2010-жылдагы кандуу “апрель окуясы” боюнча 4 жылдык сот процесси аягына чыкты. Бирок, Бакиевтерден башка жарандардын ак-карасы иликтенбей чийки боюнча калганы, Нурлан Турсункулов өңдүү инсандардын күнөөсүз күнөлүү болуп, 10 жылга соттолушу чоң наразычылыкты жаратып, карапайым элди  дүрбөлөңгө салды.

 

Муктар Нургазиев (93 жашта), Эмгек сиңирген коомдук ишмер, Ата-Мекендик согуштун ардагери, Н.Турсункуловдун атасы:

 

“Балам ак жеринен күйүп жатат”

 

- Муктар ата! Сизди өзгөчө кабатыр  кылган эмне болуп жатат?

 

- Жүрөгүмдүн жарасына айланган, олуттуу  суроону берип жатасың балам. Ушунча болуп, өмүр бою мамлекеттик кандай гана  кызматтарда иштесем да, гезиттерге дегеле сүйлөп  берүүнү каалабаган жан элем. Тагдыр  ташпишин  кара,  жүрөгүмдү кайыштырган адилетсиздик  менин баламдын  башына келип.  телерадио  гезит өкүлчүлүктөрүнө кайрылууга аргасыз болуп отурабыз.

 

Айланайын калайык калк!

 

“Жамандыкты амандык жеңет, ырыс-бакытты тынчтык алып келет”,- демекчи, бири-бирибизге жамандык эмес,  амандык тилейли. Өлкөбүздү саясат айдыңына  айлантпай  келечегин ойлойлу. Ар бир өткөн бийликти жамандабай, андагы кызмат кылгандардын ак-карасын ылгабай туруп камабай, бүтүндөй системаны толугу менен өзгөртүп,  реформалаш керек. Антпесек күнөөлүүсү да, күнөөсү жогу да  милдеттүү түрдө саясаттын курмандыгына чалынып, ак жерден күйүп кетээри белгилүү болуп калды. Эгерде өлкө саясаты  мындай багытта кетсе  чыгаан уул-кыздарыбыздын баары түрмөгө олтуруп  чыгуусу зарылбы. Бул эмне деген  саясат анда?! Айланайын калкым! Бийлик  жүргүзгөн атка минерлер! Бизге эң оболу мамлекетибиздин бүтүндүгү, тынчтыгы жана адилеттүү, калыс сот чечимдери керек. Өзгөчө мени  бушайман кылган ушул эки маселе.        

          

- Муктар  ата, Ата-Мекендик  согушта кан кечип келип  бир катар райондорду  башкарып, облустук, борбордук  аппараттарда жетекчилик кызматтарда иштептирсиз. Көп жылдар Жогорку Кеңештин активдүү депутаты  болуптурсуз. Демек өлкөнүн башкаруу системасын жакшы түшүнөсүз, ушул багытта сүйлөшсөк?      

                                                              

- Жок балам! Мени азыр  капаска түшүп калган шумкардай болгон  баламдын тагдыры  кабыргамды  кайыштырат.  Мен баскан ак-адал  жолду Нурлан да басып келе жаткан. Эч качан  элине тургай душманына  каразгөйлүк кылчу эмес. Ачык-ак сүйлөп,  чындыкты бармактайынан туу тутуп, өз мээнети менен күч органдын бардык тепкичин басып келип министр, генпрокурор  болгон эле. Апрель революциясында  “Бакиевдин штабында болуп саясатын колдогонсуң, элге ок атууга өбөлгө болгонсуң”,- деген жарлык чыгарып 10 жылга жалган жалаа менен эркинен ажыратканы  таптакыр адилетсиздик болуп турат. Мыйзамга ылайык прокурор буйрук берүүчү эмес, мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү орган. Ушуну эле эске  алганда? Менин баламдын  апрель  окуясына эч кандай тиешеси жок эле. Ал эми “үч ай генпрокурор болгонсуң”,- дегени, бул  саясый гана мотив десе болот.  Каралоочулар да, актоочулар да баламдын таптаза экенин аныкташкан. Сот чечимин  гана, түшүнбөй калдык. Бирок кийинки  инстанцияларда чындык өз ордун табат деп терең үмүттөмүн.

 

- Ата, өзүңүз белгилегендей, “баланын  өткөн чагын билбей туруп, келечегинен үмүт кылуу мүмкүн эмес”,- дегендей, Нурландын өткөн чагынан айытып берсеңиз?

