КСДПнын акыркы 5 жылдан бери бийликти “менчиктеп” алган жоругуна нааразы болбогон жан кыргызда жок. Өкмөт башчысы кызматына, министрлик-агенттик жетекчилигине тарткан кадрларын карасаң, кускуң келет, деги мындай мурдунун учунан алысты көрө албаган тазбайматтарды кайдан чукуп таап алат, бир чети кыжырың келет, экинчи жагынан буга таң бербеске арга жок, себеби ушунча элдин ичинен эң начарын таап чыгуу да кандайдыр бир деңгээлде чоң талант болуп эсептелет да.

 

Биз акыркы 5 жыл ичинде 5 премьер-министрди алмаштырдык. Ошонун баарын бул кызматка парламенттеги башка фракциялардын колу-бутун толгоп жатып КСДП өзү койгон, а бирок, кетирип жатканда бир да жоопкерчиликти өз мойнуна алган факты кездешпеди. Билесиз, кимисин болбосун кызматка коёрдун алдында КСДПнын “булбул үндүү” лидери Чыныбай Турсунбеков парламент трибунасынан катыра мактайт, угуп олтурсаң тимеле мындай кадр Кыргызстан түгүл дүйнөдө жок, келери менен кризисти сыйкырчы колу менен жеңип салат. Мына ошондой шаң, салтанат менен канчасы келди, а бирок бирин татыктуу кетириштиби? Жок, ошону апкелген КСДП өзү саясий интриганын башаты болуп, боктоого катышып, абийирин айрандай төгүшүп, тиги кетип атканы бирдеңке дейин десе, “к....дү кыс, бовосо шу турган жериңден камалып, чирийсиң”,- дешип жакалашат. Кудая тобоо! Ушундай да айбандык касиет болобу? А эмнеге эле премьер-министр жазында жа күзүндө дайым алмашып турат? Минтип экспертиңе барып сураштын кереги жок. Анын сыры ачык эле турбайбы. Себеп дегенде күз же жазда адатынча эл өз нааразычылыгын ачык айтууга камынат. Аларга баары бир – арабаны ким айдап баратат, кайсы оппозиционер митинг уюштуруп атат, эптеп трибуна болсо, ачуу чындыкты сураса! Өкмөт алмаштыруу мына ошол элди алдоонун акылдуу жолу. Эл кыйналып атабы? Жашоо ылдый түшүп кеттиби? Свет кымбаттап кеттиби? Оо кокуй, буга президент же парламенттин таптакыр тийешеси жок. Мунун баарын мобул элдин чечкесине чыйкан болуп чыккан, жүзүкара өкмөт жасап жатат. Ошондуктан, ушул өкмөттү алмаштырсак, анан турмуш өз нугуна түшөт, жыргайсыңар! Мындай обонго карапайым адам да кошулуп кетет да, аягында алданып, андан бетер боздоп кала берет. Караса эле башка премьер-министр келди, бирок баягылар эле министрлик орунда. Анан да эскилердин тушундагы акмакчылык андан бетер күчөп, улантылып жатат. Анан эл ойлойт да: аа, премьер алмашкан менен башкалар ордунда калса, түй ата, булардан эмнени күтөбүз, ия! Мына бийлик кантип өз элин алдап жатат. Мына ошол маскарапоздуктун чыныгы автору КСДП экенин көрүп-билип турабыз. Мына азыр күч алып бараткан оппозиционерлерди камоо менен башкаларга: “кысып олтур, болбосо бу досторуңдун жанына барасың”- демиш эткен бийлик чынында абал оор экенин билет. Айрыкча 7-апрель окуясынын 6 жылдыгында канчалаган ачуу кептер айтылды. Эл жеңиши базардагы картошкадай сатылып кеткени угулду. Маселен светти арзандатуу шылтоосу менен сүрмө топ курап бийликке аттанган ушул эле арзыматтар өздөрү келген соң анын баасын үч-төрт эселеп кымбаттатып, бетин табактай кылып олтурганын ким тана алат? Кедей-дыйкан нанга пияз кошуп жеп кардын тойгузуп калганы да Ак үйдө олтургандарга көрүнбөсө, мына эл аралап жүргөн биз билебиз. Өлкө ЕАСэке киргени огобетер кыйналдык. Жылда картошкасын жок дегенде дүнүнөн 10-15 сомго сатып жаткан дыйкан быйыл 5 сомдон да сата албады. Анын чыгымы жабылбай, азыр жазгы талаа ишине кайра карыз сурап кирбеген тешиги деле калбады. Мына ушул маселенин баары бир гана премьер-министрди алмаштырып коюу менен чечилип калабы? Жок! А үмүткер эл мындай бурулуштан жакшы жашоону күтөт. Мына ошол элибиздин үмүткер экендигинен пайдаланып, нааразы элди алдоо үчүн “өкмөт алмаштыруу” оюну жаралып олтурбайбы.

