Коомчулук “Кыргызгаз” 1 долларга сатылып кеткенде бекеринен нааразы болуп, “майталкандуу жерди эмнеге бекер сатып атышат?”- деп таң калган. Ошондо эле бир топ эксперттер “Кыргызгазды” атайылап ушундай кудуретсиз деңгээлге жеткизип, сатууну пландап коюшканын айтып чыгышкан. Газ тармагы түз эле колдон-колго өтүп кете турган болсо, андагы былыктар жабылуу бойдон калып кетерин болжошкон.

 

Азыр абакта жаткан депутат Ахматбек Келдибеков “Кыргызгазды” сатуудан мурун ишкананы ушул чекке жеткизген жетекчилерди жоопкерчиликке тартуу керектигин билдирген болчу. Анан да, ишкананы ошончо эле 1 долларга саткылары келсе, кыргыздын патриот уулдарына карматышын талап кылган. Көрсө, экс-спикер ажыдаардын куйругун басып алыптыр. Газ тармагындагы мафиягы бийлик бүт чулганып калган экен. Албетте, аларга чындыкты айтып чыккан Ахматбектин кереги жок эле. Бат эле кылмыш иши токулуп, абакта олтуруп калды. Бирок, “кыңыр иш кырк жылда билинет”,- дегендей, газ тармагындагы афералар акырындык менен ачыкка чыга баштады. Андагы башкы каарман, албетте “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев. Президент Атамбаевдин жакын досу, КСДПнын көздө кадрларынын бири болгондуктан, Тукеңе эч кимдин тиши өтпөй турган чак. Жегени билинсе бир тууганын камагандан кайра тартпастыгын айтан ажонун Тургунбайга келгенде эле жумшак мүнөз күтүп, корголоп калганында деги эмне сыр бар? Же өзү да Туке менен кошулуп...

Иштин чыныгы чоо-жайына өтсөк. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, “Кыргызгаз” ишканасы 2012-2013-жылдары 155 миллион сомдук жаратылыш газын мыйзамсыз чыгыштап иийиптир. Текшерүүнүн жүрүшүндө 15 миллионго чукул кубометр жаратылыш газы ишкананын өздүк керектөөсүнө жумшалгандыгы айтылып, чыгышталып кеткени белгилүү болгон. Тургунбай Кулмурзаевдин тушунда андан тышкары айлык акы жана сыйлык фонду негизсиз көбөйтүлүп, чегерилген фактылар бар экенин Эсеп палатасы айтып чыкты. Мыйзамсыз түрдө сый акы, маяналарды көбөйтүү 119 миллион сомду түзгөн. Дагы 10 миллион сом материалдык жардам катары берилип кеткен. Айтор, бир да адамды көзүнө илбей, Кудайдан да коркпой калган Кулмурзаев каалашынча чартаңбай тээптир. Түрмөгө олтура тургна болсо, Келдибеков эмес, дал ушул Туке олтуруш керек экен чынында.

 

Буга чейин парламентте Тургунбай Кулмурзаевдин Баткендеги газ түтүктөрүн сатып ийгени айтылып, ал сөз ошол бойдон күм-жам болуп кеткен. Депутаттардын оозун майлап койгон эмеспи? Үч айдан ашуун убакыттан бери жаратылыш газы жок олтурган оштуктарга бир барып жагдайды түшүндүрүп койбогон “Кыргызгаз” жетекчисинин мыйзам бузууларына Эсеп палатасынан башка бир да антикоррупциялык орган кызыгып койгон эмес. Эсеп палатасы да төрайымы болуп иши таа Элмира Ибраимова олтурбаганда, буга көңүл бурмак эмес. Президентке суроо койсок болот: ушубу сиздин коррупцияга каршы күрөшүңүз?!

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg”, №25, 23.07.2014-ж.

 

"ВБ" гезитинин коллажы