 

-Мен  өзүмдүн бир кылымдык өмүрүмдө эки нерсеге өзгөчө катуу ишенип жашаймын. Биринчиси, кыргызымдын батасы. Экинчиси, ак иштеген, таза мээнет.  Бата чын дилден арналса сөзсүз кабыл болот.

 

 1968-жылы Нурлан төрөлгөндө республика боюнча райком партиянын жетекчилеринин (акимдердин) чогулушу болуп, кесиптешетримен балама бата алып бергемин, “Исхак Разаковдой тазалыктын принцибин туу тутуп, өз мээнети менен бардык ак-адал  бийиктикти багындырган, чындыкты, адилеттүүлүктү туу туткан элдик уул болсун”,- деп.  Кудай кут кылсын. Балабыз бизди жер каратпай, ак эмгеги менен жашап жүрөт. Ал тургай элдик  адам болуп калганын эми түшүндүк. Себеби жалпы Токтогул эли түп көтөрүлө чуркашып, бүтүндөй республикабыздын облустарынан мекенчил атуулдар үн кошуп, Нурланымдын чындыгын кошо талашып жатканы анын бийиктигинен дагы бир жолу кабар берип жатат. Балабыздын балалыгы акактай таза өткөн. Өзү ак көңүл, кандай кыйынчылык болсо да жеңе билген, тууганга туу болуп, доско бекем. Беттегенин бербеген, чындык үчүн чыркыраган  касиеттери бар инсан.  Мени өзгөчө ыраазы кылганы: “Ата!? Мен кадрдык резервти студенттерден баштап түзөм. Суу булактан башталат. Өлкөбүздүн тазалыгы  жаштардан башталат. Мамлекетибизге сөзсүз жаңы агым, жаңы система,  инновациялык өзгөрүү керек! Эң оболу өлкөнүн күч органдары тазаланса коом таза болот. Биз жарандарыбыздын жан дүйнөсүн тазартып, аң сезимин өзгөртүүбүз керек. Ошондо  коррупциясыз, адилеттүү, гүлдөгөн, сиз  эңсеген компартиядай өлкөгө айланабыз, ата”,- дечү. Мени  таң калтырып көзүмөн жаш  агызган. Мына эми жан дили менен мамлекетке кызмат кылган балам темир тордо отурат.

 

- Балаңызга жолуктуңузбу? Акыбалы кантип калыптыр, адилеттүүлүктөн, чындыктан үмүт үзбөй эле олтурабы?

 

- Биз көрүп жаткан кордукту душманыма да каалабайм. Жыландын баласы түшпөсүн капаска.  Ооба, балама жолуктум.  Эч качан ойлободум эле эл үчүн кызмат кылган балам менен темир тор аркылуу сүйлөшөмүн деп. Ал мени аялуу  карайт, мен аны аялуу карап көз карашыбыз менен көп нерсени, сезимдерден сүйлөштүк. Бирок сыртымдан  билгизбегеним менен жүрөк эзилип,  сезимдерим ыйлап жатты.  Айттым: “балам ушул кайратыңдан жазбай кайраттуу бол! Эр жигиттин  башына эмнелер келип кетпейт, эмне деген улуу инсандар  абакта отуруп чыгып, өз чындыгына жетип, эл баштаган, мамлекет башкарган, өлкөгө адилеттүүлүк орноткон. Сен ошол инсандардын катарында  болушуң керек”,- дедим.  Бирок, баламды кандай  сындырабыз десе да жан дүйнөсү сынбайт, руху күчтүү экенин далилдеп отурат. Күчтүү руху мындан да бекем  болсун деп, “Тергөөчүнүн күндөлүгү” жана башка  ушул сыяктуу элдик лидерлердин абакта жаткан, тагдырын чагылдырган чыгармаларды берип чыктым. 

Балам дагы эле адилеттүүлүктөн үмүт үзбөй, “президентке, мыйзамды терең түшүнгөн инсандарга биздин үнүбүз, чындыгыбыз жетпей жатат”,- деп, кейиди. Чындыгында, чындыкка жетүү көп түйшүктү талап кылган заманда жашап жатабыз. Учурдан  пайдаланып жогорку сот  инстанциялардан өтүнөт элем, бүгүнкү күндө Токтогул районунун уулу эмес бүтүндөй кыргыз элинин акыйкатты  туу тутуп келе жаткан уулуна  айланган Нурлан Турсункуловго көңүл буруп, адилет чечим чыгарыңыздар. Сиздерге болгон терең урматым түбөлүк калсын.

 

Маектешкен

Самат Мырзабек уулу

 

Кабарчыдан: Журналистик кесиптеги 23 жылдык тажрыйбамда  мындай кеменгер адамга биринчи ирет жолукканымды түшүндүм. Муктар атадан кетип баратып,  анын тереңдигине, 93 жашка чыккан  карынын акыл парасатынын тунуктугуна таң калып ыраазы болдум, Өзү айткандай ар кимге үн кошуп «дежур чал» атыкпай, өз касиети менен жашап келген атанын сөзүн окурмандар терең түшүнүп, салым кошот деген ишенимим бар.

 

Жолдошбек Меделканов, коомдук ишмер, эмгек ардагери:

 

“Бул саясый чечим болду”

 

- Жаратылыш мыйзамына таянсак соттун чечими эч качан эки жактуу болбойт. Сөзсүз бир тараптын пайдасына чечилүүсү зарыл. Бирок кандай гана аң-сезимдүү адам болбосун, бул чечимге макул эмес. Мыйзамдуу жагынан да, моралдык жагынан да Нурлан Турсункуловдун 10 жылга кесилиши кимдир бирөөлөрдүн буйругун аткарган саясый гана чечим! Мындай чечимдер карапайым элдин бүйүрүн кызытып  ар кандай (митинг, пикет, жол тосуу) кадамдарга түртүшү мүмкүн. Негизи эле мындай туура эмес сот чечимдеринин кесепети акыры жүрүп олтуруп соттун өздөрүн эмес, бийликтин жүзүн элге жаман көргөзүп салышат.

 

Самыйбек Исмаилов, Аксакалдар кеңешинин мүчөсү:

 

“Элге бензин чачып, ширеңкени кармап турганга барабар!”

 

- Бул эмне деген адилетсиздик?! 7-апрельде канчалаган балдарыбыз курман болуп, адилетсиздиктин азабын жеген карапайым элибиз азыркы бийликти ишенип алып келди эле. “Таза бийлик болсо - таза күч органдар, таза соттор болот”,- дегенбиз. Бардык кылмыштардын бети ачылып, ак-карасы териштирилип, калыстыгы как жарган сот чечимдери болорун күткөнбүз. Эми баары тескерисинче болуп кетти. Бакиевдердин барын качырып, жан-жөкөрлөрүн өзүбүз узатып, аягында таптакыр күнөөсү жок, тиешеси жок эле жарандарды каматып салдык. Жабырлануучулардын демин минтип эч качан баса албайбыз! Бул деген элге бензин чачып, ширеңкени кармап турганга барабар!

 

Николай Падалкин, эмгек ардагери, орус диаспорасынын өкүлү:

 

“Нурлан эмес, аттыргандар күнөлүү”

 

- 80ден ашуун улуттун өкүлү жашаган уникалдуу Кыргызстанды сактап калышыбыз керек. Украина, Сирия, Иракта эмне болду? Алардын башына түшкөн кайгы, тозок күндөр адилетсиздиктин айынан, күнөөсүз элдик адамдардын камалышынан башталган. Соттук чечимдер жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, жеке адамдардын тар чөйрөсү үчүн иштегенде гана эл массалык түрдө нааразычылык эпидемиясы менен жашап калат. Андыктан биздин соттор саясый кырдаалды терең түшүнүп, адилеттүү чечимдерди чыгарууга тийиш. Апрель окуясы боюнча сот жүрүшүндө жабырлануучулар да өздөрү белгилегендей, “Нурлан Турсункулов өңдүү айрым адамдардын тиешеси да, күнөөсү да жок. Андан көрө Бакиевдердин кланын кармап келип соттоп бергиле”- дегендери бул ачуу чындык. Улуттар тилектештигинин пикири да ошондой. Жыйынтыктап айтканда Нурланды эмес буйрук бергендерди, уюштургандарды, аттыргандарды жана аткандарды таап соттош керек эле...

