- Шайлоо таза өтүп, биометрикалык ыкма жакшы жыйынтык бердиби?

 

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:

 

“Накта жеңүүчү – “Республика-Атам Журт” болду”

 

- Эң чоң жеңүүчү - Кыргызстан эли болду. 4-октябрь элибиздин азаттыгынын күнү болду. Өзүбүз каалагандай, ээн-эркин бийликти бөлүштүрдүк. Чоң иште мүчүлүштүктөр болот. Албетте, бирок, болуп көрбөгөндөй үгүттөө кампания болду. Каалаган жерине плакаттарын илип, стадиондорду он миңдеген кишилер менен чогултушту. Көрсө, болот экен да! Мына, буюрса, келечекке бийик бир планка берилди. Мурдагыдай “жок, эркин чогулуштарга, митингдерге тыюу салынышы керек, болбосо төңкөрүш уюштурулуп, зордук-зомбулукка айланып кетиши ыктымал” дегендердин оозу жабылды түбөлүккө десек болот.

 

Ошондуктан, бул чоң жеңиш Кыргыз элиники! Региондо бизден башка мамлекетте бийликти элдик десе болбойт. Ошо менен сыймыктанып, сүйүнөлү!

 

Партиялардын арасында, менин оюмча, накта жеңүүчү “Республика – Ата Журт” болду. КСДП биринчи келгени менен жалгыз президентти, жалпы мамлекетти, бардык административдик ресурсту колдонгондон кийин 27% эле алып калышын - утулуш катары бааласак, аша чапкандык болбойт.

 

Ошол эле шайлоо күнү “мени 77% эл колдойт” деген президентке эл жооп берди кечке чейин. Шайлоого катышкандардын 77% президенттин партиясына добуш беришкен жок. Мен шайлоого катышпай калгандарды жана тизмеге түшпөгөндөрдү санаган жокмун, аларды кошкондо президенттин партиясы үчүн ашып кетсе шайлоочулардын 10 эле пайызы добуш берди. Ошондо да биздин эл мамлекетти сыйлаган үчүн эле добуш берди.

 

Ал эмесе “Республика - Ата Журт” кыйын шартка карабастан, башынан бардык партиялардын дебаттарында өзүнүн программасынын тегерегинде талкуу жарата алды да, башка партиялардын ар биринде он чактыдан дөө-шаа лидерлер болсо да, ошончо добуш топтой алганын - өтө чоң ийгилик деп баалоого татыйт.

 

Үчүнчү келген "Кыргызстан" партиясынын ийгилиги - бардык элди таң калтырды. Партия кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов саясатка өзүнүн соода маркетинг технологияларын пайдалана алды. “Өнүгүү” менен “Бир болдон” 60 миң көбүрөөк добуш алганында бир сыр бар болуш керек. Аны башка партиялар чечмелей албай турган чагы.

 

Албетте, дагы бир сенсация, бул Өмүрбек Текебаевдин дагы бир жолу акыркы келиши. 2010-жылы 167 миң добуш алган партия быйыл 122 миң добуш алды. Эл алданган жок жана туура баа берди. Биринчи катарга премьер-министр Ж.Оторбаев, баш прокурор А.Салянова, бир жолку эмес, эки ирет маданият министри С.Шернияз, өзү саясаттын баш анасы болуп туруп, "бизге бийлик жетишпей калды, мына эмесе кыйратабыз" деген куру убадалары суу кечпей калды.

 

Адахан Мадумаровдун болсо дагы бир ирет парламентке өтпөй калганы, балким, ушу менен толук эле саясаттан баш тартып, мурунку журналистика-публицистикага кайтып келсе, кыргыз элине пайдасын тийгизет беле деген ойго түрттү.

Токсон миң добуш, албетте, аз эмес! Бирок ал добуштун көбүнчөсү Салымбеков байдын урматына салынганы, өзүнүн эски округу Өзгөндө 3800 добуш менен партиялардын арасында район боюнча 7-чи болуп калганы, ордолуу Ош шаарында да так ошол орунга 1800 добуш менен татыганы далил болуп берет.

 

Касымбек Райымкул, коомдук парламенттин спикери:

 

“Шайлоого 2 млн. адам катышкан жок”

 

- Президент баш болуп, премьер-министр төш болуп, өзгөчө шайлоо өткөзүүгө жоопкерчиликтүү болгон Т.Сарпашев ооздорунан көбүктөрүн бүркүшүп, Кыргызстанда “Парламенттик шайлоо тарыхта биринчи жолу болуп көрбөгөндөй таза өттү” деп мактанышууда.

