Биздин президент сүйлөгөндү жакшы көрөт. Кандай тема болбосун сөз таап кеткен шыр мүнөзү бар, бул жагынан алып караганда ал элди эч зериктирбеген ажого айланды. Окурман үчүн ошондуктан биз атайын А.Шаршеновичтин ар кайсы убактарда сүйлөгөн кызыктуу сөздөрүн терип, жарыялайбыз. 

 

Жыйынтыкты өзүңүз чыгарыңыз, урматтуу окурман!

 

К.Бакиевдин тушунда,  премьер-министр болуп иштеп аткан кезинде айткан сөздөрү:

 

- Ал өлгөн жок, биз чогуу арак ичтик (Президент К.Бакиев тууралуу 2008-жылы чыккан “каза болуп калыптыр” деген имиш кептерди жалганга чыгаруусу);

 

- Президент начар деп айтышканда, мен айтат элем, анын жанында отурушкан ошол эле премьерлер жаман. Бир эле убакта президентке компромат чогултушуп, ошол эле учурда бир жерин жалап отурушат. Эгер президенттин жанында жакшы адамдар болсо дайыма президент да жакшы болот;

 

- Ноябрга чейин мен Бакиев кырдаалды жөнгө салып, бийликке келерине ишенген эмесмин. Так ошол ноябрда гана Бакиевге да, Куловго да болгон мамилемди өзгөрттүм. Ошондо Курманбек Салиевич бийликтин 90 пайызын берип салды, жөн эле карматып койду. А Феликс Шаршенбаевич эмне кылды? Декабрда жөн-жай эле, интриганын арты менен отставкага кетти. Андан кийин биздин ноябрдык Конституциябызды тебелеп башташканда ал менин ордумда 7-кабатта жылмаюу менен карап турду. Эми болсо, көрүп атканыңыздардай, ноябрь Конституциябыз үчүн кабатыр болуп атат. Башта кайда жүрдү эле?

 

- Бүгүн бир президентти, эртең башканы каалашат. Мен түшүнөм, айрымдарына Курманбек Бакиев жакпайт. Кимдир бирөөгө жагабы, жакпайбы, бизде бир президент бар, буга көнүшүбүз керек.

 

- Мен президентке орустун бир жакшы макалын айттым: “Услужливый дурак - опаснее врага”. Президентке жагам деп атып, ар кандай иштерди жасап аткан адамдар бар. Мен көбүнчө Бакиевдин тегерегиндеги ушундай кызмат кылган келесоолордон корком. Тилекке каршы, айрым министрликтерде, мекемелерде мындайлар кездешет (өкмөттүк жыйында);

 

- Аксы элине ыраазычылык билдиргим келет, анткени, мындан беш жыл мурун бул жерде 2005-жылкы революция башталган. Менден көптөрү сурашат, ошондо төгулгөн кан куру бекер кеткен жокпу, ошондон бери эмне өзгөрүлдү деп. Мен аларга жок, куру бекер эмес деп жооп берем.

 

- Данияр Токтогулович колунан жетелегенге зарыл эмес. Ал  өтө активдүү, демилгечил адам. Мен ойлойм, өлкөгө тартип киргизүүнү колуна чечкиндүү алат.

 

- Оппозицияда да, бийликте да бир максат – өлкөнүн өнүгүшү жана туруктуулугу болушу керек. Ошондой эле алардын ортосундагы сүйлөшүү да конструктивдүү болушу шарт. Өз убагында президент менен премьер-министрдин ортосундагы тирешүү тууралуу көп сөз болду, бирок мен бир гана нерсени айткым келет – өкмөт башчысы болуп турган убагымда президент бардык маселеде мага жардам берип, колдоо көрсөтүп келди (президент К. Бакиевдин колунан “Данакер” орденин алуу учурунда);

 

- “Электр энергиясынын ГЭСтен чыккан өздүк баасы 8 тыйынды түзөт. Ал элге 71 тыйындан сатылат. Эми дагы тарифти 1,5 сомго көтөрүү пландалып баштады. Бул базардагы “ашыкча пайданы” элестетет, товарды 5 сомдон сатып алып, 10 сомго саткандай. Бирок, ушундай сатуучулар да 8 сомго сатылып алынган товарды 70 сомго сатуудан уялышат. Мындай спекуляция базарда дагы болбойт” (2009-жыл, декабрь);

