- “ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК” гезити В.Путин, Н.Назарбаев, А.Лукашенкого кайрылып, алар Бажы биримдиги же Евразия экономика кошунуна мурдагы бандиттер башкарган өлкөнү кабыл алып жатканын айтты. Мурдагы бандиттер катары И.Илмиянов менен Э.Мамбеталиевдин аттары аталууда. Мунун канчалык чындыгы бар? Биз бандиттик башкаруу тушунда жашап жатабызбы?

 

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:

 

“Кыргызстанда бандиттик башкаруу орноду”,- десек болот...

 

- “Вечерканын” кайрылуусу биринчиден, биздин элдин дарегине болуш керек, өздөрүнүн окурмандарына: аябай катуу, курч сөздөр менен жазышыптыр. “Акаевдин, Бакиевдин режимдеринен эч айырмасы жок”,- деген аныктаманы бериптир. Менимче мындан ачуурак сөз жок болуш керек! Бул сот чечимдеринин артында биз үчүн жеке ким турганы белгисиз бирок, сөзсүз, мындай чоң маселелерди жеке судьялар чечпейт, акчага сатып алынбайт. Ак үйдүн 7-кабатынан буйрук келгендигини анык эле болуп турат. Акыркы кезде бизди кооптонто турган фактылар көбөйүп кетти. Мисалы, президент бир канча жолу өзү эстеткен, издөөдө жүргөн мурунку прокурор депутат карындашыныкында жатканы аз келгенсип, эми аны камабастан, үй камагына чыгарышты.  Ошол эле учурда  жаш балдары бар келин-бухгалтерди СИЗОго камашат, “сен бош жүрсөң күбөлөрдү коркутасың, тергөөгө тоскоол түзөсүң”,- деп. Эми ойлоп көрсөңүз, бандитизм статьясы менен түшкөн, “күбөлөрдү коркутуп жүрөт” деген фактылары болсо дагы, үй камагына чыгарып атышканын. Дегеле Атамбаев мырза шайлоо учурунда сөз берген уюшулган кылмыштуулук менен күрөштөн эки жылдан бери кабар дайын жок. Батукаев баш болуп, бүт вор-закондор чыгарылып камактан, мурункудан беш бетер жыргап жүрүшөт. Укук коргоо органдары менен сотторго ишеним жоктугунан, чырдын баардыгын “авторитеттер” чечип калды азыркы коомчулукта. Ушул деле “Вечерканын” чыры - эң тираждуу гезит болбогондо - Рябушкин менен Кимдин талашын тийиштүү калыстык менен тыйчу авторитеттер бар. Адилеттүүлүктү мамлекеттик органдардан издеп, чыркырып табалбагыныбызды эске алсак, албетте, азыркы Кыргызстанда - бандиттик башкаруу орноду десек болот.

 

Бактыбек Калмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты:

 

“Атамбаевдин тегерегиндеги адамдарга нааразы болгондор көп”

 

- “Жок, андай эмес” десем элдер “жалган айтып жатат” деши мүмкүн. Бирок аты аталган адамдардын бандит экенине далилим жок. Эл арасында Атамбаевдин тегерегиндеги адамдарга нааразы болгондор көп.

 

Келдибек Назиров, журналист:

 

“Куру сөз эмес экенин далилдеши керек”

 

- “Вечерний Бишкек” : “сиздин мурдагы жан сакчыңыз, Мамлекеттик күзөт кызматынын майору, азыркы өлкөнүн эт өнөр жай тармагынын башкы куратору, кайрымдуулук фондунун ээси, Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Эркин Мамбеталиев жайгарып жаткандай” деп жазып чыкты. Демек, бул адамдардын ким экени элге белгилүү.  Эгер “ВБ” президентке ошондой кат жолдосо, демек өздөрү айткан нерсени тастыктаган колдорунда фактылар бар. Азыр президенттин тапшырмасы менен текшерүү жүрүп жатат экен. Менимче “Вечерний Бишкек” президент тапшырган органдарга тийиштүү маалыматтарды берип, өздөрү айткандын баары куру сөз эмес экенин далилдеши керек.

 

Шаирбек Маматокторов, коомдук ишмер:

 

“Таш менен урган “Вечерканы” аш менен уралы”

 

- 2010-жылкы бийлик алмашуу конституциялык жолдон тайып кеткени үчүн Убактылуу Өкмөттүн жоопкерчилиги зор. Бирок, алар али да бийликте. Демек, азыркы заманда буларды жоопко тартуу мүмкүнчүлүгү жок. Бирок, аз жылда бийлик алмашат жана булардын баары өз жазасын алаарына ишенем. Ал эми “Вечерний Бишкек” боюнча айтсак, албетте бул түз эле рейдерлик. Мындай рейдерликти мен өзүм жеке башымдан кечиргем. Так ушундай схема менен, соттун чечими деп туруп, бийлик таламандын так тушунда ОшТВ телеканалын тарып талган. Албетте, мунун баары бийлик тараптан пландалып, сатылма жана ыплас соттор аркылуу ишке ашып жатат. Ал эми “Вечерний Бишкек” өзүн коргоо максатында албетте, ар түрдүү тараптарга кайрылса болот. Бул алардын толук укугу. Албетте, бул чырдын тереңинде коомчулукка белгисиз чоң иштер бар. Бирок, карапайым көз караш менен караганда, бул сөз эркиндигине болгон түз чабуул. Мындай аракеттер мамлекетибизди ого бетер дөйнөлүк аренада уяткарды. “Вечерка”, чындыгында бир топ шовинисттик маанайдагы макалаларга жол берип, улутубузду көп ирет тымызын мазактап келген. Бирок, сөз эркиндиги бийик жана ыйык баалуулук! Ошондуктан, таш менен урган “Вечерканы” аш менен уралы! “Вечерканы” колдон келишинче коргойлу! Бул ММК кызматкерлеринин биримдиги жана принципиалдуу күрөшү деп эсептейм.

