мамиле жасашып, Базар-Коргон РИИБинин короосун шыпыртышып, тапанча менен башка урганын да билдирди. Кылмышкерди жактоого аттанган адвокат Нурбек Токтакунов болсо, Аскаровго чечим чыгарууда бир гана жабырлануучу тараптан топтолгон күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө басым жасалганын айтып чыкты. Демек, укук коргоочунун пикиринде, чечим мыйзамсыз кабыл алынган.

 

11-июлда процесске жабырлануучу тарап келбегенине байланыштуу сот отурумду 12-июлга жылдырды. Бул Аскаровду жактаган укук коргоочулардын нааразычылыгын жаратты. Анткен менен жабырлануучу жок ишти караган мыйзамга туура келбестигин айткан судья Аскаровдун “тагдырына” чекит коюуну кийинки күнгө калтырды.

 

12-июлдагы сот процесси бир кыйла ызы-чуу менен коштолду. Курман болгон милиционер Мыктыбек Сулаймановдун эжеси менен жубайы Аскаровдун таламын талашкан укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Нурбек Токтакунов жана Азиза Абдрасуловалардын дарегине ачуу сөздөрүн айтуудан кайра тартышкан жок. Адам өлүмүнө себепкер болгон кылмышкерди колдогон укук коргоочуларды “башка өлкөнүн тыңчысы” атаган жабырлануучулар “Кыргызстандын мыйзамы менен соттолгон адамдын ишине эмне үчүн чет мамлекет киришсе боло турганына” таңданышты.

 

“Эмнеге укук коргоочулар биздин укукту эмес, июнь окуясына айыптуу Аскаровду коргоп атышат? Эмнеге биздин мыйзам менен чыгарылган соттун чечимдерин башка өлкөнүн талабы менен өзгөртүшүбүз керек? Ошол күнү окуя болгон жерде Аскаровду көргөн күбөлөр көп. Аны эч ким урган да эмес, азыр да колонияда бардык шарты менен отурат. Эмнеге менин алты жаштагы кызым атасы жок өсүшү керек?”, - деди маркум милиционердин жубайы.

 

Адвокат Нурбек Токтакунов милиция кызматкери өлтүрүлгөн жерде Аскаровдун болбогонун, аны окуядан эки күн өткөндөн кийин милиция кызматкерлери кармап кетишкенин айткан. Бирок, күбө катары чакырылган милиция кызматкери Аскаровду окуя болгон жерден табышканын билдирди. “Биз элди тынчтандыралы деп аракеттенип, окуя болгон жерге (милиция кызматкери өлтүрүлгөн жер - ред.) куралсыз бардык. Ал жерде Аскаров жүрүптүр. Кармап милиция бөлүмүнө алып келдик. Аны эч ким урган да эмес”, - деди күбө.

 

Жабырлануучу тарап судьядан Аскаровго карата мурдагы сот өкүмүн күчүндө калтырууну суранышса, укук коргоочулар актап, эркиндикке бошотуп берүүнү өтүнүштү. Бирок, тараза ташы кайсы бир тарапка салмактанбаган бойдон, Жогорку сот ишти Чүй облустук сотуна жиберди.

 

Беш жылдан бери чыры арылбаган Азимжан Аскаров ким?

 

Абакта отуруп АКШнын сыйлыгына ээ болгон, Кыргызстандын укук коргоочуларын кылмышкердин таламын талашууга дилгирлеткен, өмүр бою эркинен ажырап алып, кылган оор күнөөсүнөн тая качып, эркиндикке чыгууну самаган Аскаров “ким өзү?” деген суроо жаралат. Кеп улутунда эмес, кыргыз улутундагы укук коргоочубу, же өзбек улутундагы укук коргоочубу, айырмасы жок. Кеп жасаган кылмышында болуп атпайбы. Айрым маалымат булактары Азимжан Аскаров өз убагында укук коргоо кызматтарындагы былыктарды алып чыгып, андан кордук көргөн жарандардын укугун коргоп жүргөнүн жазышты. Өмүр бою эркинен ажыратылуучу ошол былыгы чыгып кеткен укук коргоо кызматтарынын алган өчү да дешти. Аскаров Жалал-Абад аймагындагы милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин мыйзамга тууралаганга аракет жасаган болсо, анын өчүн Базар-Коргон райондук соту алып, өмүр бою эркинен ажыратса, кийинки инстанциядагы соттор кайда карады? Улам жогорку инстанциядагы сотторго кайрылып, бирок баарынан бирдей чечим чыкканы кандайдыр бир айыптын бардыгын билдирбейби?

