“Республика – Ата Журт” партиясынын тең-төрагасы Камчыбек Ташиевдин 15-августтагы курултайда сүйлөгөн сөзү

 

Урматтуу курултайдын катышуучулары!

Урматтуу коноктор!

 

Бүгүн биз өлкөбүз үчүн эң маанилүү, керек болсо тагдыр чечерлик окуя – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине шайлоолор алдында чогулуп олтурабыз! Сөзүмдүн башында биздин курултайдын катушуучуларына, алыстан ат арытып, жол карытып бизди колдоп келген партия мүчөлөрүнө, жалпы элибизге терең таазим этүү менен, ыраазычылыгымды билдирип кетемин!

 

Ушу тапта көпчүлүгүңүздөрдү “парламенттик шайлоо кандай өтөт?”, “биздин күч-дараметибиз кандай?”, “жеңебизби же артта калып бозоробузбу?”- деген сыяктуу суроолор танчсыздандырып турганын билем. Эгерде артка бир саам кайрылып көрсөңүздөр, билесиздер, биз, партия башында турган адамдар – Бабанов экөөбүз женилип калчулардан эмеспиз! “Темир отто чыңалат”,- деп айтылгандай, экөөбүз тең саясаттын казанында жаш чагыбыздан бери кайнап келатабыз. Нечендеген оор сыноолор, тайгак кечүү тар жолдорду басып өттүк. Бирок, бир да жерде мүңкүрөп, сынып калбай, кыйынчылыктарда башыбызды бийик кармап жүрөбүз. Көтөргөн маселең, күйүп айткан сөзүң эл үчүн болуп жаткан соң, чындык сен тарапта болот! Акыйкаттын жолунда болсоң, жеңилбейт экенсиң! Дал ошондуктан, турмуштун өйдө-ылдыйлары, атайын түзүлгөн тоскоолдук, бут тосууларга карабастан бүгүн минтип түгөл парламенттик шайлоого аттанып турабыз.

 

Мына, азыркы кезге чейин менден “Бабанов менен эмнеге биригип алдың!”, “Экөөң ачуу душман элеңер”, “Бирикпей жатып бөлүнүп кетипсинер го”- деген тейде суроолорду көп беришет. Жада калса эки партия кошулуп, Кыргызстанда реалдуу чыныгы күч пайда болгонун сезген кээ бир кытмыр адамдар атайын интрига уюштуруп, биздин арабызга от жагып, бүлүнтүү аракетин көрүштү. Мен ушул ыйык трибунада эл ичиндеги жогоруда айтылып кеткен сөздөргө чекит коюп кетейин туугандар!

 

Өмүрбек Токтогулович Бабанов менен биригип, “Республика” жана “Ата-Журт” партияларынын кошулуп, мындан ары “бир женден кол, бир жакадан баш” чыгарып, саясатта чогуу болуу чечимин биз чын жүрөгүбүздөн жана аруу максаттардын негизинде кабыл алганбыз. Бизди эч ким мажбурлаган жок. Ооба, бир кездерде саясатта оппонент болуп деле жүрдүк. Бирок биз андан туура жыйынтык чыгарып, баарын артка таштап, элибиздин жаркын келечеги үчүн бириктик! Экөөбүз көп убакыт жолугуп, сүйлөшүп, айрым амбицияларды артка таштап, акыры көз караштарыбыз туура келгендиктен бул тарыхый чечимге келдик! Экөөбүз тең алдыга койгон максатыбызга жетмейин - артка кайтпай турган адамдарданбыз! Өлкөнү өнүктүрүү, элибиздин турмушун жакшыртуу жаатында алдыбызда жакшы ой-максаттарыбыз бар. Ошондуктан, бүгүн ар кайсы кокту-колотко жашынып алып, маал-маал башын чыгарып, “булардан ырк кетти, таркап кетишти” деп айткандардын сөзү жалган экенин билдирем. Азыр күбө болуп олтурасыздар – Өмүрбек Токтогулович экөөбүз баштагыдай эле ынтымакта, биримдикте ишти алып барып жатабыз жана мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн бүт күч-аракетибизди жумшайбыз!