 

Кайрат Жапаров, журналист:

 

“Мамлекет үчүн чоң чыккынчылык кылган го”

 

- Албетте, "Вечерний Бишкек" гезитинин ушинтип кайрылганы чын болсо, мамлекет үчүн чоң чыккынчылык кылганы го. Койнуна котур ташын каткан "Вечерний Бишкек" гезитинин - мамлекеттин эң коркунучтуу душманы катары жүзү ачылыптыр. Анткени  Бажы биримдигине кирүү - өнүгүүнүн бир көрүнүшү, ага бут тосуп, мамлекетти  бандиттер башкарып жатканын шылтоолоп, каршылык кылуу душмандык эмей эмне? Мамлекетибиздин тагдырын чече турган башка өлкөнүн жетекчилери эмес. Андыктан мамлекетти ким башкарбасын, ал өз журтубузда гана сөз болуп, элибиз жана тарыхыбыз баа берип ала турган иш.

 

Тургунбай Алдакулов, медиа-эксперт:

 

“Буга чейинки президенттер мындай чечкиндүү кадамга барган эмес”

 

- Президент А.Атамбаевдин “Вечерний Бишкек” гезити боюнча позициясы (аны дыкат иликтеп, күнөөлүүлөр болсо статусуна карабай жоопко тартууну уку коргоо органдарына тапшырганы – ред.) коомчулук үчүн таң калыштуу болду. Анткени, буга чейинки президенттер мындай чечкиндүү кадамга барган эмес. Ошол эле оппозициялык маанайдагы журналисттер деле бул кайрылууну сыртынан сыр билдирбегени менен, ичинен ыраазы болуп кабыл алды. Кептин баары, окуянын мындан кийинки өнүгүшүндө. Бул жерде президенттин айланасындагы таасирдүү күчтөр чын эле “Вечерний Бишкекке” кызыгып атабы, же бир ууч топтун бизнеси саясатка айланып кеттиби, муну укук коргоо органдары аныктап, коомго ашкерелеши керек. Президент бул маселени иликтөөнү өлкөнүн коопсуздугуна жооп бере турган эң жогорку органдарга тапшырды. Менимче, алар деле эл, президент алдындагы жоопкерчиликтен коркушат. Коомчулуктун көңүл борборунда турган бул маселени атайлап будамалай турган болсо бул биринчи кезекте президенттин өзүнө зыян. Менимче, бийлик мындай жолго барбайт.

 

Өмүрбек Абдырахманов, Жогорку Кеңештин депутаты:

 

“Кайрылуу жасагандар күнөөлүү болуп чыгышы мүмкүн”

 

- Кыргызстанда революциялар болуп, президенттер алмашышы мүмкүн, бирок авторитардык-кошоматчылык система өзгөрбөйт, ордунда калып келет. Мындай башкаруу тушунда бийлик бир гана адамга таандык болот – президентке. Бүт күч органдары, соттор президентке гана баш ийет. Ушул органдарды көзөмөлдөө аркылуу президент өлкөдөгү башкы адамга айланат. Анын жакындары болсо экономика менен бизнести көзөмөлдөй баштайт. Азыркы президенттин тушунда да ушундай көрүнүшкө күбө болуп жатабыз. Демек, “Вечерний Бишкек” боюнча талаштын акыйкаттуу чечилерине ишеним аз. Гезит жамаатынын курч жана адилеттүү кайрылуусун президент өзүнүн эле кол алдындагы органдарына тапшырып койду. Албетте, мындай учурда, кайрылуу жасагандар өздөрү күнөөлүү болуп чыгышы мүмкүн. Башында жакшылыкча чечүүгө аракет кылышат, муюбай койгондо коркутуулар, камакка алуулар башталат.

 

Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:

 

“ВБ тегерегиндеги чыр – башка ММКлар үчүн кагылган коңгуроо”

 

- Өлкөдө парламенттик шайлоо жакындаган сайын президенттик институт күчтөнө баштады, бирок, терс жагынан. Бийлик шайлоодо жеңишкен жетүу максатында бүт алдыңкы катардагы маалымат каражаттарын өз көзөмөлүнө алгысы келип жатат. Анткен себеби, келаткан шайлоолордон көп нерсе чечилет. Бийлик чөйрөсү шайлоодо жетиштүү упай топтоп албаса, келечеги бүдөмүк болору белгилүү. Ошону билип, бийлигин сактап калыш үчүн, ушундай арам аракеттерге баргандан тартынбай калышты. Бүгүн бийлик бир адамдын колуна топтолуп калганы эч кимге жашыруун сыр эмес. Башка органдар кайсы бир ишти аткаруу үчүн гана колдонулат. Ошол абалды көрүп атабыз. “ВБ” тегерегиндеги чыр – башка ММКлар үчүн кагылган коңгуроо. Ал аркылуу бийлик башка маалымат каражаттарына эскертүү берип атат, “биздин айтканды кылбасаңар, силерди да ушул тагдыр күтүп турат”,- таризинде. А бул демократия үчүн өтө кооптуу.

 

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg