Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргызалтындын жетекчиси Токон Мамытов “Кумтөрдүн баардык сырлары ачыла элек"-деди. Ошондой эле” Кумтөрдү” мамлекетке алууга кандай тоскоолдуктар болуп жатканын айтып элди ишендирүүгө аракет кылды. Т.Мамытовдун жооптору туура же туура эмес экенин экс-депутат С.Жапаров талдап чыкты.

 

Садыр Жапаров:- Журналисттин биринчи суроосу: “Кыргызалтынынын куймалары кайда кетет?”

 

Токон Мамытовдун жообу:Кыргызстанда алтынды Кумтөрдө, Макмалда жана башка жерлерде казышат. Казылган алтынды биз Кара-Балта аффинаж заводуна жеткиребиз, андан «999-үлгүдөгү» куймалар чыгарылат. Бул алтынды «Кыргызалтын» сатып алып, Орусиялык «Открытие» банкына кайра сатышат (мурдагы «НомосБанк»), биз алар менен 8 жылдан бери иштешип келебиз. Белгилей кетүү керек, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы биздин алтынды алуу үчүн биринчи кезектеги укугу бар. Акыркы үч жылдан бери «Кыргызалтын» ААК казылып алынып жаткан дээрлик бардык алтындарды («Макмалалтын» жана «Солтон-Сары» кени) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сатып алып жатат. Алынган каражатка салыктар, айлык акылар төлөнөт, пенсиялык фондго которобуз.

 

Чындык жооп:“Даяр болгон алтынды Кыргызалтын сатып алат” деген сөз жөн гана кыргыз элин алдоочулук, көзүн будамайлоо болуп саналат. Анткени сатылган алтындан түшкөн акча каражаттын бир тыйынына “Кыргызалтын” ээ эмес. Болгону Россиянын "НОМОС БАНКЫ" аркылуу сатып бергендери үчүн ар бир унциядан болоор болбос эмгек акы алышат. Акчанын баары "Центерранын" счетуна барып түшөт. "Кыргызалтын" илгери эле өлкөбүздөн баалуу металдардын баарын сыртка жылма жолдор менен чыгарып берип туруу учун түзүлгөн ишкана экендигине текшеруу маалында толук көзүм жеткен. Дагы бир күлкү келээрлик нерсе. “Улуттук банк биринчи кезекте даяр алтынды сатып алууга укуктуу” дейт. Ооба. Келишимде ошентип көрсөтүп коюшкан. Бирок, “Улуттук банк канча алтын сатып алат?”- деген суроо берген киши жок. “Кумтөрдөн жылына 20-22 тонна даяр алтын (1 миллиард доллардын тегереги) алынат. Улуттук банк болгону 20 кг (жыйырма кг) алтын сатып алат. Андан ашык сатып алууга Улуттук банктын акчасы жок. Калган алтындын баары "Кыргызалтын" ишканасы аркылуу "НОМОС БАНККА" сатылды деген жолдор менен чыгарылып кетип турат.

 

Журналисттин суроосу:Канадалыктар менен сүйлөшүү кайсы этапта?

 

Токон Мамытовдун жообу:-“Кумтөрдүн” канадалык жетекчилери чет өлкөгө чыгып кетишти. Ошондон бери бул жакка келише элек. Алардын келбей жаткандыгынын себеби, эгер алар кайра Кыргызстанга келсе, биздин укук коргоочулар тарабынан камакка алынуу коркунучу бар деп, «Центерра» директорлор Кеңеши жибербей жатат. Ага ылайык, сүйлөшүүлөр да жаздан июлга чейин токтотулуп калган. Июлда биз сүйлөшүү процессин жандандырдык, ошондо да ал сырттан сүйлөшүү болуп жатат, б.а. кат алмашуу, документтердин тексттерин алмашуу деңгээлинде. Тездетүү үчүн биз он-лайн-сүйлөшүү жолуна түштүк. Августтун аягында алардын келүүсүнүн зарылдыгын айттык. Айрым маселелерди чече алдык десек болот. Бишкектеги жолугушуудан кийин кийинки жолугушууну юристтердин деңгээлинде сентябрда иштеп чыктык.Андан кийинки жолугушуу эл аралык мекемелердин, делегаттардын, юристтердин катышуусунда октябрда өттү. Биз Москвага бардык, ал эми канадалыктар Торонтодон Нью-Йоркко келишти, анан он-лайн конференциясы режиминде телекөпүрө уюштурдук.

