Мен ушундай тема менен 2008-жылы эки макала жарыялаган элем. Анда негизинен  Кыргызстандын кара жашиктери Бакиевдин ырын ырдап, анын арам  саясатын жүргүзүп, жеке менчиктерди тартып алганын, башка көз каркаштагыларды өлтүрүп жатканын жазган элем. Андан бери жети жыл өтүп, “эмне өзгөрдү?”- деген таризде ММКларга көз чаптырып, ал кезден да коркунучтуу  окуялардын болуп жатканын байкагандан кийин  жазып, элге, тиешелүү адамдарга жеткирип  коюуну туура көрдүм.

 

Менин бүгүнкү макалам Кыргызстандагы телекөрсөтүүлөр жөнүндө болмокчу. Кыргызстанда күчөткүчү жок кадимки сыналгычтар менен  коомдук деп аталган КТРК менен ЭлТРден башка  менчик “5-канал”, “Пирамида”,  “НТС”, “НБТ”, “СТВ”, “Манас жаңырыгы”, областтык телеканалдар,  Россиянын 7 каналы, Казакстандын  4 каналы көрсөтөт.

 

“Кара жащик” атынан арыла албаган КТРК

 

Алгачкы сөз КТРК жөнүндө болсун. Улуттук канал “коомдук” деп аталганы менен  өкмөттөн  каражат алгандан кийин сөз жүзүндө эле коомдук болуп, баягы эле бийликтин  каралоочу куралы болуп кала берди. Онунчу жылы элдик ынкылап болуп КТРКга   К.Оторбаев келгенден кийин “кара жашик” жакшырат деген үмүт чоң эле. Албетте башында айрым бир өзгөрүүлөр болду.  “Ой эртең менен саат 7ден кийин КТРди көргөн кыргыз малын айдап же жерин иштеткени талаага кетип калат”,- деп Кубат мырзага айтып  жүрүп жарым жылча КТРди таңкы саат 6дан баштап көрүп жүрдүк. Анткени КТРди көбүнчө айылдыктар эле көрөт эмеспи.  Кийин бул да калды. Оторбаев учурунда бир топ жаңы телепрограммалар жарык көрдү. “Баластан”телеканалыачылды. Айрым бир улуттук салттарды – жаштарга боз үй тигүүнү, конок күтүүнү үйрөтүү, “Сармарден”ж.б.  программалары пайда болду.

 

Бирок жаман жагына көбүрөөк бурулганы өкүнүчтүү. Эң шумдуктуусу,КТР таңкы  берүүсүн бир күнү кыргызча, экинчи күнү орусча баштап калганы. Кыргызстанда бир күн кыргыз, бир күн орус күнү деп түшүнө бер. Ушундай да болмок беле?! Орусча телеберүүнү уюштургандар “бул күнү жалаң орустарды гана көрсөтүү керек”-деп түшүнүшүп, КТР ал күнү  Россиянын каналы болуп жатып калат. Көрсөткөнү да орустар, ырдаганы да орустар. Эмне, Кыргызстандын тең жарымы орустарбы?!  Орусча берүүлөргө эч ким каршы эмес, күндүз папуастын тилинде берсеңер да сөз жок,  бирок аты кыргыз деп аталган Кыргыз Республикасында ар күнүэрте менентелеберүү мамлекеттик тилде, тергебей эле айталы, кыргыз тилинде гана башталууга тийиш. Же эмне,Москва кээ күнү телеберүүсүн кыргыз тилинде баштап жатабы?!  Тил комиссиясынын башына жаңы дайындалганда күпүлдөп чыккан Э.Эрматов агайыбыздын азыр оозуна талкан толтургандай, бул маселелер боюнча  унчукпай олтурганы  өкүнүчтүү көрүнүш.

 

Жазында БУУнун атайын өкүлү Енча мырза менен БУУнун Программасынын Кыргызстандагы өкүлү эртең менен эрте КТРге чыгышты. Аларды түз эфирге чыгарган Филатов деген тири укмуш жигит түнү менен кароэкеде болгонбу,чачтары тик туруп, бырышкан көйнөгү менен чыгып,күйбөгөн жерди күл кылды. Орус тилдүү адам түгөнүп калгансып Улуттук каналды  мындай жеңил ойлуу балдарга берип койгонубуз кандай?

