Бишкек, “Саясат.kg”. Мезгил тараза, мезгил сынчы. Бул чындыкты эч ким тана албайт. Анын сыңары, “убакыт учкан куш”,- десек азыркы ажобуздун да басып өткөн хандык сапары карып баратат. Ырас, бир жактуу пикир айтуу максат эмес. Бирок, ыргакка ылайык бу сапар ажонун алешемдиктери сөз кылууга арзып туру. Эмесе баштайлы...

 

Акыркы учурларда эл арасында Алмазбек Атамбаевге болгон нааразычылктар күчөп, кыргыз элинин шоруна дагы бир жеп-ичээрди байлап койгонуна өкүнүп, анын кетер күнүн күтүп олтургандар аз эмес. Бүгүн биз ошол Атамбаевдин кетирген кемчиликтерин бирден санап, көзгө сайып көрсөтүүнү туура таптык.

 

Биринчи кемчилиги: “Убадада тура албагандыгы”

 

2006-жылы Бакиев президент болуп турган учурда бир катар саясатчылар реформа жасоо үчүн митингге чыгышкан. Мына ошол апрель, андан соң ноябрь митингдери оппозициянын ана башында турган “Социал-демократтар” партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башчы болуп келишине түрткү болду. Андан мурда Бакиев менен тандем түзүп, премьер-министр болгон Фелкс Кулов кызматтан кеткен соң “Бириккен фронт”, “Реформа үчүн!” кыймылы жана аны колдогондор бийликтен чукул Конституциялык реформа жасоону жана Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылышып, 9-апрелде узак мөөнөттүү митингге чыгышты. “Биз эки жылдан бери реформа деп таңдайыбыз кургагандан кийин, кетсин дегенге өттүк. Ак үйдүн карга-кузгундары кетсин!”, “Бакиев кетсин!”- деген чакырыктарды ташташып, ал эми жер-жерлерден келген элдер кубатташкан эле. Ошентип Ак үйдүн тегерегине боз үй, чатырларын тигишип отурукташып да алышкан. Бул нааразычылык акциялардын башында турган Атамбаев куйтулугуна салып, Бакиевге жакындап, “шап” эле премьер-министр болуп алды.  Мына ушундан улам митингдер, каршылык акциялары Атамбаев үчүн реформа же өлкөнүн өнүгүшү үчүн эмес, эптеп бийликке жетүүнүн гана куралы экенин билсе болот. Атамбаев кызмат дегенде өзүнүн мурдагы койгон талаптарынан дагы, принциптеринен дагы баш тартып, артын бир кылчайып карабай «креслого» тырмышып чыгып олтуруп алганын кантип бааласа болот? Ошентип Бакиевдин тузагына илинип саналуу күн премьер-министр болуп турган учурда Бакиев Атамбаевдин колу менен “Кумтөр” долбоорун өткөрүп, андан кийин Алмаз мырзанын бул кылган кызматы үчүн ага “Данакер” медалын берип да салган. Бакиев ошол кезде  Атамбаевди колтугуна тартуу менен өзүнө каршы күчтөрдү алсыратып, убакытты утуу максатында пайдаланган кезектеги саясаты эле. Атамбаев премьер-министр болгон жарым жылга жакын мезгилде кымбатчылык күчөп, инфляция өстү. Оппозиция жоошуп, акырындап өз жолдору менен тарагандан кийин Бакиев Атамбаевди кайра көчүккө тээп, “креслодон” түшүрүп салган эле. Алданганын билген Атамбаев айласыздан кайра эле оппозицияга өтүп, “Ак Жолду” ээрчиген күчүк партиясы КСДП кайрадан оппозиция аталып калды. Мына ушундай бийлик, кызмат, акча десе сатылма адамдын учурда президент болуп турганы өтө кейиштүү. Атамбаевдин бул кадамын саткындык деп атабаганда кантип атаарыбызды эл өзү чечсин.

 

Экинчи кемчилиги: “ким гана ага жакын эмес”...

 

«Калк айтса, калп айтпайт». Бакиевдин тушунда премьер-министр болуп турган учурда бул адатынан чарчаганын ошол эле Бакиев өзү жакында айтып чыгып, “аны менен сүйлөшүү үчүн соо кезин күтчүмүн”- дегени эмнени каңкуулайт? Ал эми ажо жарышка түшкөн учурда эл менен жолугуу үчүн Жалал-Абад облусуна барып, эл алдына тентиреп чыгып сүйлөгөнү дагы эле эсибизде, ал тургай ошол учурда тартылып алынган видео тасмалар интернет айдыңында кеңири таркалып, муундан-муунга өтмөк болду. Белгилүү журналист Бекен Назаралиев айткандай Кыргызстандын тагдырын “Мас капитанга” берип коюп, “кайсы күнү чөгүп кетебиз?”- деген кооптонуу менен жашап келебиз.    