 

Андан тышкары, “Ташиев бийлик менен сүйлөшүп алып, соттолгондугун алдырып алды”,- деген сөздөрдү чыгарып жатышат. Баса белгилеймин – мен мамлекеттин чөнтөгүнө кол салган ууру-кески коррупционер же коомчулукка зыян келтирген коркунучтуу кылмышкер эмесмин! Мен элимдин көйгөйүн көтөргөнүм, чындыкты айткандыгым, Кыргызстандын келечегине каршы иштеген адамдардын тамагына тыгылган кылкан болгонум үчүн соттолгом. Ошондуктан бүгүн да саясий аренадамын жана эл-жердин кызыкчылыгын коргоо үчүн чоң күрөшкө аттандым. Башкача болушу да мүмкүн эмес эле! Чындыктан тайбаган, калыс сөзүн аябаган адамдарды Алла Таалам да колдоп турат. Эгерде мен башкаларга окшоп элдин мулкүнө кол салып, миллиондорду уурдап алып, уурулугун тутулуп темир торго түшкөн болсом – анда мага мындай мүмкүнчүлүктү Алла Таалам бермек эмес. Бүткүл саясий карьерамда менин тирегим эл болгон жана жакшы-жаман күндөрүмдө мени колдогон да, сүрөгөн да кыргыз эли экенин унутпайм жана таазим этем! Элдин колдоосу мен үчүн эң ыйык, ошондуктан уурулук жк башкак кылмышка түшүп, элиме эч качан кыянатчылык кылбайм! Ушу күнгө чейин мамлекеттин бир кирпичин да алган эмесмин! Кошумчалап, тактап айтам, ошол окуядан кийин мени “мокоду”, “тизеледи”, “ийилди” дегендер да терең жанылышат! Эгерде элдин кызыкчылыгы тепселенип, элге каршы иш-аракеттерге күбө болсом, жашынып олтуруп албайм, дагы да көч башында туруп, акыйкатсыздык менен күрөш жүргүзүүгө даярмын! Себеби мен үчүн кыргыз элинин келечеги кымбат! Элимдин ырыскысын жеген мите-курттар, келечегине балта чапкан кытмырларга каршы мындан ары да күч-аракетимди жумшай берем!

 

Ошол кезде камалышыбызга себеп болгон – “Кумтөр” маселеси тууралуу позициям өзгөргөн жок. Кыргызстандагы кен байлыктын баары элге иштеши керек! Бир ууч шылуундар азыр Кыргызстандын бардык чиновниктерин сатып алып, адвокаттай иштетип, жыргап жатат. Өзүбүз күбө болдук го, ошонун айынан “Кумтөр” маселеси бир да кадам алга жылган жок. Канадалыктар менен келишимди денонсациялоо, улутташтыруу чечими эң ыңгайлуу, кыргыз элинин келечегине төп келерин биз айтсак, укпай коюшкан, эл душманы катары камакка алышты. Ошондо бизди камоонун өзү саясий оюн болгону билинип эле турбайбы. Бирок, “Кумтөр” маселесин чечүү үчүн бизге тайманбаган, чындыкты туу туткан депутаттар керек. Азыркы депутаттар ага жарабайт! Эл бул маселенин чечилишин кааласа, түз көз карашы бар, чындыктан коркпогон, чет элдиктерге тизе бүкпөгөн, сатылбаган адамдарды шайлашы керек. Акыры тарыхты да карайлычы! Кыргыз качан эле тизе бүкчү эле? “Тизелеп кечирим сурагандан көрө, тике туруп өлгөн артык” – дейт кыргыз! Алла Таалам буюруп, эл колдоп, парламентке келип калсак, ошо кыргыз элине кыянатчылык кылган, шорубузду шорподой кайнаткандардын өздөрүн тизелетебиз!

 

Урматтуу курултайдын катышуучулары жана коноктору!

 

