Францияда футбол боюнча Европа биринчилиги башталып, улуу-кичүү дебей бардыгыбыз телеэкранга үңүлүп турган убагыбыз. “Саясат.kg” андагы жаңылыктарды сунуш кылат, бул шерине утуру жаңыланып тураарын да эске салабыз.

 

 

Португалия курама командасы Европа биринчилигин жеңди..

 

Париждеги “Стад де Франс” стадионундагы финалдык беттештин негизги 90 мүнөттүк бөлүгү 0:0 эеби менен аяктады. Командалар колунан келишинче аракет жасаганы менен, ийгилик бирине да жылмайган жок. Португалиянын дарбазачысы руи Патрисиунун керемет оюнун эске алып коюу кажет, анткени, 90 мүнөттө ал 7 “сейв” жасап, комнадасын чоң балээден куткарууга жетишкен.

 

Дагы эң орчундуу окуя оюндун 8-мүнөтүндө орун алган, француз коргоочусу менен болгон топ талашта Роналду жаракат алды. Бирок ал оюнга көп өтпөй кошулуп, жакшы эле чуркап жүргөн. 17-мүнөттө француз жарым коргоочусу Димитри Пайет менен кагылышуудан соң, Роналду оюн талаасын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Португалиянын капитанынын кийинки тагдыры азырынча белгисиз.

 

Экстра-таймдын жүрүшүндө кооптуу аракеттерден француз чабуулчусу Жиньяктын дарбаза мамысына узата тепкенин эстесек болот. Анан да, Куарежма, Рафаэль Карвальонун дарбаза мамыларын текшерген кооптуу соккуларын айта кетүү зарыл. Ошентип олтуруп, португалиялык чабуулчу Эдер 109-мүнөттө француз коргонуу чебин оной эле кесип өтүп, мыкты сокку жасап, ал голго алып келди.

 

Роналду Португалиянын башкы машыктыруучусу Сантеш менен чогуу тренерлик милдет аткарды. Анын оюнчуларга кадимкидей таасир бергени көрүндү. Дал ошондуктан да Португалия калган уакытта коргонууда мыкты ойноп, эсепти сактап кала алды. Португалия – чемпион!

_______________________________________________

 

 

Кечээ жарым финалдык оюнда француздар токтотууга мүмкүн эмес саналган "танкка" салыштырылып айтыла жүрчү Германияны багынтты.

 

Марсель шаарынын "Велодром" стадионунда орун алган беттеш 2:0 эсебинде аяктады.

Биринчи гол алгачкы 45 мүнөтко кошулган 2-мүнөттө жүз алды. Италиялык калыс Никола Рицолли немец жарым коргоочусу Бастиан Швайнштайгерди колу менен ойноду деп эсептеп, пенальти дайындаган. Аны Антуанн Гризманна мыкты аткарып, эсеп сандарын ачкан.

 

72-ймүнөттө Гризманн дагы бир гол жаратып, француздарды финалга алып чыкты.

Эми Дидье Дешамдын шакирттери Евро-2016нын финалында, жекшемби күнү Парижде, саат 01.00дө (Бишкек убактысы) Португалия менен кездешет.

 

Роналдунун керемет оюну: Португалия Евро-2016нын финалында!

 

Кечээ Европанын футбол биринчилигинде биринчи жарым финалдык оюн жүз алып, жыйынтыгында Португалия Уэльсти 2:0 эсебинде багындырды. Буга биринчи кезекте “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналдунун керемет оюну себеп болду.

 

Оюндун дал ушундай жыйынтыкталышына Футбол боюнча Европа ассоциациясынын (УЕФА) эки сары кагаз үчүн оюнчуну дисквалификация кылган эрежени өзгөртүүсүз калтырганы да таасир этти. Анткени, дал ушундай ырайымсыз эреженин айынан Уэльстин Бейлден кийинки жылдызы Аарон Ремси жарым финалда өз командасына жардам бере албай калды.

 

Португалия жарым финалга чейин оюндун негизги бөлүгүндө бир да жолу жеңишке жеткен эмес. Дал ошондуктан, алардын жарым финалдык оюнду шашпай баштап олтурганынан, “булар жеңишти дагы экстра-тайм же пенальтиден илип кетүүгө жандалбастап жатабы?”- деген суроо туулду. Уэльстиктер талаа ээсиндей чабуул артынан чабуулга чуркап олтурушту. Бирок, португалиялык суперталант Роналду бар экенин эстан чыгарбайлы. Экинчи 45 мүнөттүк башталаары менен, 50-мүнөттө ал чыгарылып берилген топту башы менен сүзүп, дарбазага киргизди. 1:0! Үч мүнөттөн кийин ошол эле Роналдунун чеберчилик менен дарбаза тушка багыттаган соккусун Нани бутун тийгие коюп, голго айландырып жиберди. 2:0!

 

Оюндун калган бөлүктөрүндө Уэльс чабуул жасаган менен, Ремсинин тапкычтыгы жетишпей турду. Жыйынтыгында Португалия көп нерв коротпой, эсепти сактап калды. Бул Португалиянын Евро-2016дагы оюндун негизги бөлүгүндөгү биринчи жеңиши!

 

Уэльстин башкы машыктыруучусу Крис Коулман өз комнадасы менен сыймыктана тургандыгын айтты. Чынында бул команда биринчи эле дебютунда жарым финалга жетип, далайынын ээчин оодарды. Рахмат!

 

Роналду Европа чемпионаттарында

көп гол жараткан жагынан Платинини кууп жетти

 

31 жаштагы Портуналиянын жылдызы Роналду Европа биринчиликтеринин мыкты гол жаратуучуларынын тизмесинде легендарлуу Мишель Платинини кууп жетти. Азыр экөөндө тең 9дан го бар. Бирок Роналду финалдык оюнду “бомбардирлер” тизмесинде таза биринчи орунга чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Платини менен Роналдудан кийин бул тизмеде англиялык футболчу Алан Ширер бар, анда 7 гол. Златан Ибрагимович (Швеция), Тьерри Анри (Франция), Патрик Клюйверт (Нидерланды), Нуну Гомеш (Португалия), Руд ван Нистелрой (Нидерланды) — 6дан гол сайып тарыхта калган. 

 

Бүгүн Францияда жарым финалдык биринчи беттешке Уэльс менен Португалия курама командалары чыгат.