 

К.Оторбаев Нобель сыйлыгына көрсөтө турган аппаратты ойлоп тапты го чиркин! Азыр КТРдин залында чыгып ырдагандар микрофону жок эле  ырдап калышкан. Оторбаевдин аппараты алыстан эле үндү жазып алып, эфирге чыгара берет. Элди түркөй, дөдөй ойлобош керек! Элди алдаганда да ыйманыңар менен алдасаңар боло, айланайындар. Фонограмма экенин эл билип эле турат. Жок дегенде ырчынын колуна калп болсо да микрофон карматып, же кулагына микрофон тагып койсоңор боло. “Алтынчы күнү кечинде, Арноо концертиж.б.  ыр берүүлөрүңөрдү эл көрбөй калганын билдирип коеюн!

 

Бир байкуш кыргыз энесин же атасын куттуктап коеюн деп эки мүнөттүк ыр суранса эки миң сом шыпырып аласыңар. Өткөн жылы Саруунун балдарынын “Кумтөр”компаниясынан акча талап кылуусун, андан кийин Нарындагы “Юпигейт”окуясын, Келдибеков, Түлеев ж.б. мүлктөрү жөнүндөгү тасмаларды күнү-түнү тынбай бир айлап көрсөткөндүн акчасын ким төлөдү?! Соттун чечими жок, далилдене элек материалды  чыгаруу кылмыш эмеспи. Дагы жакшы булар КТРди сотко бербей жүрүшөт.

 

КТРде эки-үч адам менен жарым сааттык маеккетсе, аягында берүүнү даярдаганжүздөй адамдын ысымы жазылат. Кантип ушундай болсун. Же КТРде канчалык көп  программада  фамилияң чыкса ошончо көп маяна жазылабы? Жогорку Кеңештин депутаттары “мыйзамга атымы кошуп койчу”,- деп коллегаларынан  суранып жүргөндөй, булар да жаздырып коюшат го аттарын.

 

КТРдеги дагы бир оркойгон кемчилик  катары  тартылган материалдын эски-жаңылыгына карабай  кайталап бере бергенинде. Эски материалды “архив”деп жазып койгондон да эринишет. Бир күнү  карасаң эле  Ишенбай Абдразаков аксакалыбыз  сүйлөп жаткан болот. Тирилип кеткенби деп каласың.

 

Акыркы жылдары Назира Аалы кызы продюссерлик кылган “Ибарат”студиясы баа жеткис жумуштарды аткарып жатат. Илимий-популярдуу фильмдерди, мультфильмдерди кыргызчалатуу боюнча “Дөөлөт”студиясын жетектеп келген Орозбек Мусакеев агабыз  опол тоодой иш жаратты. Бул адам дүйнөдөгү не бир укмуш программаларды           кыргызчалап элге жеткирди. О.Мусакеевдин иши “Кыргыз Республикасынын Баатыры”наамына ылайык залкар эмгек. Деги эле,  баатыр наамын  Жусуп Мамай аксакалыбыздай кылып, өлөрүнө үч күн калганда бербей,  адамдын ал-күчүнүн барында, эмгегинин гүлдөгөн мезгилинде бериш керек деп ойлоймун. Жогорудагы О.Мусакеевден башка Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан врач-ортопед, академик  С.Жумабековго, “Шоро”компаниясынын  ээси,маркум Э.Табылдиевге, Олимпиаданын чемпиону К.Осмоналиевге, “Гермес профи”кикбоксинг командасынын жетекчиси А.Воиновго  “Кыргыз Эл баатыры2наамын берүүгө эмне болбосун?Мен бул жерде сөз келгенде бийликтегилерге кулак кагыш кылып кеттим. Бийлик аны өзү билет дечи.

 

Мындан бир нече жыл мурда 5-канал жаңылыктарды “Күндеми”деген ат менен баштап коюп балээбашталды. Эми КТР “Күндарек”, ЭлТР “Күнсереп”, “Күнмаек”, “Күншашке”деп жатып калды. “Күндеми”деген толук бүткөн сөз, кыргыз тилди сындырып “күнмаек”, “күнсереп”, “күншашке”деп кыргыздар айтпайт да.  Мындан сырткары эл арасында ХХIкылымдын  эң чоң аферасы деп аталган “Кумтөр”компаниясынан чыры бүтпөй жатып, аны мактаган роликтерди КТРКнын байма-бай бериши  кыргыз элине болгон чыккынчылык эмей эмне?Булардын баарын жаңы директор И.Карыпбеков эске алууга тийиш.

