“Кумтөрдүн” жаңы директорлор кеңешине кайдагы бир чет элдик шылуундарды сунуштаганы акылга сыйбаган, мамлекетке, улутка жасаган кыянаттыгы! Эмне үчүн биздин байлыкты чет өлкөлүк шылуундардан турган кеңеш каалагандай кодонушу керек? Ал да аз, майлуу жерге өкүл баласын алып келгени ашкере бети жоктук, саясий нигилизм!

  

 

1. Жоомарт Оторбаев өкмөт башчысы кызматында кандай иштеди жана анын кызматын тапшыруусунун чыныгы себеби эмнеде?

 

2. Кийинки премьер-министр ким болот? Татыктуу, элди ойлогон адам келеби же парламенттик шайлоодо бийлик партияларынын жеңишин камсыз кылып бере турган тил алчаак бирөөнү апкелишеби?

 

Шаирбек Маматокторов, коомдук ишмер:

 

“Оторбаевди саясый чыккынчы катары жоопко тартуу керек”

 

1. Оторбаев Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң начар премьер-министр болуп калды. Ушул премьердин тушунда мамлекеттин экономикасы кыйроого учурап, сырткы карыз 3.6 мрлд.ка жетип,  ИДПнын (ВВП ) дээрлик 60 пайызын түзүп калды. Дүйнөлүк тажрыйбада, тышкы карзы ИДПнын 60 пайызына жетсе - өлкө банкрот болуп эсептелет. Оторбаевдин эң чоң айыбы – “Кумтөр” маселеси. Бул адам, премьер-министр болгонго чейин деле вице-премьер болуп иштеген жана ошол эле “Кумтөр” боюнча келишимдерди тескеп турган. Ал эми премьер-министр болгондон кийин, 14 ай бою кыргыз коомчулугун жаш баладай алдап жүрдү. Эсиңизде болсо, өткөн жылы парламенттин жыйынында сөз берген – “мага ишеним артсаңар, убакыт берсеңер, 50/50% келишимин алып келүүгө сөз берем!” - деп. Ушунча убакыттан бери, башкасын айтпаганда деле, сүйлөшүүлөргө гана 345 млн. сом кетирип, аягында “ушул эле бойдон калыш керек” деп, кадимки эле дөөөпөрөстүн сөзүн айтты. Андай экен, эмне үчүн өз кезинде ойду-тоону айтып, коомчулукту үмүттөндүрөт? Анысы аз келгенсип, “Кумтөрдүн” жаңы директорлор кеңешине кайдагы бир чет элдик шылуундарды сунуштаганы акылга сыйбаган, мамлекетке, улутка жасаган кыянаттыгы! Эмне үчүн биздин байлыкты чет өлкөлүк шылуундардан турган кеңеш каалагандай кодонушу керек? Ал да аз, майлуу жерге өкүл баласын алып келгени ашкере бети жоктук, саясий нигилизм!  Андагы сырткары, дал ушул киши, келечеги күмөн Бажы Биримдигине кирүүгө, эгемендүүлүгүбүздүн акырындап кол жуушубузга түздөн-түз күнөөлүү! Ушунчалык кыянаттыктары үчүн бул адамды саясый чыккынчы катары жоопко тартуу керек эле. А бизде, өзүңүз билесиз, мамлекетти талкалаган бир да премьер-министр жооп бермек турсун, отчет берчү эмес. А бул киши болсо, отчет берип жатып, “Кыргызстан динамикалуу өнүгүп жаткан 5 өлкөнүн катарына кирдик”,- деп, карандай калпты айтты. Бул киши башка планетадан учуп келгендей эле сезилет. Оторбаев ойлойт го, коомчулук эчтекени түшүнбөгөн, сабатсыз деп. Кеткен себеби болсо, колунан келбеген жерде олтура бермек беле? Ошондуктан, жоопкерчиликтен качуу амалы. Эң таң калганым, окмөт башчысы эчтеке жасабаганын билип туруп, анын ишмердигин канаатандыраарлык деп тапкан Жогорку Кеңеш да дал ушул кишидей эле күнөөлүү жана жооп бериш керек!

