“Акылман (мудрый) башкалардын кетирген катасынан сабак алат. Акылдуу (умный) өзү кетирген катадан сабак алып экинчи кайталабайт. Акылсыз өз катасына деле кайта кайта чалынып кайталай берет”- деген сөз бар. Бүгүнкү бийлик башында отургандарды ушул үч аныктаманын кайсынысына кошот элеңер?

          

Баары ушундан башталбады беле. Акаевдин бийлиги учурундагы митинге чыгабыз дегендерди сабап, камап таратуулардан башталып, улам күчөп отуруп Аксы окуясына, киши өмүрү кыйылып кан төгүүгө алпарды. Шайлоону бурмалоо менен үй-бүлө мамлекеттик бийликти толук басып алып, Акаевдердин монархиясын орунотобуз дешип кыялданышты. Жыйынтыгы “ Этиң эмес табагыңды таап ал” болуп жанын аман сактап калуу үчүн качууга аргасыз болду. Учурунда “Урматтуу Аскар Акаич...Урматуу Аскар Акаич... Бары сиз ойлогондой болот. Эл деген ким болуп калыптыр. Бир ууч акылынан айныгандар дүрбөп жүрүшөт. Алардын эсебин табабыз. Сиз бизге ишене бериңиз...”- деп эпилдегендер Акаичин жардан түртүп ийишти да кымпыйып баштарын катып кала беришти.

 

Бакиев келди. Үч жылга жетпей Ак үйдөн баягы революция жасап бийликке чогуу келгендерден эч кимиси калбай сүрүлүп чыкты. Ажого чындыкты айткандар жакпай калды.  Айланасын жалаң “ичтер” ээлеп алышты.“Акаич акмак болчу. Биздин тилибизди албай катыны менен кызы, баласына бүт бийликти берип койгон. Ошондон куулду. Сиз биздин тилди алсаңыз элдин мойнун толгоп туруп Бакиевдердин монархиясын орунотуп беребиз” – дегенге өтүштү. Бийлик азгырыгынын сыйкыры укмуш тура. Кайрадан көз тумандады. Кайрадан түбөлүктүү тукумдан – укумга өткөн монархиялык бийлик элестей баштады. Ансайын тигил “ич” – деп жүгүнгөндөр эпилдешти. Бир туугандары, балдары биринин артынан бири бийликтин урунттуу тизгиндерин кармай башташты. “Ансайын ичтер лыпылдап өз ара “аймактарды” ( Бирлери бир туугандарынын колтугуна кирсе бирлери балдарынын “атын токуп”) бөлүштүрүп ээлешип, эпчилдик менен  өз кызыкчылыктарын ишке ашырышып, байышып, көз таңмайга өтүп, укмуштарды айтып, “Эң ишенимдүү адамдарды башкы түйүндөргө коюңуз. Бир тууганыңыздан, балдарыңыздан ишенимдүү ким бар. Туура кылып атасыз” – дешип жээликтиришти. “Эл агылып толкуганы турат. Балдарыңызды, бир туугандарыңызды бийликтен кетириңиз. Үсөновдун тилин албаңыз. Светке болгон бааны көтөрбөңүз. Али эрте,” – деп чындыкты айткандар душманга айланып, кызматтан кетип, майда-чүйдө кызматка илээшкендери кабылдамага да жолой албай калышты. Эл улам бир жерде толкуп, нааразычылык күчөп баратса да көзүн байлагандар көрсөтпөй, кулагына чууну угузбай турушту. Жумуртка менен урдуруп куумай, камап, байламайлар, долу, ажаан, абий- намыс дегенди билбеген, түрмөгө бир нече жолу отуруп чыккан катындардан ОБОН түзүлдү. “Каралар” бийлик менен коюн колтук алышып “үй-бүлөгө” тешеси жок бизнестегилерди муунтуп, ал түгүл тилге кирбегендерин тындым кылмайга өтүштү. Бирок элди баса алышпайт эле. От улам күчөп өрткө айланды.

 

Таласта облакимчилик күйүп жатса Үсөнов Жогорку Кеңештин тирибунасында “Топтошкон кылмышкерлер чыгышты эле, тарбиялап койдук,”- деп дүкүлдөп жатты. ИИМ министри: “Мен аларды өзүм эле барып акелерин таанытып келем”- деп тик учак менен учуп кетти. Жыйынтыгы эмне болду!? Ак үйдүн астын канга бөлөсө да каарданган элди токтотууга күч жетпеди. Баягы “Мен Акаев эмесмин, эч убакта качпайм”- деп кайда болсо эрдемсип дердеңдеген Бакиев кысталышка келип, өлүм менен өмүр тирешкенде жан таттуу экен, качканда да карайлап кирээр тешик таппай качты.

 