 

Уэльс бул биринчиликте эң кызыктуу, курч оюн тартуулап келе жатат. Ал эми Гаретт Бейл кайсы команданын болбосун коргонуу чебин бузуп өтө ала турган мыкты чабуулчу экендигин далилдей алды. Бирок, андан башка да гол жаратууга жарамдуу мыкты оюнчудар катарында бар. Букмекерлер негедир Португалияга караганда ушу Уэльске көбүрөөк ишене баштады. Бул да түшүнүктүү. Анткени, Португалия бир да атаандашын оюндун негизги бөлүгүндө ута элек. Аларды Кудай эле колдоп келе жатат.

 

Франция – Исландия 5:2

 

Буга чейин Англия курама командасынын “буусун” чыгарып, үйүнө кайтуусуна себепкер болгон исландыктардан талаа ээлери француздардан башка өлкөлөрдүн футбол сүйүүчүлөрү “кереметти” күтүшкөн. Негизи, Евронун дебютанты үчүн чейрек финалга чыгуунун өзү кереметтүү жомок эмеспи. Ошого карабастан, чейрек финалда Исландия татыктуу оюн көрсөттү. Эгер алар Алла Таала берген мүмкүнчүлүктүн баарын колдонгодо, оюн эсеби 5:2 эмес, 5:6 болот беле! Ошондуктан, жеңилип калганы үчүн Исландия өкүнгөн жок. Стадионго келген күйөрмандар Англияда “Лестер сити” клубу сымал “жомок” тартуулаган футболчуларды кетирбей, көпкө кол чаап турушту. Ушунусуна да рахмат!

 

 

Голдор: 12' Оливье Жиру, 19' Поль Погба, 42' Димитри Пайет, 45' Антуан Гризманн, 59' Оливье Жиру ---  56' Колбейнн Сигторссон, 84' Биркир Бьярнасон

 

Италия жарым финалдан куржалак калды

                                               

Бишкек, “Саясат.kg”. Евро биринчилигининдагы бир жарым финалисти анык болду: 2-июлдагы 1/4 финалдык беттешүүдө немецтер Италияны оюндан соңку пенальтилер сериясында утту.

 

Оюнда эсепти экинчи 45 мүнөттүктө Месут Озил ачты, бирок көп өтпөй, Леонардо Бонуччи немец жарым короочусу Боатенгдин кол менен ойногонуна байланыштуу дайындалагн 11 метрлик айыпты мыкты аткарып, тараза ташын теңеген.

 

15 мүнөттөн кыска экстра-таймдарда да эсеп өзгөргөн жок. Андан кийин, оюндан соңку пенальтилер сериясында команда оюнчулары 9 иреттен топ тебишти. Эсеп 5:5 болгндо италиялык жарым коргоочу Маттео Дармиандын анча катуу эмес тобун Нойер тосуп алган. Андан кийин топкое келген немец коргоочусу Йонас Хектор өз мүмкүнчүлүгүн текке кетирген жок.

 

Германия жарым финалда бүгүн бететше турган Франция — Исландия жубунун жеңүүчүсү менен күч сынашат. Бул жарым финал7-июлда орун алат.

 

Эске сала турган болсок, Германия өз тарыхында мындай ири турнирлерде биринчи ирет Италияны жеңди. Буга чейин немецтер Евро жана дүйнө чемпиондугу үчүн беттештерде Италиядан жарым финалда үч ирет жеңилүү ызасын тарткан, акыркысы Евро-2012де орун алган. Комамндала бул кездешүүгө дейре 8 ирет ири мелдештерде кездешсе, Италия 4 ире жеңип, 4 ирет тең чыгуу менен оюн жыйынтыкталган.

 

 

Сенсация-команданын кезектеги жеңиши

                                               

Бишкек, “Саясат.kg”. Ансыз деле Уэльс бул биринчиликте өз башынан бийик секирип, дебютунда эле чейрек финалга жеткен. А бирок, жарым финалга чыгаарына Евро башталалекте суроо салсаң, эч ким ишенмек эмес да, туурабы?!

 

Дал ошондуктан, быйыл “Лестер ситинин” жомоктуу чемпиондук жортуулун бул Евродо да көргүсү келгендерде майрам! Анткени, ошол жомокту азырынча Уэльс тартуулап жатат. Болгондо да алар чейрек финалда катары жалаң отуз миллиондон ары турган супержылдыздардан куралган, ФИФА рейтингинде биринчи орунду турган Бельгияны үйүнө кайтууга аргасыз кылышты.

 

Баары Бельгия үчүн жакшы башталган. 13-мүнөттө Наинголлан гол сайганда, “аа, бул оюнда фаворит жеңет окшойт”,- дегендер катуу жаңылышты. Себеби, андан кийин Уэльс оюн тизгинин өз колуна алды, 31-мүнөттө Эшли Уильямс эсепти теңеди. Экинчи таймда 55-мүнөттө Робсон Кану уэльстиктерди алдыга чыгарса, 86-мүнөттө Воукс эсепти 3:1ге жеткизди.

 

Ошентип алар жарым финалда Португалия менен ойнойт. Эск салсак, Португалия андан мурдагы күнү Польша менен беттешкен. Оюндун негизги бөлүгү 1:1 эсебинде бүткөн. А пенальти тебүүдө португалиялыктар 5:3 эсебинде жеңишке жеткен.

 

Португалия бул биринчиликте оюндун негизги бөлүгүндө бир ирет да жеңишке жетишпептир. Эми алар Уэльсти жеңе алабы, жары финал көрсөтөт...

 

Уэльс – Бельгия – 3:1

 

Голдор: Найнгголан, 13 (0:1); Уильямс, 31 (1:1); Робсон-Кану, 55 (2:1); Воукс, 86 (3:1).

 

Польша - Португалия 1:1( пенальти 3:5)

 

Голдор: 2' Роберт Левандовски(1:0) - 33' Ренату Саншеш

 

 

“Саясат.kg” бүгүн боло турган Польша – Португалия беттеши туралуу...

 

Португалиянын чейрек финалга чейинки басып өткөн жолуна саресеп салсак, булар оюндун негизги 90 мүнөттүк бөлүгүндө бир да команданы ута албаптыр. Тайпада үч оюнда тең ойносо, сегиздик финалда Хорватияга 117-мүнөттө гана гол сайып, жолдомону алып олтурушат. “Эки команда тең кызыктуу оюн жеңишке кепилдик бере албасын түшүнгөндүктөн анча көрүмдүү болбогон беттеш тартууланды”,- деп алаканын жайды Португалиянын баш машыктыруучусу Фернанду Сантуш.