 

КТРдин “орус тилдүү күнүндө”бир дагы башка тилге жол бербей берүүлөрдү орусчага  которуп беришет. Ал эми “кыргыз күнүндө”кыргызча телеберүү болуп жатса да бирөө орусча сүйлөсө которгондон эринишеби, ошол бойдон эфирге чыгып кетет. Азыр козукарындай жайнаган кыргыз фильмдери тартылып жатпайбы. КТР “Миллиондук мелдеш”деген  фильмди көрсөттү.  Фильм аягына чейин 15 мүнөт кыргыз, 15 мүнөт орус тилинде тартылып кете бериптир. Муну эми элин же өзүн сыйлабаган бир “киргиз байкуш”тарткан го. Ал тургай Апендинин кызындай мактап жаткан “Курманжан датка”фильминде да Россия падышасынын аскер башчылары менен Курманжан датка жөнүндөгү 2 мүнөттүк аңгемелешүүсү орус тилинде кетип, кыргызча титр да берилип коюлбаптыр. Бул эми кыргыздардын бетине “шалп этип” түкүргөнгө барабар маселе эмеспи!  Мындай өзүм билемдикке Д.Садырбаев агабыз “Кыямат”фильминде жол берген эле. Бирок ал заман башка эмес беле.  Улуттук телевидение деген   мамлекеттик тилдин  күзгүсү  болушу  керек да. Телевидениеге мамлекеттик тилдин тазалыгы боюнча цензура кое турган мезгил  келди деп ойлоймун. Борбордук теле мындай сантырактарга жол бербеши керек!  Көптөн үмүттөндүргөн  Максүтов деген министр кайда?!

 

ЭлТР эмнеси менен мактана алат?

 

Экинчи бир мамлекеттен  каржыланган ЭлТР телеканалын алалы. Бул каналга ар келген жетекчи шапке алмаштыргандай, эмблемасын  алмаштырып жатып каналдын тарпын кетиргендей болду. Бирок телеканалда улуттун нарктуу, салттуу жүзүн көрсөтүп келаткан мыкты берүүлөр бар. Телеканал  күн сайын  өз көрсөтүүлөрүн өзү жашап турган мамлекеттин  тили менен баштап абийирди жабат. Күнү-түнү манас айттырган берүүлөрү, “Эл наркы”, “Окуянын чоо-жайы”, “Менин айылым”сыяктуу мыкты программалары бар.

 

ЭлТР да КТР сыяктуу эле “бөрк ал десе, баш алып”, бийликтин камчысын чаап, бийлик адамдарын мактап, бийликке башка көз караштагыларды жерге киргизе жамандоо  адатынан куру эмес. Телеканалда  мамлекеттик саясий, адабий тилди колдонуу тартиби сакталбайт. Респондентти мындай коелу, дикторлорго чейин диалектикалык, говордук  сөздөргө чейин пайдалана беришет. Бул деген телеканалдын жетекчилигинин сабатсыздыгын билдирет эмеспи. Телеберүүлөрдүн, кино, видео, мультфильмдердин эфирдик убактылары эсептелбей, бири бүтө электе эле экинчиси баштала берет.

 

ЭлТРде  эфир адебин билбеген Алтынбекдеген алып баруучу жигит бар. Жаңы чыгып келе жаткан акын-жазуучулар менен талтая олтуруп маек куруп, улуу сынчыбыз Салижан Жигитовду туураган болуп, сөздү таптап, чайналып  сүйлөп, күйбөгөн жерди күл кылат. Өзүнөн улуу адамдардын кемчилигин көрсөтүп, “ырды мындай, тигиндей жазыш керек”деп, акыл айтканына не дейсиң.

 

ЭлТР акыркы убакта электр энергиясына болгон тарифтик саясатты, же Орто Азия мамлекеттериндеги электр тарифтеринин айырмасын, кайсы бир жылдарда Кыргызстандын аймагына Газпромдун газ тартып жеткиришин, жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык  жол тоскондорго  салынуучу  айып пулдар, санариптик көрсөтүү  боюнча  роликтерди тынымсыз көрсөтүп, элдин кыжырын келтирет.

