Өлкөдөгү коомдук-саясий, социалдык-экономикалык кырдаал тууралуу экс-министр Акылбек Жапаров менен маек

 

Энергетика тармагы таландыда калды

 

- Өлкө ичинде орун алган кезектеги энергетикалык кризис көпчүлүктүн кыжырын кайнатууда. Ага түздөн түз бийликти, анын ичинде Жоомарт Оторбаев жетектеген өкмөттү күнөөлөп жатышат. Чындыгында ким күнөөлүү, ким жооп берет?

 

- Тилекке каршы көз карандысыз мамлекетте жашап жаткан менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетише элекпиз. Анын эң ири себептеринин бири 20 жылдан бери башка жактан кеңешчилерди угуп, өзгөчө Эл аралык валюта фондунун алдында түзүлгөн банктын кеңеши менен коммунисттерден мураска калган, татынакай иштеп жаткан “Кыргызэнергохолдинг” деген компаниябызды төрткө бөлдүк.  Ошондон кийин эле ушул кыйынчылыктарга кабыла баштадык. Анын үстүнө энергетика тармагына жооп берген бир да жооптуу киши жок. Жалпы эле кыргыз экономикасында, өлкөнү башкарууда жеке жоопкерчилик деген жок.  Бизде коллективдүү түрдө жооп беребиз. Энергетика министрлигин алсак, алар энергетиканын саясатына жооп берет. “А эмне үчүн Токтогул суу сактагычында суу жок,”– десең, жооп бере албайт. “Эмне үчүн өчүрүүлөр болуп жатат,”- десең, жооп бере албайт. Ошондуктан 4кө бөлүнүп кеткенден кийин энергетика тармагы таландыда калды десек да жарашат. Энергетика тармагында акча жасай ала турган шылуундар көп болуп, адискөйлөрдү четке чыгарып салган үчүн бул тармак кыйынчылыкка кабыл жатат. Бул бир жагы. Ал эми экинчи жагынан технологиянын карыгандыгын алсак болот. Советтер союзу маалында курулган ГЭСтерибизди оңдой элекпиз, ошол кезде тартылган зымдарыбыз каралбай турат. 

 

- Бул абалдан кантип чыкса болот, чыгуунун жолдорун көрсөтүп бере аласызбы?

 

- Менимче жанагы төрт компанияны бириктиришибиз керек. Кайсы жерден электр энергия чыкса ошону сатканга чейин жоопкерчиликти ала турган компанияны түзүшүбүз зарыл жана жооп бере турган адисти шайлашыбыз керек дагы, анан гана оңдоо жолуна өтүшүбүз керек. Мына азыр тарифтерди көтөрөбүз деп жатышат. Мурунку өкмөттүн кетирген кемчиликтерин эле кайра кайталап жатабыз. Тарифти сөзсүз түрдө дифференциалдык түрдө көтөрүшүбүз керек. 20 жылдын ичинде биз теңчиликтен ажыраганбыз. Байыбыз да, орто катмар, кедей, колунда жоктор да бар. Ошон үчүн бутуна турган байларыбызга рыноктук бааны кое берсек болот. Ал эми орто катмарга кичине-кичинеден 5-10 жылдын ичинде гана рыноктук баага жеткиришибиз керек. Колунда жоктор менен бечараларга бааны жыл сайын азайтып, ылдыйлатып турушубуз кажет. Мына ушундай механизм 1945-жылы согуш бүткөндөн кийин  Иосиф Сталин  тарабынан колдонулган. Эң башкысы ар бир тармакты тиешелүү адистер башкарышы керек. Негизи эле энергетика тармагын энергетика тармагындагылар башкарышы керек. Ветеринарлар ошол тармакты башкарышы керек. “Бөдөнөнү сайсо да касапчы сойсун” деген сөз бар да. Мына 2010-жылдан бери ушул нерсе такыр токтобой койгондуктан “өлгөндүн үстүнө көмгөн” болуп калдык. Кудайга наалат айтпашыбыз керек. Бирок, суу аз  болоору билинген. 2014-15-жылдары суу аз болот деп биздин окумуштуулар айтып чыгышкан. 4-5 жылда кайра кайталана турган факторду эске алышы керек эле. Тилекке каршы муну эске албай Оторбаевге чейинки өкмөт 2 жарым млрд куб сууну сатып жиберген. Анын акчасы каяка кетти, каякка жумшалды белгисиз.  Анысы аз келгенсип азыркы өкмөт дагы “500 млн кубду казактар сурап жатат, эгиндерин сугара албай жатышат, кышында кайра берет”,- деген жүйө менен азайтып, азыр сата баштады. Андан көрө “Эртеңки куйруктан бүгүнкү боор” дейт эмеспи, ошол сыяктуу эле 500 млн куб сууну өзүбүз сактап турсак, кышында бизге пайдасы тиймек да. Ал эми кыш оор боло турган болсо, Казакстан өзүнүн элине береби же бизге береби? Бул боюнча бир да макулдашуулар, кагаз түрүндөгү бланкалык гарантиялар, кыскасы эч нерселери жок. Өкмөттө дагы, энергетика тармагында дагы башкарган адистер аз болгондуктан, анализдеп, алдын ала көрө албагандыктан, кемчиликтерди өз убагында оңдоп турбагандыктан ушул кризиске дуушар болуп жатабыз.

