Бишкек, “Саясат.kg”.  “Республика – Ата Журт” партиясынын тең-төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттик шайлоо өнөктүгү учурунда “Өнүгүү-Прогресстин” талапкери Абдыманап Абдувахаповду сабаган эмес. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук ИИБнин тергөө бөлүмүнүн башчысы Мирбек Исагалиев билдирген.

 

Анын айтымында, А.Абдувахаповдун арызынын негизинде облустук сот-медициналык борборунда бир катар экспертизалар жасалган. “Экспертиза арыз ээси жеңил, 7 күн аралыгында калыбына келе турган гана жаракат алганын көрсөткөн. Мурда айтылгандай, анын эч бир жери сынган эмес. Мындай тыянакка А.Абдувахапов макул болбой, Ош облустук комиссиялык экспертиза да дайындалган. Бул жактан да Жалал-Абаддын экспертиза тыянактары тастыкталды. Ага да алымсынбай, арыз ээси республикалык сот-медициналык экспертиза борборуна кайрылган. Атайын, жогорку даражалуу адамдардан түзүлгөн комиссия А.Абдувахаповдун К.Ташиевге байланышкан окуя учурунда эч бир оор жаракат албаганын, бир да жери сынбаганын далилдеди. Анын сыныктары К.Ташиев менен болгон окуяга чейин, 3-6 ай мурда пайда болгон. Аталган иш боюнча жыйынтык 5-февралда чыгарылат. К.Ташиев тергөөдөн каспай, тыгыз кызматташты. Бизге кандайдыр бир кысымдар болгон жок”,- деди Мирбек Исагалиев.

 

Айтмакчы, Абдувахаповдун 20 миң долларын жоготкону да карандай калп болуп чыкты. Тергөөдө анын жанында ушунча суммада акчасы бар экени далилденген эмес. Башкача айтканда, түз жерден Ташиевди жаманатты кылгысы келгени билинип турат. Абдыманаптын өткөн өмүр таржымалын карасак деле, буга окшогон афераларды далай жасап жүргөнү белгилүү болот. Эч бир адамдык сапаты жок, кечээки бандитти “Өнүгүү-Прогресс” өз катарына кошуп, кыргыздын мыкты мекенчил уулун жыгып бергени кечиримсиз иш. К.Ташиевдин ак экенин ишенген үчүн да Жалал-Абад облусу Б.Төрөбаевдин партиясын колдобой койду. Жыйынтыгында К.Ташиев бул облус боюнча биринчи орунду алды шайлоодо.

 

Белгилеп кете турган болсок, БШК дал ушул А.Абдувахаповдун арызына таянып, тергөө-сотту күтүп олтурбастан Камчыбек Ташиевди жарыштан четтеткен болчу. Туйгуналы Абдраимовдун бул кадамы чектен чыккан мыйзамсыздык экени билинип калды. Өзүнө соттун, тергөөнүн укугун ыйгарып алган Т.Абдраимовдун адам тагдырын минтип калчап олтурганы өтө пас көрүнүш. Шылдың да. Эми К.Ташиев БШКнын чечимин сотко берсе, толук жеңет. Камчыкени кайра калыбына келтирип, ага депутаттык мандатты кайрып берүүгө БШК да, сот да милдеттүү. Бирок мыйзам иштебеген биздин өлкөдө мындай адилеттүүлүк орун алаар бекен?

 

Баса, жалган арыз жазган А.Абдувахаповго, “Өнүгүүнүн” куралы болгон Т.Абдраимовго карата эми кылмыш иши козголобу? Мыйзамды туу тутуп, өз жакындарын да ката кетирсе түрмөгө каматкандан кайтпаган президент А.Атамбаев бу сапар да Туйгуналы тарап болобу? Же “мыйзам баарына бирдей” экенин көрсөтөбү? Көрө жатаарбыз...