Коомчулукта Соростун Кыргызстанга келгени “дагы бир ынкылаптын башынан чыкканы калды”,- деген сөздөрдүн чыгышына себеп болууда. Мурунку келгенинде (Акаевдин тушунда) коомдук эмес уюмдар активдешип, жыйынтыгы жоогазын революциясы менен бүткөн. Бул ирет Сорос бизге эмне алып келди? Же адатынча Кыргызстанда революциянын дагы бир түрүн сынап көргүлөрү келип жатабы?

 

Бекташ Шамшиев, КТРКнын сайтынын жетекчиси:

 

“Ыңкылапты Соростун келиши эмес, кедейлик, жемкорлук кылат”

 

- Мен мындай дооматка макул эмесмин.  Кыргызстан кыйын заманды башынан кечирип жатканда Сорос маданият, илим тармагына көңүл буруп, миллиондогон долларын бөлгөн. Эчен илимпоздор ошол кездеги чыныгы жарыштан утуп, долбоорлору үчүн дурус дегидей акча алышкан. Чынында “Сорос” фондуна окшоп мыкты иштеген чет элдик фонд жок. Мына жакындан бери өзүбүздөн чыккан азаматтардын фонддору иштей баштады. Бирок, алардын каражаты Соростун акчасына жеткиче дагы кыйла суулар агат. Ал эми Соростун келиши ыңкылаптарды ээрчите келет деш деле туура эмес. Ыңкылапты бизде кедейлик менен жемкорлук жасайт. Ж.Сорос экономикалык оорчулукта отурган кедей өлкөгө жардам берейин, эмнеден кемчил экенин билгени келген болуу керек. Акылдуу өлкөлөрдө мындай адамды кызыл килем салып тосуп алат. Ал эми бүгүнкү элчилик алдындагы пикетти уюштурган шоркелдейлердин кемпирлерди чыгарып койгонун - алардын абийирлерине эле койгон оң. Кыргызстанда кезектеги революция болсо ал азыркы бийликтегилердин эле башкара албагандыгынан чыгышы ыктымал. Ойду-тоону сүйлөп иш кыла албай жүрө беришсе, партиялар ач бөрүдөй жулунуп, кызмат деп гана турушса эки революция кылган эл үчүнчүсүн кылбай коёбу. Ага жеткирбеш үчүн азыркы бийлик Акаев менен Бакиевден мыкты иштеши керек. Азыр андай көрүнүш байкалбай туру.

 

Абдыманап Кутушев, Жогорку Кеңештин  депутаты:

 

“Кыргызстанда чоң нааразычылык акцияларын уюштурууга негиз жок”

 

- Сорос Кыргызстанга  эмне алып келгенин жанынан көргөндөр эле биле албаса, так айтыш кыйын. Коомдук бейөкмөт уюмдары Сороссуз деле активдүү иштеп жатышат. Жеке мен алардын ишин курчуткан жаңы  нерселерди алып келет деп ойлобойм. Болгону каржылоосу көбөйүүсү мүмкүн. Бирок, бизде азыр революция жасап жибере турган кырдаал жок. Сөз эркиндиги жана саясый эркиндик жетиштүү, бар.  Көйгөйлүү маселелер ачык айтылып, өкмөт аларды чечкенге аракет кылып жатат. Ошондуктан Соростун келишинен саясат издеп, чоң нааразычылык акцияларын уюштура турган негиздер жок.

 

Руслан Бекназаров, “Эл үнү” кыймылынын мүчөсү:

 

“Революциялык кырдаал түзүлсө, Сорос эмес, бийлик күнөөлүү”

 

- Бир караганда анын келиши катардагы эле иш-чарадай көрүнөт. Бирок, анын дүйнөдөгү таасирине карай турган болсок, албетте, жөн эле визит эмес. Кандайдыр бир деңгээлде Кыргызстандагы кырдаалды байкоо десек туура болчудай. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Бажы союзуна кирүү алдында турат. Бул деген экономикалык жактан Россиянын толук көзөмөлүндө калуу дегенге барабар иш. Ушул маселенин алкагында Соростун келишинен көп божомолдорду чыгарса болот. Анын үстүнө Соростун келишине каршы “Русский Мир” коомунун өкүлдөрүнүн митингге чыгышы да көп нерсени каңкуулайт. Бүгүнкү бийлик “дүйнөнү башкарабыз” деген мамлекеттердин куурчагына айлангандыктан,  Соростун келишинен чоочулап, айласын таппай жатат. Анткени, Кыргызстанда азыр ички саясый да, социалдык да маселелерибиз  өтө оор абалда. Мындай кырдаалда кыргыз элинин мүнөзүн эске алсак,  кийинки революцияга жетелесе болот. Бирок, андай кырдаал түзүлсө, биринчи кезекте мамлекеттин багытын так аныктай албаган, элдин жашоосун эптей албаган, кекиртектин амалынан чыга албай жатышкан бийлик күнөөлүү болот.