 

Карызды төлөй албай, Кыргызстанды жоготуп албайбызбы?

 

- Атамбаев келгенден бери Кыргызстандын тышкы карызы дагы 2 млрд долларга өсүп кеткени сөз болууда. Чындыгында тышкы карыздын көлөмү канча? Эми чынында эле мурда сиз демилге кылган ХИПИКке кирүүдөн башка аргабыз калган жокпу?

 

- ХИПИКти дагы койдун паспортундай түшүнбөй коюшту. Ал жерде дагы “өлкөнүн 2 млрд карызынын жарымын Жапаров кечсе, бул сөзсүз түрдө президент болот”.- деп мамлекет башчынын тегерегиндегилер жаманатты кылып жатып эле, муну элге туура түшүндүрө албай коюшту. Бул нерсени убагында Гана өкмөтүндө эң кыйын финансы министри болгон. Азыр ал киши Азия өнүктүрүү банкында вице-президент болуп иштеп жүрөт. Ошол киши финансы министри болуп жүрүп, 14 Африкалык өлкөнүн финансы министрлерин топтоп, Бүткүл Дүйнөлүк Банктын Букинсон  деген президентине тике карап: “биз мурда костюм, шым кийбей эле, банан жеп жыргап жүргөнбүз. Анан силер келгенден бери карызыбыз да, коррупция да, диктаторлор да көбөйдү. Силердин айтканыңардын баарын так аткарып жатпайбызбы, анда эмне үчүн мындай? Карап көрүңүз,”- дейт. Ошондо Букинсон ошол 14 өлкөнү бүт кыдырып, “өнүгүү жолуна жараша программаны аткарып, өлкөнүн экономикасын башкарсаңар биз тышкы карыздын жарымын кечебиз” деген. Африка өлкөлөрүнүн биринде алмазды аябай көп казышат. Анын 20-30%ы  уурдалат. Бүткүл дүйнөлүк банк айткан: “Биз буга ишенбейбиз. Силер уурдаганды токтотсоңор, тышкы карыздын жарымын кечебиз. Эгер уурулукка барбай, жеке кишилер жеп-ичпесе мамлекет өнүгүп кетет,”- деп. Ошондой эле сөз Кыргызстанга айтылган. “Биз силердин электр энергиянардын 40%ы орто жолдон жок болуп кетип жатат дегенге ишенбейбиз. Электр энергия тармагын кесипкөй адистер башкарсын, саясатчылар ал жакка кийлигишпесин, коррупциялык жолдорду, энерго барондорду жойгула, ошондо силердин тышкы карызыңардын жарымын кечебиз”,- деген.  Программаны мен өзүм иштеп чыккам. Бирок, өкмөттөн дагы, парламенттен дагы колдоо таба албай койдум, Эми чындыгында бул жерге саясат аралашып кетти.  Учурунда ошол нерсени жасаганда жакшы жыйынтык бермек. Ал эми азыркы тапка 120 млн. долларга жакын каражат тышкы карызды тейлөөгө кетип жатат. Ошонун 60 млн.го жакыны өлкөнүн өзүндө калып турмак. Эми бүгүнкү күндө тышкы карызга келе турган болсок, 4 млрд доллардын тегерегинде болуп калды. Тилекке каршы, мурунку өкмөттөр сыяктуу эле алган тышкы карыздын баарын тең жалаң инфраструктуралык долбоорлорго жөнөтүп жатабыз. Ошол эле жол курууга. Жолду ким куруп жатат? Ошол эле кытайлыктар өздөрү.  Жолдун үстүндө кайсы товар ташылат? Ошол эле кытайдын товарлары. Энергетика тармагына дагы эбегейсиз чоң акчаларды алдык. Бирок, жаңы энергияны чыгара турган тармакка жумшабай, дагы деле “Датка Кемин” сыяктуу баягы эле өндүрүлгөн электр энергиянын көлөмүндө калып жатабыз. А жумушчу орун түзө турган  завод-фабрикаларга жумшай албай жатабыз. Мурунку 26 өкмөттүн, 3 президенттин кемчиликтери: дал ушул реалдуу  секторго, экономикага акча бөлүштүрө албай койгонунда. Бул дагы убакыт өткөн сайын даана билинип калып жатат. Бүгүнкү күндө 4 млрдга жакындап калды, ал ички дүң продукциянын 50 %на жетип баратат. Андай катуу коркунуч болбосо дагы биз кошуна мамлекеттерден карыз алганыбыз чатак болуп жатат. Буга чейинки 2 президент, Роза Отунбаеваны кошкондо 3 президент тең тышкы карыздардын баарын эл аралык институттардан алган. Алар: Бүткүл дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду. Айтор, чоң-чоң мамлекеттерден албай, эл аралык институттардан алган. Өзгөчө биринчи президент. Экинчи президент дагы ошол жолдо келатып, “Жоок, мен Орусиядан ала койчумун”- деп, 300 млн долларды түздөн-түз ала койгон. Бирок, орустар аябай катуу нааразы болушуп, алар дагы экинчи президенттин качышына өбөлгө түзгөнгө катыштыгы бар деген сөздөр айтылып келет. Ал эми азыр төртүнчү президент менен Кытайдан эбегейсиз көп акчаларды алып жатабыз. Ушул нерсе жаман. Анткени жакын турган кошунаң билет да, үйүңдө эмнең бар, ким кайда кеткенин, кимдин алы бар же жок экенин. Кийин анан үйүңдү же жериңди тартып алганга мүмкүнчүлүгү бар болот. Ушул жагы коркунучтуу болуп жатат. Биз Кытайдын акчасын банктар аркылуу албай, түз алып жатабыз. Ооба, бүгүнкү күндүн көйгөйлөрүн чечип жатабыз. Бул керек. Бирок, эртең же бүрсүгүнү Кыргызстан калабы мамлекет болуп? Карызды кайтарып бере алабы деген суроого жооп жок же бүдөмүк.

