“Ата-Журт” мекенчил партиясынын лидери, ар дайым чындыкты айткандан тартынбаган, бул мүнөзү үчүн камакка алынып, депутаттык мандатынан бери ажыраган Камчыбек Ташиевдин НТС телеканалына берген маеги азыркыга чейин коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынып, ар кандай ойлорду жаратууда.

 

Ташиевдин каршылаштары анын орозо айындагы жалпы мусулман журтуна мүнөздүү ыймандуу кадамын тескери нукка буруп, “бийликке сатылып кетти”, “ал өзү да Атамбаевге окшош оома, кызмат берип койсо ажону айга-күнгө теңейт”,- таризинде туш-туштан жамандатып жатышат. Бирок, мына ошол окопто жатып алып кыргыздын бирден-бир мекенчил уулун жамандап аткан адамдар К.Ташиев Ош, Жалал-Абад согушунда көкүрөгүн окко тосуп жүргөндө же болбосо Атамбаевди жарга такап, он миңдеген адамдын катышуусунда митингдерди уюштуруп атканда кайда жүрүштү эле? 2011-жылкы президенттик шайлоодон кийин (БШКнын аферасына карабастан К.Ташиев 264460 добуш топтоп, баштагы парламенттик шайлоолордогу көрсөткүчүн 7360 добушка жогорулатып, дагы бир ирет саясий аренадагы өз салмагын бекемдегенде) Ташиев эл-жерин ойлогон мекенчил адам экенин далилдеген. Себеби, ошол кезде шайлоо ызы-чуу менен коштолуп, түндүк-түштүк болуп бөлүнүү алдында турган. К.Ташиев кызматтан да эл тынчтыгы жогору тураарын көрсөтүп, ар кандай нааразычылык акцияларынан баш тарткан. Ошондуктан, бүгүн Ташиевдин оппоненттеринин “кызматка сатылды”,- дегени жөн гана былжыраган бекер кеп. Ага Мадумаров, Ниязовдо кызыга берсин. Болгону, НТСтеги кайрылуусу менен Камчыбек Ташиев ызы-чуу, кыйкырык менен өлкөнү оңдоп кете албастыгыбызды, тартип жана ынтымакта болушубуз керектигин айтты. Эгер кызыга турган болсо, башынан эле бийликтин партиялары менен коалициялаш болуп, табакташып, жылуу-жумшак олтура бермек да. Элдин тагдырын ойлогону үчүн бийликке кескин түрдө каршы туруп, “Кумтөрдү” элге өткөзүү талабын айткандыгы кечирилбей, камакка да жатып чыкты го. Окурман журту унутуп баратса, К.Ташиевдин кандай адам экенин дагы бир ирет эске салып өтөлү.

 

Элин сүйгөн, жерин сүйгөн адам гана эч качан элине, жерине чыккынчылык, жамандык кылбайт. Мекенчил адам гана мекенине милдеттүү болгону үчүн эмес, аны сүйгөнү үчүн адал кызмат өтөйт. Мекенчил адам гана башы менен ойлонуп, жүрөгү менен чечим чыгара билет. Анткени, элдин, жердин жүгү оор болот. Болбосо, соңку 20 жылдан бери бизди жалаң курсагы менен ойлонуп, чөнтөгү менен иш кылгандар башкарып, кыргыз элин жана кыргыз жерин кызмат кылуунун обьектиси эмес, бийлик жүргүзүүнүн, байлык топтоонун обьектиси катарында гана карагандар, карапайым кыргыздарды “мырк” деп, аларга ыплас буюмдай жийиркеничтүү мамиле жасагандар бийлик жүргүзүп келишти. Натыйжада өлкөбүз бар менен жоктун ортосунда “өлбө жаным өлбө” болуп жашап келүүдөбүз. Бул жагынан алганда да К.Ташиев азыркы саясий элитанын арасында бирөөнү да алдына чыгарбайт. Анын адамдык, саясатчылык сапаттарынын ичинен да эң күчтүүсү ушул мекенчилдиги. Бул касиетин досу да, касы да таналбайт. Ал өз мекенчилдигин айрыкча 2010-жылдагы июнь окуяларында ташка тамган баскандай эле далилдеп берди. Ошол мекенибизди өрт каптаган кайгылуу күндөрдө, өлкөбүз бар менен жоктун ортосунда чайпалып турган көз ирмемдерде элдин биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жанын канжыгага байлап алдыга суурулуп чыгып, элибизди, жерибизди, эгемендигибизди сактап калгандардын башында туруп берди.