 

2013-жылы Аскаров өзүнө карата чыккан чечимге макул болбой, БУУга кайрылган. Ушул жылдын апрель айында БУУнун адам укуктарын коргоо комитетинен Кыргызстан бийлигине анын ишин кайра кароо талабы келген. Аталган комитет Аскаровдун ишин кароодо тең салмактуулук сакталбаганын, күбө катары бир гана укук коргоочулар суракка алынганын, ал эми айыпталуучунун жакындары, укук коргоочулар, адвокаттары мындай иш чарадан оолак калышканын белгилеген. Ошондой эле, соттолуучунун жана анын адвокаттарынын коопсуздугун коргоо боюнча эч кандай атайын чаралар көрүлбөгөнүн, соттолуучу оор дартта болсо да, кармалган жериндеги шарт начар экендигин айтып, кыргыз бийлигине сын таккан. А бирок, Кыргызстан соттору тарабынан чыгарылган өкүмгө эч кандай доо артышкан эмес. Ал эми укук коргоочулар комитеттин талабын көтөрө чаап, соттолуучунун айыбынын жеңилдетишине эмес, азат алышына басым жасашууда. Атамбаев бир убакта аталган укук коргоочуларды “чет өлкөлүк тыңчылар” деп атап алып, кутулбас куяңга калган. Президенттин кечирим сурашын талап кылып нааразычылык акцияга чыккан укук коргоочулар акырында сотко да арыз жазышкан. “Күлгөндүн билгени бар” деген сыңар эле, айткандын да билгени бар чыгаар. Ушул тапта, Аскаровдун сот процесси башталган мезгилге туштап Германиянын канцлери Ангела Маркель Кыргызстанга иш сапары менен келди. Айрым булактар бул сапардын сот процессине байланышы бардыгын билдиришкени менен президенттик аппарат аны жокко чыгарды. Эң өкүнүчтүүсү – кандуу Ош окуясынын жарааты азыр да айыга элек. Ансыз да анын негизги күнөөкөрлөрү качып жүрөт жазасын албайт. Ушундай шартта күнөөсү далилденгенин да “БУУ айтты”- деп коюп эркиндикке коюп жиберчү болсок, жарааты айыкпаган эл кандай абалда калат? Биз бир ууч жеке керт башынын жана алган гранттарынын кызыкчылыгын ойлогон укук коргоочулар жана алардын шыкагы менен Кыргызстанды кемсинтүүнү ойлогон эл аралык уюмдарга тизе бүгүп берсек, эгемен мамлекет болгонубуз кайсы?!

 

Жылдыз Жолдошова, экс-депутат:

 

“Эгерде Аскаров боштондукка чыга турган болсо, анда урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизди элибиз да, тарых да кечирбейт!”

 

- Мыйзам чегинде айыбы далилденип, кесилген адамдын ишин кайра жандандыруу туура болдубу?

 

- Мен бул боюнча президент Атамбаевге кайрылат элем: Урматтуу президент! 7-апрель окуясы кайталанбасын десек, анда бийлик адилет, акыйкат жана мыйзамдуу болушу зарыл. Ал эми Ош окуясы кайталанбасын десек, анда бийлик сепаратисттик күчтөр менен соодалашпаш керек. Кимиси президент болбосун, келечектеги өз тарых барактары боюнча ойлонушу абзел. Себеби бир гана тарых адилет баасын берет. Июнь окуясына күнөөлүү сепаратисттерди, Азимжан Аскаровду актоо боюнча бийлик тарабынан кадамдар таштала баштады. Эгерде Аскаров боштондукка чыга турган болсо, анда урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизди элибиз да, тарых да кечирбейт. Ошончо жасаган апрель-июнь окуясынан кийинки сиздин эмгектериңиз, бул кадамдардан кийин сел келгендей талкаланат. Германия 200 млн евро эмес, миллиард евро берсе да албастан, улуттун намысын сактап калбайлыбы. Ансыз деле кыргызстандыктар тынчтык болсун деп, баарына чыдап, өзүн өзү багып келатышат. Түштүктө июнь окуясында Аскаровго окшогон сепаратисттердин айынан миңдеген киши мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аскаров бошотулса, ачык айтайын, бул кан жуткан элди кордоого тете. Анда силердин атыңар тарыхта кара тамга менен жазылып калат. Ошондуктан, бул маселеге терең карайсыз деп ишенем. 

 

Качкын Булатов, укук коргоочу:

 

“Аскаровдун иши аркылуу өлкөгө чоң саясий жарака кетирүүгө аракет жасашууда”

 

- Соттолуучуну коргоого алып, эркиндикке чыгышына кызыкдар болуп аткан укук коргоочулар тууралуу эмне айта аласыз?