 

Күз күрөш. Революция болобу?

 

- Өлкөдөгү акыркы учурда орун алган көйгөйлөрдөн улам, анын ичинде элдин социалдык абалы, газ, электр маселеси, суунун тартыштыгынан улам болгон түшүмдүүлүктүн төмөндүгү, дегеле ар тараптуу кыйынчылыктардан дагы бир жолу эл толкуп, анын негизинде революциянын жанданып кетишине шарт түзүлбөйбү?

 

- Тилекке каршы мындай болуп жатпайбы. Апрелден бери өкмөт Казакстандын чек арасына келген миңге жакын вагон күйүүчү майды киргизе албай жатат. А “бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар” болуп, суу жок болуп жатат. Үрөндү жакшы чогулта албай калдык. Элдин баарынын кыжыры келип жаткан кез. Фермерлердин дагы. Күз күрөш дегендей былтыркыга караганда керек болсо Чүй өрөөнүндө да эгин, чөптөр аябай аз. Ошол эле убакта бензиндин  проблемасы чечилбегендиктен баа өсүп, элдер ошол аз түшүмдү да чогулта албай жатат. Демек азыр айыл чарбасында жүргөн 333 миң фермердин ичи кайнап турат. Бир жылдык эмгегинин үзүрүн көрө албай жатышат да. Алар ошентип жатканда энергетика тармагындагы кризис кошулду.  Мына Кытайда айтып коет, эми кытай улуу эл да, жаныбызда жүрөт. “Что было однажды может  повторится, может не повторится дважды, а что было дважды, обязательно повторится третий раз ” - дейт. Ошондуктан эки жолу болгон революция, үчүнчү жолу болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок болтурбай коюш бул өкмөттүн, парламенттин жана президенттин колунда. Ушулар өзүбүз билебиз, өзүбүз чечебиз дей бербей кыйынчылыктарды айтып, андан чыгуу жолдорун көрсөтүп, элге ачык билгизип, чечели дешсе андан акырын чыгып кетсе болот.  Негизинен бул өкмөттүн милдети да. Булар канчалык жакшы, ыкчам иштесе баары жолго коюлат. Эгер андай болбосо революция болушу мүмкүн. Анткени, 1-январдан баштап Бажы бирлигине киребиз деп жатабыз да. Биз тамак-аштын баарын башка жактан ташыганга өтүп алдык. Бул жаман жактарыбыздын бири болуп калды. Өзүбүз өстүрүп, кайра иштеткендин ордуна, баардыгын тең нанынан баштап, чай, майына чейин сырттан алып келебиз. Демек, ошолордун баарынын баасы өсөт. Бюджетте иштеп жаткандардын, пенсия, пособиянын эсебинен жашап жаткандардын, кедей-кембагалдардын абалы өтө эле оор болот. Ооба, өкмөт катуу даярдыктарды көрүш керек. Тилекке каршы, жарым жылдыктан жыйынтыгы менен өкмөт өзүнүн бюджетин аткара албай калды. Чыгашалары 3 млрд.дан ашып кетти. Кирешеси 2 млрд.дан ашык. Толбой калды. Демек бюджетте 5 млрд.