Эң оболу окурмандардан жалпы мусулмандар үчүн Ыйык Рамазан айында ушундай кейиштүү, ачуу жана адам баласынын ыйманына байланышкан теманы көтөрүп чыгып, жазганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. 

 

Ооба, Орозонун шарты боюнча урушкандар жарашып, бирөөнүн көңүлүн калтыргандар кечирим сурап, жалаң жакшы сөздөр айтылып, дене менен кошо ыйманыбыз тазарып, пейилибиз оңолууга тийиш. Анткен менен турмушта кечирүүгө, унутуп коюуга мүмкүн болбогон же тиешелүү жазасын берип, жок дегенде сөз менен ашкерелене турган да жагдайлар бар.

 

Мындай көрүнүштөр азыркы биздин адамдардан уят-сыйыт кеткен, баарын акча чечкен опурталдуу жашообузда өтө көп. Андыктан биздин бүгүнкү абалыбыз “темирди кызуусунда сок” демекчи, коомубузда болуп жаткан ыплас, уятсыз жана адеп-ахлаксыз көрүнүштү өз учурунда ашкерелөөнү талап кылууда. Ансыз оңолбойбуз, тазаланбайбыз же тескерисинче аракечтик адамдын ыйманын мите курттай жегендей эле, моралдык жактан бузулуу, өзгөчө эртең эне болуп, кыргыз элинин учугун улай турган кыздарыбыздын болор-болбос акча үчүн денеси менен кошо абийирин сатышы - керек болсо улуттун намысын тебелегендик эмей эмне.

 

Жаш, өзгөчө студент кыздарыбыздын чет элдиктер, айрыкча кытайлык, кореялыктар менен Бишкектеги “Таатан” базарынын четинде жайгашкан “Түнкү клуб” деген атка жамынган сойкуканаларда денесин саткан учурлар өткөн жылы “Кырк чоро” коому тарабынан бир нече ирет ашкереленген болчу. Анда аталган коомдун лидери Замирбек Көчөрбаев баштаган кыргыздын намыстуу жигиттери ошол көңүл ачуучу жайларда чет элдиктер менен чардап жаткан кыздарды кармап алып, видеого тартып, коомчулукка социалдык тармактар аркылуу жарыялаган. Бирок ошондо өзүбүздүн эле Батыштан каржыланган укук коргоочу атына жамынган журтбузар, кыргыз элинин нарк-насили менен каада-салтын бузган бузукулар “Адам укугу тебеленип жатат, ар кимдин жеке турмушуна кийлигишүүгө башкалардын акысы жок”,- деген ураан, кыйкырыктарды көтөрүшүп, КТРК, “Азаттык” жана башка маалымат каражаттарында сындап чыгышты. Ошентип “уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат” демекчи, жаш кыздарыбызды терс жолдон оңго салып, улутубуздун намысы үчүн күрөшкөн жигиттерди кылмышкерге теңешти. Ал эми Бишкекте чет элдиктер үчүн дене кумарын кандыруучу сойкуканаларды ачып, аны бизнеске айланткан сасыган кытай, корей жана башкалар жабырлануучу болуп чыга келишти.

Сыягы, дүйнөнүн бир да мамлекетинде өз намысын тебелеген чет элдиктерди мынчалык коргогон маңкурттук жана акмакчылык болбосо керек. Жакында эле “Фейсбукка” казак жигиттери Казакстанда жаш кызды зордуктаган бир чет элдик аңгини бычып салган канжалаган сүрөтүн жарыялашты. Эмне үчүн бизде аймончоктой кыздарыбыз атасы менен тең сасыган, апсайган, төшүн түк баскан бөтөндөрдүн астында денеси менен кошо өзүнүн гана эмес, улуттун да абийирин жоготуп жатса, аларды уяткарууга, тартипке чакырууга, ал эми тиги аңгилердин казак жигиттериндей болбосо да мыйзам чегинде жазалоого болбойт? Кайра атуулдук, жигиттик намысы чыдатпай, аргасыз ашкерелеп, видеого тарткандыгы үчүн кылмышкер, адам укугун бузган катары жоопко тартылууда. Нарк-насилди туу туткан илгерки ата-бабаларыбыз “Кызга кырк үйдөн тыюу” деп бекеринен керээз калтырбаса керек. Ушул баалуулукту жоготкондугубуз улутубуздун, керек болсо мамлекетибиздин тамырына балта чабууда. Ошол абийири менен уятын жоготуп, чет элдиктердин утурумдук кумарын кандырган кыздар эртең кантип улуттун учугун улап, эне болот?! Тигил же бул саясатчынын же журналист менен молдонун төшөгүн аңдыгандар эмнеге ушул жаштарыбыз массалык түрдө ыймансыз болуп бараткан көрүнүшкө каршы күрөшпөйт?

Балакеттин баары ошол мамлекеттик жана башка органдардын коррупциялашып, ал сойкукана жана кумарканалардан акча алып, “ишмердүүлүгүнө” “жашыл жарык” күйгүзүп койгондугунда. Болбосо кайсы мамлекеттин чок ортосуна башка өлкөнүн жарандары келип, ушундай ыплас иштерди жасап, бизнеске айландырып алмак эле. Ал эми жанагы Батыштан каржыланган укук коргоочу аты менен кой терисин жамынган карышкырлардын түпкү максаты – улуттун каада-салты менен нарк-насилин, баалуулуктарын жоготуу. Алар ушундай жол менен улутту, мамлекетти жок кылышат. Ошондуктан улуттук, коомдук деген аты бар айрым маалымат каражаттары гейлер, лесбиянкалар, же эркек менен эркек, аял менен аялдын бири-бирине үйлөнүп, кумарын кандырган ыплас иштерин “булардын да укугу бар” деген шылтоо менен жарнамалап жатат.