 

Максат Казакбаев, “Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү:

 

“Соростун келгенинен чоочулабайм ”

 

- Негизи, “Сорос” фонду убагында Кыргызстандын агартуучулук жагына бир топ көңүл бөлгөн. Башкача айтканда билимдин сапатынын жогорулашына,  маданий жактан өнүгүшүбүзгө жана социалдык маселелерибизди чечүүгө өтө чоң салым кошкон. Аны биз карапайым эл түшүнүшүбүз керек. Ошон үчүн бейөкмөт уюмдарды каржылап, Кыргызстанга революция жасаганы келди деп ойлобойм. Анткени, бейөкмөт уюмдар аны кандай максатта колдонот, ал башка маселе. Ошондуктан мен Жордж Сороско түз көз карашта карайм. Анын келгенинен чоочулабайм.

 

Искендер Шаршеев, экономист:

 

“Сорос Орусиянын нервине тийгени келди”

 

- Менимче  революция жасоого Соростун деле кереги жок. Анткени, мурдагы төңкөрүштөр Соростун жардамысыз эле болгон. Азыр да  Соростун Кыргызстанга келгенинен саясат издебей деле койсок болот. Анткени, ал өз фондунун ишин текшергени жана Орусиянын нервине тийгени келатат. Бирок, ага карабай кезинде ага МГУ студенттери жумуртка ыргыткан эле.

 

Самсалы Четинбаев, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү:

 

“Бир нерсенин шыбышын угуп, чок баскандай чоочуп жатышса керек”

 

- Жорж Сорос Кыргызстанга бүгүн эле келе калган жок. Сорос фондунун Кыргызстанда иш жүргүзгөнүнө 20 жылдын жүзү болду. Керек болсо, Кыргызстанда анын фонду каржылаган Американын Орто Азиядагы университети да бар. Андан башка бир катар тармактар боюнча да демөөрчүлүк, кайрымдуулук иштерин жүргүзөт. Мисалы, билим берүү, адам укуктары, маданият, массалык маалымат каражаттары, бей өкмөт уюмдарга жардам берип,  Кыргызстанда демократиялык принциптердин ишке ашышына салымын кошуп келген. Эмнегедир анын бу сапар келгенинен чоочулагандар анын келишине каршы митинг да уюштуруп жиберишти. Баарынан кызыгы, алар кимдин саясатын колдоп, кимге жан тартуу максатында митингге чыкканын алардын аттары эле айтып турат. Биринин аты “Русский мир” деп аталса, экинчисиники “Славян маданият борбору” деп аталат экен. Демек, шамал кайдан согуп жатканы баарыбызга эле белгилүү. Митингге чыккандар да бир нерсенин шыбышын угуп, чок баскандай чоочуп жатышса керек. Анткени, Американын кызматтык мөөнөтү бүтүп кетип бара жаткан Кыргызстандагы элчиси Спратлен “Кыргызстанды Россияга уттуруп койдук. Бирок, биз бул менен эле жөн калбайбыз” деген таризде айткан. Демек, бул да чоң суроо...

 

Нурлан Мотуев, коомдук активист:

 

“Мага Соростун келип кеткени кызык эмес”

 

- Соростун келип, кеткени да мага кызык эмес. Анткени, кыргыздар эми ушул каафирлер берген акчага революция жасап, анан кайра эле каафир башкарууну апкелебиз деши мүмкүн. Мен мындай революцияга каршымын. Анткени, ушундай башкаруудан чарчадык. Эгер ошону каалап жатышса,  билген кашаларын жей беришсинчи. Мен Ислам революциясын жасагым келет. Мунума колдоо таппасам, бара турган даяр мамлекетим бар. Ошол жакка кете берем да бир күнү.

 

Рита Карасартова, жарандык коом өкүлү:

 

“Сорос Кыргызстандын таш-талканын чыгаруу үчүн келген жок да”

 

- Мен Акаевдин убагында кимдир бирөөнүн үгүтүсүз, башкача айтканда Соростун жардамысыз эле революция катышкам. Анткени, “Берметке каршы сүйлөйсүң”,- деп Улуттук университетте мугалим болуп жүрсөм жумуштан кетирип, кугунтукка алып, керек болсо, иштетип аткан дүкөнүмдүн да светин өчүрүшкөн. Ошон үчүн “Сорос келсе эле, артынан сөзсүз революция болот” деген ойдон алысмын. Мен Соростун эл менен бийликти алыстаткан эмес, тескерисинче көп жаштардын дүйнө таанымын өзгөртүүгө, илим, билим алууга шарт түзгөн жакшы жагын билем. Ошондуктан Соростун келишинен жамандык издебейм. Өкүнүчтүүсү, анын келгенинен чоочулагандар “Соростун кереги жок” деп митинг өткөрүштү. Бирок, маселе муну менен эле чечилип калбайт. Менимче Сорос Кыргызстандын таш-талканын чыгаруу үчүн эмес, тескерисинче колдоосун мындан да көбөйтүү үчүн келсе керек.

 

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg” гезити, №42 (171), 19.11.2014-ж.