Өткөн жумада “Республика - Ата Журт” партиясынын тең-төрагалары Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов өлкөнүн бир катар аймактарын кыдырып, эл менен жолугушту. Жолугушуулардын географиясы: Талас, Кара-Буура, Токтогул, Кара-Көл, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Ала-Бука, Чаткал, Аксы, Кочкор-Ата, Базар-Коргон, Жалал-Абад ж.б.

 

Жолугушуулар айрым жерлерде ачык асман алдында өтсө, көп учурда шаардык же райондук клубдарда, салтанат өргөлөрүндө уюштурулуп, бир да орундун бош турганын мындай кой, жооптуу адамдар агылып келген элди батыра албай, саясатчылардын сөзүн сыртта туруп тыңдагандардан кечирим сурап жатышты. Себеби, мынча көп элдин колдоосун алдын-ала билүү мүмкүн эмес болчу.

 

Бардык жердеги жолугушуулар аншлаг менен өткөнүн айттык. Андан тышкары бардыгыбыз күбө болгон жагдай – эл саясатчыларды кетирбей, улам кызыктырган суроолорду берип жатышы. Ушунун өзүнөн эле эл Ташиев менен Бабановго чоң ишеним менен караарын билсек болот.

 

Көпчүлүгү буга чейин далай айтылса да, эмнеге эки саясатчынын бириккенине кызыгышты. “Мен деле угуп атам, биздин арабызды алыстаткысы келгендер ар кандай сөздөрдү таркатып жатат. Бийликтин батасы менен бириккенибизди божомолдогондор да көп. Бирок мен так кесе айта алам – биригүү чечимин Өмүрбек Токтогулович экөөбүз гана кабыл алдык. Эч кимге айткан жокпуз, жашыруун сүйлөшүп олтурдук. Өлкөбүздүн келечеги үчүн жеке амбициябызды жыйыштырууга туура келди. Башка саясатчыларга да айтарыбыз – жеке кызыкчылыкты таштап, биригип, мамлекетти көтөрүү керек”,- деди Камчыбек Ташиев.

 

Айрым жерлерде партиялардын атын жамынып парламентке баргандан кийин элин унуткан эл өкүлдөрү тууралуу суроолор болду. “Биз шайласак анан бизди унутканы эмнеси? Эмнеге алар кымбат унааларды минип, айлык алып жүрөт? Ушуларга чара көргүлө”,- деген тилек айтылды.

 

Бул суроого жооп берип жатып, К.Ташиев эл үчүн уйку бетин көрбөй иштөөгө даяр экенин, арийне, элине кызмат кылуу бактысын айрымдар мансапка алмаштырып ийип жатканын белгиледи. “Эгер кайра шайлансам, мен эл менен кошо жумушка маршруткада барууга макулмун. Мурда иштеп атканда мен айлык акымды өзүмө деги эле иштеткен эмесмин. Аларым менен муктаж адамдарга бөлүштүрүп берчүмүн. Башка депутаттарды деле айлыктан баш тарт деп мажбурлай албайбыз, иштеп аткан соң. Бирок унаалардан баш тартышсын!”- деди ал. Ташиевдин бул позициясы карапайым элдин колдоосуна арзыды.

 

 Биригүү тууралуу Өмүрбек Бабанов да сөз кылды. “Биз жеке амбицияларды таштап, бириктик. Эгер башка апартиялар биздин максаттарды колдосо, алар үчүн да эшигибизи ачык. Биз сүйлөшүүлөрдөн баш тартпайбыз. Бирок башка күчтөр биздин жалпы багытыбызды колдошу керек. Кардиналдуу реформалардан качпаш керек. Сөз жүзүндө мунун баары оңой айтылып жатканы менен, ишке ашыруу өтө кыйын”,- деди Бабанов.

 

Жолугушуулардагы эл үнү көрсөткөндөй, партия лидерлери сунуштап аткан Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү идеясын көпчүлүк колдоого алууда.

 

Биз “Республика -  Ата Журт” лидерлери барган ар бир аймактагы жолугушууларды гезит бети чектелүү болгондугуна байланыштуу чагылдары албайбыз, айрымдарына гана токтолуп өтүүнү туура таптык:

 

Талас: Иш сапар “Манас Ордого” зыярат кылуудан башталды

 

“Республика - Ата Журт” партиясынын лидерлери К.Ташиев менен Ө.Бабанов Кыргызстанды кыдыруусун “Манас ордо” комплексинде зыярат кылуу менен башташты.

