Айкөл элибиз Бакиевдин түрмөсүндө чирибесин деп Сиз ж.б. “мародер” соратниктериңиз үчүн Ак үйдүн астында өлүп да беришти, бул аздык кылып калды окшойт, “Алмаз уулубуз” деп президент кылып да шайлашты өзүңүз атын атагандан жийиркенген митингчи, пикетчи, жалкоо “кээ бир элиңиз”! Дагы эмне керек Сизге Урматтуу Президент? Же эмне, кекеткидей “кээ бир элде” ата – бабаларыңыздан калган биз билбеген кетпес кегиңиз, өчпөс тагыңыз барбы, айтыңызчы деги?
“Ийне көзүнөн,
Уй мүйүзүнөн
Адам сөзүнөн сынат”
(Кыргыз эл макалы).
Деги ушул президенттерге таптакыр жарыбай койдук. Элибиздеги “кыз кезинде баары жакшы, бирок жаман катын кайдан чыгат?” деген суроо У.Шекспирдин “Гамлетиндеги” “быть или не быть” деген суроосундай эле түбөлүктүү баш катырмага айланып бараткансыйт. Дегеним, биздин мамлекет башчыларыбыз шайланып келгенге чейин “нормальный кыздай” эле көрүнүшөт да, Ак үйгө киргенден кийин эле “жаман катынга” айлана башташат. Ушул өңүттөн алып караганда бардык күнөө Ак үйдөбү, эмне бул имаратка каргыш тийгенби деп да ойлоп калат экенсиң аргаң куруганда. Ушундан уламбы, Ала-Тоо аянтынан нары-бери өткөндө Ак үй шайлоого чейинки жакшы адамдарды жаман адамдарга айландыруучу “перерабатывающий заводдой” эле көрүнө баштайт экен адам көзүнө.
Антейин десең, спикер кезинде А.Келдибеков баш болгон депутаттар төрт-беш койду Ак үйдүн короосунда курмандыкка чалып кан чыгарышып, ырым-жырым кылгандай деле болушту эле, бирок таасири болбой жаткандай. Сыягы, өздөрүнөн башканы сүйбөгөн сараң депутаттар ал иш-чарага да “от души” мамиле кылбай ичтери ооруп акча чыгарышса керек, Кудайдын кабыл албаганына караганда. Тамаша тамашасы менен деңизчи, бирок чындыкка жанаша болуп жатканын моюнга алууга аргасызбыз.
Учурунда тунгуч президентибиз А.Акаев “коррупция 7-кабатка чыкты, ылайым коррупционерлерди Манас атабыздын арбагы урсун” деп каргап, оозубузду Ошту караткан. Ушунчалык катуу каргаган экен, Манас атабыздын арбагы 7-кабатта отурган башкы коррупционер өзүн уруп кетип, эми минтип Москвада качып жүрөт. Ушундан кийин “молдокелердин, арбактардын күчү болбойт, Алладан башкасынан суранбагыла да, жалынбагыла”,- деген сөздөрүнөн “сомневать” эте баштайт экенсиң. Кеп мында деле эмес, кеп А.Акаевдин эки жүздүүлүгүндө. Себеби, ошол учурда эле элдин баары билчү: өлкөдөгү коррупциянын башында өзү, аялы, бала-чакасы, урук-тууганы, дос-жары, балдыздары, жана башкалары турарын. Бирок ага карабастан эле ар күн сайын теледен жылмайып адилеттүүлүк, мыйзамдуулук, аруулук жөнүндөгү улуу сөздөрүн айткандан тажачу эмес кайран киши. Бийик пафостуу сөздөрдү эч уялбай кайра-кайра айтканына караганда, өз калпына өзү ишенип алган көрүнөт бечара киши, же болбосо элди эч нерсеге түшүнбөгөн келесоо деп эсептесе керек.
Эки жүздүүлүк жагынан экинчи президентибиз К.Бакиев А.Акаевден ашса ашты, бирок асти андан кем калган жок, кантсе да шакирти эмеспи. Ал киши да беш жыл бою “А.Акаевдин түбүнө катын-балачакасы менен “кеминизм” жетти” деп жүрүп куулуп кетти. Болгондо да, апрель революциясына 15 күн калганда, тагыраагы 2010-жылдын 22-мартындагы Ынтымак Курултайында “А.Акаев бийликке катын-балачакасын аралаштырып ушунчалык бийликти алсыздаткан экен, бир күн эмес, бир саатка да туруштук бералбады” деп айтканы эсибизде. Таң каласың, өзү күнү-түнү Акаевдин түбүнө эмне жеткенин айтып жүрүп, бирок так ошол кемчиликтерди 200 пайызга кайталап, балачакасын, бир туугандарын бийликке топтоп, эми минтип Минскиде тентип жүрөт. Мына сага эки жүздүүлүктүн үлгүсү.