Алдыбызда парламенттик жарыш турат. Алла Таалам түз насип буюруп, биз да ага катышып, жеңип чыгарыбызга ишенип турабыз. Эгерде биздин максат – эптеп эле депутат болуу, бийликке жетүү болсо, минтип тер агызып, жаныбызды кыйнабайт деле болчубуз. Жеке адам үчүн депутаттыкка жетүүнүн миң түркүн амалы бар. Антип тар кызыкчылыктан улам парламентке баруу менен эмне табасың? Эли-жериңе керегин тийбесе, анда жигит болуп эмнеге басып жүрөбүз! Ошондуктан, биз баарынан мурда элибиздин турмуш-тиричилигин, чөгүп бараткан экономиканы оңдоо кыялыбыз менен алдыдагы аламан жарышка түшүп жатабыз! Атайын программа жаздырып, мамлекетти кризистен сууруп чыгуунун жолдорун сунуштап жатабыз. Жогорку Кеңешке бара электе эле чукул арада өлкө экономикасын көтөрүүгө жол ачкан мыйзамдар тобун даярдап койдук. Мунун баары тууралуу азыр айтканга болбойт. Бирок үгүт иши расмий башталып, жолугушууларга барганда кенен айтып беребиз. Эн башкысы, биз Кыргызстанды кантип өзгөртүү керектигин билебиз! Кооз убада бербейбиз! Куру сөз менен элдин курсагын убактылуу гана тойгуза аласың, а бирок, андан кийин тапкан даңкың талаага кетет! Ошондуктан, бул шайлоолор куру убада, акча чачуу, добуш сатып алуулардын жарышы эмес, идеялардын, программалардын жарышы болушун каалап турабыз жана буюрса, таза жарыш өтсө, сөзсүз утуп чыгаарыбызга ишенем!

 

Бүгүн биз “Республика – Ата Журт” партиясынын шайлоого бара турган талапкерлеринин тизмесин да бекитүүбүз керек. Мени сүйүндүргөнү – биздин партиянын талапкерлеринин арасында жаңы ысымдардын көптүгү. Шайлоочунун добушун алуу максатында көпчүлүк партиялар таанылган, элге аты белгилүү адамдарды өз катарына кошуп жатса, биз андай тажрыйбадан качып, негизинен жаштарга басым жасадык. Анткени, канчалаган жылдардан бери саясий элита жаңырбагандыгы айтылып келет. Колунан иш келген, билимдүү, келечекти көрө билген мыкты улан-кыздарыбыз бар. Мына ошолорду талапкер катары каттап жатабыз. Жаштар силерге кайрылып кетерим, чындыкты, адилеттүүлүктү биринчи орунга койгула! Эгерде эптеп депутаттыкка жетип, жылуу кабинет, кызматтык унаа, сайран жашоону элестетип жатсаңар азыр айтам, андайларга бизден орун жок! Биз менен болууну чечтиңерби, анда эл үчүн жүрөгүңөрдү дароо сууруп берүүгө даяр болушуңар керек! Ошондо гана силер чыныгы саясатчы боло аласыңар! Далай кыйынчылыктарга даяр турушуңар зарыл! Мына ошонун баарынан таза өткөндө гана эл силерди колдойт! Элдин үмүтүн, эне сүтүн актаган болобуз!

 

Урматтуу курултайдын катышуучулары!

 

Урматтуу коноктор!

 

Кыргыз эли кылымдарды карытып, нечен тайгак кечүү, оор сыноолор башка түшсө да, сырттан түмөн кол жоо келсе да ички ынтымагы, биримдигинин арты менен женип келген. Бүгүн дүйнөдө кандай капсалаңдар болуп жатат, бийлик талашып эли экиге бөлүнгөн же террорчулардын туткунунда калган мамлекеттер бар. Акыркы окуялар көрсөткөндөй, бүт дүйнө үчүн коркунуч жараткан террордук, сепаратисттик топтордун колу бизге да жетиптир. Биздин башыбыздан мындай кайгылуу окуя 2010-жылы эле өтпөдү беле?! Канчалаган эр азаматтар сеператисттердин колунан ажал тапты. Бирок эл биримдиги менен биз алардын мизин кайтарганбыз. Алар азыр деле реванш алуу оюнан кайта элек. Дал ошол кыйын кырдаалдарда сепаратисттерди колдоп-таяп турган адамдар азыр деле ар кайсы партиянын эшигин сагалап жүрүшөт. Мен буга окшогон бузукулардын чакырыктары, ураандарынан элибизди алыс болууга чакырам! Анткени кээ бир саясатчылар үчүн бийликке жетүү мамлекетибиздин бүтүндүгүнөн да зарыл нерсе! Ошондуктан, “күч бирдикте”, “ырыс алды ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңдан таяр алтын так” – дегендей, ынтымак-ырашкердик, биримдигибизди көрсөтүп, маданияттуу шайлоо өткөзүп, дүйнөгө дагы бир жакшы жагыбыздан таанылсак! Шайлоонун дүбүртү менен алтындай болгон мамлекетибизди жоготуп албайлы, андан өткөн трагедия болбойт.

