Глобалдуу кыскартуу

 

Кыргызстанда жайыттар айыл чарбасында гана эмес, жалпы эле экономикада маанилүү роль ойноорун билебиз. Себеби жайыттар мал багуу үчүн гана пайдаланылбайт. Аны бал өндүрүү, аң уулоо, дары чөптөрүн, жер-жемиш чогултуу, аз сандагы кен байлыктарын казып алуу, туризм жана эс алуу үчүн да пайдаланышат. Ошондуктан жайыттар экосистемасын сактап калуу– өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнүн өбөлгөсү. Кыргызстан ЕАЭСке киргенден кийин мал чарбачылыгы жаңы рынокко сапаттуу мал чарбачылык азыктарын сатууга мүмкүндүк алды. «Демек биздин жайыттар тийешелүү деңгээлде болушу талап», – дейт Нарын облусунун аймактык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Элмира Турганбаева.

 

Улуттук илимдер академиясы «Регион.kg-ге» билдиргендей, акыркы он жылдын ичинде жайыттардын абалы мындай – алар 70 пайызга деградация болду, интенсивдүүсү – 50, ал эми алыскы жайыттар -35 пайыз. Ал эми 2007-жылдан 2014-жылга чейин алардын аянты 127 миң гектарга кыскарды.

 

«БИОМ» экологиялык кыймылынын адистеринин айтымында, бул деградациялык процесстер мындан ары да күч ала бермекчи, акыры алар калктын экономикалык абалынын начарлашы жана республикадагы социалдык чыңалуунун өсүшүнө алып келмекчи. Ошондуктан бул тармак Туруктуу өнүгүү программасына ылайык мамлекеттик түзүмдөр тарабынан көңүлгө алынышы керек. Учурда Кыргызстандын мал чарбачылык тармагынын негизги ресурсу болгон өсүмдүктөрүн сактоо коркунучта турат, себеби аны биз туура эмес пайдалануудабыз. Мал жайытынын эрежелерин этибарга албоо Кыргызстандагы мал чарбачылык тармагына коркунуч туудурууда. Бир топ жылдан бери жайыттарды мыкаачылык менен пайдалангандан кийин 2009-жылы Кыргызстанда «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын кабыл алышы да түзүлгөн кырдаалды чече алган жок, ал мыйзамда жайыттар мамлекеттин менчиги бойдон калып, малчылар аны тең укуктуу пайдалана алат деп жазылган. Мыйзам жайыттарды ижарага берүүгө тыйюу салат, ал эми аларды пайдалануу жоопкерчилиги жана көзөмөлү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына берилген. Алар болсо өз кезегинде жайыттарды пайдалануу, көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү милдетин Жайыттарды пайдалануучулардын коомдук бирикмелерине жүктөп, алардын милдетин жайыт комитеттеринин аткаруу органдары жасай баштады. Бирок адистердин баамында, бул документ жайыттарды коргоо боюнча көптөгөн көйгөйлөрдү чечип бермек эмес.

 

Чыныгы иштердин ордуна популизм

 

Белгилүү эколог, профессор Эмиль Шүкүров көптөн бери «коңгуроо кагып», жайыттардын деградациясы – көзгө көрүнбөгөн коркунуч эмес, бул экосистеманын масштабдуу бузулушу, жайыттардын ар бир чарчы метринде бир нече тонна топурак жуулуп чыгат деп эскертип келе жатат. – Ойлонуп көргүлөчү: тоолуу аймакта 1 см жерди калыбына келтирүү үчүн табийгатка эң аз дегенде миң жыл керек. А бүгүн болсо эң баалуу болгон топурак чаңга айланып, жайлоолордун жанындагы мөңгүлөргө түшүп, алар тез эрий башташына алып келүүдө, – дейт окумуштуу «Регион.kgге» берген интервьюсунда. Ошондуктан Эмил Шүкүровдүн пикиринде, глобалдуу жылуулуктан кийин мөңгүлөрдүн эрүүсүнө алып келген жайыттардын деградациясы негизги себептердин бири. Бирок профессордун оюнча, Жогорку Кеңеш да, өкмөт да бул маселеге тийешелүү көңүл бөлбөй жатат. Анысы аз келгенсип, Жогорку Кенештин мурдагы чарылышында депутаттардын тобу мөңгүнүн эришине жоопкерчилики тоо-кен жайларын иштетекендер, тактап айтканда «Кумтөр» компаниясын жүктөдү.

 

– Эң мыкты жайыт деп уруктар сакталып калган жайыттарды айтат. Андай жайыттар корголуп, ал жерде мал дээрлик оттобойт. Ушуга байланыштуу мыкты жайыттар деп тоолу райондордо жайгашкан, «Кумтөргө» бараткан жолдун жээгиндеги жайыттарды аташат. 90-жылдардын башында ал жерде мал жайып, жайыт катары сырты менен Тескейдин түштүк жагы да пайдаланылып, жаратылышка чоң зыян келтирилди. Азыр ал жерге жайган малдын саны азайды, жайыт «Кумтөр» компаниясынын коргоосунда Ал эми кен казуучу жай жайыттардан алыс, шагыл чөлүндө жайгашкан. Ал жайыттарга зыян келтире албайт, – дейт окумуштуу. Анын пикиринде, «Кумтөр» Ысык-Көл облусунун мөңгүлөрүнүн эришине күнөөлүү деп айрым депутаттар бекер айтып жатат.

 

– Малчылар күнөөлү, алар тоолуу жайыттарды жок кылып, аларды чаңга алйантып, ал чаң мөңгүгө түшүп, эрип жатат. Мындан тышкары жайыттарды жок кылууга жол берген мурдагы өкмөт менен Жогорку Кеңештин курамы да күнөөлү. ЖК-тин мурдагы чакырылыштагы депутаттарынын үйүр малы бар экени жашыруун ыр эмес, ал мал жайыттарды бузууда. Натыйжада улуттук жаратылыш ресурстарына жооп бергендер Кыргызстандын чөл жери көбөйүп кетишине күнөөлү, бирок булар күнөөнүн баарын тоо-кен ишканаларына жылдырып коюуда.Депутаттар кыргызстандыктардын жашоо шартын чындан эле жакшырткысы келсе, акцентин алмаштырып, көңүлүн туура багытка буруп, инвесторлор менен популисттик мыйзам демилгелеринин жардамы менен күрөшүүсүн токтотушу керек, – дейт окумуштуу. Анын пикиринде, «Кумтөр» боюнча көптөгөн расмий комиссияларды түзүүгө каражат жумшоонун ордуна республиканын жер фондун колдоочу долбоорлорду каржылоо керек эле. Жайыттардын деградациясына байланыштуу маселени чечпесе, окумуштуулар алдыда чоң коркунучтар күтүп турганын айтышууда. Жаратылыш ресурстарын ойлонбой пайдалануу натыйжада Кыргызстандын экологиялык чөйрөсүнүн толугу менен деградациясына алып келиши мүмкүн.