Бийлик алмашты. Бир эмес эки президент качты. Кыргызстандын аты дүйнөгө угулду. Эл эркине каршы туруу мүмкүн эмес экени акылсыздын акылсызына да түшүнүктүү болуп калды деп жүрдүк. Бийлик башына күтүүсүз келгендер дараметтери жетпей турган убадаларды элге бере башташты. Эптеп эле бийликке жетиш үчүн “ Светтин баасын 4 тыйынга чейин түшүрсө болот,” – дегендер кайда!? 1 сом 40 тыйынды 70 тыйынга түшүрүп жатып,” Свет мындан ары арзандаса арзандайт бирок кымбаттабайт. Анткени электр энергиясын өзүбүз өндүрүүдөбүз”- деп дүкүлдөгөндөр кайда!? “Токтогул суу сактагычынан эзели суу бөксөрбөйт болчу. Бүт Максим саткан. Биз бийликке келгенде свет өчөт дегенди унутасыңар. Токтогул суу сактагычындагы суу бөксөрбөй мелтилдеп толгон бойдон турат”- дегендер кайда!? Быйыл жайлата Токтогул суу сактагычындагы сууну кайсыл “Максим” сатты. “Бакиев кыргызга тезек тердирип карайлатты. Биз үч жылда Кыргызстанды гүлдөгөн мамлекетке айлантабыз. Жетишсиз турмуш дегенди унтасыңар”- дегендер кайда?! Президенттик шайлоо астындагы, Жогорку Кеңешке аттангандагы СДПК, “Республика”, “Ата-Мекен” партияларынын шайлоо алдындагы убадаларын кайра бир эстеп, эсинерге келбесе китепканаларга барып ошол кездеги басма сөздөрдү бир оодарып кайра карап койгулачы. “Бүгүн бийликте отургандардын фамилиялары, аттары ошолордуку болгону менен өздөрү алар эмес го. Ошолордун кейпин кийген башка адамдар го”- дейсиңер.

 

Баягы эски айлампа кайра башталды. Митинге чыккандарды кармап, байлап, сотко сүйрөп, күчкө салып таратып, ал түгүл  кылмышкерлер менен коркутуп киришти. Өз алдары жетпегендерге “караларды” пайдаланышып кылмышкерлер менен коюн колтук алышып кетишти. “Коррупция менен күрөшөбүз” деген шылтоо менен бийликтин кемчилдигин айтып чыккандарга кылмыш иштери ачылып камамай күчөдү. Кошоматчы ичкич- жегичтер бүгүн да май талканда тайраңдап жатышса да эч ким көрбөйт. Митинг эмес, жөн эле ресторанда жайчылыкта эл менен жолугушуп аткан оппозиция өкүлдөрүн Ошто жумуртка менен ургулашты. ОБОНдун катындары “Ресторандан буларды эмне кууп чыктыңар”- деген журналистин суроосуна жооп бере албай, ар нерсени дөөрүгөнүн көрүп күлкүң келет. Курултай өткөзөбүз дегендердин гезит, баракчаларын тартып алышып, өттөшүүдө. Эл менен жолугушууга  кенен залдар, клубдар берилбей жабылууга өттү. Бүт баягы эски тапталган жол. Өткөндөн эч ким сабак албаптыр.

 

“Оппозиция дегенде жүргөндөрдүн баары элге жакшылык кылгысы келбеген эл душмандары.  Алар Кыргызстандагы тынчтыкты каалашпайт. Эптеп эле элди толкуткусу келип жатат. Андайларды жазалаш керек,”- деген ураандар бийик трибуналардан  кайрадан байма-бай айтыла баштады. Антип эли бетине кармап атына жамынбай, “Бийликте отурган биздей бир ууч топтун тынчын алышып, жыргап куунап чардай берүүгө жол бербей жатышат. Ушул акмактар болбогондо тынч уктайт элек. Эл дегениң ким болуп калыптыр. Алар өз оокаттарын өздөрү кылат да,”- дешсе чындыкты айткан болушмак. Андан да тереңирээк ойлонуп, эл алдына чыгып: “Светтин баасын көтөрбөйбүз деп калп айтып силерди алдаганбыз. Эч кандай эсептебей, ойлонбой туруп эле силердин кулагыңарга жагат деп айта салганбыз. Токтогул суу сактагычындагы суу жыл кургакчыл болсо бөксөрөт экен. Аны “Максим сатты” деп элдин кыжыры келсин деп чыгарган ушагыбыз болчу. Эптеп бийликке жетиш үчүн колубуздан келбей турган, ал түгүл акылыбыз да жетпей турган убадаларды бердик эле. Бүгүн андай калптардын бүт бет пардасы сыйрыла баштады. Ушунчабызда бүт чындыкты айтып элден кечирим сурайлы. Эми биз да качпайлы. Өз сыйыбыз менен бийликтен кетели,” - дегенге эрктери да, акылдары да жетпей турат.

 

Саясаттагы күздүн муздак шамалы  быйыл эрте башталды. Кымбатчылыктын арааны ачылды. Анысы аз келгенсип “кышта электр жарыгы дээрлик болбойт” дей башташты. Түштүк газсыз отурат. “Оруссияга 1 долларга “Кыргызгазды” сатсак эле газ арзандап, газ жетишпей жатат. Газ өчөт дегенди унутабыз” – дегендердин ооздоруна кум куюлуп калды. 8 ай кыш болгон нарындыктардын свет 15 саат өчсө жашообуз эмне болот дешип үрөйлөрү учуп турат. 3 фаза киргизген үйлөрдү кыркып киришти. 3 фазаны алар кошумча акча төлөп киргизишкен да. “ Мага 3 фаза киргизип кой” – десе эле чуркап келип бекер кийирип беришкен эмес. Эми болсо жок дегенде ошол төлөгөндөрүн кайрып беришпей эле бекер кыркып жатышат. “Адам укугу бузбай сактайбыз. Демократияны коргойбуз”- дегендер кайда!? Эки революция тең ушинтип элдин кызыкчылыгын теңдерине албай, калыс мамиле кылбай, чындыкты бурмалап кара көз айнек менен карай баштагандан башталган. Тапан жазмакерлеп кезектеги качуучулардын тизмесин түзүп жарыялай берсеңер деле болот. Эгер эс акылдарына келишпесе ал күндөрдүн сааты чыкылдап иштей баштады. Болгону үнүн уккула. Чык... чык ... жакында кет...кетке ... айланат.

 

Чолпонбек Абыкеев

Булак: “Майдан.kg”