“Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиевдин “Республика” партиясы менен биригүү курултайында сүйлөгөн сөзү

 

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

Урматтуу бүгүнкү Улуу жыйындын катышуучулары!

 

Сөзүмдүн башында кандай гана кырдаалдар жаралбасын, биздин башыбызга не деген гана кыйынчылыктар түшпөсүн, ар дайым биз менен болуп, башынан-аягына чейин атуулдук позициясынан тайбай, тынымсыз колдоп келе жаткан шайлоочуларыбызга чын дилимден ыраазычылык билдирүү менен таазим этем! Бизге көрсөткөн колдооңуздар оор күндөрдө караңгыда жол көрсөткөн чырактай болуп, демибизге дем кошуп турду, күчтүү, кайраттуу болууга үйрөттү. Ошондуктан, мен сиздердин бул колдооңуздар, бизге көрсөткөн ишеничиңиздер менен сыймыктанам!

 

Айрыкча, менин башымдан өткөн оор мезгил учурунда мага кол сунган, мени колдогон ар бир адамдын эмгеги эстен кеткис. Туура, кандайдыр бир деңгээлде ошол оор кырдаалдын жаралуусунда өзүбүз тараптан да түрдүү катачылыктар кеткен, бирок, ким-эмне дебесин, биз элдин, мамлекеттин келечеги үчүн ушундай кадамга барганбыз. Коомчулуктун көңүлүн ордунан жылбай турган “Кумтөр” маселесине буруу керек болгон. Бул маселе биздин аракеттен кийин чечиле баштаганын дагы белгилеп кетүү абзел. Буга урпактар өз баасын берет. Ошол эле учурда биздин иш-аракетибизди колдоп, башыбызга түшкөн кырдаалды чечүүгө аракет жасаган инсандарга, баатыр энелерге, аксакалдарга жана келечектүү жаштарга ыраазычылыгыбыз чексиз.

 

Менин быйыл Орозо айында НТС телеканалынан чыгып сүйлөгөн сөзүмдү кээ бир толук көрбөгөн, түшүнбөгөн же түшүнгүсү келбеген адамдар ар түрдүү ушактарды чыгарып, атымды булгоого колдон келишинче аракет жасашты. Урматтуу эл-журт! Эгерде мен капысынан туура эмес иш жасаган болсом, анүчүн элимден кечирим суроого милдеттүүмүн. Себеби, андай катачылыктарды кийинки турмушумда кайталабоого аракет жасоом зарыл. Мен НТС телеканалында чыгып сүйлөгөн сөзүмдө чындыкты гана айттым. Жымсалдап, же бирөөгө жагынуу үчүн мындай кадамга барган эмесмин. Ыйык Орозо айында берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эл-журттан, мурда-кийин турмушумдагы окуяларга катышы бар адамдардан кечирим суроо эмнеге болбосун? Бардык эле мусулман пендесинин катарында, мен Орозо айы берген мүмкүнчүлүктөн туура пайдаландым десем болот. Адам болгондон кийин, кечээки жасаган ишибизге отчет берип, эл алдында ачык болгонубуз эле жакшы. Ошондуктан, ушул трибунадан ачык айтам: мен эч кандай сынып калган же бирөөлөргө сатылып кеткен жокмун! Мен үчүн эң негизги маселе – элибиздин биримдиги, тынчтыгы, келечеги, ошону камсыз кылуу үчүн мындан ары болгон аракетимди жумшаймын.

 

Урматуу кыргызстандыктар!

 