 

Деги ушундай оюн менен Португалия жарым финалга чыга алабы? Жарым финал – коло медалдын кепилдиги, себеби 3-орун үчүн беттеш ойнолбойт дагы, финалдан кур калган эки командага тең медалдар тапшырылат. Азыркы анча көңүл кубантаарлык оюну менен Португалия өтө ашса ушул чекке жетишүүсү мүмкүн. Бул багытта португалиялыктар дагы жайбаракат оюн тартуулоого даяр. Мисалы, чабуулчу Нани: “биз оюндан кийинки пенальтиге даярбыз”,- дейт, демек, Роналду и Ко коргонуу менен күн көрүү керектигин муктаждык катары билет.

 

Мындай көрүнүш менен бул беттештен кызыктуу бирдеңке күтүп кереги жок. Себеби Польша деле кыйратып ийген кооз футбол сунуштаган жок да бул биринчиликте.

 

Польша швейцариялыктарды оюндан соңку 11 метрлик пенальтиден гана утуп, чейрек финалга чыкты. Баш машыктыруучу Адам Навалка, “жашырганда эмне, биз буга даярдык көргөнбүз. Ошон үчүн уттук”,- дейт. Бул сөзү менен ал чейрек финалда да пенальтиден утууну көздөп атканын айткансыды. Өз тарыхында биринчи ирет плей-оффто ойноп аткан Польша да коргонуп жатып алса, анда оюнду 120-мүнөттөн кийин эле көрө баштаган туура болобу?

 

Анткен менен, бул командаларда оюн тагдырын жалгыз чечип коё турган лидерлер бар. Поляктарда Роберт Левандовски, Португалияда– Криштиану Роналду. Левандовски клубдук сезондо мыкты оюн көргөздү, бирок Евродо гол жарата элек. Көздөрү жайнап турат. А Роналдуда Мессинин акыркы “Копа Америкадагы” ийгиликсиз аракетинен улам “Алтын топту” алууга шансы көбөйдү. “Реалга” Чемпиондор лигасында 16 гол алып келип, утушка жеткизген Роналдо эми өз улуттук командасын андан ары алып кетүүгө абдан тырышат. Анын үстүнө жашы да өтүп баратат, кийинки Еврого чейин андан таланттуу оюнчулар чыгып кетет го.

 

Польша – Португалия

 

Марсель. Стадион «Велодром». 01.00 (бишкек).

 

Судья: Ф.Брых (Германия).

 

Болжолдуу курамдар:

 

Польша: Фабяньски – Пищек, Глик, Паздан, Енджейчик – Крыховяк Манчиньски – Блащиковски, Милик, Гросицки – Левандовски.

 

Португалия: Руй Патрисиу – Седрик, Пепе, Фонте, Геррейру – Адриен Силва, Виллиам Карвальо, Ренату Санчеш – Жоау Мариу, Нани, Роналду.

 

ТВ: НТС, КТРК, КТРК Спорт

 

УЕФА Стамбулдагы жарылуудан каза тапкандарга аза күтүүдөн баш тартты

 

Аталган союз буга чейин Стамбулдагы трагедиядагы каза болгондордун жакындарына көңүл айткан.

 

Европалык футбол ассоциацияларынын Союзу (УЕФА) Францияда өтүп жаткан Европа чемпионатынын чейрек финалындагы беттешүүлөрдө Стамбулдагы терактыдан курман болгондор боюнча аза күтүү мүнөтүн жарыялабайт.

 

УЕФА бул боюнча түшүндүрмө берип, "турнирди кабыл алып жаткан өлкөдө же беттешүүгө катышып жаткан жакта футболго тиешелүү кандайдыр бир окуя болсо" гана аза күтүү мүнөтү жарыяланарын айткан. Бул туурасысында Ассошиэйтед пресстин Британиядагы спорттук кабарчысы Роб Харрис жазып чыкты.

 

Аталган бирикме буга чейин Стамбулдагы трагедиядагы каза болгондордун жакындарына көңүл айткан.

 

"УЕФА Стамбулдагы терактыга абдан кыжаалат болуп турат. Биз Түркия эли менен тилектешпиз жана каза болгондордун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", — деп жазылган алардын сайтында.

 

Эскерте кетсек, шаршембиге караган түнү аталган аба майданда үч ирет жарылуу болгон. Анын кесепетинен 41 адам каза болуп, 249 киши жаракат алган. Аэропортто бир катар эл аралык каттамдар токтогон. Терактыдан бир кыргызстандык жаран — 18 жаштагы Бахтияр Юнусов жабыркаган.

 

 

Булак: SPUTNIK

 

1/4 финалдар, оюндар башталаар убак (Бишкек убактысы боюнча)

 

Польша – Португалия 30-июнь2016, оюндун башталышы 01.00

 

Уэльс – Бельгия 1-июль2016, оюндун башталышы 01.00

 

Германия – Италия 2-июль2016, оюндун башталышы 01.00

 

Франция – Исландия 3-июль2016, оюндун башталышы 01.00

 

Францияда футбол майрамы уланууда. Евро-2016нын кезектеги, 1/8 финалдык айлампанын журүшүндө футбол ышкыбоздору көп кызыктуу жагдайлардын үстүнөн чыгышты. Айрымдар үчүн, маселен, чоң командалар үчүн анчейин күйүп-бышпагандарга аутсайдерлердин жыйынтык үчүн “кашык каны калганча” салгылашканы абдан жакты, себеби, биз баарыбыз футболду дал ушундай күтүүсүздүгү үчүн жакшы көрөт эмеспизби. Бирок бир эле футболчунун баасы атаандаш команданын бардык топ чеберлерин кошкондон да кымбат турган айрым фавориттердин күйөрмандары өмүрүндө мындай депрессиялык сокку алып көрбөсө керек. Айрыкча бул англиялыктарга мүнөздүү көрүнүш...