 

Кыргызстанда толук кандуу “5-канал”, “Манас жаңырыгы”, “СТВ”, “НБТ”телекомпанияларынан тышкары  Россиянын телеканалдарына “учкашкан”(б.а. тең жарымынан көбүн Россиянын телеберүүлөрүн көрсөткөн)  “НТС”,  “Пирамида”менчик телеканалдары бар.

 

Улуттук намысты тепселеген “5-канал”

 

Булардын ичинен “5-каналды” өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. “5-канал”  пайда болгондон тартып эле  Кыргызстанда биринчи жолу тележурналистердин  күчтүү командасы  түзүлгөн. Ошондуктан бүгүнкү күндө бардык телекомпаниялардагы мыкты дикторлор  5-каналдын мектебинен чыккан  адистер. “Күндеми”деген жаңылыктардын байма-бай берилиши да ушул 5-каналдан биринчи чыккан. КТРдин маданият студиясынын мыктысы Назира Аалы кызы ушул 5-каналдан баштаган. 5-каналда улам жаңы кызыктуу берүүлөр пайда болуп турат. Мисалга акыркы “Кыштакча”, “Эки турист”ж.б. телеберүүлөрү мыкты чыккан.

 

Бирок “5-каналда”Россиянын саясатын жүргүзүү аракеттери  орой көрүнүп турат. Бажы биримдигин мактоо боюнча “5-канал”алдына эч кимди салган жок. “5-канал”  (акча алат окшобойбу)“Кумтөргө”кир жугузбай мактайт. “Мамлекеттик тилди кеңейтүү керек, расмий тилди чектөө керек”-деген адам ошол эле күнү “5-канал”тарабынан эл душманына айланат. Кыргыз улутунун маселелерин көтөргөн саясатчылар “5-канал”тарабынан сабатсыз, жаман адамдар катары көрсөтүлүп келет. “5-каналдын” –“Дата”деген хроникалдуу көрсөтүүсү да  XIXкылымда кыргыз жерине биринчи  келген орус  “окумуштууларынын”жана чиновниктеринин жергиликтүү элге кылган кыянаттыктарына карабай, (М:Пржевальский, Колпаковский, Куропаткин, Фольбаум ж.б.) алардын өмүр баяндарына көп көңүл бөлгөнү менен айырмаланат.

Бакиевдин тушунда “5-канал”бир видеоролик тартып, бир жыл айлантты. Анда орто жаштагы орус жигити 7-8 жашар кызы менен Каракол шаарынын сейил багындагы Пржевальскийдин (бүркүт коюлган эстеликке) эстелигине  келип: “Кызым  булКыргызстанды биринчи ачкан адам – Пржевальскийге коюлган эстелик”,- дейт. Анан: “жергиликтүү эл бул жерге  башка адамга да эстелик  коюп, Пржевальскийдин эстелигинин айланасын тарытып салды, бул адамды сен билип жүрүшүң керек кызым”-дейт. Пржевальскийдин айланасынтарытып салган адам болсо кыргыз окумуштуусу - Хусейин Карасаев. Кыргыздар бул роликти жерибей  бир жыл көрдүк! Улут жоюлуп баратканда намыс деле калбайт тура атаганат!

 

Орусиянын үгүт каналына айланган “Пирамида”

 

Көп жагынан “5-каналды”туураган “Пирамида”телеканалы бар. Бир кезде  калыс сөзүн сүйлөгөн мыкты журналисттери бар бул канал улутташтырылгандан бери бийликтин “жарчысына” айланган. Деги эле  КТР, ЭлТР, 5-канал, “Пирамида”азыр башкаруучу бийликтин  менчик каналдары. “Пирамида”да  өз көрсөтүүлөрүнүн 90 пайызын Россиянын  телеберүүлөрү менен толтурат. Айрыкча орус шовинисттеринин бири  И.Прокопенконун “Военная тайна”, “Тайны мира”деген, ж.б. телепрограммаларын көрсөтсө төбө  чачың тик турат. Бул берүүлөрдө  дүйнөдөгү жалгыз коркунуч  - бул Америка жана жакынкы ай, жылдарда болуучу акыр замандын кыяматы. Прокопенконун программаларын көргөндөн кийин жашагың деле келбей калат. “5–канал,Пирамидателеканалы азыркы учурда мамлекеттик болгондон кийин анын телеберүүлөрү анча-мынча болсо да мамлекеттин көз карашын чагылдыруусу керек эмеспи! Улуттук коопсуздук кызматы буга эмнеге көңүл бөлбөйт?!

 

Мындан 8 жылдай мурда азыр “Пирамида”көрсөтүп жаткан Россиянын “РенТВ”каналы көз карандысыз кезде АКШнын Борбордук Чалгындоо Башкармалыгынын  билдирүүсүн жарыялаган эле.  Анда Россиянын 2025-жылга чейинки мамлекеттик жашыруун стратегиялык планы ачыкка чыккан. Ал план боюнча  Россия 2015-жылга  чейин  мурдагы союздук республикаларды (Прибалтика республикаларынан башкасын)  экономикалык  союзга бириктирүү, 2025-жылы  бирдиктүү акчасы бар,  Россия  империясын же СССР сыяктуу мамлекетти түзүү каралган болчу. Менимче  азыр Россия  ошол стратегиялык планын ишке ашырып жаткандай.

 

Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки жылдардагы дүйнөлүк ядролук куралдануу жарышында  СССР бардык республикаларда уран казууну күчөткөн. Мына ошондо уран калдыктарын Москва рублга алмашып, Ала-Тоонун түндүк жээгине, т.а. Чүй аймагына  (Кара-Балтадан Кеминге чейинки аралыкта) алып келип көмгөн деген имиш бар. Чын, төгүнүн тактоо албетте кыйын, чын болгондо да анын документтери, катышкан адамдары алда качан жок кылынган болуш керек. Жакында “Акипресс”маалымат агенттигинин  “АКИpress Здоровье” бөлүмүнө  кардиология  бейтапканасынын кеңеш берүү-диагностика бөлүмүнүн  башчысы А.Халматов  Кыргызстан  жүрөк, кан тамыр ооруларынын өлүмү боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкканын белгиледи..  Мүмкүн ошол уран калдыктарынын таасири болуп жүрбөсүн? 2025-жылдан кийин биз азыркы Грециянын кейпин кийип, дагы Москвадан акча сурап калабызбы деген коркунуч бар.

 

Эски берүүсүн 20 ирет кайталаган “Манас жаңырыгы”

 

Менчик телеканалдардын дагы бири “Манас жаңырыгы”. Бул канал оюн-зоокту, кинофильмдерди арбын коюшу менен айырмаланат. Телеканалдын аты айтып тургандай Т.Токтогазиевдин “Башканы коюп Манасты айт”деген теледолбоору  эң мыкты программалардын бири. Бирок бир тартылган көрсөтүүнүкайра-кайра көрсөтө беришип  теледолбоордун ашмалтайын чыгарып жиберишкени бар. Мисалга  өткөн жылы окумуштуу агайыбыз Х.Исаев менен илимпоз-манасчы Т.Бакчиев тартылган тегерек стол 20 жолу кайталанып көрсөтүлгөндөй болду.

 

“Манас жаңырыгы”телеканалында  көбүнчө Манас айтылганы менен, манасчылар кайсы эпос экенин, эпостун кайсыл жериндеги окуяны же эпизодду айтып жатканын  кара сөз менен  түшүндүрүп бербей эле  Манас  айта бергени   элге түшүнүксүз болуп калууда.

 

Тымызын саясатын ишке ашырчу россиялык телеканалдар

 

Эми Россия  телеканалдарына кыскача токтоло кетели. Эмне үчүн  мурдагы союздук республикалардын айрымдарында Россия телеканалдарын көрсөтүүгө тыюу салынып жатат, таразалап көрөлү.

 

Албетте, дүйнөдө Россиянын маалымат каражаттары эң күчтүүлөрдүн бири. Техникалык, заманбап иновациялык  мүмкүнчүлүктөрү  жогору. Акыркы он жылда Россиянын бийлиги  шовинизмди туу тутуп, улуттун аң-сезимин көтөрүү максатында–“улуу орус улуту”, “орус улуттун тазалыгы”, “улуттун эң байыркылыгы”, “улуттун үстөмдүгү”- деген терминдерди элдин кулагына куюп, Россиянын элин өзгөрткөндөй эле, Россиянын телеканалдары да мурдагы эс алдыруучу, жагымдуу,  оюн-зооктуу программалардан оолактап, көбүнчө  пессимисттик, агрессивдүү, чуулгандуу телепрограммаларга өтүп алды.