 

 Касиеттуу жайга арча отургузулуп, партия лидерлери жергиликтүү аксакалдардан бата алышты. Андан сон, жаш манасчылар улуу эпостон үзүндү айтышты. Жергиликтүү аксакалдар - «Республика - Ата Журт» партиясынын лидерлерине сүлөөсүн тебетей жана ак чапан кийгизип, ак баталарын беришти.

 

 Ал эми Камчыбек Ташиевге – Талас областынын Кара-Буура районунун тургундары өз алдынча белек даярдашкан: партиянын тең-төрагасына ак калпак, чепкен кийгизип, ак тилектерин билдиришти. “Эки партия биригип жакшы иш баштады, алдыдагы шайлоодо ийгилик каалайбыз. Өзүңөр бактылуу болуп, жалпы элди бактылуу кылгыла. Оомийин!”,- деди Чоң Кара-Буура айылынын тургуну Абдразак Мамбетов.

 

Түштөн кийин, “Республика - Ата Журт” партиясынын лидерлери Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте эл менен жолугушту. “Республика - Ата Журт” саясий партиясынын тең-төрагасы Камчыбек Ташиев Бабанов менен биригүү жараянын мындайча түшүндүрдү: “Бир нече агымдар, партиялар, жердеш регион, облус, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп кеттик. Азатайлы, чекит коёлу, бир калпактын астында бириккен кыргыз өмүр бою бирге болушу керек. Салымыбызды кошуп калышыбыз керек деген үмүтүбүздү бириктирдик. Жөн эле чай ичип отуруп биригип калган жокпуз. Бабанов партияны жеңишке жеткизген жигиттерден. Мен да партияны парламентке алып келген жигитмин. Салмактуу чечим кабыл алынды. Шайлоодон кийин ажырашып кетели деген ой болгон жок. 4 ай эч кимге айтпастан, экөөбүз гана жолугуп жүрдүк. Ошого карабастан биздин арабызды суутуну көздөгөн күчтөр көп. Бирок азыртан айтам, алардын тилеги таш кабат”.

 

Өмүрбек Бабанов партиянын программасына токтолду. “Негизги максат – Конституцияны түп-тамырынан өзгөртүү менен, буга чейинки кемчиликтерди жоюу. Азыркы мыйзамдар – аткаминерлердин кызыкчылыгы үчүн жазылып, элге каршы иштегендиктен, өлкөдө өнүгүү болбой жатат”,- дейт партия лидери.

 

“Конституцияны түз жолго салып албасак, аткаруу бийлиги жылбайт. Парламентте бир аз да болсо Конституцияга өзгөртүүлөр демилгеленип атат. Албетте, биз муну деле колдойбуз. Мына бул жерде депутаттар отурат, колдоп атат. Депутаттар таарынбасын. Мына биздин партиядагы бир депутат бир жыл бою жумушка келген жок. Конституциялык мыйзам негизинде бир сессия деген бир жыл. Бир жолу келип калса мандатынан ала албайт экенбиз. Ал депутаттын – кадимки кызматкер жумушка келбей койгондон эмне айырмасы бар? Катышпаса, мандатын тапшырып берсин, башка партияны ачып иштей берсин. Эл үчүн кызмат кылууга Камчыбек Кыдыршаевич экөөбүз убада беребиз. Бирок бул биздин гана убада эмес. Жалпы партиянын убадасы. Тартипти орнотууга азыркы Конституция мүмкүнчүлүк бербейт экен. Тартип керек. Тартипти парламенттен баштап, аткаруу бийлигине жайылтышыбыз керек”,- деди Ө.Бабанов.