 

Анын ошол учурдагы элибиздин эртеңи, өлкөбүздүн келечеги үчүн жасаган эрдиктеринин айрымдарын мисалга тарталы. Алсак, 2010-жылдын 14-июнунда Жалал-Абад шаарына топтолгон 20 миңден ашык кыргыздар дээрлик өзбек калкы жыш жашаган Сузакка чабуул коёрдо, солдаттар минип жүргөн БТРди суранып жолго туурасынан койдуруп элдин жолун тороп “Элим, мен силерди Сузакка өткөрбөймүн. Мен алдыдагы трагедиянын масштабын көрүп турам. Ал жакта да жүздөгөн адамдар куралчан турушат. Силердин да араңарда куралчандар көп экен. Мен силердин да, алардын да өлүмүн, аккан каныңарды көргүм келбейт. Эгерде Сузакка өткүңөр  келсе, мына мени атып, өлүгүмдү тебелеп туруп, анан өткүлө. Бул кайгылуу кагылышуулар, ызы-чуулар менин көкөйүмө көк таштай тийди. Менин кунумду эч ким куубайт, сөз берем. Ушул каргашаны токтотуш үчүн мен өзүмдүн жанымды бергенге даярмын, тирүү турсам силерди Сузакка өткөрбөйм” – деп кызыл кыргынды токтотуп калганы эле эмне деген эрдик.

 

Бир саамга эле элестетип көрөлүчү ошол каны кайнаган элдик селдин Сузакка чабуул койгонун. Анда накта кыргын, апаат, алаамат болмок. Азыркыдай 500 адам эмес, кеминде 5 миң кыргыз, 5 миң өзбек өлмөк, он миңдеген аялдар жесир, жүз миңдеген балдар жетим калмак, кыргыздар менен өзбектердин ортосунда кетпес кек, өчпөс так орномок, эң башкысы кыргыздардын бул жарыкчылыктагы жалгыз бейиши болгон Кыргызстаныбыз дүйнөлүк картадан жок болмок. Себеби, ал масштабдуу трагедиянын арты бүткүл Кыргызстанга, андан ары Өзбекстанга жана Борбордук Азияга тарамак. Өзбекстан армиясын кааласа да, каалабаса да өз кандаштарын коргоо үчүн Кыргызстанга киргизмек (себеби, ошол күндөрү өзбек аскерлери дээрлик биздин чек арабызга жайгаштырылган болчу). Андан ары БУУнун жашыл каскачандары, НАТОнун куралдуу күчтөрү кирмек, бул окуяларга Орусия жана Кытай тартылмак. Ошентип, дүйнөлөк геосаясаттын боркулдаган казанында кайнап эле калмакпыз. Бирок, андай болбогону үчүн (кудайга миң мертебе шүгүр) К.Ташиевдин да ошондогу ролу барган сайын унутулуп бараткандай.

 

Же болбосо “Сампа” окуясын алып көрөлү. Ош-Бишкек жолунан ары-бери өткөн кыргыздарды сепаратисттер канчасын атып өлтүрүштү, нечендеген машинелерин өрттөштү. Бирок, ошол кайгылуу күндөрү аларды токтотуучу бир да күч болбоду. Ошондо да К.Ташиев тишине чейин куралданган сеператисттерге өзү жалгыз келип, “Эмне максатыңар бар, эмне үчүн жолду тосуп, адамдарды аткылап жатасыңар, токтоткула, элдин эртеңкисин ойлобойсуңарбы”-деп аларды таратканы эле эмне деген эрдик. Натыйжада жолдогу өлүктөр алынып, өрттөлгөн машинелер тазаланып, Ош-Бишкек жолу калыбына келип, андан ары элдешүү процессине жол ачылган. Эмне ошондо сепаратистер К.Ташиевди атып ташташса болмокпу? Болмок. Себеби, ушундай эле жагдайда Нариман айылына элди тынчтандыруу үчүн келген Кара-Суу районунун РОВДсынын начальнигин сепаратисттер өзүн тирүүлөй машинесинде өрттөп, шоопурунун башын кесип каналга ыргытышканын унутуп калдыкпы? Анда эмнеге К.Ташиевге андай мамиле жасай алышкан жок, анткени анын көзү өткүр, жүрөгү өрт, ошондуктан аны менен эсептешүүгө мажбур болушту.