 

Уланбек Кубатов, Токтогул шаардык кеңешинин депутаты:

 

“Биз мыйзамдуу жолду тандадык”

 

- Өңгөсү билбесе да Токтогулдуктар элибиздин сыймыгы, жаштарыбыздын кумири деп, Нурлан Турсункуловду абдан жашкы билишет. Апрель окуясына байланыштуу сот чечими чыгаары менен акыйкатсыз чечим болуп калды деп, айыл, кыштактардан түп көтөрүлө келишиптир. “Ушундай да болобу? Канкорлорду, ууруларды, жемкорлорду өздөрү качырып, канчалаган Нурландын кесиптештерин кызматтан кызматка көтөрүп, анан биздин уулубузду ак жеринен камап койгон неси”,- деп, кыжырданган аксакалдар, жаалданган жаштар “Коргоо комитетин түзөбүз, жол тосуп боз үйлөрдү тигебиз”,- деп калышыптыр. Жок! Биз, гумандуу жана мыйзамдуу жолду тандайбыз. Парламенттик жана президенттик башкарууга багыт алган өлкө жетекчилери сөзсүз көңүл бурат. Биз үмүт кылган президент Атамбаев да, Текебаев да абдан күчтүү адамдар. Кийинки сот инстанцияларында күнөөсүз соттолууларга  жол бербейт деген үмүттө элдин демин бастык.

 

Райымбек Тентиев, коомдук ишмер, эмгек ардагери:

 

“Кайсы жүйөө менен соттогонун түшүнбөй калдык”

  

- Чындыгында 4 жылдык соттук териштирүүдө сот, күч органдар опол-тоодой иш аткарды. Ал тургай 2-3 кишиден башкасына эң туура чечим чыгарды. Бир гана жалпы жыйынтык менен биздин балабыз Нурлан Турсункуловду ак жерден кошо соттоп жибергени элдин кыжырын кайнатты. Себеби сотто коюлган дооматтардын баары далилденген жок. Өзгөчө мыкты юрист, тажрыйбалуу прокурор катары Н.Турсункулов өзүнүн күнөөсү жок экендигин бүт мыйзам чегинде сот процессинде далилдеп берген. Мисалы, “Форумдагы” окуяларга таптакыр тиешеси жоктугун, Ак үйдөгү окуялар башталганда Жогорку Кеңеште болгонун, эч кандай штабка мүчө болбогонун. Саясый же мыйзамсыз чечимдерге Нурландын катышпаганын тергөө да мойнуна алды. Мындан соң соттор, күнөөсүз балабызды кайсыл жүйөө менен соттогонун  түшүнбөй койдук.

 

Калкожо Эшенкулов, жеке ишкер:

 

“Митингге чакырган шектүү адамдар көбөйдү”

 

- Нурландын апрель окуясында эч кандай күнөөсү жок экендигин катардагы юристен баштап башкы прокурорлор, демократиялык адам укугун коргоо институттары, апрель окуясын иликтеген  коомдук уюмдардан бери айтып чыгышты. “Балким ушундай күнөөсү жок жарандарды соттоо менен бийликке элди каршы койсок, мындай жабырлануучулардын тарапкерлери жер-жерлерден баш-аламандык уюштурса учурдагы бийликке элди октоп, каршы коюуу арам пландары барбы айрым саясатчылардын,” - деген ой кетет. Себеби, Токтогул элине келип “балаңарды ак жерден соттоп жатса эмне олтурасыңар! Жол тоскула, ызы-чуу менен пикет, митингке элди алып чыккыла!”- деген, чакырыктары менен келген шектүү адамдар толуп кетти. Бирок биз андай чакырыктарга алдырбайбыз. Бизге өлкөбүздүн бүтүндүгү жана тынчтыгы керек. “Ак ийилет, бирок сынбайт” демекчи, уулубуз Нурлан сөзсүз акталууга тийиш. Ошондуктан кыргыз элибиздин фемидасына жана бийлигине ишеним артып турабыз.

 

Азизбек Жолдошбеков, айылдык Кеңештин депутаты

 

“Элибиз катуу нааразы...”

 

- Башкасын билбейм, жергиликтүү элибиз катуу нааразы болду. Чындыгында Нурлан Турсункулов 10 жылга кесилди деген кабар чагылгандай тарап, аксакалдар жерге түкүрүп, жаштар жол тособуз деп чыгышты. Кадыр-баркы районубузда кенен тараган, айрым саясый  партиялардын миңдеген мүчөлөрү соттун чечимине нааразычылыктарын билдиришип, Коргоо комитетин түзөбүз. Азыркы бийликке ишенич жок турбайбы деп чыгышты. “Мындай провокацияга алдырбай кийинки инстанциялардан чындыгыбыз өз ордун табат буюрса”,- деп, андан көрө Жогорку Сотко, парламентке, президентке кайрылуу кабыл алып массалык маалымат каражаттары аркылуу үнүбүздү жеткирүүнү чечтик.