 

2014-жылдын күзүндө ошол эле “РенТВ” каналында Россия илимдер Академиясынын  академиктери тегерек стол уюштуруп Чынгызхан тууралуу сөз кылышты. Орус академиктеринин айтуусу боюнча эч кандай Чынгызхан деген болгон эмес, болсо да,  монголдор Россияны басып алышкан эмес. Муну далилдеген  аргументтери булар: “Эгер монголдор Россияны 300 жылдай башкарса, эмне үчүн Россиянын шаар-кыштактарына  монгол аттары берилген эмес, же, эмне үчүн монголдор  басып алган орус губерния, шаар-кыштактарына  монголдордон башкаруучу койгон эмес?”.Орус академиктерине күлкүң келет. Орустар элдин баарын өздөрүндөй көрөт турбайбы.

 

Орустар 1825-жылдан баштап  түндүк кыргыз жерлерин тартып ала баштагандан тартып  жергиликтүү кыргыздарды тоо этектерине кууп чыгып, түз жерлердеги айылдарга орус аттарын берип, орус наместниктерин дайындаганын билебиз го.  Азыр да  Чүйдүн батыштагы Панфилов районунан тартып Ысык-Көлдүн Караколуна чейин “Михайловка”, “Петровка”, “Садовое”, “Семеновка”ж.б. жалаң орус аттары менен келе жатпайбы. Айрым айылда бир орус калбаса да  айылды байыркы кыргыз атына которгондон коркобуз. “Кыргызча атайлы”деп маселе көтөрсөң Жогорку Кеңештен Карамушкинасы баш болуп, Кулову төш болуп, “орус тилин кысымга алып жатышат”,-деп кыйкырып чыгышат. Союз убагында  Борбордук Комитеттен тартып айыл кеңешине чейин орун басарлардыорус улутундагы адамдан коюу милдет эмес беле.

 

Карамушкина демекчи, анын 2015-жылдын 21-январындагы ЖКда сүйлөгөн сөзүн кыргыз телеканалдары 2-3 күн берди. Анын орусча айткан сөздөрү бул: “В школе и в вузе государство не создало условий для нормального изучения кыргызского языка. Я три года изучаю его, но не выучила в той мере, чтобы свободно говорить. И если завтра будет принят закон, требующий знание госязыка, то я и другие граждане могут просто быть вымыты с госслужбы. Это дискриминация по языку”.  Кыргыз элин сыйлаган жапондуктар, америкалыктар жана нигериялыктар  эки айда кыргызча сүйлөп, комуз чертип калганын  Ирина айым  укпаган деле болуш керек.

 

Россиянын ОРТ,  РТР-Планета, НТВ телеканалдары 2014-жылдын  18-февралынан тарта көрсөтүүлөрдүн багытын түп тамырынан өзгөрткөн. Буга Украинадагы элдик революция  себеп болду. Бул телеканалдардын жаңылык, кабарларынын 80 пайызын Украина окуялары ээлеп калган. Украинага байланыштуу Роосиянын аракеттерине  каршы Америка менен Евробиримдиктин салган санкциялары  Россиянын экономикасын  кыйла алсыратып койду. Жүздөгөн  турагенстволор, чет өлкө менен  шериктеш мекеме-ишканалар  алсыздыкка (банкротко) учурады. Баасы эки эсеге  арзандаган нефти  Россиянын социалдык  камсыздоолорун  кайра карап чыгууга мажбурлап жатат. Ага карабай Роосиянын бийлиги рынок баасын күч менен кармоого аракеттенип, бир кездеги СССРдин  баскан жолун туурап жатат.  Жаңылыктарда 90 пайыз Украинаны көрсөткөндөй, Роосиянын өзүндө проблема жокпу?

 

Бир кезде КМШ мамлекеттеринин телеканалы деп түзүлгөн “Мир”телеканалы азыр жалаң гана Россиянын саясатын жүргүзөт. КМШ мамлекеттеринин  өздүк берүүлөрү негедир азыр токтогон. “Мир”каналын  санариптик көрсөтүүгө өткөрүү үчүн Кыргызстандын 10 миллион сом  бөлгөнү, кимдир бирөөнүн чөнтөгү үчүн  камкордук  деп эсептөөгө  болот. Күнүнө бир жолу Кыргызстандын атын атап койбогон бул каналдын Кыргызстанда кимге кереги бар.Ага эмнеге акча коротуп жатабыз?