 

Андан тышкары Ө.Бабанов өзүнүн артынан “Жерүйдү менчиктеп алды”,- деген ушак жүрүп жатканына токтолуп, четке какты: “Жерүй” кени боюнча өкмөт биринчи жолу ачык-айкын тендер жарыялады. Буга мен да себепкер болдум. Премьер кезимде мыйзам жазгам, “аукцион болсун” деп. Аны ачык-айкын жол менен “Восток геолог добыча” компаниясы утуп алды. Мына 10 миллион долларды төлөп койду. Эми 90 миллион долларды төлөгөнү турат. Башка шылуундар алып кеткенче казактар менен сүйлөшүп, “ачык айкын катышасың, утуп алсаң, колдойм” дедим. Өзүңүздөр көрдүңүздөр. Ал иштесе, жыл сайын 250 млн. сом Талас областынын фондуна келет. Бир гана кызматым - ачык-айкын чоң компания алып келдим. Анда менин эч кандай үлүшүм жок. Жаңы технология алып келет. Эгер “Кумтөргө” окшоп экология маселеси болбосо, Талас эли колдоп берет”.

 

Майлы-Суу: мектептерге жардам

 

Партиянын штабына шаардагы 8 мектеп жетекчилиги жана ата-энелер жардам сурап кайрылышкан. “Республика -  Ата Журттун” саясий кеңешинин мүчөсү Талант Мамытовдун айтымында, Майлы-Суудагы билим берүүнүн сапаты өтө жогору. Окуучулар республикалы колимпиадаларды такай жеңип келишет. Дал ошондуктан аталган шаардын мектептерине өзгөчө көңүл буруу талап кылынат.

 

Мектептерге компьютер, музыкалык борборлор, принтерлер жана олтургучтар жетишпей жаткан. Баалуу белектер 16-майда К.Ташиев менен Ө.Бабанов шаар эли менен жолугушканда тапшырылды.

 

Аксы, Ала-Бука, Чаткал: Ачык суроолорго анык жооп

 

Ө.Бабанов менен К.Ташиев Чаткал районуна барган учурунда Идирис пайгамбардын күмбөзүнө барып, бата кылышты. Эске салсак, бул күмбөздү таптакыр каралбай, жоголуп кетүү коркунучунда турганда Камчыбек Ташиев оңдоп, калыбына келтирүү ишин өз мойнуна алган. Анын каржылоосунда күмбөз баштагы калыбына келип, бир гана Чаткал эли үчүн гана эмес, башка аймактардагы эл үчүн да зыярат жасоочу жайга айланган. Дал ошондуктан чаткалдыктар Ташиевдин келишин чыдамсыздык менен күтүшкөн.

 

Негизинен Чаткал, Ала-Бука, Аксы районунун калкы менен жолугушуу учурунда бийлик башындагы адамдардын жоопкерсиздиги, Башмыйзамдуу өзгөртүү демилгеси, эмнеге биригип алышканы ж.б. жөнүндө жүрдү.

 

Өз сөзүндө К.Ташиев “Башмыйзамга өзгөртүү киргизип, бийлик бутактарынын жоопкерчилигин күчөтпөсөк, алдыга жыла албайбыз”,- деген пикирин билдирди.

 

“Биздин партиянын башкы максаты токтоосуз реформаларды баштоо. Ансыз деле алтындай убакыттар текке кетип жатат. Башка күтүүгө болбойт. Биринчи кезекте бизге Башмыйзам аркылуу бийлик бутактарынын жоопкерчилиги керек. Азыр баары башаламан. Ким эмнеге жооп берерин биле албайбыз. Кайсы бир улуттук масштабтагы маселе чыкса, бири-бирине шылтап кутулган адатка айланды. Ошондуктан, бийлик бутактарынан конкреттүү жоопкерчилигин көрсөтүп, тартипти камсыз кылбасак, алдыга жылбай калдык. Элден андан тышкары кайсы башкаруу системасынын тушунда жашаарыбызды сурап, чечип алышыбыз керек”,- деди ал.

 

Партиянын дагы бир тең-төрагасы Өмүрбек Бабанов Конституцияны өзгөртүүнүн башкы максаты – эл бийлигин орнотуу экендигине токтолду. “Бийлик элге кызмат кылышы керек, а азыр баары тескери болуп жатпайбы”,- дейт ал.