 

Бирок, Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны болжол менен 3 млн. 700 миңден ашык болуп, бул жолку шайлоого алардын 1 миллион 500 миңдейи келсе, шайлоо таза өттү деп айтышка болобу?

Расмий маалыматка караганда, 4-октбярь күнкү шайлоодо добуш бере тургандардын саны 2 миллион 761 миң 297 адам экени айтылган. Алардын 1 миллион 545 миң 723ү шайлоого келген. Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргени боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырып, расмий шайлоочунун тизмесине киргизилген 1 млн. 335 722 жаран парламенттик шайлоодо добуш берген эмес. Биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандардын саны болжол менен 1 млн. шайлоочу болгон.

 

Демек, Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны болжол менен 3 млн. 700 миңден ашык. Бул жолку шайлоого алардын 1 миллион 500 миңдейи келиптир. Шайлоого 2 млн. адам катышкан жок. 

 

Парламентке болжол менен 1 млн. 200 миң адамдын добушун алган 6 партия келди, ушул таза шайлообу? Анын ичинен 800 миң адамдын добушун алган партиялар көпчүлүк коалицияны түзүшөт дагы Кыргызстандын 3 млн. 700 миңден ашык адамынын тагдырын чечишет, ушул таза шайлообу? 

 

Парламенттик шайлоону өткөзүү шайлоочулардын Конституциялык укуктарын одоно бузуу менен коштолду. Бийлик шайлоону таза өткөзүүнү чын эле кааласа, 2 млн. адамын сыртта калтырбайт эле. Шалоочуларды шайлоого жок дегенде 4 жыл мурун даярдап баштамак. Шайлоочуларды бийлиги менен, акчасы менен шайлаганга жол бермек эмес.

 

Шайлоодон кийинки бир-эки күндүн ичинде эле шайлоочуларды Бишкектен Таласка, Нарынга дагы башка жактарга алып барышкандары айтылып жатат. Убакыт өткөн сайын улам жаңы жаңылыктар, шайлоонун шайтан оюндары айтыла берет.

 

Эң эле өкүнүчтүүсү, 2010-жылдан кийинки бийлик люстрация мыйзамын атайын кабыл албай, Кыргызстандын келечеги үчүн канын төккөндөрдү унутуп, ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган кыргыздын жерлерин саткандарды, Кыргызстанды талап-тоногондорду, кошоматчыларды депутат болууга жол бергени болду.

Таза шайлоо болгонун эл парламенттеги депутаттардын жүзүн көрүп баа берээр.

 

Осунбек Жамансариев, коомдук ишмер:

 

“Президент өзү жеке колдоп, шайлоону тазартты”

 

- Шайлоо маселесинде Кыргызстан алдыга чоң кадам жасаганы талашсыз, бул боюнча эл аралык байкоочулар жана адистер тактап беришти. Ошондой эле өзүбүз күбө болдук. Тактап айтсак: карусель, пачкалап салып  жиберүү, каза болгон адамдарды да колдонуп тизме аркылуу шайлады кылууну катышкан партиялар ар түрдүү жолдор менен ишке ашырышкан. Ошонун ичинде бийлик да административдик ресурсту колдонуу жолу менен биринчи болуп  (шайлоо участкаларын) колдонуп ишке ашырышчу, мындай жолдор - ыкмалар жок болду.

 

Мындай жетишкендикти Президент өзү жеке колдоп, шайлоону тазартты.

 

Ошол эле учурда  акча таратуулар болгонун айтышат. Бирок, акча таратуу жана башкасы коомдун учуру менен белгилүү бир деңгээлде болбой койбойт окшойт. Анткени, катышкан партиялардын басымдуусу ушундай ишке барышканы белгилүү. А шайлоочулар өз добушун жабык кабинада өз тандоосу менен берди, жыйынтыктан баарыбыз көрүп отурабыз деген бүтүмдү айтсам болот. Тактап айтканда, шайлоочулардын добушун эч ким колдонгон, уурдаган жок, ар ким өз добушун өзү берди.

 

Садыр Жапаров,  экс-депутат:

 

“Элди “биометрика” деп болуп көрбөгөндөй ыкма менен алдап коюшту”

 

- Шайлоо таза өткөн жок. Элди биометрика деп болуп көрбөгөндөй ыкма менен алдап коюшту. Аны партиялар да  билишкен жок. Баары ушундай жыйынтык болгон экен деп ишенип калышты.

