Бишкек, “Саясат.kg”.  Борбордук шайлоо комиссиясы “Республика – Ата Журт” партиясынын тең-төрагасы Камчыбек Ташиевди талапкерлер тизмесинен алып салуу чечимин кабыл алып, шайлоо алдында чоң чырдын чыгышына жол ачты.

 

Ушунун өзүнөн эле – “Өнүгүүнүн” талапкери Абдувахаповго байланышкан окуя атайын жасалгандыгы, аны Ташиевди шайлоодон четтетүү максатында чыгарышкандыгы көрүнүп турат. Бийликке эптеп эле бир илинчек керек болгон. Ошондуктан, мурда криминалдык иштерге аралашып, ушундай арамдыкка көнүп калган, “Шакал” аттуу каймана аты бар адамдын колу менен бийлик элдик лидердин жолун жапты.

 

Буга чейин билесиздер, жолугушууларда эл кимди колдоору белгилүү болуп калган! Калың эл Ташиев барган жерге батпай турса, башка партияларга адам басып келбесе, атаандаштардын кыжыры келет да сөзсүз. Кайсы сурамжылоону караба – “Республика – Ата Журт” жеңип келери бештен белгилүү эле. Ошондуктан, Ташиевдин шайлоодон четтетилиши биринчи кезекте бийликтин партиясына жана анын “клондоруна” пайдалуу.

 

Мунун арты эмне менен бүтөт? Калың эл жөн гана адилетсиздикти жутуп коюушу мүмкүнбү? Аны да жакынкы убакыт таасын көрсөтөт.

 

Бир нерсе так белгилүү – бийлик “таза шайлоо өткөзөбүз” деген сөзүндө турган жок!