 

Үчүнчү кемчилиги:  “Сөз тоңдурат, сөздөн жалын от чыгат, жакшы ишиңди жаман сөзүң жок кылат”!

 

Ата-бабаларыбыз илгертеден сөз кадырын билген, сөз баккан, сөз таптаган эл болгон. “Буттан чалынган турат, сөздөн чалынган турбайт”- деп бекеринен айткан эмес да. Атамбаев кантсе дагы эл атасы болуп туру. Бери дегенде  жалпы жамырай журтка үлгү болуучу адам. Бирок анын сөздү баалабай да, барктабай да көчө деңгээлинде өйдө-төмөн сүйлөй бергени  күн өткөн сайын коомчулукту иренжитип келет. Асыресе, ажобуздун алты миллион элдин астында Катани деген каймана ат менен элге белгилүү болгон, асти Атамбаевге караганда кыргыз эли үчүн көп эмгек өтөп, өмүрүн да тобокелге салган, чыныгы журтсүйөөр мырза, генерал Өмүрбек Субаналиевди “Көтани” десе, “Нарындыктар мал менен жүрүп кой болуп калгансыңар” дегени, ал эми “Ысык көлдүктөр  каракчылар, бандиттер”, “Талас эли эл эмес. Таластыктар силер катынсыңар, жоолук салынып алгыла” деп жалпы элди мазактоого алганын жамы журт укту го.. Өз элин минтип өгөйсүнтүп, өзүн өйдөсүнтүп сүйлөгөн ажобуз “эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” деген айтылуу Арстанбек акындын сөзүнө карама каршы туруп атпайбы. Элин эзген үчүн эки президентибиз өз мекенине келе албай, тууган жерине зар болуп, бөтөн элде тентип жүрөт, Атамбаевдин дагы алардын арты менен кетээрине аз калган көрүнөт.  Ар дайым чыркырыган чындыкты бетке айткан, көзү май баскан бийликтин көзүн ачкан журналисттерди “ушакчылар” деп, ал эми оппозиционерлерди “эл душманы, кан самаган сагызгандар” деп, баягы чириген ооздон ириген сөз чыгат дегендей  оюна келгенди оттоп сүйлөшү Атамбаевдин деңгээлинин пастыгын, андан да президент болууга, кыргыз элинин атынан сүйлөөгө укугу жоктугунан кабар берет.   

 

Төртүнчө кемчилиги: Тышкы саясаттагы чийкилиги

 

Атамбаевдин тышкы саясатта иш жүргүзө албаганы Кыргызстанга муш болуп тийүүдө. Асыресе, коңшу боордош өлкөлөр менен болгон мамилени начарлатып, Кыргызстандын экономикасын туңгуюкка кептеп салды. “Алыскы туугандан, жакынкы коңшу артык”- дегендей ажобуз алыскы Америка, Түркия сыяктуу мамлекеттерге кошомат кылып, алардын намазын окуп, эшигин тытмалагандан көрө жакынкы Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан менен мамилени жакшыртса оң болмок. Атамбаев Өзбекстан менен болгон чек ара маселесин чечкендин ордуна өзүнүн ээн ооздугуна салып, “Каримов 2-3 жылдан кийин өлөт. Ошондо чек ара маселесин чечебиз”- деп Каримовдун каарына калып, Ош облусу газсыз калганда Атамбаев ал маселени да чече албай, элдин нааразычылыгы күчөгөндө айласыздан: “мен Каримовду көргөн жерден артынан чуркап сүйлөшүүгө аракет кылып жатам”- деп өзүнүн кадыры жок жан экенин моюнуна алган.  Андан кийин “Биз, суу бербей коюп, казактарды чөгөлөтөбүз”, - дегени Назарбаевдин ачуусуна тийди. Ал тургай  КМШ өлкөлөрүнүн жолугушуусунда Назарбаев сүйлөп жаткан Атамбаевдин сөзүн бөлүп, сүйлөтпөй: “Алмазчик сенин эмне сүйлөрүңдү биз жакшы билебиз”- деп кагып салса, ал эми тажик президенти Э.Рахмон коопсуздук кеңешинин жыйынында кыргыз президенттин «ит» деп атады. Минск шаарында өткөн саммитте Атамбаев Белорус президентти А.Лукашенкодон “Эй, бандит, сен эмне, бийликке кантип келгениңди унутуп калдыңбы?”- деген жемени уккан.  Мына ушундай тышкы саясатта кадыры  жок, ашкере кошоматчылыгына салып башка президенттерди кучактап, жагынууга жасаган аракети, жада калса сүйлөө манерасы, кийинүү этикасы дагы президенттик деңгээлге жетпеген адам жүздөгөн “телохранитель” менен өзүн кайтартып жүргөнүнө таң каласың. Анын өмүрүнө өзүнүн бок ооздугу гана коркунуч жаратпаса башка эч кимге деле кереги жок окшойт.

