Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев араб өлкөлөрүн кыдырып, тышкы саясатта өзгөчө активдүүлүгүн көрсөттү.  Ушундан улам: "Атамбаев акыры өзүнүн түз милдетин аткарууга өттү" деп сүйүнгөндөр бар. Негизи, ажонун бул сапарын эл кандай кабыл алды, араб өлкөлөрү менен достук мамилени чыңдообуз керекпи? Бул багытта эксперттер сүйлөсүн...

 

Адиль Турдукулов, “Прогресс” коомдук фондусунун жетекчиси:

 

“Америка тарапты кароодон чочулап турат”

 

- Эми барганы жакшы дечи. Эң башкысы жыйынтыгы кандай болорун күтүш керек. Азыр болсо Президентибиздин башка коңшу өлкөлөр менен кандай мамиледе экендигин карап көрөлүк.


Атамбаев президент болуп ишке киришкени Борбордук Азия мамлекеттеринин арасынан жалгыз Казакстанга жана Туркмөнстанга гана расмий иш сапар менен барыптыр. Анан бу “эмнеле чек араларыбызда тынчыбаган ызы-чуулар, газ боюнча чечилбеген маселелер уланып жатат”,- деп коёбуз.


КМШ алкагын карап көрчү болсок, Азербайжандан башка эч бир өлкөгө барбаптыр. Биздин Атамбаевибиз. Азербайжандын президенти Алиев менен жолукканда а киши биздин өлкөгө энерготармакта бизге керек болчу альтернативдүү жардамдарды бермей болду эле, анысынан деле дайын жок болуп сөз бойдон эле калды окшойт.


“Азия жолборстору” атыгышкан Малайзия, Индонезия, Сингапур сыяктуу мамлекеттерге деле ажобуз кызыгайын дебейт. Индияны болсо такыр эле карагысы жок. Орусия менен катуу дос болуп алгангабы, Атамбаев Америка тарапты кароодон чочулап турат. Англия менен тыгыз мамиле кылуунун ордуна биздин президент “Максимди неге бербей атасыңар” деп Лондонго таарынган бойдон жүрөт. Европанын эң ири өлкөлөрү - Франция, Италия, Испания сыяктуу мамлекеттер Атамбаев деген ким экенин деле билбейт болуш керек.


Бу жагынан Атамбаев шалдайып эле иш кылбай, жүүнү бошошуп олтуруп калгандай таасир калтырат. А мен эсиңиздерге салчу болсом, так ушул биздин президент Конституцияны каратып туруп бузуп, тышкы саясатты жөндөө ишин өзүнө алып албады беле?..

 

Эркин Алымбеков, экс-депутат:

 

“Болгон аракетин жасап атат”

 

- Айтканга татаал, эми болгон аракетин кылып жатат дейли. Албетте глобалдык дүйнөдө биз ар кандай мамлекеттер менен ыкчам, жакшы карым- катнаштарды түзүүбүз зарыл. Ал иш аракет так иштелип чыккан тышкы саясат докринасынын негизинде эффективдүү, стратегиялык максаттарды көздөөсү керек. Ал стратегиялык тышкы саясат доктринасы барбы, болсо ал кандай деген суроо пайда болот. Албетте, араб өлкөлөрү инвестор катары бизге чон кызыкчылыгы бар. Бирок инвестиция тартуунун дүйнөдө далилденген классикалык эрежелери бар. Атамбаевдин араб инвесторлоруна келтирген негизги аргументи: “Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн эӊтуруктуусу ( стабилдүүсү)”. Бул аргумент Кыргызстандагы эки жолку төӊкөрүштөн кийин, араб инвесторлоруна жылмаюу гана алып келет. Экинчи аргумент, “Кыргызстанда коррупция жок, анткени мен коррупцияга аралашпайм, ишенбесеӊер муфтийден сурагыла”. Мындай тайкы түшүнүк, аргументтерден кийин араб өлкөлөрүнүн тыӊ,  “ карышкыр” дүйнө жүзүндө иштеген тажрыйбалуу инвесторлору кыргыз мамлекетин,кыргыз элин, кыргыз бизнемендерин “а бул бечаралар, өткөн кылымдын ой-пикир, эрежелери менен жашайт турбайбы” деген ойго келишет. Жыйынтыктап айтсам, “Алыбек алына жараша” деп, президент Атамбаев Алмаз Шаршенович алына жараш иш аракет кылып жатат. Анысын колдойлу, бирок экономиканын, инвестиция тартуу өз эрежелери бар, ал эми башка сөз...