Алгач “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын басып өткөн жолуна кыскача кайрыла кетүү парзыбыз. Өзүңүздөр билесиздер, 2010-жылкы парламенттик жарышта биз сиздердин колдооңуздар менен, болуп көрбөгөндөй бийликтин кысымына карабастан биринчи орунду ээледик. Андан кийин, президенттик шайлоодо партиянын чечими менен жарышка чыктым. Президенттик жарышта башка атаандаштарыбызга салыштырмалуу мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү экендигине карабастан, кыргыз мамлекетиндеги эң олуттуу саясий күч экендигибизди далилдей алдык. “Ата-Журт” партиясы ар дайым стабилдүүлүктү, тынчтыкты колдоп келген. Ошондуктан, президенттик жарыштан кийин оор кырдаал жаралганда, биз жыйынтыгы жаман кесепеттерге алып келе турган ар кандай акциялардан баш тартып, башка саясий күчтөргө үлгү көрсөткөн элек. Шайлоо учурундагы менин негизги урааным “Эл бөлүнбөйт, жер сатылбайт” болгон. Ошондуктан, биз элдин бөлүнүшүнө жол берген жокпуз. Кандай болбосун, Кыргызстандын элинин тынчтыгы, биримдиги биз үчүн президенттик кызматтан да кымбат! Мен үчүн түндүгүм да, түштүгүм да менин Ата-Журтум, ыйык Кыргызстаным!

 

Урматтуу Улуу жыйындын катышуучулары!

 

2011-жылдагы президенттик шайлоодон кийин биз расмий түрдө оппозициядабыз.  Оппозициялык партия катары, Конституциянын негизинде өлкөдөгү болуп жаткан туура эмес кадамдарды көзгө сайып көрсөтүп, бийликтин кемчилигин көрсөтүүгө аракеттендик. Бийлик биздин сөздү укпай койгондо, республиканын аймактарында жүз миңдеген адамдар катышкан митингдерди өткөздүк. Анда эл тарабынан коюлган талаптар азыр дагы актуалдуу: 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларынын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн жазаланышы, банк кутучаларынан акча уурдагандарды камакка алуу, саясий куугунтуктоону токтотуу ж.б. Бүгүн да өлкө ичиндеги кырдаал оор. Энергетикалык кризис, базар бааларынын өсүшү, күйүүчү майдын баасы 1 долларлык чекти багындырганы, мунун баары элди нааразы кылып турган учур. Мунун баары жыйынтыгында кайрадан элдик толкундоонун жаралышына алып келбешине эч ким кепилдик бере албайт. Мындай шартта бир гана жол турат: биз бири-бирибизди чукулаганды токтотуп, бийлиги болобу, оппозициясы болобу бир олтуруп, “Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып”, элдин талабын аткаруу жагын ойлонушубуз керек. Бөлүнүп-жарылуу эмнеге алып келерин Украина окуялары көрсөтүүдө. Эгерде бизде ошол сценарий менен кырдаал өнүксө, сырткы күчтөрдүн Кыргызстанды экиге бөлүү тууралуу карасанатай ою аткарылып кетиши мүмкүн. Манас атабыз чын дүйнөгө кеткенде кыргыздын мамлекетин талкалаган Абыке-Көбөштөр чыккан! Түйшүк менен жыйналгандын баарын чачыратып жок кылып, бекем мамлекеттин пайдубалын уратышып, чыккынчылык кылышкан. Эгерде оор кырдаал түзүлүп кетсе, андай Абыке-Көбөштөр табылбай койбойт. Ошондуктан, бизге баасы – өлкөнүн экиге бөлүнүшү болгон акыйкаттуулуктун кереги жок. Элди оюнчук кылганды токтотуш керек! Албетте, ачыгын айтпасак болбойт, биринчи учурда бийлик да элге жасаган мамилесин өзгөртүүсү керек. Өз көз карашын ачык айткан атуулдук позиция үчүн куугунтуктаган болбойт. Оппозиция керек. Өнүккөн өлкөлөрдө оппозиция жок болсо, анын жаралышына, түзүлүшүнө шарт түзүп беришет. Себеби, кеткен катачылыкты көзгө сайып көрсөтүп турган дагы күч керек да. Антпесе, иштеп жаткан адамга өз кемчилиги көрүнбөй калышы мүмкүн. Эгерде бийлик буга көңүл бурбай, оппозициянын айтканын кулактын сыртынан кетире берсе, алар радикалдашып кетет. Мына ушуга жеткизбеш үчүн, бийлик да элге карай жүзүн буруп, бардык саясий күчтөрдүн диалогу керек. Биз бир үстөлдө олтуруп маселе чечкенди үйрөнүшүбүз зарыл.

 

Бүгүн бизге “ийри олтуруп, түз кеңешкен” диалогдун зарыл экендигин өйдөдө белгилеп өткөнүмдөй, Украинадагы окуялар, Сирия сыяктуу мусулман мамлекеттериндеги кырдаал көрсөтүүдө. Ал жактагы кырдаал бизге: “көзүңөрдү ачкыла, силер да ушундайды каалайсыңарбы?”- дегендей түшүнүктү билдирүүдө. Бүгүн ар кандай террорристтик, экстремисстик уюмдар күч алды. “Ислам мамлекети” сыяктуу иш-аракетинде ислам динине жат көрүнүштөр кездешкен уюмдар пайда болууда. Алар да биздеги кырдаалды байкап турушат. Жаңы фронт издеп жатышкан чакта ортодон биз бөлүнүп кетсек, чырактарына май таамп кетпейби! Анда эгемендүүлүктүн куну өтө кымбатка түшүп калат. Андай бийлик талаштын бизге кереги барбы? Жок! Биз, кыргызстандыктар, ошондуктан, өлкө келечегин ойлосок, уруу-урууга, кокту-колотко бөлүнгөндү тототуп, “Республика” менен “Ата-Журт” партиясы сыяктуу биригүүдөн качпашыбыз керек, элибиздин ынтымагын чыңдоо үчүн күрөшсөк, ошонун артында жакшы жакка өзгөрүүлөр сөзсүз болот!

 

Дагы бир өлкөбүздүн келечек багытына өз таасирин тийгизе турган жагдай – конституциялык реформага баруубуз керекпи же жокпу? Азыркы кырдаал көрсөтүп тургандай, парламенттик башкарууга шашылыш умтулуп, анын толук касиетин колдоно албай, натыйжада, бул эксперимент өтөөсүнө чыкпай калды. Ошол багыттан алып караганда, Конституциялык реформа жүргүзүү зарылдыгы тууралуу сунуштардын жөнү бар. Биз азыркыдай башаламан туңгуюк абалга кептеген Конституция менен эч качан өнүгө албайбыз. Конституциялык реформа аркылуу өлкөбүз кайсы башкаруу системасы менен кетерин белгилеп алыш керек. Жарым-жартылай эмес, толук кандуу бир башкаруу системасын тандап, андан ары өнүгүүгө багыт алуу керек. Бирок, тактоо иретинде айтарым, конституциялык реформа кайсы бир бийлик тутумунун ыйгарым укуктарын кеңейтүү үчүн эмес, өлкөнү башалмандыкка кептеген Башмыйзамдын беренелерин оңдоого багытталуусу тийиш. Мисалы, ошол эле соттордун көз карандысыздыгын, өз алдынчалуулугун күчөтүү багытында Конституцияга эмнеге өзгөртүү киргизсек болбосун?! Мына ушул багытта жана өлкөнүн мындан аркы өнүгүп-өсүүсүн көздөгөн биздин бирдиктүү программабыз жакында назарыңыздарга коюлат.

 

Урматтуу Улуу жыйындын катышуучулары!

 

“Ата-Журт” фракциясынын ишмердүүлүгүнө айтылып аткан сын-пикирлерге мен толук кошулам. Эгерде биз биримдикте болсок, партиянын кызыкчылыгын, демек, артыбыздагы шайлоочулардын таламын талашсак, азыркыдай кырдаал жаралмак эмес. Буга биринчи кезекте биз, партиянын жетекчилери күнөөлүүбүз. Учурунда, партиялык тизмени түзүүдө өтө көп жаңылыштыктар кетиптир. Кечээ эле чоң күрөштө биз менен бирге чыгып, партиянын идеологиясын колдоого убада кылган депутаттыкка талапкерлер эңсегенине жетип, депутаттык мандатты алып, жылуу кабинетке кирип алгандан кийин түсүн өзгөртүп кетишээрин билбей калыптырбыз. Арабызда ошондой хамелеондор пайда болгондон фракциянын иши жабыркады. Айрымдар жеке керт башынын кызыкчылыгын гана көздөп туруп алышты. Дал ошондуктан биз азыркы өзгөрүүлөргө барууну чечтик! Катарыбызды ошондой эл кызыкчылыгын ойлобогон адамдардан тазалоону максат кылдык.

