Же орус падышачылыгынын тукумкурут саясатыбы?

 

Өткөн жумада 1916-жылкы кандуу окуяны иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук-саясий комиссиясы (төрагасы – коомдук ишмер Азимбек Бекназаров) тарабынан уюштурулган “1916-жылкы көтөрүлүш: мааниси жана сабактары” аталышындагы илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Ага аталган окуяны иликтеген окумуштуулар, тарыхчылар жана саясатчылар катышып, миңдеген адамдар бейажал таап, калганын  Кытайга чейин сүрүлүп качканга аргасыз кылган апаат тууралуу иликтөөлөрдүн негизиндеги ар кандай көз караштар ортого салынды. Жогоруда белгиленип кеткен комиссиянын сунушу менен 27-ноябрда ушул теманын алкагында эл аралык деңгээлдеги конференцияны өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.

 

Конференциянын катышуучулары 1916-жылда болгон кандуу окуяны кандайча атоо маселесин карашты. Айрымдары “Азаттык үчүн улуттук көтөрүлүш” деп атоону сунушташса, бир даары “улуттук деп белгилөө туура эмес” дешти. Алардын айтымында, 20-кылымдын башталышында кыргызда улут деген түшүнүк калыптана элек болгондуктан, андагы окуяларга “улуттук” деген белгини жабыштыруу болбойт. Ошондой эле, конференция катышуучулары кийинки жылы боло турган Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө салтанатына чейин бул окуянын чындыгына жетүүнү өздөрүнүн алдына тапшырма сыяктуу коюшту. Окумуштуулардын бул жаатта иликтөө жүргүзүшү эбегейсиз каражатты талап кыла тургандыктан (президенттик менен өкмөттүк фонддун бөлгөн каражатына бул комиссиянын тийешеси жок), ашар жолу менен каражат чогултуу зарылдыгын айтып өтүштү.

 

Ташманбет Кененсериев, тарых илимдеринин доктору, профессор:

 

“Советтик мезгилдеги жетекчилер 1916-жылдагы окуяларга карата түркөй көз карашты карманышкан”

 

- Менин баяндамам “1916-жылкы Улуу көтөрүлүштү иликтөөнүн методологиялык негиздери” деп аталат. 1916-жылдагы окуя бул жөн окуя эмес, элдин, улуттун тагдыры. Советтик бийлик учурунда тоталитардык идеология менен жашадык. Партия, таптык түшүнүк бар болчу. СССРдин курамына кирген бардык мамлекеттер Россияны улуу орус агабыз катары карап, калганыбыз анын бир бөлүгүндөй сезилчүбүз. Ошондуктан, ал кезде 1916-жылдагы окуянын чындыгы ачыкка чыккан эмес, анткени чындык саптарын жазгандар улуу орус агасына каршы чыкты болуп кабыл алынып, жазалоого чейин барышкан. Мамлекетти башкарган айрым чоң жетекчилер “эл каршылык көрсөткөнү үчүн ошондогудай тагдырга кабылган” деген түркөй көз карашты карманышкан. Бирок, кырдаал өзгөрүп, Кыргызстан эгемендикти алгандан соң тарыхый жактан көз карандысыздыкка жетип, өткөндүн окуяларына обьективдүү баа берүүгө аракеттенип келебиз. Белгилей кетчү нерсе, ошол тоталитардык заманда жашап атканына карабай кээ бир Жусуп Абдрахманов, Ыбырай Рыскулов ж.б. сыяктуу инсандарыбыз татаал идеологияга баш ийбей, окуя боюнча калыс ойлорун айтышкан. Советтик мезгилдин акыркы доорунда биз урматтаган илимпоз агай, жетекчибиз Кушбек Үсөнбаев 1916-жылдагы окуя боюнча чоң эмгек жазган. Ал эки жолу жарык көрдү: 1967-жылы жана 1990-жылдардын баш ченинде. Мына ушундай замандын катаал тартибине карабай, улуттун чындыгын көтөргөн инсандарга таазим кылышыбыз керек. Бул багытта бир гана Кушбек Үсөнбаев гана эмес, агайдын окуучулары Тынчтыкбек Чоротегин, Мурат Иманкулов ж.б. да бир катар эмгектерин жазышты. Бирок, эгемен өлкө болгонубуз менен окуя боюнча чындыкты чыгарууга дагы да болсо тоскоолдуктар бар. Мурунку идеологиянын тарбиясына суугарылып калган, айрым коомдук ишмер, расмий кызматтагы адамдар алды-артын карап, чочулап, оюн так айта албай келет. Жүрөктүн үшүн алган кандуу окуя “геноцид” болгонбу, же 2боштондук кыймылы” деп атасак туура болобу (?)-  деген маселеде талаш-тартыш жаралууда. Ошондуктан, Улуу көтөрүлүштүн тарыхый баасын туура берип, системдик анализдөө менен аны эл аралык деңгээлге чыгаруу жана кийинки муунга жеткирүү биздин негизги милдетибиз.  Биз жалпысынан беш сунуш киргизебиз.