 

Журналисттин суроосу:Бул кыйынчылыктардын эмне кереги бар?

 

Токон Мамытовдун жообу:- Анткени, Кыргызстанга келүүдөн коркуп жатышат. Аларга дагы эле уруксат берише элек. Мына азыр, декабрда гана аларды Бишкекте күтүп жатабыз, эгер бардыгы жакшы болсо, сүйлөшүүлөр уланат.

 

Чындык жооп:“Кумтөрдүн” Канадалык жетекчилери чет өлкөгө чыгып кетишкен жок. Качып кетишти. Үч жыл мурда Вандер, Стефанс аттуу жетекчилери качып, ордуна Фишерди таштап кетип жатышат. “Кечигип жатабыз, тез токтомду кабыл алалы да “Кумтөрдүн” мындан аркы тагдырын көзөмөлгө алалы”,- десем, канадалыктарга сатылган саясатчылар менен айрым депутаттар мени “калп айтып жатат” дешти эле. Мына эми Фишер да качып кетти. Анткени, “Кумтөрдө адам карап тура алгыс жаратылыштык катастрофалар башталды. Муну үч жыл мурда алдын алганыбызда кечикмек эмеспиз. Эмне үчүн Москвага чейин барып телемост аркылуу сүйлөшүп, булардын шартына макул болуп божоңдоп чуркап жүрүшөт деп ойлойсуздар? Жооп жонокой эле. Сол чөнтөккө сологон тонналаган алтындарды, миллиондогон долларларды акташ үчүн. “Кумтөрдү толук мамлекетке алып коюшса тигилер абийирлерин ачышы мүмкүн. Ошол үчүн 50/50 деген вариант менен сүйлөшүп, бүтүрүүгө аракет кылып жатышат. Биздин бийликтин планы ишке ашпай, тигилер ал шартка дагы макул болбой жатышпайбы.

 

Журналисттин суроосу:- Сатыбалдиевдин өкмөтү иштеп чыккан меморандум варианты Кыргызстан үчүн пайдалуубу? Кумторду алып коюга кандай тоскоолдуктар болуп жатат?

 

Токон Мамытовдун жообу:-2009-жылдагы Макулдашууну эске алуу керек, анда, жакшы учурлар менен бирге, Кыргызстан үчүн терс көрүнүштөр да көп болчу. Азыр, биз 2009-жылдагы Макулдашууну тааныбайбыз деп айта албайбыз, көп пункттар боюнча туура келбейт. Анткени, бул Макулдашуу пакети өкмөттүн токтому менен жактырылган, Минюсттан корутунду берилген, документ Жогорку Кеңеште каралып, ратификацияланган. Анан, аягында бул маселе Конституциялык сот тарабынан кароого алынып, ошондо бул документтер пакети- кыргыз мыйзамына каршы келбейт, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгында иш алып барат деп чечим чыккан жана Конституциялык соттун бул чечими акыркы жана даттанууга жатпайт деп жазылган.

 

Чындык жооп:Ооба. Парламент ратификация кылып бериптир. Бирок Парламенттин өз чечимин өзү жана өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу укугун эч ким алып койгон жок. Мындан сырткары ООНдун официалдуу жообу турат. “Бул эч кандай эл аралык келишим эмес” деген. Парламент азыр "ДЕНОНСАЦИЯ" кылса да кеч эмес. Парламент өлкөнүн ичинде чөнтөк парламент болгону менен эл аралык аренада чечимдери юридикалык күчкө ээ. Дагы бир күлкү келээрлик нерсе. Кечээ Москвага барып телемост аркылуу сүйлөшүп келишти. Токон Мамытов айтып жатат. 80% финансылык маселелерди чечип келдик дейт. Ээ айланайын оз колубуз менен чыгарып жаткан алтынга ээ боло албай, “кичине берип койгулачы” деп сурангыдай эмне мамлекетпиз? “Кумтөрдөн” күнүнө 5 миллион доллардын тегерегинде алтын казылып алынат. Өз проблемасын өзү чечип, андан сырткары бүтүндөй мамлекетти багып кетүүгө кудурети жетет. Айла жок "Жаманды коногу бийлейт" деген макал эске түшөт.