Биздин партия өтө оор убакта жаралган. Партиянын тарыхындагы биринчи саясий чоң күрөшкө элибизди бөлгөн улутчул сепаратисттер баш көтөргөн маалда аттандык. Ош окуясы менин жүрөгүмө өзгөчө таасир берген. Ошондо бийликтеги аткаминерлердин бири да басып келбей койгондо, партиябыздын лидерлери эки элди арачылап, өз өмүрүбүздү тобокелге салган учурлар болду. Коркпой, тайманбай, мекенибиздин бүтүндүгүн сактоо үчүн күрөштүк. Мына ушунун баарын баштан өткөзгөн адам катары, бүгүн Кыргызстанда өтө оор кырдаал түзүлүп турган учурда, жөн гана жөнөкөй көрүүчү болгубуз келбейт. Дал ошондуктан, эли-жерибиздин келечеги үчүн “Республика” партиясы менен биригип, мамлекетибизди геосаясий, саясий, экономикалык, социалдык оор турмуштун сазынан сууруп чыгарып кетүү максатын көздөп жатабыз. Бул багытта биз келечек пландарыбызды талкуулап, көп жагынан көз караштарыбыз дал келерине ынандык. Биз эле эмес, азыркы шартта баары биригүүгө өтүшү керек. “Республика” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Токтогулович Бабановго жеке мен ишендим, анын мамлекетти оңдоого багытталган омоктуу ой-тилектери мени толук ынындары алды, ошондуктан биригүү ишине макул болдум. Кээ бир жумурткадан кыр издеген саясатчылар айткандай, эгерде биз өзүбуздүн жеке кызыкчылыгыбызды көздөй турган болсок, анда биригүүнүн кереги жок болчу! Биздин биригүүбүздө жеке амбиция, керт башыбыздын кызыкчылыгы жок, биз эл-жерибиздин ынтымагы, биримдиги, бүтүндүгүн ойлоп, бардык пикир келишпестиктерди жеңип, артка таштап ушул кадамга бардык. Кыргызстандын баш көтөрүшүн, эл ынтымагын каалабагандар кылдан кыйкым издеп, түрдүү кептерди чыгарышпасын, бизди бөлүп-жаруу аракети ишке ашпайт. Буга убара болбой эле койгула. Тескерисинче, биздин катарга кошулгула, жеке амбицияны таштайлы да чогуу Кыргызстанды өнүктүрүү жолун издейли!

 

Баса белгилеп кетүү керек, мындай республикалык деңгээлдеги эки чоң саясий күчтүн биригүүсү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Адатта күчтүү чоң партиялар эмес, кичине-алсыздар биригишет эмеспи. Бул алгачкы чоң ийгилик! Менин терең ишенимимде, “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясы бул биримдиктин катарында мындан да олуттуу саясий күчкө айланат! “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын оор кырдаалдарда, кыйын кезеңдерде бирге болгон, партия кызыкчылыгын таштап басып кетпеген ар бир мүчөсүнүн жаңы саясий бирикмеге кошулууга толук укугу бар! Биз ынтымактуу болсок бардык нерсени жеңебиз!

 

Урматуу кыргызстандыктар!

 

Алдыбызда оор сыноолор турат. Белгилеп өткөнүмдөй, Кыргызстан көп тармактуу кризистин туткунунда калды. Кыш оор болот. Андан биз кантип чыгабыз? Канткенде өкмөттү эл жөнүндө ойлонууга мажбур кылабыз? Бир гана жолу – биз бирдикте экенибизди далилдешибиз керек. Эгерде өздөрүнө теңата күч бар экенин сезе алышса – ошондо ойлоно баштайт. Ошондо эсептешип, катасын оңдоп, элдин көйгөйүн чечүүгө бет алышат. Биз мына ушундай чоң күчкө айлануу алдында турабыз. Ошондуктан, бардыгыңыздарды биримдикке, тынчтыкка, ынтымак-ырашкерликке чакыруу менен жаңы биримдиктин ишине ийгилик каалайм. Биздин куралыбыз – биримдик жана чындык! Эгерде бир болсок, “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарсак”, ийгилик сөзсүз келет. Рахмат!