 

Англия - Исландия 1:2

 

Жакында эле Улуу Британияда Европа биримдигинен чыгууга байланыштуу референдум өткөн. “Брекситтин” жыйынтыгы дүйнөнү дүрбөлөң салды. Анткени, британиялыктар Евросоюздан чыгуу үчүн добуш беришти. Катардагы британ элин исландиялыктар колдошту. Алар Англия премьер-лигасынын жылдыздарына каршы татыктуу ойноп, бул команданы Евродон чыгарып салышты.

 

Бирок оюндун алгачкы 4 мүнөтүндө мындай сенсациялык окуя болорунан дайын жок эле. 2-мүнөт: Стерлинг исландиялыктардын дарбазасын карай жулкунганда дарбазачы бутунан чалып жыгытат. Пенальти. Руни эсепти ачат. Ошол замат, сыналгыга жакын олтургандар, “аа, баары бир Англия утат турбайбы”,- деген ойго келсе керек. Бирок комментаторлор дал ушундай маанайда кеп козгошту. А бирок Исландия биринчи эле каршы чабуулунда, 8-мүнөткө жакын эсепти теңегенге үлгүрөт. Ауттан ташталган топту исландиялык оюнчу башы менен дагы ары узатканда кайдан-жайдан жете келген “Краснодар” клубунун жылдызы Сигурдссон дарбазага батыра катуу тепти. 1:1. Андан кийин 16-мүнөттө Исландиянын оюнчулары бири-бирине пас берип олтуруп Англиянын коргонуу чебин бузуп өтүшөт да, Сигторссон ыңгайын таап катуу тепкенде топ англиялык дарбазачы Джо Харттын аракетине карабай ылдамдыгына азайтып олтуруп сызыктан нары кирип кетти. 1:2. Эске салсак, Сигторссондун бул соккусу Евродо ойногон 263 мүнөтүндөгү биринчи аракети экен. Болду. Ошону менен Англия 93-мүнөткө дейре Исландияны багынтууга аракет жасады. Алмашууга чыккан “Лестердин” жылдызы Джейми Варди да, жаш гений Решворд да эсеп санын ондой албады. Финалдык ышкырык жана сенсация!

 

Исландиянын калкы 310 миң. Микро-өлкө үчүн бул чоң майрам!

 

Италия – Испания 2:0

 

2012-жылы финалда испандар Италияны 4:0 эсебинде “чечинтип”, катуу өкүнткөн болчу. Бул беттешти да баары 4 жыл мурунку финалдык оюнга теңештиришип, көп кызыкты күткөн эле. Эмнегедир, көпчүлүк спорт эксперттери Испания жеңишке оңой жетээрин божомолдогон. Анан да, алардын ою боюнча, Италия адатынча толук “жабылып”, күйөрманга жакпаган оюн көрсөтөт имиш. Имиш-имиш бойдон... Себеби, Италия беттешти үстөккө-босток чабуулдар менен баштады. Арийне, испан футболчулары деле кем  калышкан жок. Бирок коркунучтуу чабуулдар жана соккулар дал ошол италиялыктар тарабынан жаралып турду. Мунун натыйжасында, 33-мүнөттө Кьелинни эсепти ачып, Италияны алга сүрөдү. Экинчи бөлүктүн башында Эдерде эсеп айырманы чоңойтуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Бирок, голго аз калды. Испаниянын бардык аракети текке кетип олтуруп, оюн аяктаарда Италиянын чабуулчусу Пелле дагы бир гол сайып, өз командасын чейрек финалга алып чыкты.

 

Бельгия - Венгрия 4:0

 

Тулуа шаарындагы “Мунисипал” стадионунда өткөн беттештин алгачкы голун оюн башында бельгиялык коргоочу Тоби Алдервейрелд жаратты. Ал Кевин Де Брёйненин айып чекитинен чыгарып берген тобун башы менен дарбазага сүзүп киргизди.

 

Беттештин 78-мүнөтүндө Эден Азар коргоочуларды буйтап өтүп, дарбаза тушка топту узатканда Миши Батшуайи ага жете келип, эсепти 2:0 кылган. Андан эки мүнөт өтпөй жатып, Азар өзү сол жактан венгриялыктардын коргонуу чебин жарып борбордук бөлүккө жакындап, дарбазага топту таамай киргизген. Янник Феррейра-Карраско оюндун негизги бөлүгүнө кошумча убакытта эсепти 4:0 кылды.

 

Чейрек финалда бельгиялыктар Уэльсменен 1-июлда күч сынашат.

 

Германия – Словакия 3:0

 

Вильнёв-д'Аск шаарындагы “Пьер-Моруа” стадионундагы оюнда эсеп 13-мүнөттө ачылган. Жером Боатенгсловактардын коргонуу чебинен чекиген топту25  метр аралыктан дарбазага таамай тепкен. Андан көп өтпөйМесут Озил 11 метрлик пенальтини таамай аткара албай калды.Биринчи бөлүктүн аяк ченинде Юлиан Дракслер словактардын бир нече коргоочусун алдап өтүп, Марио Гомеске чыгарган, ал таамай тээп, эсеп 2:0 болгон. Ошол эле Дракслер 63-мүнөттө эсеп санын3:0гө жеткизди.

 

Германия чейрек финалда Италия –Испания беттешүүсүнүн жеңүүчүсү менен кездешет.

 

ФранцияИрландия 2:1

 

Оюн башталганына саналуу секундалар өткөндө ирландиялыктардын пайдасына пеналти дайындалган. Француз жарым коргоочусу Поль Погба Ирландиянын чабуулчусу Шейн Лонгду жыккан болчу. Роберт Брэйди ошентип 2-мүнөттө эсепти ачты. Ошону менен 57-мүнөткө чейин француздар гол жарата албай, күйөрмандарын кызыл терге салды. Эсепти

Бакари Саньянын оң жактан чыгарып берген тобун башы менен дарбазага таамай узата алган Антуан Гризманнтеңеди. Дагы 3 мүнөттөн кийин, тагыраагы, 60-мүнөттө Гризманн француздарды алдыга чыгарды. Эске салсак, 66-мүнөттө ирландиялык жарым коргоочу Шейн Даффи кызыл кагаз алып, оюндан чыгарылып, командасы азчылыкта калган. Ошого карабай, эсеп саны өзгөргөн жок.