 

Кыргыз тарыхындагы эң адилетсиз, күнкор өкүм болду!     

                                                                                                                               

Токтогул  районунун  жалпы  элинин  (аксакалдар,  аялдар  жана  жаштар  жамааттарынын) президент А.Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбековго, Жогорку соттун төрайымы Ф.Жамашевага, ЖМК өкүлдөрүнө жана кыргыз элине кайрылуусу

                                                                   

Урматтуу  Алмаз Шаршенович!                                                                                                                                             Урматтуу  Асилбек  Шарипович!                                                                                                                                             Урматтуу  Жогорку  Кенештин  депутаттары!                                                                                             

Урматтуу  Массалык  маалымат  каражаттарынын  өкүлдөрү!     

            

Мамлекетибизди бекемдөө жылында болуп жаткан окуяларга, ийгиликтерге жана жетишпеген кемчилдиктерге кайдыгер карабай, ар бир ишке терең маани берип, колдон келген иш-аракеттерибизди жасап жашоо менен бирге адилеттүүлүк, улуттар аралык биримдик, элибизде бекем тартиптүүлүк, ырыс алды ынтымак орноп, мамлекетибиз өнүгүп-өссө деген тилекте жашап келебиз.

 

Өлкөбүздө болуп өткөн 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча тергөө иштери аяктап, төрт жылга созулган соттун өкүмү чыкты. Бирок, бул аскер сотунун өкүмү кыргыз тарыхындагы эң адилетсиз, күнкор өкүм болду.

 

Талаш жок, ар бир күнөөлүү адам кылмышына жараша жазасын алыш керек. Бирок, кыргыз элине жаңыдан төбөсү көрүнүп, кандай иштерге иштебесин артына таза из калтырып, иштин көзүн билген, мыйзамдуулукту туу тутуп, жемкорлукка малынбаган таза, билими күчтүү, келечекте көптү үмүттөндүргөн, акыркы кызмат иши КР башкы прокурордук кызматына бар болгону үч айдын тегерегинде иштеген Турсункулов Нурландын КР кылмыш кодексинин 304-статьясынын 4-бөлүгү менен 10 жылга соттолушу бизди өкүндүрөт. Себеби, Турсункулов өзүнө коюлган статьяларга карата соттук отурумда акыркы сөзүндө тактап берген фактыларына сот көңүл бурган жок.

 

Биздин оюбузча Турсункулов мыйзам чегинде өз милдетин мекен алдында так, таза аткарды. Турсункулов Нурлан тууралуу, калыс, адилет сөздөрүн эл жана убактылуу өкмөттүн тушунда башкы прокурор болуп иштешкен Б.Ибраев, К.Байболовдор басма сөз аркылуу билдиришүүдө. Өлкөбүздө мындай адилетсиз чечимдер чыга берсе эл ичинде ынтымак бузулуп, бийликке болгон нааразычылык күчөп, пейилдер бузула баштайт. Кыргыз элинде айтылат: "Ак ийилет, бирок сынбайт". Акыйкаттык биздин сотто бар болсо экинчи инстанцияда калыс туура чечим чыгат деп ишенебиз.

 

Ошондуктан урматтуу президент,

урматтуу төрага,

урматтуу депутаттар!

Урматтуу журналистер!

Биз токтогулдуктар сиздерден зор үмүт кылабыз, уулубуз Турсункулов Нурландын тагдырына кайдыгер карабайт деп ишенебиз. 

 Сиздерди урматтоо менен,

Токтогул районунун элинин атынан кайрылууга кол койгондор:

Нургазиев Муктар,

Сарпашов Мырзажан,

Исмаилов Самыйбек,

Тентиев Райымбек,

Эсенкожоев Алипбай.

 

Кайрылууга өз колдору менен аты-жөнүн телефонун жазып кол койгон 2000ге жакынкишинин тизмеси редакцияда

 

“Саясатта булганбаган, бийликте кирдебеген уулдарыбыз айрым бийлик адамдарынын курмандыктары болуп калды”

 

Кыргызстан Улуттук Улуу Курултайынын президент А.Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбековго, Жогорку соттун төрайымы Ф.Жамашевага, ЖМК өкүлдөрүнө жана кыргыз элине кайрылуусу

                                                                       

Урматтуу  Мекендештер! 