 

Эми Конституциялык сотко келели. Ооба. Конституциялык сот карап бул келишимдер мыйзамдарга каршы келбейт деген чечим чыгарган. “Коррупциялык, жаратылышты талкалоо, уурулук жолдору менен иштей берсеңер болот” деген чечим чыгарып берген эмес да. Эгер жогоруда айткандай жолдор менен иштешсе, “кыргыз тарап долбоордон баш тартат” деген нормалар келишимде жазылып турбайбы. Анан эң негизгиси 2010-жылы ошол чечимди кабыл алып берген Конституциялык сотту силер” лигитимсиз сотсуңар” деп таркатып жибербединер беле? Эмне өздөрү лигитимсиз дагы жазып берген бир барак кагазы лигитимдуу болуп калабы? Качан өзүңөрдүн жеке кызыкчылыгыңарга пайдалуу маселе болсо “лигитимдуу” деп, пайдасыз маселе болсо эле “лигитимсиз” деп элди алдай бересиңерби? Шылтооңор деле түгөнгөндөй болду го эми?

 

Акырында “Кумтөр” маселесин кандай чечүү жолдорун айта кетейин. Үч жыл мурда эле депутаттык комиссия токтомдун даяр долбоорун киргизгенбиз. Азыр ал токтом Жогорку Кенештин архивинде жатат. Ал токтомдо комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартып, тергөө тобун түзүп, “ЦЕНТЕРРАДА” жана “НОМОСБАНКТА” кыргыз тараптан кимдер акционерлер деген ачыла элек сырларды ачалы деген сунуш турат. Анткени, Кыргыз мамлекетибиздин 33% акциябыздан сырткары мурдакы жана азыркы аткаминерлерибиздин акциялары бар. “Баланчанын акциясы бар” деп атын атасам. Алар “юридикалык жактан далилдеп бер” деп эртең эле сотко беришет. Аларды бир гана тергөө жолу менен ача алабыз. Андан башка жол жок. “Эмне үчүн ошол убакта ал токтомду кабыл алышкан жок эле?”- деген суроо беришинер мүмкүн. Бул жерде көрө албастык, куру намыс жана коррупциялык элементтер үстөмдүүлүк кылып кеткен. Эмне үчүн “Ата-Журт”, анын ичинен Садыр Жапаров даярдап келген токтомду кабыл алышыбыз керек” деген көрө албастык сөздөр болгон. “Кумтөр” чыры башталган кезде ушул коалициялык көпчүлүктүн башы иштебейт. “Оппозициядан сени комиссиянын башчылыгына шайлап алышып “,-деп бир лидер фракциянын айтканы бар. Ошондуктан урматтуу Кыргыздын каймактары, мамлекеттин кызыкчылыгы турганда куру намыс, ичи тардык, жеке кызыкчылык деген жаман сапаттарды экинчи орунга таштап, даяр токтомдун долбоорун кабыл алып мамлекетибиздин жана элибиздин сообуна калышынарды суранып кетет элем.

 

1). Кыска мөөнөттүн ичинде Канадалык жетекчилердин коррупциялык элементтерин ачыкка чыгарып, эл аралык издөө жарыялашыбыз керек.

 

2). Экономикалык кылмыштарын ачыка чыгарып, так суммасын көрсөтүп, эл аралык сотторго беришибиз керек.

 

3). Кыргызстаныбыздын жаратылышына келтирген миллиардаган зыяндын өлчөмүн тактап чыгып, өзүбуздүн сотторго беришибиз керек (Келишимде жаратылышка келтирген зыян боюнча Кыргыз сотунда каралат деп жазылып турат)......

 

Токон Мамытов туура айтты. “Кумтөрдүн” ачыла элек сырлары көп. Баары али алдыда...