Ким ушакчы экенин мезгил далилдеп жатат

 

Жума башында Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү боюнча Улуттук кеңешинин жыйынында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев өлкөбүздүн ташбака жүрүштөн арыла албай жатканына кимдер күнөөлүү экенин атады. Кыргызстандын башы душманы болуп ажонун баамында бюджеттик каражаттарды оңду-солду чачкан чиновниктер, миллиондорду уурдаса да чартаңбай тээп жашаган коррупционерлер, өздүк баасы 10 тыйындан ашпаган электр энергиясын 1 сом 20 тыйынга чыгарып сатса да аны туруктуу бере албаган “ширшовчулар”, бензин баасы асмандап атса Казахстан менен чек арада жаткан күйүүчү майды чыгара албаган өкмөт мүчөлөрү, айыл өкмөтүнөн баштап бүт жогорку кызматты менчиктеп алган коалициядагы үч партия эмес, биз, окурман журтунун кулдары – журналисттер эсептелет экенбиз.

 

“Азыркы системага сыйлабастык каза болгон журналист тарабынан салынган, ал сенсациянын артынан кууп жүрүп, баарын четинен каралачу, өз өлкөсүн дагы. Кээде күзгүдөн дагы каранып туруш керек, өз өлкөсүндөгү өзгөрүүлөрдү көрүш керек. Башка мамлекеттерди караганды токтоткула. 4,5 жылдан бери коррупцияга каршы күрөш багытында биз бир топ алдыга жылдык. Прокуратура, коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан чоң иштер козголуп жатат. Жерлерди трансформациялоого каршы антикоррупциялык мыйзамдар демилгеленип жатат. Бирок Кыргызстандын имиджи үчүн коррупционерлерге эле эмес, биздин журналисттерге да “рахмат” айтышыбыз керек. Мамлекет жөнүндө негативдүү жаңылык көрүү үчүн кандай гана сайт, кандай гана гезитти болбосун ачуу жетиштүү. Бирок биз бул этапты өтөбүз деп үмүт кылам. Ошондо көпчүлүк ЖМКнын намыстары ойгонуп, алар объективдүү, “а” же “б”, “ак” жана “кара” деп жаза башташат”,- дейт А.Атамбаев.

 

Эми караңыз, 2009-жылы А.Атамбаев оппозициянын лидери болуп турган учурунда ММК тууралуу төмөнкүдөй ой айткан: “Оппозиция үнүн элге толук кандуу жеткизе албай келет. Акаев доорунда айрым телеканалдар, радиолор аркылуу элге үнүбүз жетип турчу. Азыр болсо андай маалыматтык каражаттарга кескин тосмо коюлган. Башкасын айтпасак да, Акүйгө ачык иштеп аткан гезиттин бирөөсү оппозицияны сынга алыптыр: БЭК тарифтер боюнча өзүнүн пикирин айтпайт маанисинде шыбап. Чындыгында, биз баардык болуп аткан маселелерге билдирүү жасап, элге жеткирүүгө аракет кылып келүүдөбүз. Азыр болсо чындыкты жазганга, элге жеткирүүгө эки-үч гезиттин гана редакторлорунун жүрөгү даап атат. Калгандарынын эрки чектелүү. Анткени азыр туура сынды жазуу журналисттер үчүн да кыйын болуп калбадыбы, керек болсо журналисттер өлүмгө учурап, атургай колу-буту сынып, аягы чет өлкөдөн башпаанек алууга да аргасыз болушпадыбы. Мындай абал Кыргызстанда эч качан болгон эмес да” (“Учур”, 03.12.2009-ж.).

 

Андан бери эмне өзгөрдү? Атамбаев айткандай, үч же төрт гезит бар, азыр чындыкты таамай айтып, чагылдырып жаткан. Калган гезиттин баары бийликтин шыпыргысы катары кызмат кылып жатканын жашырыштын кереги жок, буга кесиптештер деле таарынбайт чыгаар. Мына ошол үч-төрт гезитте негизинен өлкөдө орун алган адилетсиздик айтылып атат, мисалы, коррупцияга каршы күрөштүн тандалма болуп калганы, КСДП алып келген кадрлардын кайсы тармакка барбасын талкалап жок кылып жатканын айтуудабыз. Мунун эмнеси жаман? Тескерисинче, Атамбаевдин көңүлүн ушундай оор көйгөйлөргө буруп, кырдаалды түздөп кетүүсү үчүн мүмкүнчүлүк жаратып жатпайбызбы. Эгерде кыргыз тилдүү гезиттерге тикеден каршы туруп албай, андагы чындыкка үңүлө турган болсо, Атамбаев тескерисинче, маалымат каражаттары Кыргызстандын патриоттук духу, ал эми ага жалган маалымат ташыган кошоматчылар дущман экенин билмек да. Анан айла кеткенде өткөндү эске салабыз да, “урматтуу Алмазбек Шаршенович, үнүңүз элге жетпей жатканда гезиттер жардамга келип, анын арты менен президенттик тактыга жеттиңиз го”,- дей баштайбыз.