 

Айбек Мусаев, ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басары:

 

“Бул 25 жыл аралыгында алгачкы жетишкендик десем жаңылбайм”

 

- Шайлоо айрым техникалык мүчүлүштүктөрдү эске албаганда, чын эле жаңы система менен таза өттү. Керек болсо бизге акыл үйрөтүп жаткан айрым өлкөлөрдө мындай таза шайлоо өтпөйт. Чет өлкөдө кара пиар деген нерсе катуу өнүккөн, күчтүү атаандаш болсо ар кыл майда барат нерсе менен эле талкалап салышат. Бардык партияларга үгүт иштерин жүргүзүүгө бирдей мүмкүнчүлүк берилди. Качан оппозициялык маанайдагы партиялар эфирге чыгып үгүт иштерин жүргүзчү эле. Ал эми добуш сатып алуу элдин өзүнөн, “бара-бара көч түзөлөт” дегендей Атамбаев шайлоо системасын чыны менен жаңы багытка алып чыкты. Шайлоо бүткөндөн кийин кайсы жерде митинг башталды деп кулак түрчү элек. Азыр шайлоодон кийин калкыбыз тынч уктап, тынч турду. Бул 25 жыл аралыгында алгачкы жетишкендик десем жаңылбайм. Кийинки шайлоолордо айрым техникалык кемчиликтер жоюлат. Башка өлкөдөн келгендер ушул система эң туура экен деп кетишти. Эстониядан келген байкоочунун пикири мени кайдыгер калтырган жок. “Эстонияга ушул системаны киргизүү сунушун берем” деп кетти. Жакынкы кошуналарыбыз бул шайлоодо кыргыздар дагы кырылышы мүмкүн деп кулак түрүп турду эле тилектерин таш капты. Өлкөбүздө чыныгы демократиялык шайлооонун маңызы ачылды. Мен күткөн партия өзүнө тийиштүү эл берген добушун алды. Партиялар арасында чыныгы партиялык атандаштык келди. Кийинки шайлоодо эми 200 партия ат салышпайт. Эки-үч гана партия чыгып, өнүккөн өлкөлөрдүн классикалык жолуна түшөт окшойбуз деп турам...

 

Руслан Бекназаров, “Республика - Ата журт” партиясынын мүчөсү:

 

“Акчанын күчү катуу ойноду”

 

- Бийликтин таасири анчейин байкалбады. Ошол жагын алганда тазараак. Өкүнүчтүүсү, акчанын күчү катуу ойноду. Эл каалаганына каалагандай добуш берди.

 

Жамалбек Ырсалиев, шаардык кеңештин депутаты:

 

“Ата Мекен” алтынчы болоору үч уктасам да түшүмө кирген эмес”

 

- Шайлоо өттү. Эмнени эксек, ошону алдык. Добушубузду өзүбүз саттык. Мен күткөндөй эле болду. Бирок, “Кыргызстан” үчүнчү болот деп ойлогон эмесмин. “Ата Мекен” алтынчы  болоору үч уктасам да түшүмө кирген  эмес. Башкасынан “Эмгек” партиясынын өтпөй калганы мени таң калтырды. Негедир мен өтөт деп ойлоп жаткам. Дордойдо 50 миң киши иштесе керек деп аябай ишенип отургам. Кээ бир мекендештерибиз шайлай албай калды. Мисалы, менин жеңемдин списогу башка жактан чыгып калды. Андайлар көп болгону кээ бир партияларга пайда, кээсине зыян алып келди...

 Колунан кармап алган киши жок. Бирок, “акча таратты, элди сатып алып жатат” деп чырылдап чыгып жаткандар болууда. Менин оюмча, добушун саткан адам өзү күнөөлүү. Кудай элибизге ынтымак берсин! Келечегибиз кең болсун. Шайланган эл өкүлдөрү кыргыз эли үчүн, мекенибиз үчүн ак иштеп беришсин.

 

Төрөхан Жунусбеков, “Мекенчил” партиясынын тең төрагасы:

 

“Элибиз айгай салып кыйкыргандар үчүн эмес, реалдуу иштей тургандар үчүн добуш берди”

 

- Салыштырмалуу шайлоо таза өттү, биометрика менен шайлоо жана акылдуу урна өзүнүн оң жактары көп экенине ынандырды. Бул үчүн Алмазбек Атамбаевге рахмат айтышыбыз керек, экинчиден, мүчүлүштүктөр да болбой койгон жок. Мисалы, кээ бир оппозициялык партиялар адам башына акча таратып добуш топтоо аракетин көрүштү, ал эми бийликтин партиясы колунан келишинче кысым көрсөтүп жатышты, шаардагы министрлерди айыл жергесине жөнөтүп жергиликтүү элдерди КСДП кысымга алып акча, арак, тамак берип добуш топтоп жатышты.