 

Баарынан да акыркы эки жума аралыгындагы Кувейт жараны, өлкөбүздө мечит куруп, суу чыгарып, жарды-жалчыларга жардам берүү иштери менен алектенип жүргөн “Табарак” фондунун жетекчиси Абдулла Фалех Жабирдин 200 доллар төлөп, бир түнгө нике үчүн кыздарды издеген жоругу баарыбыздын кыжырыбызды келтирүүдө. Ошол аудиодо белгилүү болгондой, ал 20-25 жаштардагы сулуу кыздарды өзүнүн чет өлкөдөн келе турган досторуна даярдаган. Мындан тышкары анын дагы бир аты-жөнү белгисиз кыргыз кыз менен англисче сүйлөшүп, жыныстык катнашта болгондугу да жарыяланды.

 

Деги “Табарак” деген фонд чындап эле эмне иш кылат? Ал качан жана кандай максатта Кыргызстанга келген? Тилекке каршы бул суроолорго биз эмес, алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн юстиция министрлиги, муфтият жана башка органдар да “биз билбейбиз, уккан, көргөн эмеспиз” деп четке чыга беришти. Бул тууралуу муфтийдин биринчи орун басары Акимжан Эргешов айтса, Чүй облусунун казысы эки-үч ирет чакырса келбей койгондугун билдирди. Демек, ал Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлабагандай эле чиновниктерин да уруп ойнобойт.

 

Айрым маалыматтар боюнча, бул фонддун жетекчиси мурда Кытайда иштеп, ушундай аңгилик аракети үчүн куулган экен (Кытайда мындайларды түз эле камап же атып салышат эле, кантип кутулгандыгы белгисиз). Ошентип баардыгы акча менен чечилген биздин өлкөдө мечит салып, суу чыгарып, жарды-жалчыларга жардам берген Кудай жолундагы ишмердүүлүктөрүнө жамынып алып ошол эле учурда Кудайга жакпаган да шектүү иштер менен алектенгендиги көрүнүп турат. Ал эми аудиодо 200 долларга бир түндүк нике соодасы өзү айткандай, душмандары тарабынан кокусунан эле коомчулукка жарыяланып кеткен бир учур болушу мүмкүн. Ошол эле замат телефондон арап тилинде досторуна маалымат бериши, Кыргызстанды “секс-туризм” өлкөсүнө айланткандыгынын далили болуп саналат.

 

Тилекке каршы биздин укук коргоо органдары адаттагыдай эле бул окуяны укпаган, көрбөгөндөй түр көрсөтүп, “глобалдык” маселелер менен алек болушууда. Болгону 3-июнда баягы эле “Кырк Чоро” коомунун З.Көчөрбаев баштаган 7-8 мүчөсү ТИМдин алдына чыгып, “Табарак” фондун өлкөбүздөн кубалап чыгуу талабын коюшту. Мындан тышкары ички иштер министрлиги да иликтөө иштерин баштагандыгын айтышты эле, азырынча жыйынтык жок. З.Көчөрбаевдин айтуусунда, бул фонддун аңги жетекчиси эсен-соосунда качып кетүүнүн ордуна 20 миң долларга адвокат жалдап, душмандарынын сазайын бергени жүрүптүр. Баарынан да ошол “соодалашкан” кызды “экинчи аялым” деп жанын жеп жатат.

 

Ооба, кыргыздын кыздары сулуу. Өзгөчө арап, кытай, түрк, корей жана башка улуттардын эркектери өз өлкөсүндө аялдар аз болгондуктан жана үйлөнүүдөгү калың төлөө жана башка шарттардын кыйынчылыгынан көпчүлүгү сүйгөндү мындай кой, аялзатына жетпей өмүрү өтүп кетет. Мисалы, Түркия же Иранда кыздын калыңы 110 даана илгерки Союздун учурундагыдай 1 рублдик көлөмдөгү сөлкөбай менен барабар. Мындан тышкары да толгон-токой эркек үй-бүлөнү багууга милдеттенме алат. Ошол эле учурда ажырашуу азап болгондуктан, айласыздан аялы ажаан, желмогуз, ал тургай жезкемпир болсо деле жашап жүрө беришет. Ал эми бизде...

 

Ушул жана башка жагдайлардан улам кыргыз кыздарына чет элдик күйөө тапкан корей, кытай ортомчу тааныштыруу агенттиктери иш жүргүзүшөт. Бир нече интим кызматтарды көрсөткөн сайттарда атайын англис жана башка тилдерди билген кыздардын да анкетасы жайгашкандыгы, чет элдиктер үчүн “кызмат” кыла тургандыгынын далили болуп саналат. Алардын көпчүлүгү кыздарыбызды өз өлкөсүнө алпарып, сексуалдык кулчулукка сатышары деле жашыруун эмес. “Үй ээси жоош болсо, коногу доңузга айланат” демекчи, айрымдары жогоруда айтылгандай, Кыргызстанды жашыруун “секс-туризм” өлкөсүнө айландырууда. А биз кандай туризм өлкөсүн курабыз деп жүрөбүз?

 

Баса, 14-июнда Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу Самат Курманкулов бир апта ичинде борборду сойкулардан тазалоону убада кылды. Ал шаарды сойкулардан тазалоо Правда-Кулатов, Правда-Фрунзе көчөлөрүнөн баштала турганын кошумчалады.Күтө туралы...

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №19 (250), 16.06.2016-ж.