 

“2010-жылдан бери төрт өкмөт алмашты, бирок бири да жоопкерчилик тарткан жок. Премьер-министрдин жоопкерчилигин жана мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү керек. 24 жылда 25 премьерди алмаштыруу – эмне деген шумдук. Өкмөт башчысын иштетпей эле интригабыздын ордосуна айлантып алдык. Ал өз алдынча бир да министрди алмаштыра албайт. Жаман иштесе да айдап чыга албайт. Анткени артында фракция турат. Депутаттар деле партиялар тарабынан шайланат. Эгер аларга элге берген убаданы аткаруу тапшырмасын айтсак, дароо өзүнчө топ түзө салышып, фракциядан чыга качышат. Менин оюмча – бизге жоопкерчилик керек. Чиновниктер эл алдында отчет берип туруусу зарыл. Депутат өз ишин чанса – дароо кетириш керек. Биз депутаттык кол тийбестикти алып салууну демилгелеп жатабыз”,- деди Бабанов.

 

Жалал-Абад: “Ташиевдин кадыры түшүп бүткөн, Бабановду эч ким колдобойт”,- деген сөздөр суу кечпей калды го

 

 “Республика – Ата Журт” партиясынын тең-төрагалары Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов Талас, Токтогул, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Майлы-Суу ж.б. аймактардын эли менен жолугушуп бүткөн соң сапарын андан ары улап, Кочкор-Ата, Базар-Коргон жана Жалал-Абад шаарларынын калкы менен жолугушту.

 

Айта кетүүчү нерсе – 2012-жылдын октябрында “Кумтөр” боюнча чындыкты айтып, укпаган бийликтин көңүлүн буруу үчүн митингге чыгып, андан соң элге каршы провокация, күч колдонуу орун алганда качып кетпей, ошол эл арасында нааразычылыгын аягына чейин билдирген Камчыбек Ташиев фракциялаштары С.Жапаров жана Т.Мамытов менен камакка алынган. Жыйынтыгында үчөө тең бийликтин буйрйтмасы менен мандатынан кол жууган. Жакында Жалал-Абад шаардык соту К.Ташиевдин соттолгондугун жойду. Бул факт көпчүлүк саясатчылардын түн уйкусун бузгандыктан, алар алдын-ала: “Ташиев акталганы менен чоң саясатка келиши арсар, эл колдобойт”, “кадыры, рейтинги нөлгө түшкөн” дешти эле. Бирок Талас жана Жалал-Абад облустарынын 20дай элдүү пунктуна барган Ташиевди баатырдай тосуп алып жатышканы эксперт чалыш, саясатчы болумуштардын айтканын толук төгүндөдү.

 

 Бардык жерде лидерлерди нан-туз менен тосуп алышып, аксакалдар ак бата берип узатып жатышты. Кайда барышпасын, “эл үчүн бириктиңер, эми жолуңардан кайтпагыла”, “Камчы балам, сен өзүңдүн иш-аракетиң менен кыргыздын нукура патриоту экениңди далилдедиң”,- деген кептер айтылып жатты.

 

 Ал эми дем алыш күндөрдөгү Жалал-Абад шаарында өткөн иш-чарага келген адамдардын агымы токтобой койду. Маданият үйү анча адамды батыра албайт тура. Ал жактан жолугушуу болду, бирок башкы сөз шаардагы салтанат өргөлөрүнүн биринин чоң короосунда, ачык асманда уланды. Анткени залга батпай, кирбей, көчөдө калып кеткен адамдарды сыйлап, ушул чечимге келишти.

 

Өз сөзүндө Камчыбек Ташиев эч качан кимдир-бирөөнүн камчысы болбостугун, мындан ары деле элине кызмат кылууга, керек учурда жанын берүүдөн кайра тартпастыгын айтты. Чогулган эл Ташиевдин түштүктөгү кандуу тополоңду токтотууга чоң аракет жасаганын эч унутпастыгын, ал эми “Кумтөр” митингиндеги кадамын – эл, журт, жер үчүн жасагынын бир ооздон белгилеп, соттолгондугунун жоюлушу менен куттукташты.

 

Ошентип, “Республика – Ата Журт” партиясынын лидерлерин эл чындап колдоого алаары иш жүзүндө далилденди.

 

Булак: “Майдан.kg”, №19 (196), 20.05.2014-ж.

 

Редакциядан: К.Ташиев менен Ө.Бабановдун иш сапары Ош шаары, Ош жана Баткен облустарында уланарын белгилеп кетүү абзел