 

Эң биринчиден, 1916-жылкы окуя жөн эле чыга калган окуя эмес. Тарыхый себеп натыйжа менен өзгөрөт. Түпкүрдөн келген кайсы бир процесстердин жыйынтыгы 1916-жылдагы окуяга алып келген. Тарыхый принципте кандай элек, кантип жашадык, кандай болду деген суроо пайда болот. Анын негизинде абай салганда, 1916-жылкы көтөрүлүштүн учугу 1850-жылы кыргыздарды Россия өзүнө каратканында жатат. Бул акырындык менен башталган зор тарыхый процесс. Менимче, 1875-76-жылдардагы Полот охан баштаган орус баскынчылыгына каршы Фергана өрөөнүндөгү кыргыздардын чоң козголоңу, кийин Жетимкоонун, Мамырдын козголоңу, 1880-жылкы Андижан көтөрүлүшү, коңшу казак элинин Алыш деген кыймылынын таасири 1916-жылдагы көтөрүлүштүн алдында болгон окуялар катары айтылышы керек. Улуу көтөрүлүштүн даярдалышы тереңден башталган. Эң негизгиси, эки нерсе белгилениши шарт: мурда көп айтылчу эмес, Россия Кыргызстан сыяктуу чет жерлерди колония кылгандан кийин атайын стратегиялык концепция иштеп чыккан. Бул орусташуу деген принцип. Бардык экономикалык, идеологиялык, административдик иш чараларды орусташтыруу керек болгон. Стратегиялык максатка ылайык Түркестан, Ыраакы Чыгыш, Кавказ сыяктуу аймактар Россиянын составдуу бөлүгүнө айланышы керек эле. Мындайча айтканда бул аймактын эли кааласа да, каалабаса да орус болушу керек. Бул 1990-жылдарга чейин уланып келди. Мындагы башкы көрүнүш катары жер которуштурууну айтсак болот. Россия оокаттуу дыйкандарды Кыргызстанга көчүрүп келип, 1860-жылдардагы Токмокко келген алгачкы орус дыйкандарынан баштап чоң орус толкуну пайда болгон. Аларды жайгаштырыш үчүн кыргыздардын жери тартылып алынган. Ошондуктан, көтөрүлүштүн чыгышына жер, суу маселеси да чоң себеп болгон.

 

Айрым булактарда 1916-жылкы окуяны улуттук боштондук кыймылы деп атап жүрүшөт. Улуттук болушу үчүн улут болушу керек эле. Улуттук деген категория ал убакта жок болчу. Качкындар кедейи да, байы да, улуусу да, жашы да болгондуктан, “элдик боштондук кыймылы” деп атоо керек деген көз караштамын. Тарыхый жактан баалап келгенде ушул аталыш үндөшүп турат.