 

Бешинчи кемчилиги: Эшек минген экономика

 

Атамбаев президент болгону Кыргызстандын экономикасы алдыга жылмак турсун артка кетип, элдин турмушу жакырлагандан жакырлап бара жатат. “Бажы союзуна кирсек айыл чарбабыз өнүгүп, бизден өндүрүлгөн жер-жемиштер, азык-түлүк башка мамлекеттерге экспорттолот” деген эле. Минтип Бажы биримдигине деле кирдик. Бирок чеке жылытарлык жылыш болгонун көргөн жокпуз. Тескерисинче Атамбаевдин айтканына ишенип картошка, капуста, пияз өстүргөн дыйкандардын мээнети текке кетип, тонналап чириген түшүмдү төгүп жатышат. Ал эми төө буурчактын баасы түшүп, таластыктар талаада калышты. Жер айдоо иштерине деп банктардан 35 пайыз менен кредит алган дыйкандар эми кредитин төлөй албай карайлап олтурушат. Кыргызстанда элдин дээрлик 95 пайызынын банктарда карызы бар.

Ал эми электр энергиясы 1 киловаты 70 тыйындан 2 сом 50 тыйынга, газды 4 сомдон 16 сомго көтөрдү. Бакиевдерден тушунда да мынчалык көтөрүү каралган эмес. Эсибизде, Бакиевдин түбүнө так ушул электр энергиясы жетпеди беле.  Кыргызстан мурда электр энергиясын экспорттоочу өлкө болсо, эми аны ипорттоочу өлкөгө айланды. Атамбаев өзү оппозицияда жүргөн  учурда “электр энергияны көтөрүп сатуу бул Кудайга жакпаган иш”- деп ушул электр энергиянын бетке кармап бийликке келгени баарыбыздын эсибизде. Ал тургай видеотасмалары дагы бар. Эми бир ооз сөз айтпастан элдин жон терисинен акча тилип жатканы Кудайга жагат бекен? Кыргызстанда жеңил өнөр жай бутка туруп, бизде өндүрүлгөн кийимдер экспортко чыгып, дүйнөлүк рынокто болбосо да жакынкы коңшу өлкөлөрдүн базарларында өз ордун таап, кыз-келиндер жумуш менен камсыз болуп бир калыпка түшүп калган эле. Учурда ал тармактын дагы ойрону чыгып, экспорттун көлөмү азайып, көпчүлүк ишкерлер банкротко учурады. Ал эми курулуш тармагы дагы кризиске капталып, кыймылсыз мүлктөр сатылбай токтоп калды. Кыргызстанда алтымыш миңге жакын адамдын жумуш менен камсыз кылган, мамлекеттин бюджетине эң ири салык төлөгөн “Дордой2  базары жабылып калуу коркунучунда турат. Соода солгундап, сырттан соодагерлер келбей, ишкерлер ишсиз калууда. Бул дагы болсо Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүнүн кесепетинен улам. Бажы союзуна кирип чек аралар ачылып эркин соода аймакка кирдик деген нерсе кагаз жүзүндө эле жазылып калбаса, чындыгында чек арадагы абал мурдагыдай эле. Ишкерлердин товарларын сыртка чыгарылбай, кармап калышууда.  Дыйкандарды, фермерлердин азык-түлүгү экспортко чыкпай, ал эми биздин базар импортко толуп экономикабыз кыйрап жатат. Эгер экономикалык кыйроону санай берсек гезит бети түтпөйт. Башкасын айтпаганда да Акаевдин, Бакиевдин учурунда адал бойдон жашаган элибиз Атамбаевдин тушунда эшек жеген деңгээлге жеткени эмнени айгинелейт? Суроолор көп, жооп дале жок.