 

Кыргыз элинде  алмуздактан  бери  адилеттүүлүктү  туу  тутуп  келишкен.  Кайсыл  бийлик  адилетүү  болсо,  ал  түбөлүктүү  кылымдарды  карытып,  эсте калат. Бирок  тилекке  каршы  ошол  адилеттүүлүктү  өлкөбүзгө  орното албай   келе  жатканыбыз терең өкүндүрөт. Бизди  таң калтырып, кайрылууга себеп  болгон бул 2010-жылдагы апрель окуясы боюнча сот өкүмүнүн жыйынтыгы болду! Бүт жер шаарына дүңгүрөтүп “кылым  соту” болот деген (төрт жылдык соттун жыйынтыгы)  адилеттүү эмес эле убактылуу кызыкчылыктардан ашына албаган, эл үчүн эмес, бийлик  үчүн кызмат кылган, “чөнтөк сот” деген пикир калтырган жыйынтыка күбө кылды. Кыргызда айтылат “керкисинде да, кемтигинде да бар” демекчи, биз Курултайчылар жакшы билебиз, 2005-жылдагы март революциясынан кийин өлкөбүз кандай адамдардын колуна өткөнүн. 2010-жылдагы апрель революциядан кийин кандай бийлик өкүм сүрүп жатканын түшүнүп турабыз.

 

Өткөн тарыхыбызды канчалык жээрип, канчалык тапанча менен аткыласак, келечек бизди ошончолук замбирек менен аткылаарын унутуп калдык. Сот адилеттүүлүгү эң биринчи жөнөкөй кыргыздын макалына көңүл бурса болмок. “Жоону чапса Чубак чапты, аты калды Манаска, кылмыш кылса акмак кылды, кесепети балдарга,”- демекчи, бул апрель окуясы боюнча чыгарылган сот жыйынтыгы көз көрүнөө бир жактуу жүрүп, күнөлүүнү да, күнөөсүздү да чыркырата соттоп жибергени карапайым элди нааразы  кылды.      

                           

“Калк айтса калп айтпайт”,-демекчи, элдин адилеттүүлүгүнөн өткөн сот таразасы болбойт. Мисалы, Нурлан Турсункулов баштаган бир катар, саясатта булганбаган, бийликте кирдебеген уулдарыбыз жөн эле эл көзүнө,  айрым  бийликтегилердин  сот  аркылуу  муунткан курмандыктары болуп калды. 

 

Бакиевдин тушунда, элди какшаткан бийлик төбөлдөрү эмес, үч ай баш прокурор же   мамлекеттик  кызматкерлер, катардагы  жоокерлер  сөзсүз күйүт тарткан  жабырлануучулардын демин  басыш үчүн ак жеринен соттолушу керекби? Жок! Эгерде    мамлекеттүүлүгүбүздүн келечегин сактап калабыз десек, мындай адилетсиздикке жол  бербешибиз  керек!

 

Ошондуктан  тез  аранын  ичинде  адилеттүүлүктүн туусун көтөрүп, адилеттүү сот  системасын орнотуу зарыл. Апрель окуясын караган кийинки сот инстанциялары  акыйкаттыктан тайбай,  ак-караны  ажыраткан,  тарыхка  из  калтырган, өлкөбүздүн тарыхый  өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар болот деп ишенебиз.  

 

Урматтуу  Мекендештер!                                                                                                 

“Сөз  өлтүрөт, сөз өстүрөт”,- демекчи, сөз баркын терең түшүнүп,  адилеттүүлүк орнотууга  зор  салымын  кошуп  келе  жаткан кымбаттуу  журналистер, маалымат  таратуучу кабарчылар! Өлкөбүздүн сот адилеттүүлүгүнө көңүл бөлүп, аларды чындык  жолунан  тайбаганга үндөйлү! Мурунку бийлик төбөлдөрүнө кошуп, жарандарыбызды  күнөөсүз күнөлүү кылуудан  сактап,  Нурлан  Турсункулов өңдүү таза  жигиттерибизди  жана катардагы  жоокерлерибиздин  чындыктарын сактап калууга чакырабыз!  

                                                            

Кыргызстан Улуттук Улуу Курултай институнун жалпы жамааты

 

Редакциядан: Камактагы эл уулдары Элмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороевдер боюнча да ушундай өңүттөгү кайрылуулар, пикирлер пачкалап келип түшүүдө. Аларга кийинки санда кайрылабыз...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №32 (161), 10.09.2014-ж.