 

Самсалы Четинбаев, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү:

 

“Эч бир мамлекеттин жетелендиси болбошубуз керек”

 

- Негизинен биз Кыргыз мамлекети баардык мамлекттер менен алака түзгөнгө, ал мамлекеттер менен жакшы мамледе болгонго аракет кылышыбыз керек. Бирок, ошол эле учурда Кыргызстан өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек! Баардык тараптан. Геосаясатпы, соода-сатык маселесиби, маданийби, иши кылып өз кызыкчылыгыбызды ар-дайым ала жүрүшүбүз керек. Эч бир мамлекеттин жетелендиси болбошубуз керек. Тилекке каршы бизде ошондой болуп калган учурлар акыркы жылдары көп эле кездешип атпайбы!? Бир мисал: ошондой көрүнүштөрдүн бири, мына, жылына казынабызга 200 миллион америка долларын берип турган американын базасын жетеленди саясаттын кедергиси тийип чыгарып салдык. Кимге зыян болду? Кыргызстанга зыян болду. “Океңдер суранды, кокуй, өзубүз эптей албайбыз” деп "Кыргызгазды" сатып ийдик ит бекерге, жыйынтыгында Ош газы жок олтурат... Кыскасы жетеленме саясатты токтотушубуз керек! Ал эми президенттин араб мамлекеттерине болгон иш-чарасы кадимки эле көрүнүш. Андан Кыргызстанга эмне пайда болот, аны убакыт көрсөтөт. Алар бизге окшоп “ура-а” деп кирип кетпейт (биз Бажы биримдигине кирип бараткандай), мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын биринчи орунга коет. Президент Аравия мамлекетине барбай туруп, Ташкенге барып, кычыраган кышта газы жок олтурган Оштогу газ маселесин чечип келсе көбүрөөк пайда болмок!

 

Кубатбек Кожоналиев, генерал:

 

“Президент сөздөн ишке өттү”

 

- Президент барган мамлекетинен  жаӊы 2 элчиликти ачуу жөнүндө жарлыкка кол коюп, 10дон ашык келишимдерди макулдашып, бекитип келгенине караганда КР мурдагы көп векторлуу саясатына кайтканы жөнүндө кабар бергендей. Эстесек, кетер алдындагы маегинде Атамбаев да ушул мааниде сөз кылган эле: баары менен - чыгыш-батыш, КМШ, жана Бажы биримдигине кирген мамлекеттер  менен жакшы мамиледе болобуз деген. Президент араб мамлекеттерине жасаган иш сапары менен сөзүн  ишке  бекитүү аракети катары бааласак болот. Чынында ММК кабарлагандай, Белорус менен Казак мамлекеттери  Бажы биримдигине кирип жатып да, өздөрүнүн  кызыкчылыгын чечкиндүү чаралар менен коргоп жатышат:

 

Айгүл Бакеева, журналист:

 

“Жакшы көрүнүш”

 

- Өлкөбүз дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери менен ар тараптуу алака, карым-катышта болгону жакшы. Бириккен Араб Эмираттарына Кыргыз мамлекет башчысынын тарыхтагы биринчи расмий визити болуш керек. Араб өлкөлөрү болобу, башка өлкөлөрү болобу, биз ал жактардан өлкөбүздүн экономикалык күч-кубатын, маданий-саясий байланыштарын чыңдоого негиз боло турган нерселерди таап алсак андан бетер жакшы. Бизде кандай сонун тоонун тунук суусу, суусундуктар бар, жайкалган жайлоолорду, Ысык-Көл, Сары-Челек ж.б. керемет жерлерди көрсөтүп, туристтерди тарта алсак эле кандай өнүгүп кетмекпиз. Жашылча-жемиш, жер-жемиш, көптөгөн экологиялык таза продукциялар бар. Айтор ар тараптуу алака андан ары уланып кете берсин.

 

Булак: “Майдан.kg”, №045 (174), 10.12.2014-жыл.