 

Бу жолку премьерди кетирүү ишаратынын дагы бир жагы бар. Акыркы кездерде Темир Сариевдин жүрүштөрү чоң казатка даярданып аткандай түр бере баштаган. Анын пиар-тобу Темикең теминип койгон нерсенин баарын кооз кагазга ороп элге тартуулай баштаган. Анын кандай мыкты адам экендигин, ишинде кынтык жоктугу үтүктү сайсаң да жаңырчу болгон. Ушунун өзүнөн эле Темир Сариевдин амбициясы алда канча бийик экендиги көрүнө баштаган. А бул азыркы бийликтин чыныгы кожоюндарынын планында жок неме болчу да. Булар пландуу, ырааттуу жол менен мураскер камдап келатышса бу Темикенин жоругу түн уйкуларын бузду да! “Темикениби, не президент болот бекен? Шашпай тур”,- дешип, жанагы “тендер чатагын” чыгарышты. Муну ким баштаганын карасаңыз да дайын болот. Мисалы Канат Исаев ким? Бакыт Төрөбаевби? Ой булар кожоюндун кареги менен тең айланган гана фигуралар. Буларды парламентке ошон үчүн сүйрөп келишти да. Мына, азаматтар, “шефтин” ишеничин аткарып, Сариевдин кетишинде жакшы “пешка” болуп беришти. А бул сценарийдин чыныгы авторлору көшөгө артында кол чаап карап турушту. Сариев жөн кетпей, болгондо да “илинчеги” менен кетип атат. “Одним кандидатом в президенты меньше”- дешип, эми үн чыгарса кылмыш ишин алып чыгып, башына “тарс” чабышат. Албетте, президенттик шайлоого бир жыл калганда премьерлик креслодо президенттик амбициясы бар адамдын олтурушу опурталдуу. Ошондуктан, эми Сариевдин ордуна тил алчаак, айткандан чыкпаган адамды алып келишет. КСДП азыр ушунун үстүндө иштеп атат. Балким, бул ролду ким аткараары капкачан чечилгендир. Акыркы тарбиялык иштер жүрүп жатса керек. Бирок ушунда да экономиканы көтөрүүгө жөндөмдүү кадр келбестиги анык. Демек, жылышты күтүүнүн кереги жок.

 

А жеке Сариевдин өзүнө келе турган болсок, чын айтсак, анын бул кызматка дайындалышына коомчулук каршы болгон. Бирок КСДП адатынча аны мактап атып койдурган. Ошондо биз да, дүйнөнүн бир да өлкөсүндө парламенттик шайлоодо акыркы орунду ээлеген партия лидерин минтип өкмөт башына алып келбестигин жазган элек. Сариевдин “Ак шумкарын” билесиз да кантип парламенттик жарышта “капут” болгонун. Кечээкиде катышпады. Антсе уят болмок. Бирок, Сариевден алып келишкенде сөз алышкан, “шайлоого катышпайм” дедиртип. Ал жентельменский келишимде бирок президенттик жарыш тууралуу сөз болбоптур... Мына ошентип, элдин 1 пайызы да колдобогон адамды Ак үй премьер-министр кылып, саясий упай топтоосуна жол ачты. Канчалык топтоду, ылдыйда сөз кылабыз. А бирок, минтип эл колдобогон саясатчыны алып келген КСДП бүгүн үн-сөз жок олтурат. Ошондо айрым эксперттер: “дүйнөгө шылдың болдук, эл колдобогон саясатчы келди”,- деп барабан кагышкан. Албетте, эч кандай өзгөрүү болбостугун ошондо эле айтышкан болчу.

 

Темир Сариевдин өкмөтү он чакты күндү кошпогондо толук 1 жыл иштеди. Темикең кетер чактагы билдирүүсүндө жакшы иштерди жасаганын айтты. Мисалы ЕАЭСке киргенибизди жеке өзүнүн жетишкендиги катары көрсөтүүгө аракеттенди. Бирок, бул биримдикке киргенден кийин эл турмушу тескери кеткенин айтпады. Миңдеген адамдар жанын баккан “Дордой”, “Кара Суу” базарлары мунун айынан токтоп, ишкерлер кредитин төлөй албай тумчугууда. Бул бир эле биримдикке киргендин зыянын көрсөткөн факты.

 

Мындан башка да Сариев өкмөтү элдин кыжырына тийген бир топ демилегелр менен чыккандыгын эсиңиздерге салып коюубуз керек. Алар:

 

Биринчиси, өкмөттүн автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу демилгеси катуу каршылыкты пайда кылды. Бул элдин чөнтөгүнө каршы урулган сокку. 3-4төн унаасын гаражына коюп алгандарга минтсе жарашат. А карапайым адамдар 90-жылкы эски унаага олтуруп, эптеп тиричилик кылат. Ошону да көрө албай аткан өкмөткө ким ыраазы болсун? Ошону менен катар Сариев өкмөтү үй-мүлктү да милдеттүү камсыздандыруу керектиги тууралуу чечим чыгарып ийди. Бул да кезектеги элдин жарты тыйынын кагып алуунун амалы эмеспи. Ошондуктан жер-жерлерде нааразычылык акциялары чыгып, мунун жыйынытыгында өкмөт артка кетүүгө аргасыз болду. Бирок бул демилгеден сөз жүзүндө гана баш тартышты, аны жокко чыгарган документ эл назарына коюлбады. Кийинки өкмөткө керез катары калды.