 

Тарыхчылардын кээ бири ал окуяда 800 миң адам набыт болгон деп жүрүшөт. Дагы бири 37 миң деп Москвага барып баяндама жасашты. Бул боюнча маалыматтарды таап, анализдеп, анан кийинки жылга карата такташ керек. Улуттук боштондук кыймыл деп, же геноцид деп баа берүүдө бул экөө эки башка маселе экенин эске алуу зарыл. Элдик азаттык кыймылдын негизинде болгон адамдардын өлүмүн кыргын, же геноцид деп атоо шарт. 1947-жылы польшалык еврей фашизмдин еврейлерди кырып жок кылуу саясатын геноцид деп атап, БУУга киргизген. Ал эми 1916-жылдагы адамдардын өлүмүн көп жерде кыргын деп атап жүрөбүз. Геноциддин кыргызча мааниси тукумкурут, кыргын -каршылаштарына карата чабуул. Бул эки сөздүн бирин кабыл алыш керек. Бул 2016-жылы улуу окуянын 100 жылдыгын белгилөөгө карата такталат деп ойлойм.

 

Тынчтыкбек Чоротегин, тарых илимдеринин доктору, профессор, президенттин алдындагы Үркүн окуясын иликтөө комиссиясынын жетекчиси:

 

“Геноцид” деген сөздү колдонсок эле Кремль каршы чыгат - деген туура эмес”

 

- 1916-жылдагы окуяны иликтөө ушул жылы гана башталды деп айтпайбыз. 2 жыл мурун да бул жаатта чоң талкуу болуп, анда айрым элчилер чыгып, “Россия менен Кыргызстандын мамилесине жик салбагыла” деп айтышкан. Чакан чөйрөдө болгондуктан, коомчулукка чыккан жок. Кыргызстанда болгон эки ыңкылаптан кийин бийлик окуу китептеринде тарых окуяларын таасын чагылдыруу боюнча туруктуу мамилесин көрсөттү. Менин айтайын дегеним, “геноцид” деген сөздү колдонсок эле Кремль каршы чыгат деген туура эмес. Тарыхый окуя бүгүнкү Россияга эмес, падышачылык орус империясына багытталган. Азыркы Россия 1917-жылдын 7-ноябрынданы ыңкылаптан кийин советтик болуп негизделген өлкөнүн уландысы. Алар да 1917-жылга чейинки окуяларга каршы. Падышачылык Россия десек эле орус элине каршылык билдирип атканды туюндурбайт. Падышачылык Россияда бир гана большевик, меньшевик эмес, бир катар либералдык катмарлар, анын ичинде демократиялык күчтөр да болгон. Алар андагы бийликти айыптап чыгышкан жана жыйынтыгында ыңкылаптын болуусун шарттаган. Ошондуктан, биздин иликтөөлөр азыркы демократиялык Россияга эмес, падышачылык Россияга карата айтылган тарыхый баа. Падышачылык Россиянын саясатынын кесепетинен ушул окуя келип чыккан.

 