дык дефицит пайда болуп калды да. Муну жылдын аягына чейин кантип толтурат, өздөрүнүн айлалары кетип атат. Негизинен алганда кыргыз элине эле кыйын болот. Мен кыргыз эли деп өзүнчө бөлүп жатканымдын себеби бар. Анализдеп көрдүм, 1 млн 300 миңге жакын үй-бүлөнүн ичинде бай 130 миң үй-бүлө бар. Ушулардын ичинен 15-20% эле кыргыз, калган 80%ы башка улуттун өкүлдөрү. 770ке жакын үй-бүлө орто заар үй-булө, балдарын окуткан, унаасы, үйү барлар. Мунун 50%ын кыргыздар түзөт. Ал  эми 270 миң үй-бүлө кедей болсо, анын  80-90%ы кыргыз. Ал эми бечаралар 130 миң. Үйүндө нан ооз тий дегенге эч нерсеси жок. Ошолордун 90-95%ы кыргыз болуп жатпайбы. Демек мамлекеттик кызматта жүргөндөрдүн 90%ы кыргыз. Айлыгын көтөрбөсөң ошолорго катуу тийген жатабы? Тийген жатат. Пособие алгандардын 90-80%ы кыргыз. Аларга катуу тиеби көтөрбөсөң? Катуу тиет.

 

“Ташиевдин кадамын туура көрдүм”

 

- Учурда оппозиция кризиске кептелди деген сөздөр чыгып жатат. Анын катарында элди ээрчитип кете ала турган адамдар барбы? Бир сөз менен айтканда оппозициянын колунан бир нерсе келеби?

 

- Мына көпчүлүк фракциялардын жүргүзүп жаткан ачык саясаты жок. Көпчүлүк эмнеге позиция болууну билбейт. Анткени Президентти шайлап алдык. Жаманбы, жакшыбы иштеп жатат. Демек, Президентке так, даана кемчиликтерине оппозиция жок болуп калгандыктан, оппозиция өкмөттүн позициясына пайда болуш керек. Мына тариф саясаты турат. Буга каршы оппозициялык күчтөр топтолушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө өкмөттүн экономиканы башкаруусу чабал болуп жатат. Ушуга каршы оппозиция биригип алып, “Жоок, биз мындай  башкарбайбыз, башкача жолду тандайбыз”- деп анан элге барыш керек. Азыр мына ошондой убакыт келип калдыбы деп жатам. Күзүндө же жазында оппозицияда жүргөн, жумушка бара албай калган же барам деп жаткан же болбосо саясатка жаңы аралашып баштаган жаштар биригеби деген ойдомун. Экинчиден, оппозиция болом дегендер дагы өздөрүнүн максаттарын так аныктай албай жатышат да. “Бийликке келем, анан  жыргатам”,- дегенге эл көп ишенбей калган.  Ошон үчүн элге так, айкын программа жана аны турмушка ашыра турган команда керек. Андыктан  комманда болуп чыгыш керек. Өкмөттүн программасы жакшы болуп атса да, “биз андан жакшы иштейбиз”- деп, жаман болуп жатса “биз муну жакшы иштетебиз”- деген команда менен чыкмайынча эл ээрчибейт.

 

- Сиз Камчыбек Ташиевдин кыргыз элинен кечирим сураганын кандай кабыл алдыңыз? Ушунун өзүнөн эле Ташиевди бийликке сатылып кетти деп тыянак чыгарса болобу?