 

Оппозиционер катары берген эң чоң убадасы:

 

- Оң жагымда тоо, сол жагымда Көл, өйдө жагымда көк асман, Кудай турат, бу Бакиев Каркыраны казактарга берип ийген, силер колдоп, президент болуп калсам, ошол маселени чечкенге ант берем! Нураке аксакал дүйнөлүк масштабтагы чоң саясатчы, кадыр-баркы чоң, мен ал кишиге тизелесем дагы Каркыраны кыргыз элине кайтарам (Түп жергеси);

 

Президент болгондон кийин айткан сөздөрү:

 

- Эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, биздин чегаралар автоматтык түрдө Россиянын сырткы чегарасына айланат да, алар россиялык чегарачылар менен биргеликте кайтарылат (2011-жыл, ноябрь);

 

- Владимир Владимирович, менин көздөрүмө жакшылап караңызчы. Мен Алешамын, орусмун (2011-жыл, 9-сентябрь);

 

- Мен бул жакка насыя же грант сураганы келбедим. Кудай буйруса, биз да беш миллиондук Дания же миллиондук Катардын деңгээлине жетебиз. Мен ишенем,биз  Россияга жардам бере турган күн келет (2012-жыл, февраль);

 

- Ким спикер же премьер-министр болбосун, бардык жоопкерчилик президентте. Ошондуктан мен эч убакта актанып, жоопкерчиликтен качпайм. Мен – мамлекеттин башчысымын, мага, албетте, четте карап турган болбойт. Мен жоопкерчиликти түшүнөм (2012-жыл, октябрь);

 

- Кыргызстандын бүгүнкү армиясынын акыбалын билесиң. Өзбекстандыкын да билесиң. Эгер чындап согуш башталып кетсе, анда алар бир күндө бүт түштүктү басып алышат. Түшүнгүлө, Каримов түбөлүк жашабайт да. Балким, 3-4 жылдан кийин өлөт. Өлгөндө анан бул маселени чечебиз (2013-жыл, январь, Өзбекстан менен болгон чегара чатактары тууралуу айтып атып);

 

- Бийликти күч менен басып алуу – жапайычылык. Мындай аракеттерибиз менен шылдыңга калабыз, дүйнө элинин күлкүсүнө айланабыз (2013-жыл, март);

 

- Манастын эстелигин орнотуу демилгесин колдогонумда айрым диний экстремисттер мага жихад жарыялашкан (2013-жыл, апрель);

 

- Студент кезимде, апам жиберген нанды сууга малып жечүмүн. Окууну бүткөндөн кийин ишти өзүм таптым. Силер да, студенттер, өзүңөргө жумушту өзүңөр тапкыла (2013-жыл, май);

 

- Атамбаев өзү уурдабайт, анын балдары уурдабайт, жакындары да уурдабайт. Уурдашса мен аларды түрмөгө отургузам (2013-жыл, июнь);

 

- Биз өзүбүзгө өзүбүз көйгөй жарата беребиз. Ар күнү митинг уюштурабыз. Кантип анан өнүгөбүз? Элде биримдик болбосо жалгыз президенттин колунан эмне келет? Мен айтпайм, кыргыз элин сырттан келген бирөө тоноп кетти деп, тоногон өзүбуздүн эле мекендешибиз. Кыргыздын душманы – кыргыздар (2013-жыл, октябрь);

 

- Айланайындар, дагы үч жыл чыдап койгула. Мен деле араң жүрөм, мөөнөтүм бүтөрү менен кетем (2014-жыл);

 

- Менин айланамдагы адамдар мага каршы иштеп атышат. Мен жалгыз калдым, эч ким мени түшүнбөйт (2014-жыл, май);

 

- Кыргызстандын негатив имиджи үчүн коррупционерлерге гана эмес, журналисттерге да рахмат айтыш керек (2014-жыл, октябрь);

 