1916-жылкы Улуу көтөрүлүшкө бир гана кыргыздар катышкан эмес. Анда кыргыздарга тарапташ  башка этностун өкүлдөрү да болгон. Кушбек Үсөнбаевдин шакирттеринин бири Өмүрбеков диссертациясында Ысык-Көлдө орус аскерлерине каршы ок аткан орус улутундагы адамдар да болгонун көрсөткөн. Биз бул улуу көтөрүлүш Түндүк Кыргызстанга гана таандык деп ойлоп алганбыз, а иш жүзүндө орус падышачылыгына карата биринчи көтөрүлүш Кожокенде башталган. Ал кезде Фергана чөлкөмүндө көп этностор жашаган, өзбек, сарт, кыпчактар жана славян улутундагы адамдар да болгон. Ошондуктан, улуу апаатка алып келген Борбор Азиядагы көтөрүлүштөр тууралуу дагы терең изилдеш керек. Аны ачуу СССР убагында мүмкүн болгон эмес. Эзүүчү таптын өкүлү катары кара тизмеге кирген кыргыздар болгон. Бирок, таптык  көз караштан алыстаганда, ошол эзүүчү тап деп таанып билгендер кыргыз элинин каймактары, улуттук лидерлери болгондугун түшүндүк. Көтөрүлүш тууралуу сөз болгондо адатта эки башка мамиле байкалат. Үркүн деп атап жүргөнүбүз, улуттук боштондук көтөрүлүштөн жеңилгендеги массалык качуу болуп саналат. Бул жаатта иликтөө иштерин кийинки жылдагы окуянын 100 жылдык датасына чейин тездетүүбүз керек. Ошол эле Россия жергесинин архивдерине үңүлүүгө да туура келет. Бул жаатта Россиядагы кесиптештерибиз колдоо көрсөтөт деп ишенели. Бул окуяны саясатташтырбай иликтегенде гана илимпоздорго колдоо түзүлөт. Кытайдагы боордошторубузга да жолуктук, алар биздин колубуз жетпеген булактар аркылуу иликтөө иштерине жардам беришмек болушту. Ошентип, эл аралык деңгээлдеги жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыла баштады. “Ата Бейит” комплексин жаңыдан кайрадан түзүп, ага 1916-жылы набыт болгон ата-бабаларыбызды эскерүү бөлүгүн орнотобуз. Ошондо, “Ата Бейит” эл азаттыгы үчүн күрөшкөндөрдүн көрүстөн комплекси болуп калмакчы. Кийинки жылы эгемендүүлүктүн  25 жылдыгы белгиленет. Эгемендүүлүккө 1916-жылдагы көтөрүлүш жол ачкан. Кыргыздын эгемендүүлүгүн калыбына келтирүүгө салымын кошкон бабалар ошол көтөрүлүштүн курмандыгына айланып кете беришти. Архивдик иликтөөлөргө өтө так болуш керек, көтөрүлүштө каза тапкандардын саны ар кайсы жерде ар кандайча айтылып келет. А жакында жаш окумуштуу айым Орусиянын армиясынан 3500 адам өлгөн, кыргыздардан 5000ге жакын киши өлгөн дегендей маалымат чыгарды. Биз буга макул эмеспиз, ошол эле убакта элдин жарымы эле набыт болгон деген маалыматтарга да кошулбайбыз. Канча кыргыз өлсө да жазалоочу орус армиясынын огунан ажал тапты. Аны да айтыш керек. Саясий кызыкчылыкты көздөбөстөн, болочок тарыхка калтыруу үчүн иликтөө зарыл.

 

 Чолпонбек Абыкеев, жазуучу, коомдук ишмер:

 

“Жетекчилердин коркок, жалтаң, ашыкча сактыгынан туура баа бере албай жатабыз”

 

- Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына 25 жыл болду, бирок ошончо жыл аралыгында мамлекетибизде улуттук мамлекеттик кызыкчылыкты көтөрө албай келатабыз. Анын бири 1916 – жылдагы көтөрүлүштүн атын бүгүнкү күнгө чейин так чечмелей албай атканыбыз. Бул окуянын 90 жылдыгын белгилөөдө атайын түзүлгөн комиссиянын курамында мен да бар болчумун. Бедел ашуусуна барганда, бизди жер жайнаган сөөктөр тосуп алган. 10 чакырымга жакын жерде агарган сөөктөр, бут коерго жер жок, басуу мүмкүн эмес. Мал менен адамдын сөөгү аралаш жатыптыр. Ошол агарып жаткан капчыгайдагы сөөктөрдү жерге жашырып коелу деген бирөө да 90 жыл аралыгында чыкпаптыр. Коммунисттик доор деп жүрөбүз, ошол доордун өкүлдөрү деле чечим кабыл алып, “маркумдарды жерге жашырып коелу”,- десе эч ким каршы деле чыкмак эмес. Бирок, жергиликтүү бийликтин өзгөчө коркок, жалтаң, ашыкча сактыгынан улам сөөктөр нечен жыл ачык жаткан. Демилге көтөрүп, биз барбасак бүгүнкү күнгө чейин деле ачык жата бермек экен. Ошондогу жалтануу, коркоктук бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Эмнеге дегенде, 1916-жылдагы кыргын, 30-жылдардагы репрессия, 41-жылдагы согуш элдин жүрөгүн биротоло майтарып салган. Жүрөктө так калгандыктан бүгүнкү күнгө чейин жалтактап, алда-неден кооптонуп жашап келебиз. Улуттук кызыкчылыгыбызды так коюп иш кылгандан тартынып, кимдир бирөө сырттан келип кийлигишип жибереби деп коркуп турабыз. 1916-жылы ушундай окуя болгон деп ачык айтсак деле эч ким “туура эмес айтып атасыңар” дебейт. Падышачылык мамлекет учурунда бир гана кыргыздарга эмес, жалпы Түркистан элине катаал мамиле жасалганын бүгүнкү Россия да түшүнөт. Биз да түшүнүп карап, калыс мамиле жасашыбыз керек. Тилекке каршы анте албай, бүгүн орус менен кыргыздын ортосунда тирешүү болуп кетеби деп жалтактап атабыз. Окумуштуулар да, жазуучулар, тарыхчылар да тарыхый негизде баа бере албай келатканыбыз өтө өкүнүчтүү. Окумуштуулардан суранып кетер элем, конференциянын статусу өзгөчө, илимий конференция кабыл алган чечимдердин жыйынтыгы дүйнөлүк окумуштуулар арасында талкууга түшө турган нерсе. Ошого буга абдан маани берсеңер. 9-майды Жеңиш күнү деп унутпай белгилеп келатабыз, ошол сыңары эле “улуттук боштондук көтөрүлүш күнү”  деп бир күн белгиленсе, муундан муунга өткөрүлүп берилмек.