 

2. “Кийинки премьер-министр ким болот?”- деген суроо бүгүн баарына кызык. Азыркы бийлик, өнөкөт кылып алган - ар бир маселеге бирден өкмөт шайлашат. “Кыргызгазды” сатыш үчүн бирөө, Бажы биримдигине кирүү үчүн башкасы. Эмдигиси ким келсе да, шайлоонун шайтан оюндарына дирижер катары эле келет. Бийликчил партияларды жана жалган оппозиция болумуш эткендерди парламентке алып келүү максатында. Ал эми “Кумтөр” маселеси чечилбей тура берет, алтын азая берет, чек аралар аңгырап ачык, криминал мамлекеттин иштерине толук аралашып жүрө берет. Сөз эркиндиги тебеленип, журналисттер сабалып, соттолуп, камалып жүрө берет. Кийинки премьер-министр болгону 5-6 айга жетпеген убакытка гана келет жана толук бойдон куурчактын гана ролун ойноп калат.

 

Кубатбек Кожоналиев,генерал:

 

“Президенттин айтканын аткарбаган чиновниктин тагдыры ушундай...”

 

1. Ж.Оторбаев өзү турган турпатына жараша иштеп, бийликтегилерди капа кылбаганга аракет жасады. Ал эми жетишкендиктери боюнча тариф, баалардын өсүшүнө, элдин жашоо-турмушунун деңгээлинин төмөндөшүнө карап баа берсе болот. Негизи премьер-министрдин кызматынан кетишинин себеби ачык көрүнүп турат: башында президент айткан “Кумтөр” боюнча чет элдиктер менен 50-50 % биргелешкен  ишкана курууга сөз берген. Кийин ал сунуштан баш тартты, жаңы сунуштарды алып чыкты. Президенттин ошол сунушунан Оторбаев кайтканда бир нече күтүлбөгөн отставкалар болуп, премьер-министрге маалыматтык  чабуул болду. Бул факт. Президенттин айтканынан чыгып өз алдынча иш алып барууга аракеттенип көргөн чиновниктердин кызматтык тагдыры кандайча аяктарына А.Салянова да мисал боло алат. 

 

2. Кийинки өкмөт башчы  президенттин адамы болот, анткени аны беките турган парламент президенттин көзүн карап турат. Ал деле өз алдынча эмес, президенттин айтканына  карап иш алып барат.

 

Болотбек Таштаналиев, журналист:

 

“Александр Кимди премьер-министр кылгыла...”

 

1. Жоомарт Оторбаев иштеген жок. Мисалы мени анын эмне себептен кызматтан кеткени эмес, эмнеге кызматка келгени кызыктырат…

 

2. Азыр мени бул кызматка ким келери кызыктырбайт. Бул аялын бат-бат алмаштырган жеңил ойлуу адамга окшогон кызматты жоюп эле салыш керек. Учурда саясат менен алектенип аткандар да, кийин келе тургандар деле Кыргызстанды оңдобойт, оңколотот. Бир кезде “Вечерний Бишкекти” Ким деген менчиктеп алып, кирешелүү гезитке айланткан. Бүгүн ошол Кимди премьер-министр кылып койсо, ошол булардан жакшы иштемек.

 

Жаркын Жаныбек кызы, “Саресеп” порталынын журналисти:

 

“Мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланды”

 

1. Жоомарт Оторбаев чындыгында жакшы эле аракеттерди кылды. Бирок бир жылда эмнеге жетише алмак эле? Анын буга чейинки премьерлерден айырмасы – мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланды. Коомчулук менен жакын болду. Министрлерди да элге жакындатып, тыгыз байланыштуу иштей башташына шарт түзө баштаган. Бирок, “Кумтөр” маселеси кайсы премьердин болбосун кызматтык өмүрүн кыскартат тура. Оторбаевге да таасир этти. Анын үстүнө ал өзү кызматка жулунбаган адам. Өз каалоосу менен кетти. Башка да себеби бар чыгаар...

 

2. Татыктуу, эл камын ойлогон премьер-министрдин келерине ишене албай турам.

 

А.Сатындиева

Булак: “Майдан.kg”, №16 (193), 29.04.2015-ж.