- Чек ара боюнча митингге чыккан 50дөй адам автомат таркатууну талап кылышты. “Биз өзбектер менен тажиктердин сазайын беребиз" - дешет. Ушунчалык эр экен, эмнеге чек араны таштап, Бишкекке көчүп келип алышты булар? Эмнеге аны кайтарышпайт. Же Кыргызстан президентке эле керекпи? (2014-жыл);

 

- Дүйнөдө Нурсултан Назарбаевдей президенттер аз. Мен президент болуп үч жыл иштедим, дагы эки жыл калды. Президенттик постко жаңы киришкенимде, азыр дагы зарыл болгон учурда Назарбаевден кеңеш сурап турам. Эч убакта жардамын аябайт. Ушундай адамдар көп болсо го.. Кыргызстанга да Назарбаевдей президент керек (2015-жыл, март).

 

- Мен өзүм Бекназаровдун эсебин табам, эл болсо Бакиевдерге шылтап коет (2015-жыл, январь);

 

- Президентин жамандаган кыргыздай эл көрбөдүм (июль, 2015-жыл);

 

- Мен педофилдер менен террористтерге карата өлүм жазасын киргизүүгө макулмун. Бирок бизде Конституция бар, анда эл аралык милдеттенмелер көрсөтүлгөн, ошол бизге өлүм жазасын киргизүүгө жол бербейт. Айрымдар химиялык кастрацияны киргизебиз деп атышат, эмнеге механикалык эмес? Юристтер карап көрөт, эгер биз педофилдерге карата өлүм жазасын киргизе албасак, анда механикалык кастрацияны киргизебиз. Ошентип, эч жерде көрсөтө албай калышсын (2015-жыл, декабрь);

 

- Биз 1997-жылдан баштап интервенция жасап көрдүк. Долларлар бизге келет, биз аны Улуттук банкка беребиз, Улуттук банк аны кармабайт экен – базарга чыгарып жиберишет. Кимдир бирөө айтат, сомды ылдыйлатса, өндүрүш көтөрүлөт деп. Бирок, бир нерсени жасагысы келген адам жасайт. Курулушчулар бардык нерсени долларга сатып алып атышканын айтып атышат. Бирок, бизге бардык материалдар Россиядан келет. Болгону, баары эле миллионер болгулары келип атат. Аппетитиңерди тыйгыла (2015-жыл, декабрь);

 

- Жаңы жылды баары белгилеши керек. Эки жыл мурун бул майрамга тыюу салыш керек деп кыйкыргандар болгон. Бул илгертен келаткан майрам. Мас болуш керек дегенди билдирбейт, бирок белгилеш керек (2015-жыл, декабрь);

 

- Бул Түркиянын да, Россиянын да эли үчүн кайгы болду. Россиялык да, түрк да телеканалдары ызы-чууга түшүп атышканын көрүп атабыз. Мен өзүм Россиянын Госдумасынын төрага орун басары Стамбулга жакын жерге бомба ташташ керек деп айтканын уктум.

 

- Учакты атып түшүрүү албетте, катачылык. Мен ойлойм, эгер биздин аймакка да бөтөн учактар киришсе, секунд болбосо да саат өтүп атып түшүрсөк керек эле. Бирок бизге тынчтык маанилүү (2015-жыл, Россия-Түркия мамилеси тууралуу айтып атып)

 

- Мисалы, ЕАЭБ. Көптөр баалар өсүп, кымбатчылык болот дешкен. Бирок, азыр айрымдар “эт өтө арзан болуп кетти” деп даттанып атышат. Элестетип көрүңүздөр, эгер биз ЕАЭБге кирбегенде, төрт тарабыбыздан кулпуланып калат элек. ЕАЭБдеги ИДП кыргыздыкынан он эсе көп (2015-жыл, декабрь);

 

- Мен башка премьер-министр да, президент да болгум келбейт. Мага бул керек эмес, дагы эки жыл кыйналып койсом, бирок биз өлкөнүн келечеги үчүн иштешибиз керек (2015-жыл, декабрь);

 

- Пенсияга чыкканымда жатып алып китеп окуйм, уктайм. Дайыма пианинодо ойногонду кыялданып келгем. Өлкөнү карап турам. Саясаттан болушунча четте турганга аракет кылам (2015-жыл, декабрь);

 

Булак: “Майдан.kg”, февраль, 2016-ж.