 

Бул максатта башка саясий партия жетекчилерине да кайрылып кетем. Келиңиздер, бири-бирибизди сындап, чукуп, “кара пиар” менен шугулданганды токтотолу да, элди идеябыз, программа-платформабыз менен өзүбүзгө бурууга аракет кылалы. Ансыз деле алакандай элге бири-бирибизди жамандап олтуруп уятыбыз чыгып бүттү! Бул жаман адаттан арылуу учуру келип жетти, урматтуу атаандаштар!

 

Урматтуу курултайдын катышуучулары!

 

Урматтуу коноктор!

 

Соттор азыр кимге көз каранды жана чечимдерин кантип чыгарат? Буга чейин биз айтчу элек: соттор Ак үйдүн көзүн карайт, ал жактан буйрук берилбесе, оңгулуктуу жыйынтык чыкпайт деп. Ошондо бизди эл душманындай карашчу. Ошол сын-пикирдин баары туура экени билинип, шерменде болушту го. Биз мындайды токтотушубуз керек. Соттор чындап көз карандысыз болушу шарт. Ак үйгө жакпаган чечим чыгарсаң “дароо кызматыман алынат экем!”- деген коркунуч соттордо болбош керек! Мыйзамсыз чечим чыгарган соттор убагы келгенде жооп беришет, бармагын тиштеп, өз жазасын алышат.

 

Эң негизгиси, Кыргызстанда бийликке келген адамдар уурдап-жесе, элди эзсе жазасыз калбай турганын сезиши керек. Конституцияга биз сунуштап жаткан өзгөртүүнүн өзөгү ушунда жатат. Бизде бийликке жеттиңби, болду, элди унутушат! Шайланып, жогорку кызмат орундарын мыкчып алгандын баары кол жеткис коррупционер! Буларга каршы чыктыңбы – сен душмансың! Коомдо ушундай адилетсиз жагдайлар көп болуп жаткандыктанбы, өсүш сезилбей жатат. Бирок биз бул адилетсиздикти жоюушубуз шарт! Буга биздин күчүбүз, акыл көрөңгөбүз жетет!

 

Урматтуу курултайдын катышуучулары!

Урматтуу коноктор!

 

“Ашуудан берген отчетум”,- деп айтылуу Байдыкем айткандай, таркап жаткан парламенттеги фракцияларыбыздын иши тууралуу азыноолак сөз кыла кетейин. Биздин “Ата-Журт” фракциясы башта башкаруу коалициясында туруп, кийин, 2011-жылдагы президенттик шайлоодон кийин расмий түрдө оппозицияга өткөн. “Республика” фракциясы менен бирдикте оппозициялык альянста туруп, Конституциянын негизинде өлкөдөгү болуп жаткан туура эмес кадамдарды көзгө сайып көрсөтүп, бийликтин кемчилигин айтып турдук. Тагдыр чечер маселелер боюнча биздин фракциянын туруктуу депутаттары кандай добуш бергендиги да жазылып турат. Башкача айтканда, биздин фракциялар эл тарабында болду жана калк турмушун жакшыртууга багытталган бир топ мыйзамдарды сунуштады. Ошол эле учурда, эл алдына берген убадалардын үстүндө да иштедик. Бирок, кол жеткен менен, мүмкүнчүлүк чектелүү болгондуктан, анын баарын ишке ашыра албай калдык.

 