 

Экинчи элдин жонунан кайыш тилген нерсе– аэропорт салыгы. Билет алган адам автоматтык түрдө 15 доллар салыкты кошо төгөт. Буга да эл катуу нааразы болгон. Өкмөт мунун зарылдыгын жеткиликтүү түшүндүрүп бере алган жок. Аны алып аткан себеби, аэропортту өнүктүрүүгө алган кредитти жабыш керек имиш. “Кредитти жеген бир ууч адам үчүн эмнеге карапайым адамдар запкы тартыш керек,”- деген чакырыктар социалдык тармактардан азыр да жаңырууда.

Үчүнчү дагы бир нерсе– тоолуу райондордун элинин женилдиктерин алып салуу. Башкача айтканда, алардын жөлөк пул, пенсия-пособие, айлык акыларына кошулуп туруучу каражат кемиши керек эле. Нарын элине рахмат. Үчүнчү революция менен коркутушту эле, Сариев кирерге кычык таппай калды.

 

Төртүнчүсү. Премьер Сариев өкмөттүк жыйындардын биринде бош убактысында унаасы менен жүргүнчү ташыгандарга нааразы экенин айтты. Булар көрсө бюджетке салык төлөшпөйт экен. Ошондуктан булардын ишине тыюу салуу керек. Башбакандын бул сунушун эл кантип кабыл алмак эле? Бу өкмөтүң жакшы айлык төлөсө жаныбызга күч келдиби? Тынч эле бала-чаканын алдында олтура бербейби? Ошол айлыктын аздыгынан, бала-чаканы багуу азабынан аргасыз унаасын айдап, эл ташып, оокат кылып атышат эмеспи.

 

Бешинчи дагы бир кызык нерсе– биомаалыматын тапшырбагандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтпөө демилгеси. Конституцияда биомаалыматты милдеттүү тапшыруу жагы жазылган эмес. Демек, бул аракеттин өзү мыйзамсыз. Ошондуктан элди шайлоолор алдында мажбурлоо жакшы жыйынтык бербейт.

 

ххх

Экс-депутат Равшан Жээнбеков соңку саясий оюндарды “президенттик шайлоо алдындагы хансарай оюндары” катары сыпаттап, Кыргызстан социал-демократтар партиясы бардык боткону чалып аткан күч катары жоопкерчиликке тартылышын талап кылды. Анын айтымында, беш жылдан бери бийлик жалгыз ушу партиянын колунда жана бардык реформалар, арам аракеттер КСДП “лөктөрүнүн” колунан келген иш. “Эл убагы келгенде муну катуу сурайт! КСДП арам оюндарын койсун”,- дейт.

 

Билген адамга КСДП өз тарыхы бар партия. Анын карапайым мүчөлөрүндө чыныгы атуулдук, патриоттук дем-күчү жанып турат. Өткөндө ушул партиянын мүчөсү, революция баатыры айтып атпайбы, “Акаев-Бакиев заманында жөө салаңдап, ачка-суукта митингдерге чыгып биз жүрдүк. Бакиевге каршы да коркпой аягына дейре күрөштүк. Бирок анын баарын кууп, мына элдик бийлик дегенибизде ишеним өчтү. Революция жасап, партияга күйгөн биз четке сүрүлүп калдык да, капкайдагы тааныбаган адамдар алдыга чыгып кетти. Ошолор эми КСДПны “Алга, Кыргызстан” же “Ак Жолдун” деңгээлине түшүрүп салышты. Канча мээнет текке кетти”,- деп. Эгемен тарыхыбызда өз орду бар партиянын минтип таз кейпин кийип калганына кимдин гана ичи күйбөсүн?

 

Балким, президентке өз партиясынын катарында реформа жасоого мезгил келип жеткендир. Катарында элдин ишеничине суу сепкендер, мамлекеттик казынага кол салгандар, популисттер, кошоматчылар көбөйүп кетти. Бул турушунда “ишенген кадрлар” КСДПны биротоло жок кыларына көз жетип турат. Минтип партиялык тазалоо иши жүрбөсө, таза адамдар келбесе иш чатак. А тигил партия башында туруп алып былгытып аткандарга ишенбей эле койгон оң. Анткени булар “Алга Кыргызстанды” да, “Ак Жолду” да тегеренип, тумар тутуп жүрүп, бийликтен кеткен соң партбилетин таштандыга ыргытып, таза болуп чыккан. КСДП чөксө, булар ошол адатын кайра кармайт.

 

Нургазы Анаркулов

Булак: “Майдан.kg”, №12 (243), 13.04.2016-ж.