 

Польша – Швейцария 1:1 (пенальтиден 5:4)

 

Сент-Этьенде жүз алган бул беттешүүдө биринчи голду Якуб Блащиковски жаратты. Оюндун биринчи 45-минутунун аяк ченинде ал Камил Гроциски чыгарып берген топту дарбазага таамай багыттай алды. Оюндун 82-мүнөтүндө швейцариялык чабуулчу Шакири топту өзүнөн ашыра тегереге тээп, эсепти теңеген. Шакиринин голу Евро-2016дагы эң кооз гол болуп калаары турган иш. Ошону менен командалар кошумча экстра-таймдарда да гол жарата алышпады. Оюн тагдырын 11 метрлик пенальти тебүү таймашы чечти. Мында польшалыктар бардык 5 аракетин тең текке кетирбей, жеңишке жетишишти.

 

Уэльс - Түндүк Ирландия 1:0

 

Париждеги “Парк де Пренс” стадионунда өткөн беттешүүдөгү жалгыз гол 75-мүнөттө жаралды. Гаретт Бейлдин дарбаза тарапты кесе чыгарып ийген тобун ирландиялык коргоочу Гарет Макаули өз дарбазасына кийирип алды. Ошентип, Уэльс ирландиялыктардын коргонуудагы катачылыгынын эсебинен чейрек финалга жолдомо алышты жана бул тарыхый окуя болуп эсептелет. Дебютант үчүн чоң жетишкендик. Эми Уэльс Венгрия-Бельгия беттешүүсүнүн жеңүүчүсү менен жолугушат.

 

Португалия -Хорватия 1:0

 

Ланстагы “Феликс Болар” стадионунда жүз алган бул беттеш 90 мүнөттүк оюндун негизги бөлүгүндө 0:0эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Спорт комментаторлору 117-мүнөткө чейин дарбаза тушка карай бир да сокку урулбаганын, бул Европа чемпонаты тарыхындагы эң начар оюн болгонун таамай белгилешти. Гол ошол 117-мүнөттө жаралды. Хорваттардын коргонуу чебине кирип барган Роналдонун курч соккусун дарбазачы кайтарып, командасын сактап калган менен, чекип кеткен топко Куарежма жетип барып, башы менен бош, кайтаруусуз калган дарбазага топту сүзүп киргизди.

 

Португалия Евро-2016нын чейрек финалында Польша менен 30-июнда кездешет.

 

 
Евро-2016: Кайсы команда кандай жыйынтык көрсөттү?
 
Это наш сегодняшний уровень. Ирландский максимум, который смог
 
А тайпасы
Орду команда Оюн Утуш Тең чыгуу Жеңилүү о
1 Франция 3 2 1 0 7
2 Швейцария 3 1 2 0 5
3 Албания 3 1 0 2 3
4 Румыния 3 0 1 2 1
 B тайпасы
Орду команда Оюн Утуш Тең чыгуу Жеңилүү Упай
1 Уэльс 3 2 0 1 6
2 Англия 3 1 2 0 5
3 Словакия 3 1 1 1 4
4 Россия 3 0 1 2 1
C тайпасы
Орду команда Оюн Утуш Тең чыгуу Жеңилүү         Упай  
1 Германия 3 2 1 0 7
2 Польша 3 2 1 0 7
3 Северная Ирландия 3 1 0 2 3
4 Украина 3 0 0 3 0
 D тайпасы
Орду команда Оюн Утуш Тең чыгуу Жеңилүү Упай
1 Хорватия 3 2 1 0 7
2 Испания 3 2 0 1 6
3 Турция 3 1 0 2 3
4 Чехия 3 0 1 2 1
 E тайпасы
Орду команда Оюн Утуш Тең чыгуу Жеңилүү        Упай  
1 Италия 3 2 0 1 6
2 Бельгия 3 2 0 1 6
3 Ирландия 3 1 1 1 4
4 Швеция 3 0 1 2 1

 

F тайпасы

 
Орду команда Оюн Утуш Тең чыгуу Жеңилүү Упай
1 Венгрия 3 1 2 0 5
2 Исландия 3 1 2 0 5
3 Португалия 3 0 3 0 3
4 Австрия 3 0 1 2 1
 

 

Евро-2016.  Тайпалардагы бардык оюндардын жыйынтыгы

 

1 тур

Франция 2-1 Румыния                    

Албания 0-1 Швейцария                

Уэльс 2-1 Словакия             

Англия 1-1 Россия               

Турция 0-1 Хорватия                      

Польша 1-0 Северная Ирландия                

Германия 2-0 Украина                    

Испания 1-0 Чехия              

Ирландия 1-1 Швеция                    

Бельгия 0-2 Италия             

Австрия 0-2 Венгрия                      

Португалия 1-1 Исландия               

 

2 тур

Россия 1-2 Словакия                       

Румыния 1-1 Швейцария               

Франция 2-0 Албания                    

Англия 2-1 Уэльс                

Украина 0-2 Северная Ирландия              

Германия 0-0 Польша                     

Италия 1-0 Швеция             

Чехия 2-2 Хорватия             

Испания 3-0 Турция            

Бельгия 3-0 Ирландия                     

Исландия 1-1 Венгрия                    

Португалия 0-Австрия                 

 

3 тур

Румыния 0-1 Албания                    

Швейцария 0-0 Франция               

Словакия 0-0 Англия                      

Россия 0-3 Уэльс                 

Северная Ирландия 0-1 Германия            

Украина 0-1 Польша           

Чехия 0-2 Турция                 

Хорватия 2-1 Испания                    

Венгрия 3-3 Португалия                 

Исландия 2-1Австрия                    

Италия 0-1Ирландия                      

Швеция 0-1 Бельгия

 

Евронун бомбардирлери:

 

 

Футболчу Команда голдор (с пен.)
1 Гарет Бэйл Уэльс 3 (0)
2 Альваро Мората Испания 3 (0)
3 Балаж Джуджак Венгрия 2 (0)
4 Ромелу Лукаку Бельгия 2 (0)
5  Нани Португалия 2 (0)
6 Димитри Пайе Франция 2 (0)
7 Иван Перишич Хорватия 2 (0)
8 Криштиану Роналду Португалия 2 (0)
9 Богдан Станку Румыния 2 (2)

 

“Россия эски-куску “Лада” менен “Ламборджинини” кууп жетүүгө аракет жасады...”

 

Даңазалуу орусиялык дарбазачы Руслан Нигматулин Евро-2016дагы В тайпасындагы чечүүчү, 3-айлампадагы Россиянын Уэльске каршы оюнун дал ушундай таамай сүрөттөдү.