 

Президентти гезиттерге каршы позицияга ким түртүп жатат? Кечээ “Алиби” гезити президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов тууралуу жазыптыр. Чет тил билгени жакшы, бу жагынан мактоого татыйт. Бирок, президент тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттарында позитивдүү имидж түзгөнү менен, өлкө ичинде кадыр-баркы аксап жатпайбы. Президентти кыргыз эли шайлаган. Ошондуктан, биринчи учурда анын ишине кыргыз элинин ичи жылыш керек. Ошону түшүнбөгөн басма сөз катчы канча кыйын иштебесин, эл ичинде шефине жакшы пикир түзө албаса, иши бир тыйынга да бааланбайт.

 

Каза болуп калган журналист ким экенин деле түшүндүк. Кеп албетте ыраматылык Мелис Эшимканов тууралуу жүрдү. Канчалык жасакерленбесин, бирок, ушул М.Эшимканов азыркы президентти канча сүрөп жүрдү эле. 2006-2007-жылкы, 2010догу Бакиевге каршы митингдерде ким канча эл алып келери бөлүнгөн. Ошондо Атамбаев Чүй боорунан эл алып келе албай койгондо мэрликтен кетип, азыр көчөдө калган досу Иса Өмүркулов менен ушул “ушакчы” аталган Мелис Эшимканов миңдеген адамды ээрчитип келип, кадырын сактап калбады беле. Муну ажо унутуп калса да, революциялаш замандаштары тастыктап бере алат. Анан калса, Эшимкановдун гезиттери Атамбаев үчүн чоң саясаттагы трибуна болуп жүргөнү жалганбы? Же көзү өтүп кеткен адам тууралуу эмне десе дагы жараша береби?

 

Күзгү тууралуу. Ооба, күзгүгө караныш керек. Бирок, азыркы заманда күзгү эмне? Дал ушул маалымат каражаттары бийлик бутактары үчүн күзгүнүн кызматын аткарып келатат. Ошондуктан, ошолор биринчи ушул күзгүнү карап, түздөнсүн! Арийне, ажо менен талаша турган биздин эч нерсебиз жок. Бардыгыбыз бир гана нерсени каалайбыз – Кыргызстандын эли жакшы турмушта жашашын. Элдин кыйналып-кысталып, өлбөстүн күнүн көрүп жашап жатканына биринчи кезекте бийлик күнөөлүү. Алар жүзүн элге буруп, элге кызмат кылмайын, журналисттик дем, күч-кубат чындыктан тайышы мүмкүн эмес. Эң оболу душманды тегерегиңизден издеңиз, Алмазбек Шаршенович! Эртең сизди шылдың кылып, жардан түртүп ийчүлөр ошоякта олтурат. Биз тескерисинче, ошол кошоматчылардын туткунунан чыгып, элдин турмушун ондоп кеткен чыныгы президент болушуңузду гана каалайбыз. А чынында ким “ушакчы” экенин ажыратып, баамдоону элге коёлу. Аны мезгил өзү далилдеп жатат.

 

Нургазы АНАРКУЛОВ

 

Президент билдиргендей, чын эле кыргыз тилдүү гезиттер – эл душманыбы?