 

 Исмаил Исаков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты:

 

“Кыргыздарды жоготуу саясаты жүргүзүлгөн”

 

- Менин сөзүм кээ бир окумуштууларга жакпаса кечирим сурайм. Бул менин жеке пикирим. 1916-жылдагы окуя эмнеден улам чыкты? Биз биринчи ушул суроого так жооп издейли. Бул окуя падышачылык орус империясынын геноцид саясатынын туу чокусу десек болот. Эмнеге падышачылык Россия мындай саясат жүргүздү? Биринчи, кыргыз жерин алып, орус империясы өздөрүнүн адамдарын алып келип отурукташтырган. Жалпы эле Түркестан аймагында ушундай жол менен 914 орус шаарчалары пайда болгон. Сосновкадан тартып Ысык-Көлгө чейин жерлерге кандай аталыштар берилген? Бул биринчи ыкмасы, ал эми экинчи ыкма, кыргыздардан жерлерин зордук-зомбулукка салып тартып алуу. Кыргыздарга түтүн башына 12 сотыхтан берилсе, орустан 3,17 гектардан алышкан. Кыргыз өзүнүн жеринде жерсиз калган. Кыргыздарды суу жетпеген начар жерлерге алып барып, ошол жерде өлсүн дешкен. Ошентип, өз мекенинде кыргыздар укугу жок жат жарандарга айланышкан. Дагы бир жагдай, салык менен кыргыздардын түбүнө жетүүгө аракеттенишкен. Мисалы, ал кездерде түтүн башына 8 рубль, анан ошол үйдөгү ар бир жаран үчүн уй да кошулган. Мындай салыкты кыргыз көтөрөт беле? Тынчтык абалында жогоруда айтылган ыкмалар менен кыргыздарды жоготуу саясаты жүргүзүлгөн. Документтерге ылайык, 1914-жылы 27-июлда падышанын жарлыгы менен өзгөчө кырдаалдык абал киргизилген. Бул нерсени окумуштуулар унутуп калышты. Эмнеге Түркестанга өзгөчө кырдаалдык абал киргизилген? Же көтөрүлүш болгонбу, же орус падышачылык бийлигине каршы чыккандар табылганбы? Өзгөчө абалды киргизүү себеби, ошол кездерде Россиядан Кыргызстанга падышага каршы үгүттөгөн революционерлер келе башташкан. 1916-жылы 17-июлда Түркестанга согуштук абал киргизилген. Бирок, аял да, бала да атылган. Согушта аялдарга, жаш балдарга, карыларга курал көтөрүлбөйт. Ошондуктан, элди атуу саясаты деп түшүнсөк болот. Азыр ар коктуга кирип алып эле кандуу окуяны геноцид деп атоого караманча каршы чыгып аткандар табылууда. Эмнеге геноцид эмес? Түздөн түз геноцид болгон. Кыргыздарды жоготуу саясатынан улам 1916-жылдагы окуя келип чыккан. Ата-бабаларыбыз “кыргыз” деген улутту сактап калалы деп падышачылык орус аскерлерине каршы чыгышкан. Бул конкреттүү факт.