 

Чынында эле, оюнга күбө болгон милилондогон көрүүчүлөр Россиянын футболчуларынын талаада кантип шашпай, сейилге чыккандай басып жүргөнүнө күбө болушту. Жыйынтыгында Россия 90 мүнөт ичинде 2 жолу гана дарбаза тушуна туура келген сокку жасаган. Бул жагынан бир гана Уэльстин лидери Гаретт Бейл 70 мүнөттүк оюнунда 5 ирет дарбаза тушуна сокку жасаган, анын бирөөсү гол менен аяктаганын эске салалы. Оюн Уэльстин пайдасына 3:0 эсеби менен аяктап, Евро биринчилигинин дебютанты болгон Бейлдин компаниясы 6 упай менен кийинки айлампага чыкты. Алар тайпада биринчи орунда.

 

Англия словактарга каршы беттеште мыкты оюн тартуулаганы менен, бир да гол жарата албады. Беттеш 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Тайпада Англия 5 упай менен экинчи, словактарда 4 упай, үчүнчү орун. Эң артта Россия, 1 упай менен. Жогорттогу үч команда тең плей-оффко жолдомо алышты.

 

Бүгүн Евро-2016да чечүүчү оюндар С жана D тобуна келип жетти.

 

C тобуна Бишкек убактысы боюнча саат 22.00дө талаага Украина – Польша жана Түндүк Ирландия – Германия командалары чыгат.

 

Учурда Германия менен Польшада 4төн, Тундүк Ирландияда 3 упай бар. Украина бир да упайы жок, кийинки айлампага чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

 

Андан соң, бүгүн Түркия - Чехия жана Испания – Хорватия беттештери болот. Оюндар түнкү саат 01.00дө башталат.

 

Эки айлампалан кийин бул тайпада 6 упай менен Испания биринчи орунда. Экинчи орундагы хорваттарда 4, чехтерде 1 упай бар, түрктөрдө азырынча бир да упай жок.

 

Бүгүн В тайпасынан плей-оффко чыккан командалар белгилүү болот

 

Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн, 20-июнда В тайпасындагы чечүүчү оюндар өтөт. Россия плей-оффко чыккысы келсе Уэльсти жеңиши керек, ал эми Англия Словакия менен беттешет.

 

Эске салсак, алгачкы эки айлампадан кийин Англияда 4, Уэльс менен Словакияда 3төн, Россияда 1 упай бар, демек, ар бир команданын кийинки айлампага чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

 

Беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1де башталат.

 

А тайпасынан плей-оффко Франция менен Швейцария чыкты

 

Кечээ А тайпасындагы 3-айлампанын беттешүүлөрү жыйынтыкталды. Франция курама командасы Швейцария менен 0:0 эсебинде тең чыгып, тайпада 1-орунду камсыз кылды. Швейцария 5 упай менен 2-орунд ээлеп, кийинки айлампага жолдомо алды.

 

Туташ беттеште албандыктар Румынияны 1:0 эсеби менен утту. Жалгыз топту “Вадуца” клубунун чабуулчусу Армандо Садику сайды. Бул гол Европа биринчилигинин тарыхындагы Албанияны биринчи голу болуп саналат. Бул жагынан алганда Садику улуттук баатыр аталды.

 

 

Албания 3 упай менен 3-орунду ээлесе, Румынияда 1 упай, алар акыркы орунда.

 

Бүгүн Евро-2016да тайпалардагы жыйынтыктоочу оюндар башталат

                                               

Бишкек, “Саясат.kg”. Биринчи болуп бүгүн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01.00дө (КТРК, КТРК Спорт жана НТС телеканалдарында түз эфирден көрсөтүлөт) А тайпасындагы командалар талаага чыгат.

 

Албаниянын деле шансы бар

 

Буга чейинки 2 айлампада бир да упай топтобогону менен, Албаниянын деле плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Анүчүн албетте алар жыйынтыктоочу айлампада Румынияны кайгыртышы зарыл. Ал эми румындар Албанияны жеңип, тайпадагы туташ оюнда француздар Швейцарияны утса, 2-орунду ээлей алат. А эгер Швейцария Евро-2016нын кожоюндарын ута турган болсо, тайпада 1-орунду ээлөө мүмкүндүгү бар экенин да айта кетели. Бирок француздардын даярдыгына көз салсак, алар оңою менен утулуп, 2-орунду ээлегиси келбейт. Андай эле болсо плей-оффто Германиягы туш келип калышы ыктымал.

 

Эске салсак, Европа биринчилигинин жобосуна ылайык, тайпалардагы чечүүчү оюндар туташ, бирдей убакытта башталат. Румыния – Албания жана Швейцария – Франция беттештери ошондо бүгүн түнкү 1де старт алат.

 

тайпасындагы 2-айлампанын оюндары: Роналдо 11 метрлик айып топту таамай тебе албады

                                               

Бишкек, “Саясат.kg”. Кечээ.Fтайпасындагы 2-айлампанын оюндары жыйынтыкталды. Португалия -Австрия беттешинде командалар голдор менен күйөрмандарын кубанта албаганы менен, бирден упай алып тарашты. Эске сала кетсек, бул беттеште Роналду 11 метрлик пенальтинин таамай дарбазага багыттай албады. Көп өтпөй чыгарылып берилген топту дарбазага таамай соккону менен, калыс офсайд абалын көргөздү. Ошентип, Португалиянын футбол тарыхында курама командасы үчүн эң көп оюн ойногону жаатында 128 көрсөткүчкө жетип, Луиш Фигуну бир оюнга артка калтырган Роналдо жердештерин катуу ызалантты.

 

Исландия мененВенгрия да өз беттешин тең чыгуу менен аякташты. Оюндун 40-мүнөтүндө исландиялык чабуулчу Сигурддсон 11 метрлик пенальтинин чеберчилик менен аткарды. Оюн бүтөөргө аз калганда Венгрияга исландиялык коргоочу Севарссон жардамга келди, анткени ал чыгарылып берилген топту өз дарбазасына кийирип алды.

 

Бул тайпада 4 упай менен Венгрияны көч баштап келе жатат. Исландия менен Португалияда 2ден упай. Австриялыктарда 1 упай. Демек, Австриянын да кийинки айлампага чыгуу шансы бар.