 

Алтынчы кемчилиги: Курулай ураанга айланган “Коррупцияга каршы күрөш”

 

Атамбаев Ак үйдүн босогосун ажо болуп аттаганы коррупцияга каршы күрөшөм деген ураанды көтөрүп чыккан эле. Коррупционер деп тузакка илген бирин-экин чиновникти сот жүзүндө соттолуп жатат деп убакытты создуктуруп, андан кийин актап жиберүүдө. Чындыгында жалгыз Түлеевден башка эч кимиси кесилген да жок. Иса Өмүркулов, Игорь Чудинов, Исхак Пирматов, Нурлан Сулайманов, Курманбек Осмоновго өзгөчө оор кылмыштар тагылып, эми болсо актап салды. Булардын минтип акталып чыгуулары Атамбаевдин жөн гана өзүнүн оппоненттерин тизеге чабуу ниетинде гана отурузгандыгы көрүнүп турат. Баш көтөрүп, ага атаандаш боло тургандарды "эмдеп" экинчи ооз ачкыс кылып, өзүнө баш ийдирип койду. Анткени Атамбаевдин өзүнүн колу таза эместигин, тагырагы илгери жазуучулар союзуна деп бөлүнгөн 50 миллион рублду залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду алдап туруп кымырып алып, ошонун арты менен бутуна турганын жакшы билебиз. Андан кийин 2010-жылы бийликке келгенде банктардагы ячейкалардагы миллиондогон долларлардын жок болушу, Бакиевдердин мүлктөрүн тоноп өз ара бөлүшүп алышканы деле эч кимге жашыруун эмес. Эгер коррупцияга каршы күрөш күчүндө болсо эмнеге Убактылуу өкмөт учурундагы бир гана банк ячейкалары тууралуу иштер тергелип, текшерилбей жатат? Бул керек болсо кылым чуусуна айлана турган иш экени жалганбы? Баягы «ууруу тойгончо жеп, өлгөнчө актанат» дегендей, учурда мындай кинелерди Атамбаев жанына жакын жуутпары бышык. Бирок тарых баарын өзү таразалап, ак-караны иргеп чыгарып коёт.

 

Жетинчи кемчилиги: “Жашасын КСДП же көлөкөдөгү башкаруу!”

 

Учурда кыргыз саясатында болуп жаткан жагдайлардын бардыгына Атамбаев өзүнүн эч кандай тиешеси жоктой түр көрсөткөнү менен, бардыгын көлөкөдөн башкарып жатканын бешиктеги балага да бештен белгилүү. Батукаевди кызыл килем төшөп узаткандан тарта, шайлоонун шайтан оюндары да Атамбаевдик сценарий экени талашсыз. Жогорку Кеңештин депутаттыган бир гана өзүнүн сөзүн сүйлөп, камчысын чаба турган адамдарды өткөрүп, эл көйгөйүн, турмуш чындыгын айтып, бийликтин кубулма укуругуна моюн толгоп баш бербеген Ташиевге, тили буудай кууруп Атамбаевдин сай чучугуна тийген Равшан Жээнбековго окшогондорду босогодон аттаткан жок. Андан кийн премьер-министрликтен тарта, спкерлик, министрлик, губернаторлордон тарта Ак үйдүн пол жуугучуна чейин КСДП партиясынан. Өзүнүн шоферу, жан сакчасы, ашпозчусун дагы мамлекеттик кызматка койгону эл ичинде сындалып келет. Бирок УКМКнын башчысы болгон Сегизбаевге окшогон кошоматчылары Атамбаевге элеттеги кептер туурасында жеткизбей жаткан көрүнөт. Болбосо, элдин нааразычылыгын угуп, өзү жасап жаткан иштери канчалык деңгээлде туура экендигине ой жүгүртмөк беле деген үмүт кургур өчпөйт экен. Бирок болор иш болуп, боёгу канды көрүнөт. Атамбаевдин кетерине аз калганда өз тамырын кенен жайып, КСДПснын канатын керип алгысы келгендир. Кыскасы, “жашасын КПСС!” деген ураандай эле, “жашасын КСДП” болуп калдык көрүнөт. Бир сөз менен айтканда Хан ордодогу Шералынын чокою шылый чабылды. Шады ынактардын заманы орноду. КСДПнын ээлигиндеги спикер, премьерлик кресло Атамбаевдин кадырын эл алдында артырып жиберет деген абсурд экенин баарыбыз билип турубуз. Бир гана Атамбаев билбей жатканы өкүнүчтүү. “Кайран гана Нүзүптүн эмгеги!”- деген каңырык түтөө бир жарым гана кылым узап элибизде кайрадан жаңырып туру.

 

Аэлита Сатындиева