 

 Кусейин Исаев, профессор, социолог:

 

“Айрым маалыматтарда – кыргыз калкы 1916-жылкы кандуу окуядан кийин 70 пайызга азайган”

 

- Жылкы үркөт, адамдар үркпөйт. 1916-жылдагы окуяны “азаттык, эркиндик үчүн кыргыз элинин күрөшү” деп айтканыбыз туура болот. Эл ичинде көп айтылып жүргөн, бирок документтерде жок айрым көрүнүштөр эл арасында айтылып келатат. Орус чалгынчылары келип, “кыргыздардын жери укмуш кооз экен, андай жерге кыргыздардын жашаганга акысы жок”,- деп кетишкен дешет. Эгер ушул нерсе иликтөөнүн натыйжасында далилденсе, анда аны ачыкка чыгарыш керек. Айрым документтерде “кыргыз калкы 70%га азайды” деген сүйлөм бар. Ысык-Көлдүн Бостери айылында 85 жашка чыккан Жаңыбай Сыдыков деген аксакал бар. Ал “Үркүндө айыл эли 85%га азайган” деп айткан. Бул да тарыхый чындык болсо керек. Менин чоң атам Жанызак да 36 жашында Үркүнгө туш келип, качып бараткандардын артында болгону үчүн ок тийип каза тапкан. Чоң энем төрт уул, эки кызын алып Кытайга жеткен. Ошол жактан төрт баланы аман сактап калуу үчүн эки кызды бир чөйчөк талканга уйгурларга сатышкан. Кийин мекенибизге аман-эсен келишкен, бирок 1941-жылдагы согуштан кайтпай калышты. Кандуу окуяны иликтөөдөгү биздин максат эл менен элди кагылыштыруу эмес, бийликтин ар кандай саясатынан элди сактап калуу болуп эсептелинет.

 

Иликтөө дагы уланат

 

Ошентип, конференция соңуна чыкты. Кыргыздын тарыхында орчундуу орун ээлеген, наристелер менен энелер, карылар менен жигиттер ажал тапкан, улут миңдеген боордошторунан ажыраган кандуу окуя тууралуу кеп козголгон жыйында төмөнкүдөй сунуштар кабыл алынды:

 

1.1916-жылдагы кайылуу окуялар Кыргыз элинин тарыхындагы орус падышачылык империясынын саясатынын кесепетинен келип чыккан каргашалуу окуя катары белгиленсин.

 

2.1920- жылдардан баштап ушул күнгө чейин бул окуяны изилдеп келген Жусуп Абдрахманов, Турар Рыскулов ж.б. коомдук, мамлекеттик, тарых ишмерлеринин изилдөөлөрү жаңы табылган булактардын негизинде улансын.

 

3. 2016-жылы Улуу көтөрүлүштүн 100 жылдыгын белгилөө иштери мамлекеттик деңгээлде даярдалып,өткөрүлсүн. Көз карандысыз саясий-коомдук комиссия өз салымын кошууну унутпасын. Иш чаранын жүрүшүндө Дооронбек Садырбаевдин “Кайран эл” көркөм тасмасын көрсөтүү колдоого алынсын.

 

4.Жогорку Кеңештин күн тартибине азаттык үчүн болгон улуу күрөш киргизилип, саясий жактан баа берилсин.

5.Бул окуя Улуттук боштондук көтөрүлүшү деп аталсын.

 

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg” гезити, №49 (226), 18.11.2015-ж.