 

Евро-2016. F тайпасы

 

2-айлампа

 

Португалия - Австрия - 0:0

 

Ишке ашпаган пенальти: Роналду (Португалия), 79

 

Исландия - Венгрия - 1:1 (1:0)

 

Голдор: Сигурдссон Г. 40 (1:0 - пен.). Севарссон 87 (1:1 - автогол).

 

Лукаку Бельгиянын күйөрмандарын сүйүнттү!

 

ФИФАнын рейтингинде 1-орунда келаткан Бельгиянын жылдыздуу командасы 1-айлампада Италиягы 2:0 эсебинде багынып берген болчу.

 

Бирок, Ирландия менен беттеште бельгиялыктар бекеринен Евро-2016нын фаворити аталбаганын далилдей алды. Лукаку 48- жана 70-минуталарда гол сайса, 61-мүнөттө “Зениттин” жарым коргоочусу Аксель Витсель дарбазага таамай башы менен топту узата алды.

 

Бул Е тайпасында Италия 6 упай менен 1-орунда. Бельгиянын 3 упайы бар, 2-орунда. Ал эми Ирландия менен Швециянын бирден упайы бар, алардын да акыркы айлампада жакшы оюн көрсөтүп,  жеңишке жетишсе, плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү сакталууда.

 

Бельгия - Ирландия - 3:0 (0:0)

 

Голдор: Лукаку Р. 48 (1:0). Витсель 61 (2:0). Лукаку Р. 70 (3:0).

 

 

 

D тобундагы кезектеги оюндардын жыйынтыгы

                                               

Бишкек, “Саясат.kg”. Кечээ, 17-июнда Dтобундагы командалар экинчи айлампадагы оюндарды өткөрүштү.

 

Евро-2016. D тобу

 

Чехия – Хорватия 2:2 (0:1)

 

Голдор: Перишич, 37 (0:1), Ракитич, 59 (0:2), Шкода, 76 (1:2), Нецид, 90+3 (2:2, пен).

 

Бул беттешти көрүп аткандар Хорватиянын жеңишинен күмөн санаган эмес. Анткени, дээрлик 76-мүнөткө чейин хорваттар 2:0 эсебинде утуп аткан. Бирок, алмашууга чыккан Шкода гол сайып, интриганы пайда кылса, кошумча убакытта Томаш Нецид 11 метрлик айып  топту таамай аткарып, эсепти теңеди. Баса, 86-мүнөттө оюн бир нече минутага хорватиялык күйөрмандардын башаламандыгынан улам токтотулган. Эми Ховатияга карата УЕФА кандай жаза аныктайт, жакын арада белгилүү болот.

 

Испания – Турция – 3:0 (2:0)

 

Голдор: Мората, 34 (1:0), Нолито, 37 (2:0), Мората, 48 (3:0)

 

“Ювентустун” чабуулчусу Альваро Мората “дубль” жасады. Оюн толугу менен испандыктардын үстөмдүгү менен өткөнүн кошумчалай кетсек болот. Бул жеңилүүдөн кийин Түркия плеф-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн  таптакыр ажырап калды. Алар 0 упай менен акыркы орунда. 1-орунда 6 упайды камсыз кылган Испания. Хорватия 4 упай менен экинчи орунда, үчүнчүдө бараткан чехтерде 1 упай бар.

 

Италия плей-оффко чыкты

 

Бишкек, “Саясат.kg”. Кечээ, 17-июнда Етобунда Италия менен Швеция күч сынашты.

 

Жалгыз голду оюндун эң аягында, 88-мүнөттө италиялык чабуулчу Эдер киргизген. Ал шведдердин коргонуу  чебиндеги оюнчулардын дээрлик баарын алдап өтүп, дарбазага таамай сокку жасаган.

 

Мунун натыйжасында Италия 6 упай топтоп, кийинки айлампага чыкты. Бүгүн бул топтогу Ирландия менен Бельгия командалары кездешет.

 

Италия – Швеция – 1:0 (0:0)

 

Гол: Эдер, 88 (1:0)

 

Роналду – айып тобун эң начар аткарган футболчу

 

Португалиянын  чабуулчусу Криштиану Роналду Исландия менен болгон беттеште эки ирет айып тобун тепкен, бирок ал натыйжа берген эмес. Ошону кошкондо Роналду Европа биринчиликтеринде баардыгы биригип 34 жолу айып тобун тепкени менен, бир да ирет гол киризе алган эмес. Бул жагынан ал чемпионаттын тарыхында айып тобун тепкен эң начар футболчу болууда.

 

Эң начар айып тобун аткарган футболчулар:

 

Криштиану Роналду — 34 жолу аткарган, 0жолу таамай тепкен.

 

Георге Хаджи — 27 жолу аткарган, 0жолу таамай тепкен..

 

Мишель Платини — 25 жолу аткарган, гол сайган.

 

Рональд Куман — 22 жолу аткарган, 0жолу таамай тепкен.

 

Зинедин Зидан — 21 жолу аткарган, 2 гол сайган.

 

Уэсли Снейдер — 18 жолу аткарган, 0жолу таамай тепкен.

 

 

Түндүк Ирландия Европа биринчилигинин тарыхында биринчи ирет жеңди

 

Бишкек, “Саясат.kg”. Кечээ, 16-июнда C тобундагы экинчи айлампанын оюндары жүз алды. Баарынан да, Түндүк Ирландиянын украиндерди 0:2 эсебинде жеңип чыгуусу дүйнөнү таң калтырып олтурат.

 

Эске сала турган болсок, Т.Ирландия Европчемпионатынын финалдык бөлүгүнө өз тарыхында биринчи жолу чыккан. Ирландиялыктарга тарыхый жеңишти Гаретт Макаули менен Ниэлл Макгинн алып келишти. Эки топ тең оюндун экинчи бөлүгүндө киргизилген.

 

С тобунун туташ беттешүүсүндө Германия менен Польша командалары тең чыкты. Канча аракеттенбесин, эки команда тең атаандаштарынын дарбазасына гол киргизе албады. Мунун натыйжасында Украина плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн таптакыр ажырап калды.

 

Бул топтун соңку айлампасында Германия-Т.Ирландия, Польша Украина менен беттешет.