Үчүнчү “чала президент” Р.Отунбаеванын эки жүздүүлүгү жөнүндө сөз коротуп айткың да келбейт. Себеби, президент дейин десең аны эч ким шайлаган эмес, президент эмес дейин десең “мен президентмин” деп эки жыл кыйкырып жүрдү. Азыр болсо уялбай этпей эле “экс - президент” атанып алган, ушунун өзү эле эки жүздүүлүктүн туу чокусу эмеспи.
Эки жүздүүлүк жагынан азыркы президентибиз кыска убакыттын ичинде алдыңкы эки жарым президентти “оптом” ашып түштү десек жаңылбаган болсок керек. Деги эле алды-артын карабай сүйлөө жагынан Алмаз Шаршенович эч кимди астына салбай калды көрүнөт. Далил катары айрымдарын мисалга тарталы. Алсак, 2011-жылы 31-августта эгемендүүлүк күнүнө арналган Манастын эстелигин ачуу салтанатында “саяктар булар саяк эмес сактар, кытайлар булар кытай эмес кара кытайлар, ал эми кыпчактар болсо Каспийден келген элдер. Ошондуктан Манас атабыз “кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деп айткан. Демек, биз, кыргыздар Манаста айтылгандай бир эл эмеспиз, биз курама элбиз” деп эсибизди эки оодарган. Ошондон кийин, Алмаз Шаршеновичтин Манас эпосун окуганынан, эгерде окуса анын маани-мазмунун түшүнгөнүнөн да шексинип калат экенсиң. Элементарлуу эле арифметиканы жүргүзүп көрөлүчү. Биз жакында эле Манас эпосунун 1000 жылдыгын, ал эми кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгиледик. Демек, Манас атабыз кыргыз улутунун эле эмес, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайда болгонунан 1200 жылдан кийин жаралып жатса, анан кантип бир эл болбой калалык. Манас атабыз мамлекеттүүлүгүн жоготуп ар жакка чачыраган, азган-тозгон кыргыз элин кайра чогултуп, аны менен эле чектелип калбастан айлана-тегеректеги башка элдерди өзүнө каратып, б.а. курап жаңы мамлекетти түптөгөн эмес беле. Деги эле бүгүнкү, элибиз бир улутка бириге, же эптеп мамлекеттүүлүгүбүздү түптөй албай турган чакта ушундай маселени көтөрүүнүн зарылчылыгы барбы? Себеби, К.Батыров деген өзбек сепаратистинен кутула албай жатканда, жогорудагыдай билдирүүлөр ички сепаратизмди пайда кылбайт деп ким кепилдик бере алат? Айтайын дегеним, маселен, кыпчак уруусундагы адам менен тейит уруусундагы адам уруша кетип, тейит уруусундагы адам кыпчак уруусундагы адамды “сен Киспийден көчүп келипсиң, Атамбаев айтты го, Каспийиңе кеткиниң” десе эмне дейбиз. Же болбосо көптөн бери “саяктардын лидеримин” деп жүргөн Н.Мотуев “биз саяк эмес экенбиз, биз улуу сак экенбиз, давай Сакстан мамлекетин курабыз”,- десе кантебиз. Ошондуктан, мейли качандыр бир мезгилде саяктар сак, кытайлар кара кытай, кыпчактар Каспийдин жака-белинде жашаган элдер болушсун, бирок бүгүн кыргыз болушуп, б.а. жер бетинен жок болуп кетпес, кырылгыс эл болуп жашап жатышпайбы.
Мындан бир топ мурдараакта Алмаз Шаршенович КТРге берген бир маегинде “ биздин айрым мекендештерибиз, мисалы дунгандар, корейлер эч бир революция кылбай эле тынч эмгектенип жакшы жашап жатышат, ал эми кээ бир элдер эмгектенишпей качан болбосун митинг кылып тополоң сала беришет” дейт. Мен маселен “кээ бир элдер” деген жерин кыргыздар деп эле түшүндүм. Себеби, эки революцияны жасагандар да кыргыздар, митинг, пикеттерди өткөрүп жаткандар да кыргыздар экенин жакшы билебиз. Ушул жерден Алмаз Шаршеновичке суроо бергим келет. Сиз ошол “кээ бир элдерге ” киресизби же башкагабы? Эгерде сиз айткан жалкоо “кээ бир элдерге” кирсеңиз, анда өз кандаштарыңызды кантип басмырлаганга дитиңиз барды?! Так ошол тополоңчу “кээ бир элдер” окко төшүн тосуп жатып сиздерди бийликке алып келбеди беле. Эми эмне “эшектин күчү адал да, эти арам” болуп калдыбы, төө кыядан өткөн соң. Эгерде кыргыздар тынбай митинг, пикет өткөрүп жатышса, демек бийлик начар иштегенине нааразы болгонунан, өз өлкөсүндө адилеттик орносун, келечегибиз кең болсун деп өткөрүп жатышат. Анткени, бул жер кыргыздардын жери, кыргыздардын ыйык Ата – Журту, алардын бул дүйнөдө башка барар жери жок, жарыкчылыктагы жалгыз бейиши да ушул жер. Ошондуктан сиз кааласаңыз да, каалабасаңыз да, аллергияңызды чыгарган “кээ бир элдер” өз мекени үчүн күрөшө берет. Учурдан пайдаланып эл арасындагы суроону кайра бергим келет. Деги сиз кайсыл жерден болосуз? Шайлоо учурунда КТРдеги дебатта “ата-бабам бир легенда боюнча Баткенден, бир легенда боюнча Таластан келген” деп тумандатып жооп бергенизден бери, элдин башы ого бетер түтүндөгөн бойдон жүрөт. Себеби, улууну урматтап кайрылган элибиз сизге же Алмаз ака деп, же Алмаз аке деп, же Алмаз байке деп кайрылышын билбей башы маң. Деги эле, легендарлуу иштерди жасап “легендарлуу парламент” атка конгон депутаттардай, сиз да келип чыгышыңыз боюнча “легендарлуу президент” эмес, аткарган ишиңиз боюнча “легендарлуу президент” болсоңуз жакшы болот эле.