 

Шаирбек Маматокторов, коомдук ишмер:

 

“Казанда эмне болсо, чөмүчкө ошол түшөт”

 

- Кыргызда сөз бар – “Казанда эмне болсо, чөмүчкө ошол түшөт”. Атамбаевдин оюна ишенсек, мамлекеттин имиджин ММКлар бузуп жатыптыр. Орустар айткандай, “бетиң кыйшык болсо, күзгүнү күнөөлөбө!”. ММК - коомдун күзгүсү. Коомдун абалы кандай болсо, жарандардын жашоо деңгээли кандай болсо, мамлекет төбөлдөрү кандай иштеп жатса, ошолордун баары ММКда чагылдырылат. Атамбаев жакшы иштеп, токчулук, арзанчылык болуп, жарык, газ, суу өчпөй, кылмышкерлерди кызыл килем менен узатпай, 1 долларга олчойгон ишканаларды сатпай, Конституцияны өзгөртөм дебей,  адилеттүү башкарса жана иштесе, анда журналисттер деле ал киши, өлкөдөгү абал жөнүндө жакшы жазмак эле да. Бир аз мурун эле, сөз эркиндигин чектөөчү мыйзамга кол коюп, журналисттерге кандай мамиле кылаарын далилдеген. Ал мыйзам журналисттердин коркута албады! Эми болсо, минтип күнөөлөгөнү - өзүнүн ишмердигинин начар экендигин моюнга алды. Негизи, менин оюмча, Атамбаевдин бул ирет айтканын ММКлар кайсы бир деңгээлде комплимент, мактоо катары кабыл алса да болот. Себеби, мындай жала жабуу - журналисттердин мыкты иштеп, бийликтин былыктарын ачыкка чыгарып жатканын далилдейт. Баш кесмей бар, а бирок...

 

Каныбек Темиров,  “7-каналдын” Бишкек студиясынын жетекчиси:

 

“Атамбаев журналисттердин майрамы жакындаган сайын унутулгус белек тартууламайды адатка айлантты”

 

- Кыргыз тилдүү гезиттерге Атамбаев тарабынан дайыма эле сын айтылып, “ушакчы” болуп келатасыңар. А кечээкисинде ажо жалпы ЖМКны айтып, арасына бизге окшогон телеканалдардын журналисттерин да кошо сынга алып өттү. Бирок, биздин президенттин айтканына эл баары бир ишенбейт. Анткени, эл деле кайсы маалымат булагын карашты түшүнүп калган. Менимче, президенттин кескин түрдө журналисттерге каршы позицияны карманып алганы – тегерегиндегилердин таасири. Мурунку президенттерге да жанындагы кошоматчылары “сиз мыктысыз” деп, “түстүү көз айнек” кийгизишкен. А сыртка чыгып карасынчы? Эл байкуш кыштан кантип аман чыгуунун амалын таппай, аргасы куруп турат. Соттолгон адамды министр кылып алып келишти эле, ал да светти өчүрөрүн айтып атат. Анан иши жүрүшпөгөн бийлик бул чындыкты жайган журналисттерди башынан сыламак беле! Негизи, Атамбаев ушу журналисттердин майрамы жакындаганда эле ушинтип сүйлөй баштайт. Эки жыл мурун резиденцияга чогултуп алып, журналисттерди аябай кемсинтпеди беле! Ошондо кыргыз тилдүү гезиттер биригип, катуу тургансыңар. Эмнеге бүгүн ошентпейсиңер?

 

Дайырбек Орунбеков, журналист:

 

“Эми Атамбаев оюна келгенди айтып кое берет экен да...”

 

- Менин кесиптештерим “президент Алмазбек Атамбаев журналисттерди күнѳѳлѳдү”,- деп абдан капа болуп атышыптыр. Мен ѳзгѳчѳделе реакция кылган жокмун. Эми, Атамбаев деген киши айта берет да. Анын сѳзүнѳмаани берүүнүн деле кажети жок. Себеби, ал ѳз сѳзүнүн ээси эмес экенин турмуш кѳрсѳттү. Оюна келгенин кыялкеч баладай айтып кое берген адам тура. Мисалы, ал 2010-жылы “электр энергиясына бааны кѳтѳрү бул - күнѳѳ”,- деп элдин алдында айтып, убада берген. Ал сѳзүнѳтурган жок. Казактарга сатылып кеткен Каркыра жайлоосун Нурсултан Назарбаевден сурап, кайтарып алам деп убада берген. Анысын да аткарган жок. Дээрлик берген убадаларынын бирин да аткарган жок. Мына ушундан кийин “Атамбаев оюна келгенин сүйлѳп кое берет экен”,- деген бүтүмгѳкелгем. Ошол себептүү журналисттерге багытталган сын-пикирине чычалап кетүүнүн да кажети жок. Атамбаевдин катардагы бир ойлонулбаган сѳзү. Досторум, кесиптештерим ушу Атамбаевге теңелбей эле койгулачы...

 

Булак: “Майдан.kg”, №39 (168), 29.10.2014-ж.