 

Россия телеканалдарында орус шовинизми  болуп көрбөгөндөй күчөп, ал ураа патриоттуулукка айланып баратат. В.Жириновскийди, А.Прохановду, А.Вассерманды айтпай эле коелу, элдин сүйгөн актерлеру В. Говорухин, Н.Михалков да бүгүн “улуу шовинисттик саясатчыларга” айланып калды. Чындыкты айтып койгону үчүн ырчы А.Макаревич  куугунтукка алынып жатат.

 

ХХVIII кылымдагы Екатеринанын  Крымды түрктөрдөн тартып алган эрдигин кайталаган Путин элинин колдоосуна шыктанып кеттиби, Украинанын Донецк менен Луганск областтарына да көз арта баштаганы байкалып турат.  Интернет маалыматтарына караганда Украинанын  Донбасс жана Луганск областтарынын  сепаратистери тарапта Россиянын  көптөгөн аскерлери согушуп жатышат: Украинанын маалыматы боюнча  Украинанын аскер күчтөрүнө каршы 10 миңден ашык мыкты куралданган  Россиянын жана Сербиянын аскерлери согушуп жатат. Аларга жума сайын Россия Донбасс менен Луганск элдерине гуманитардык жардам деген шылтоонун алдында тамак-аш ташып жатат, деп айтылат чет элдик маалыматтарда.

 

Бул фактыларды  Донецк жана Луганск областтарынын сепаратистеринин катарында Кыргызстандан барып согушкан 17 кыргыз жаранынын бири Манас деген жигиттин “Азаттык”  радиосуна берген интервюсу тастыктап турат.

 

Бир жылдан бери Россия телеканалдары  бир жактуу  үгүтөө-пропагандалоо  иштерин жүргүзүп келе жатат. Ага азгырылган кыргыз жигиттери барып согушуп жаткандай. УКМКнын  маалыматтык коопсуздук боюнча жетекчиси А.Сегизбаев деген эмне иш кылып олтурат?! Россиянын  бул үгүттөөлөрүнүн   ИГИЛдин экстремисттик үгүттөөлөрүнөн айырмасы кайсы? Жалаң   гана  терс таасирлерди алып келген, улуттун аң сезимине коркунуч келтирип жаткан Россиянын шовинистик телеберүүлөрүн фильтрлеп,  ылайыктууларын гана элге жеткирүүгө мезгил келди! Анткени  Россиянын каналдарында Орто Азия мамлекеттерин, анын ичинде Кыргызстанды жана кыргыз элин шылдыңдаган, маскаралаган, басмырлаган  телеберүүлөр  тынбай берилип келе жатат.

 

Албетте, Россия үчүн В.Путин болуп көрбөгөндөй эрдик жасоодо. Ал башкарган акыркы 15 жылда  бир кездеги дарыядай кең пейил, акылман, боорукер  улуу орус элинин аң сезимин 180 градуска буруп салды. Азыр орус телеканалдарында Адам ата менен Обо эне  славян же орус болгондугу, биринчи адам баласы  орус жергесинде  жаралгандыгы, славян эли эң жогорку каста экени тынбай айтылып, 1939-жылдагы немецтик пропагандага  окшошуп баратканы өкүнүчтүү.  Кечээ эле теңата болуп жашап келсе да, азыркы  Россияда жүргөн мигранттарыбыз “черный” болуп, 3-сортко айланып  калды.

Тоталитардык же авторитардык жол менен болсо да өнүгүп жаткан Россияга жана Россиянын элине бир дагы  каршы жана жаман оюм жок. Бирок  күн сайын  ар бир кыргыздын үйүнө кирип алып, аң-сезимин бурмалап жаткан орус телеканалдарынын  “Время  покажет”, “О самом главном”, “Говорим и показываем”, “Тайны мира”, “Военная тайна”, “Территория заблуждений”, “С открытым текстом”, “Слово за слово”, “АгитПРОП”сыяктуу ж.б.  программаларына карамандай каршымын. Орус улутун бардык улуттардан жогору койгон саясатына каршымын. Бул телевизиондук терроризм эмей эмне?!.

 

Али  Караев,

Бишкек ш.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №32 (208)