 

- Кыргызда эң көп жакшы касиеттерибиз бар. Бирок, бир жаман касиетибизди 20 жылдан бери аябай өркүндөтүп алдык. Бул - көрө албастык. Унчукпасаң да көрө албайт, катуу сүйлөсөң деле көрө албайт. Эми кыргыз элинде кымызды ичип атканда да сындап ичет экенбиз да. Кымызды жасаш үчүн эмне деген гана эмгек кетет. Туурабы? Аны сааш керек, бышырып, ышташ керек. Айрым элдер бар экен сууну ичип атса да, чайды ичип атса да мактап ичкен. Анан өздөрүнүн тың чыкмаларын, ырчыларын, баатырларын көкөлөтүп, көтөрүп турушат. А биз, кыргыз тилекке каршы ушуга жарабай атабыз. Мына бош убактымдан пайдаланып Манасты окуп жатам. Убагында кыргызга Манас өзү жакпаптыр да. “Эрдиги бар, эси жок”- деп Манаска тийишкен экенбиз. Анан кантип башканы сөз кыласын. Тилекке каршы, биз баарыбыз эле эмоциянын артынан түшүп кетет экенбиз. Акыл эске таянбай. Анан ошол кемчиликтери үчүн кечирим сураган ошол ыйык Рамазан айында парз болсо керек. Ал ошол вазыйпасын аткарды. Эми эл кандай ойлойт билбейм. Мен туура көрдүм . Эгерде кечирим сурап, “мен туура эмес кылыптырмын”.- деп айтканга барса, демек, бул кишиден бир топ үмүттү үзбөй, мындан ары кемчилик кетирбейт го деген ой кетет. Мен ал кишини жакшы тааныйм, сыйлайм. Ар бир оорулуу адам өзү “мен ооруп жатам, дарыланам”,- демейинче кандай гана дарыгер болбосун ага жардам бере албайт. Бул да ошол сыяктуу.

 

- “Ата-Мекен” фракциясы кайрадан криминалга каршы күрөшүү ураанын көтөрө баштады. Анда буга чейин парламенттик шайлоодо элге берген убадасын аткарууга ким тоскоолдук кылды?

 

- Тереңирээк анализдеп көрүш керек го. Бирок такшалган саясатчы катары Өмүрбек Текебаев өзүнүн программаларынын орчундуу бир бөлүгү: мыйзамды бузуулар менен, ошонун ичинде уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшөм - деген программасы көп жакшы иштебегенине көзү жетсе керек.

 

- Басма сөзгө баам салсак же эл арасында деле “Текебаевдин бийлиги орноп, кулачын жайып баратат” деген кептер айтыла баштады. Бул айтылган сөздөрдө канчалык деңгээлде чындык бар?

 

- Парламенттик өлкөнүн көп жакшы жактары бар. Бирок, начар жагы бир партия көбүрөөк добуш ала албагандыктан, майда партиялар бириге албаганы далилденип калды. Ынтымактын жоктугу айгинеленип калды. Парламентте эки эле фракция бар. Бирөө КСДП, ошон учун улам-улам өзүнүкүн премьер кылып шайлап атат. Андан кийин эле “Ата Мекен”. Калганы жокко эсе, быркырап жок болуп баратат. Ошон үчүн мен бир гана нерсени айтып коюшум керек, парламентте суроо-талаптар чечилбегенден кийин, парламентти түзгөн өкмөт андан да алсыз болгондон кийин, бүгүнкү күндө бийликтегилердин баары тең илгеркидей эле көнүмүш адатка салып, президенттин тегерегине топтолду. Юридикалык жактан президенттин укуктары жок. Бирок, өлкөгө бирөө жооп бериши керек. Президенттин чечимине жараша баардык нерселер өтүп жатат жана өтө берет.  Ал эми коалициянын ичинде эң кыйын, такшалган саясатчылардын бири Өмүрбек Текебаев. Ал дагы дээрлик көпчүлүк жерде өзүнүн оюн өткөрүп кетип жатканы элге көрүнүп, ошондон улам ушул сөз жаралып жатса керек.

 

“Таза шайлоо уюштурушса, сөзсүз катышам”

 

- Парламент тууралуу сөз болуп калды. Сиздин пикириңизде парламенттик өлкөдөгү алгачкы түзүм өзүн көрсөтө алдыбы? Аткарган ишине кандай баа бере аласыз жана алгачкы чыйырды салды деп айтууга болобу?