Буга бир эле мисал келтирели. Мисалы биз 2010-жылкы шайлоодо түштүк коогалаңынын чыгышына салым кошкон сеператисттерди, аларга жакындан жардам көрсөткөн бийлик адамдарын жоопкерчиликке тартуу убадасын берген элек. Ал максатта “Ата-Журт” фракциясынын, жеке менин да сунушум менен парламенттик комиссия түзүп, жыйынтык чыгардык. Күнөөлүүлөр аталды. Бирок эмнегедир парламенттин токтому аткарылган жок. Себеби кечээ эле сеператисттер менен сүйлөшүп жүргөн адамдар бийликте туруп калышты. Атүгүл, ошол кандуу окуя маалында, элдин канынын төгүлүшүнө себепчи болгон сепаратисттер менен сүйлөшүү жүргүзүп, түздөн түз байланыш түзгөн адамдар эми кайра баатыр болуп чыгып атышат. Элибиз, журтубуз беш жылда ушуну унутпаш керек. Муну унутсак, кечээ сепаратисттер менен сүйлөшүп, эми эл тарабында болумуш болуп аткандар эртең Кудай сактасын, кокус дагы бир чыр болсо кайра сепаратисттер менен биригет. Ушундайлардан этият болуш керек. Кыргыз элинин мамлекеттик туусун өрттөгөндөр, кыргыздын боз үйүн өрттөгөндөр душмандар менен бирге элдин башын айлантып, алдаганга аракет кылып жатышат. Мына ушундан сактаныш керек. Кыргыздар үчүн жанын бергендерди тебелеп-тепсеп, кыргызды сатып кеткендерге сый көрсөтө жардам бере турган болсок, анда тарых кайталанат, трагедия уланат. Акылдуу элибиз ушул окуялардан сабак алышы керек.

 

Менден ушул багытта, “ошондогу эмгегиңиз унутулуп баратат, өкүнбөйсүзбү?”- деп сурашат. Баатырдыкты, элге кылган кызматты “эл эстеп жүрсүн”, же “пайда табайын” деп кылбайт. Эл үчүн кылган кызматыма эч убакта өкүнбөйм. Сексен жашка чыгамбы, токсонго чыгамбы, ошондо да ушул абал кайталана турган болсо, элим менин кызматыма муктаж болсо, кыргызымды коргогонго дайым барам. Бул менин жүрөгүм, эс акылым менен чечилген, ички сезимим!

 

Урматтуу курултайдын катышуучулары!

 

Фракциялардын беш жылдык ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болуп атканда, партиялык курулуш ишинде кетирген кемчиликтерибизди да моюнга алуу керек. Жеке “Ата-Журт” фракциясын ала турган болсок, шайланып, депутаттык мандатка жеткен соң өз пайдасын гана ойлогон айрым мүчөлөрүбүздүн айынан ынтымагыбыз ыдырап, акыры ишибиз жемиштүү болбой калганын танууга болбойт. Буга биринчи кезекте партия жетекчилери күнөөлүүбүз, тизме түзүүдө өтө катуу жаңылыштык кетиптир. Элге чыкканда сүймөнчүктүү көрүнгөн менен, парламентке барганда кубулуп кеткен партиялаштардын айынан фракциянын иши жабыркаганы чындык! Кечээ эле чоң күрөштө биз менен бирге чыгып, партиянын идеологиясын колдоого убада кылгандардын жылуу кабинетке кирип алгандан кийин түсүн өзгөртүп кетишти. Арабызда ошондой хамелеондор болбош үчүн, азыркы “Республика – Ата Журт” партиясына биз талапкерлерди өтө кылдаттык менен тандадык. Ошого карабастан, биздин талапкерлерге да кайрыла кетем – эми бизде мурункудай чалкештиктер, алешемдиктер болбойт! Тартипти катуу кармайбыз! Бүгүн кооз кекилик же сулуу чымчык болуп туруп, эртең парламентке жеткенде хамелеондой түсүн өзгөртүп кетчүлөр арабызда болсо, дароо айтам, убара болуп, барбай эле, катарыбыздан чыгып кеткени оң. Себеп дегенде, катуу тартип болмоюн – эл алдында берген убадаларды аткара албай калат экенбиз. Биз менен катар “кыргыз мамлекетине ак кызматымды өтөп, элим үчүн жанымда аябаймын” деген гана адамдар барышы керек.

 

Урматтуу курултайдын катышуучулары!

 

Урматтуу коноктор!

 

Сөзүмдүн акырында дагы бир ирет белгилеп кетүүм керек: алдыбызда оор сыноо турат. Элдин ойлогону эле, “шайлоо тынч өтсө экен”,- деген тилек. Мындан тышкары толгон-токой экономикалык көйгөйлөр бар. Эгерде эл өзү кызыкдар болсо, шайлоо тынч өтөт. Жок, эл бул турмуштан тажадыбы, башкача болот. Мунун баарын эл чечет! Биздин тагдырыбызды да эл чечет! Мен келаткан шайлоодо биримдик жана чындык женишин каалайм! Эгерде бир болсок, “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарсак”, ийгилик сөзсүз келет.

 

Рахмат!