 

 Мен жана менин тарапташтарым мыкты программаны сунуштаган, реформа жасайбыз, кол тийбестикти жоюп өкмөттү чынында эле элге кызмат кыла турган реалдуу программасы үчүн “Республика – Ата Журт” партиясын колдоого алдык, биздин элибизге рахмат. Административдик ресурсту эске албаганда, акчага туруштук берип биз ойлогондой добуш беришти, элдин аң-сезими эки тепкичке жогорулады десем жаңылышпайм. Азыр элибиз айгай салып кыйкыргандар үчүн эмес, реалдуу иштей тургандар үчүн добуш берип жатышат.

 

Шаирбек Мамтокторов:

 

“Шайлоо кампаниясы аяктап баратканда КСДП тарыхта кездешпеген ыкманы колдонду”

 

- Бул шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолду. Мыйзам бузуу негизинен бийликчил партия КСДП тарабынан болду. Бул шайлоодо биринчи ирет шектүү болгон биометрика ыкмасын колдонушту. Жыйынтыгында 1 миллиондон ашуун жаран добуш бере алган жок. Алардын добушун бийлик тарап колдонбоду деп ким кепилдик бере алат? Жарандардын дареги башка облустан чыгып, кээлери өздөрүн таптакыр тизмеден таба алышпады. Кээ бир жарандар башка жыныстагы адам болуп чыгып жатса, кээ бир көзү өткөн адамдар да тизмеде пайда болуп калган учурлар кездешти. Бюджеттик ишканалардын баарын КСДП партиясы одоно колдонуп, мугалимдерди, врачтарды жана күч органдарынын кызматкерлерин аябай кыйнашты. А түгүл шайлоо кампаниясы аяктаганга бир жума калганда КСДП партиясы тарыхта кездешпеген ыкма колдонуп жиберишти. Үгүт ишине президенттин өзүн колдоно башташты. А бул деген нерсе, бүгүн бийлик айтып жаткандай, бардык партияга бирдей шарт түзүлдү дегенге жатпайт! Админресурсту мынчалык ыплас колдонбой койсо, эл ишенмек бул жерде башка партиялар деле мыйзам бузушту деген суроо болушу мүмкүн. Албетте, бардык партиялар тараптан мыйзам бузуулар болду, бирок, бийлик партиясы ашкере аша чаап кеткени анык. Негизи эле статистика боюнча шайлоочулардын 30% гана катышты, демек, бул көпчүлүктүн добушу эмес. Мыйзамдын мүчүлүштүгү ушул жерде билинип калды, канча шайлоочу келсе да, ошонун 7% алса болду деп турат. Мисалы, кайсы бир партия бийликке "ыңгайсыз" болсо, анын добуштарын компьютерден эле жок кылып салуу опоңой жумуш. Ал эми кээ бир булактардан айтылгандай, кошумча бюллетендер тымызын таратылган.

 

 Ал эми өткөн пратиялар туурасында айтсам, ошол эле адамдар башкача аталган партиялар менен кайра келишти. Алардын ичине эсептелүү гана адамдар мурдагы чакырылышта депутат катары иштей алышкан. Көпчүлүгү "кнопка баскычтар" гана болушкан. Азыр келген жаңы адамдар жөнүндө эч нерсе айта албайм, себеби, алардын коомчулукка мурда бир кызмат кылганын байкабаптырмын.

 

Бир мандаттуу система түзүк экен, кантсе да элге көрүнүктүү адамдар тандалчу. Азыр болсо капчыктуулардын палатасы эле болуп калды.

 

Мажоритардык системага кайтпасак, партиялык система ансыз да ыдырап турган элибизди таптакыр эле бөлүп-жарып салды. Эл аралык байкоочулар жөнүндө айта кетсем, баары эле бир ооздон мактап калганына караганда аларды да биздикилер бузган окшойт.

 

Адиль Турдугулов, “Прогресс” фондунун жетекчиси:

 

“Бул шайлоо акчанын күчү канчалык чоң экенин көрсөттү”

 

- Ачык жана курч саясий атаандаштыкты, шайлоо убагындагы бардык партияларга берилген бирдей мүмкүнчүлүктү көрүүгө мүмкүн болду. Бул Борбордук Азияда, мурдагы союз өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы мамлекет экенибиздин көрсөткүчү болуп эсептелет. Жанагы жаңыдан түзүлө калып эле шайлоого аттанган партиялардын алдыга өтүп кетиши аябай таң калычтуу болду. “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Бир бол” партиялары алган жыйынтык чынында өзгөчө болду. Бирок, соңку үч-төрт күндө добуштарды сатып алуулар катуу жүргөн деген маалыматтар бар. Бул шайлоодо моюнга ала турган нерсе - акчанын күчү канчалык чоң экенин көрсөттү.

 

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg” гезити, №43 (220), 07.10.2015-ж