 

Муну менен мен эмнени айткым келип жатат? Соңку тарыхыбызда К.Ташиевдей болуп элибиз, жерибиз үчүн өз башын сайган саясатчы чыктыбы? Чыккан жок. Тескерисинче, жалаң элди курмандыкка чалышып же бийлигин сактап келишти, же бийликке жетип жатышты, бирок бири дагы өздөрүн эл үчүн курмандыкка чалышкан жок. 2010-жылдагы апрель окуяларын эле алып көрөлү. Ошол, Ак үйдүн астында кыргыздын чырактай болгон балдары мээси чачырап, каны агып, жаны чыгып атылып жатканда революциялык лидерлер кайда жүрүштү? Болбосо баары эле УКМКнын түрмөсүнөн чыгып калышкан эле го. Эмне үчүн бирөө-жарымы Ак үйдүн астына келип, каны кайнаган кыргыздын жигиттерин “кайткыла, зөөкүр Бакиевдин бийлиги силердин бир тамчы каныңарга да татыбайт” – деп алардын өмүрүн сактап калганга аракет кылышкан жок? Себеби, өлүмдөн коркушту, “бизди да ит аткандай атып ташташат” деп ойлошту, тилдери арстан, жүрөктөрү коён көрпенделер экендиктерин далилдешти. Бирок кыргыздын арстан жигиттери бийлик деген олжону кулатышкандан кийин бурч-бурчтан чыга калган Убактылуу өкмөт деп аталган гиеналар басып калышты.

 

Эгерде өткөн тарыхыбызга көз чаптырсак, элибиз караан күнгө кабылганда ар дайым калк арасынан баатырлар чыгып, аны сактап келишкен. Алсак, Манас баатыр үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап, куюккан элди чогултуп журт кылса, Барсбек баатыр Улуу Кыргыз Империясын курган. Бирок, бийлик башына кара курсагынын гана камын көргөн “келемиштер”, чөнтөгүн гана ойлогон айлакер “түлкүлөр” келген учурларда элибиз мамлекеттүүлүгүн жоготуп, көрүнгөн элдерге кор болгон жагдайларга туш келген. Ошондуктан, бүгүнкү экономикабыз ойрон болгон, мамлекеттүүлүгүбүз олку-солку болуп турганда мекенчил К.Ташиевдей болгон уулдарыбызды каралоонун ордуна, аларды алдыбызга чыгарып, керегибизге иштетишибиз керек. Экс-министр Акылбек Жапаров туура айтат, “биз К.Ташиевдей уулдарыбызды камап, куугунтукка сала берсек, эртең кошуна өлкөлөр жерибизди тартып алууга аракет кыла башташат”.

 

Арийне, К.Ташиевди абсолюттук идеалдуу адам деп айтуудан алысмын. Анда да бир катар кемчиликтер бар. Бирок, анын башкалардан эң негизги артыкчылыгы кыргыз элин, кыргыз жерин өтө сүйгөндүгүндө. НТСке берген маегинде да К.Ташиев Улуу Орозо айында кыргыз элин биримдикке чакырып кетти. Элинен кетирген кемчиликтери үчүн кечирим сурады. Өз катасын моюнга алуу ар бир эле саясатчынын колунан келе бербейт. Ага албетте ыйман жана эрк керек. Бул жагынан Ташиевдей кыргыз саясатчылары үлгү алышы керек.

 

Искендер Шайыбеков

Булак: “Майдан.kg”, №25, 23.07.2014-ж.