 

- Бул укук коргоочулар коргоонун “туу чокусуна” келишти. Мен бир гана нерсени айтайын, байкаган адамга булардын укуктары кордолгондорду тандап коргоп атышканы билинет. Мамлекетте укугу тебеленип аткандар азбы, эмнеге аларга карашпайт? Мен мисалы, Акаевдин бийлигинен запкы жеп, ооруканада жатканымда Төлөйкан Исмаилова келип, дарыларыма эки миң таштап кеткен. Кийин Кочкордо камалып жатканымды отчет беришип, бирок жаныма бир да басып келишкен эмес. Эмнеге? Азыркы учурда Абдылда Юсупов деген абакта жаткан адам Текебаевдин мародерлугун ачууга аракет жасап, жандалбастап атканда эмнеге көлөкөдө жүрүшөт? Эмнеге анын укугун коргошпойт? Ысык-Көлдө 11 адам атылган бир учурларда, анда да бир үн чыгарышкан жок. Эмнеге? Түрмөдөн качкандарды өлтүрүштү, анда эмнеге унчугушпады? А Азимжан Аскаровду Европа колдоого алып атат, анын үй-бүлөсүнө 2-3 жолу акчалай сыйлык беришти. Демек грант бергенден кийин бул жерде чоң сыр жатат. Эки жүздүулүк саясат жүрүп атканы көрүнүп турбайбы. Чындыгында Аскаровдун артында өлкөгө чоң саясий жарака берүүгө, трамплин түзүлүп калууга коркунуч бар. Укук коргоочулар глобалдуу геосаясат экенин жакшы эле түшүнүп турушат, курган грант горизонттоп айланы кетирип жатпайбы. 

 

Токтогул Какчакеев, саясий серепчи:

 

“Кыргызстандын ички саясатына эч бир тараптын кийлигишүүгө акысы жок”

 

- Азимжан Аскаровдун ишинин кайра каралып атышы, аны айрым укук коргоочулар коргоого алып атканы (ал укук коргоочулар чет өлкөнүн тыңчылары да аталышкан), абакта жаткан жеринен АКШнын сыйлыгын алышы, БУУнун көңүл бурушу, Германия канцлеринин Кыргызстанга келиши – ушулардын байланышы болушу мүмкүнбү?

 

- Байланышы жок, бирок Меркелдин программасында коомчулук менен кезигишүүсү бар. Ал жерде, албетте, НПОчулар  жана Аскаровдун таламын талашкандар болот. Эгерде күнөөкөрдү эркиндикке чыгарып кетишсе, абал өзгөрөт. Биздин мамлекеттин кадыр-баркы тепсендиде калат.

 

- Кандай учурда мамлекеттин ички сот чечимине сырткы тарап кийлигише алат?

 

- Мындай болууга жол жок, анткени Эгемендүүлүктүн талабы ушул. Кыргыз мамлекетинин ички саясатына эч бир тараптын кийлигишүүгө акысы жок. БУУнун уставында да ушундай келишим бар.

 

Дариха Ишанова, жарандык активист:

 

“Ош коогалаңында эл-жердин бүтүндүгү үчүн курман болгон шейиттердин арбактары кѳрүнѳн бир оодарылып алат го...”

 

- Баатыр бабаларыбыз “коенду камыш, жигитти намыс ѳлтүрѳт”,- деп айтчу экен. Бүгүн намыстан ѳлбѳй, уяттан кызарбаган аңкоо элге айланып бара жатабыз. Анткени, жигиттердин гана эмес, элдин абийирин тѳгүп, намысына шек келтирген окуялар байма-бай болууда. Мен адаттагыдай кооз жана сулуу сѳздѳрдү жазбай эле ток этерин айтып жарылайын.

 

Баарыбыздын эсибизде, бул бийлик бир аз мурда коркунучтуу кылмышкер, бир нече кыргыздын башын кесип кордогон, белгилүү баатыр уулубуз Рысбек Акматбаевдин бир тууган депутат агасын ит аткандай атып салган Азиз Батукаевди боштондукка чыгарып, дүйнѳэлине шерменде болдук. Ошондо намыстан эч ким кызарган жок, уялган жок. Албетте аны мен же дагы бир карапайым кыргыз чыгарган жок. Бийлик жана бийлик башындагылар.

 

Эми, Оштогу кыргыз-ѳзбек жаңжалын уюштуруп, ѳзү да милиция кызматкерин ѳлтүрүп, башка да адамдардын канын тѳккѳн канкор Азимжан Аскаровду бошоткону калышты. Эртең, Азимжан Аскаров эркиндикке чыгып кетсе, анда Ош коогалаңында эл-жердин бүтүндүгү үчүн жан берип курман болгон шейиттердин арбактары кѳрүнѳн бир оодарылып, артында калган кайдыгер кыргыз элине арбактары нааразы болот го. Мындай осолдукка кайдыгер карап отурган жигиттердин намысы ѳлѳт го! Убагында намыс үчүн катылгандын катыгын берген баатыр элдин урпактары кантебиз анда?! Элди кыргынга салган канкордун боштондугуна президентибиз аралашып жатса, анда ар намысы ѳлгѳн элге айланып, баатыр бабалардын наалатына калабыз го! Айланайын бийлик башындагылар, жеке кызыкчылыгыңардан жогору кѳтѳрүлгүлѳчү!

 

Даярдаган

Гүлмайрам Турусбекова

 

Булак:  “Майдан.kg”гезити, №23 (254), 13-июль, 2016-жыл