 

Жыйынтыктар:

 

Украина – Түндүк Ирландия - 0:2

 

Голдор: Гаретт Макаули, Ниэлл Макгинн

 

Германия – Польша 0:0

 

C тобундагы командалардын жайгашуусу: 1. Польша — 4; 2. Германия — 4; 3. Северная Ирландия — 3; 4. Украина — 0.

 

Старридж Англияга 3 упай алып келди

 

Бишкек, “Саясат.kg”. Россиянын тагдырын В тобундагы Англия менен Уэльстин беттешүүсү чечмек.

 

Оюндун  42-минутасындаГарет Бэйл дээрлик 30 метрден айып тобун таамай тээп, Уэльсти алдыга чыгарды. Беттештин  57-минутасында Кейндин ордуна талаага чыкканДжейми Вардиэсепти теңеген. 90 мүнөткө кошумча убакытта, калыстын ышкырыгы жаңыраарга аз калганда Дэниел Старридж гол киргизип, Англияга жеңишти алып келди.

 

Эми 20-июнда УэльсРоссия менен, англичандар Словакия менен беттешет.Азыр бул таймадагы командалардын бардыгын тең кийинки айлампага чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

 

Англия – Уэльс – 2:1

 

Голдор: Гаретт Бэйл, 42 (0:1), Джейми Варди, 57 (1:1), Дэниел Старридж, 90 (2:1).

 

ххх

 

Айрым маалыматтарга караганда, Россиянын баш машыктыруучусу Леонид Слуцкий Евро-2016дан кийин кызматынан кетет. Команда кандай жыйынтык көрсөтпөсүн, Слуцкий ушундай чечим кабыл алды. Азыр анын ордуна башка тренерди издөө жүрүп жатат. Эске салсак, Слуцкий ЦСКА футбол клубунун да баш машыктыруучусу болуп эсептелет.

 

ххх

 

Франциянын соту Россиянын үч күйөрманын түрмөгө кести. Алар Россия-Англия беттешинен кийин башаламандык кылгандыгы үчүн айыпталган. Алсак, А.Ерунов 2 жылга, С.Горбачёв — 18 айга,  Н.Мозгов — 12 айга кесилген.

 

Франциянын Лилл шаарында тополоң чыкты
 
Франциянын Лилл шаарында англис жана орус фанаттары бир нече жолу кагылышып, полиция 36 адамды камакка алды. Он алты адам жаракат алганын полиция кабарлады. Мындан тышкары кечээ жүздөгөн англис фанаттары кууп таратылган.
 
Би-Би-Си кабарлагандай, полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Башаламандыкка негизинен англиялык футбол күйөрмандары катышып, "Орусияны жек көрөбүз" деп кыйкырышкан. Тартип сакчыларына бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Окуя Орусия менен Словакиянын оюндарынан кийин башталган.
 
15-июнда бул шаарда Орусия менен Словакиянын командалары беттешип, Орусия 2:1 эсебинде жеңилип калган. Бүгүн коңшу Ланс шаарында Англиянын жана Уэлстин курама командаларынын оюндары өтөт.
 
"Азаттык"

 

Россиянын плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү азайды

 

Бишкек, “Саясат.kg”. Кечээ Францияда өтүп жаткан Евро-2016 футбол биринчилигинде кезектеги оюндар болуп өттү. Эң күтүлбөгөн окуя – Россиянын Словакиядан 1:2 эсебинде жеңилип калышы болду.

 

Эсепти Словакиянын чабуулчусу Владимир Вайсс 32-минутту ачса, Марек Гамшик биринчи бөлүктүн аягында эсепти 0:2ге жеткизди. Оюндун экинчи жарымында Головиндин ордуна чыккан “Спартактын” жарым коргоочусу Денис Глушаков 80-минутада эсепти 1:2 кылды. Ошону менен Слуцкийдин командасы токтоп калды.

 

Бул оюндан кийин букмекерлик конторалар Россиянын кийинки айламга чыгуу шансын азайтышты. Алардын айтымында, плей-оффко В тайпасынан Англия менен Уэльс чыгат. Бул командалар бүгүн күч сынашат, башталышы Бишкек убактысы боюнча 19:00

 

А ушу тапта Уэльс менен Словакияда 3 упай, Англия менен Россиядан бирден. Орустар тайпада акыркы орунда.

 

Француздар Албанияны араң жеңди

 

А тайпасынын экинчи айлампасында Франция менен Албания командалары күч сынашты. Евро-2016нын фаворити саналган француздарга каршы албандыктар 90 мүнөт катуу турушту. Оюн аяктаарда гана Антуанн Гризманн 90-мүнөттө эсепти ачты. Ал эми биринчи айламадагы оюнда баатырдык көрсөткөн жарым коргоочу Димитри Пайет 96-мүнөттө француздарга экинчи голду алып келди. Бул жеңиштен улам Франция плей-оффко алдын-ала чыкты.

 

Бул топтогу экинчи оюнда Румыния менен Швейцария командалары 1:1 эсебинде тең чыкты.

 

A тайпасындагы командалардын жайгашуусу: 1. Франция — 6 упай; 2. Швейцария — 4 упай; 3. Румыния — 1 упай; 4. Албания — 0.

 

Франция – Албания – 2:0

 

ГолдорГризманн, 90 (1:0); Пайет, 90+6 (2:0).

 

Румыния - Швейцария - 1:1

 

ГолдорБогдан Станку, 18 (1:0), Адмир Мехмеди, 57 (1:1)

 

Россия - Словакия 1:2

 

Голдор: Владимир Вайсс,32 (0:1), Марек Гамшик, 45 (0:2), Денис Глушаков, 80 (1:2)

 

Айрыкча быйыл орозо туткан жарандарыбызга Евро-2016 жакшы белек болду, себеби ооз ачкандан жапканга дейре футболдун кызыгына батып, уйкуну да унутуп каласың (а эгер уктап калган болсоң түнкү 3тө ойгонуп көр, кандай оор...). Быйылкы биринчилик Франциянын өзүндөгү ар кандай коомдук-саясий багыттагы демонстрациялар, ошондой эле фанаттар арасындагы кагылышуулары менен да эске калат өңдүү. Ошол эле учурда Евро-2016нын ар бир беттешүүсү моокум кандырып, көп кызыктарды тартуулап жатат. Бул сапар биз ошол спорттун №1-түрүнө жакындан күбө болгону стадионго келген күйөрмандардын, болгондо да аялзатынын фотосүрөттөрүн тартуу кылабыз.