 

- Парламент башталгыч класстай эле болуп калды да. Анткени саясий тажрыйбасы жетиштүү эмес деп айтсак жарашат. Интеллектуалдык көрөңгүлөрү толо элек. Баягы чоңураак мекемени жетектебеген же өзүлөрүнүн саясий позициялары бекем эмес. Дээрлик көпчүлүк депутаттар ушундай болуп калды. Биринчи жолу партиялар менен шайланып жаткандан кийин бир топ саясий көзүрлөрдүн дагы, алардын тегерегинде жүргөн үзөңгүлөштөрүнүндагы бир топ мүчүлүштүк, кемчиликтери алдын ала көрүнүп калды.  Мен ойлоп атам бул парламент дагы өзүнүн колунан келгенин жасап жатат. Бирок, жемиштүү координалдык раформаларды жасай албады. Парламенттик көзөмөлдөө функциялар күчөш керек болчу. Ага да жетише алган жок. Элге дагы даана түшүндүрө албаган жана өздөрүнүн ордун таба албаган саясатчылардын санын көбөйтө турган парламент болуп калды деген пикирим бар. 

 

- Акылбек мырза, эл ичинде сизди ар кайсы партияга тууралап жатышат. Келечектеги саясаттагы пландарыңыз кандай?

 

- Бийликтин ичинде акыркы 20 жылдан бери жүрдүм. Бирок бийлиги жок да жашаса болот экен. Бир топ саясатчылар ушул бийликтен кетип калганда эле өмүр токтоп калгандай сезишет. 2 жылдан бери бош убакыт жок. Өзүмдүн билимимди, тажрыйбамды студенттерге, аспиранттарга берип, бөлүшүп жана кыргыздардын 20 жылдагы жетишкендиктери, кандай кемчиликтерди кетирдик, ошонун үстүндө бир топ иштедим. Жанымда чогуу жүргөн балдар менен бирге анализдеп бүттүк. Көп эле жакшы үй-бүлөлөр бири бирине окшош да. Анан мындай бактысыз үй-бүлөлөрдүн эле өзүнчө ый-арманы бар. Ошол сыяктуу эле өлкө деле ошондой болот. Андыктан ар бир мамлекеттин өзүнүн өнүгүү жолу болуш керек экен. Тыш жактан айта бергендин баарына эле “ии, макул” деп коюп, аткара бербеш керек экендигине көзүбүз жетип бүттү. Ошондуктан “Өзүбүздүн өнүгүү жолубуз” деген программамды иштеп чыктым. Бүттү. Турмуш токтобойт экен. Жана айткандай эле бийлиги жок жашаса деле болот экен. Бирок, 2015-жылдагы шайлоо таза боло турган болсо, андай кепилдикти президент гана бере алат жана ал берип жатат. Ошого так аныкталган Шайлоо кодекси болсо, бүгүнкү күнгө чейин парламент так аныкталган шайлоонун тартиптерин бербей атат. Регионалдык же партиялык тизме болобу айтор, Монголиядагыдай болуп чын эле таза шайлоо боло турган болсо, анда бир топ кишилер анын ичинде мен дагы шайлоого даярданып жүрөм. Буюрса, шайлоого барайын деп жатам.

 

- Шайлоого карата биометрикалык маалыматтар чогултулат, анын арты менен таза шайлоо орун алат деген жүйөө менен өкмөт далалат кылып жатат. Чындыгында эле мындай кадамга баруу менен ачык-айкын, таза шайлоого жетише алабызбы?

 

- Бул жол адамдык факторду азайта алат. Анткени бөлөк бирөөнүн паспорту менен киргенди, чогулуп келип таштай койгонду азайтат. Бирок, адамдан амал качып кутулбайт да. Эгерде жалаң гана компьютерге ишенип кое турган болсок, компьютерди бир эле башы иштеген эртул Кыргызстандын ичинде эмес, башка жактан туруп эле башкарып коюшу мүмкүн. Мына ошол коркунучтарды биз жокко чыгарышыбыз керек. Бүт дүйнө жүзүндө, мына Америкада деле кол менен санап чыгат. Урнаны электрондук саноо бүткөндөн кийин мына ошондой кол менен санап чыгып, таза, ачык шайлоо болгондун үстүндө иштешибиз керек. Негизинен техника бир топ жардам берет. Мына Токтогулда шайлоо болгондо атайын барып, катыштым. Ал жерде мурдагыдай көп мыйзам бузуулардын жолу бөгөлүп калат экен. Бирок, муну дагы үйрөнүшүбүз керек.

 

Маектешкен

Самара Акылбекова

Булак: “Майдан.kg”, №029 (158), 20.08.2014-ж.