Ал эми быйылкы 31-августтагы эгемендүүлүк күнүндөгү желек көтөрүү салтанатында Алмаз Шаршенович жылдагы адатын андан ары улантып, “бер, бер эле дей бербей эл жалпы аракет кылышы керек. Ар бир адам өзүнө, мамлекет мага эмне кылып берди дебей, мен мамлекетке эмне кылып бердим деген суроону бериши керек” деп митинг, пикеттен башканы билбеген “кээ бир элдерди” өчү бардай дагы бир ирет зекип өттү. Биринчиден, Алмаз Шаршенович бирөөнүн сөзүн шилтеме жасабай колдонууну маданияттуу айтканда плагиаттык, ал эми түз маанисинде айтканда уурулук деп коет. Муну сервант менен Сервантести жакшы айырмалаган Сиз билишиңиз керек болчу. Себеби, бул сөздү мындан 51 жыл башта АКШнын президенти Джон Кеннеди өзүнүн инаугурациясында “Америка мага эмне кылып берди дебей, мен Америкага эмне кылып бердим деген суроону ар бирибиз өзүбүзгө беришибиз керек” деп айтканын бүткүл дүйнө эли жакшы билет. Ошондуктан, сүйлөмүңүзгө “Джон Кеннеди айтмакчы” деген сөзүңүздү кошуп койсоңуз, андан бир жериңиз кемип калмак эмес. А балким митинг, пикеттерден башканы билбеген тупой “кээ бир элдер” муну билмек беле деп өзүңүздүкү кылып айтып койгондурсуз, аны ичиңизге кирип чыкпагандан кийин билбейт экенбиз. А мүмкүн кошоматчы спичрайтерлериңиз сиздики кылып жазып беришкендир, даңкыңызды чыгарабыз дешип.
Деги эле биздеги кошоматчы саясий истеблишмент плагиаттык жагынан эч кимди астына чыгарышпайт. А.Акаевдин убагында ошол кездеги Таш-Көмүр шаарынын акими жол жээгине килейтип “Мен таза болсом, сен таза болсоң, анда коом да таза болот (А.Акаев)” деп лозунг жаздырып койгонун көргөн эл ары өтүп да, бери өтүп да окуп, күйбөгөн жери күл болушчу. Ал эми Бакиевдин убагында “Жолду баскан арбытат (К.Бакиев)” деп жаздырып, канча жерге илдиришти. Бирок, бир да жерде бул сөздөрдүн биринчиси Исхак Раззаковго, экинчиси Конфуцийге тиешелүү экенин жазышчу эмес. Элибизде “көч бара – бара түзөлөт” деп айтылганы менен, өкүнүчтүүсү бизде көч баягысындай эле аңги – дөңгү бойдон баратат.
Эми кайрадан Алмаз Шаршеновичтин ошол сөзүнө келсек. Президентке, эл качантан бери “бер эле бер, бер эле бер” деп бийликти коколоп жүрөт деген суроону бергим келет. Мен билгенден 22 жылдан бери эле эл бечара берип эле келатат, берип эле келатат, ал аз келгенсип чет мамлекеттер да берип эле жатышат, берип эле жатышат, бирок биздин шүмшүк бийликти тойгуза албай койду го таптакыр. Сизге да маңдай тери, аккан каны, кыйналган жаны менен курушкан 5 – 6 заводун ит бекер беришти го акыры, эми эмне кыл дейсиз дагы Улуу Урматтуу Алмаз Шаршенович! Айкөл элибиз аны менен эле токтолбостон Бакиевдин түрмөсүндө чирибесин деп Сиз ж.б. “мародер” соратниктериңиз үчүн Ак Үйдүн астында өлүп да беришти, бул аздык кылып калды окшойт, “Алмаз уулубуз” деп президент кылып да шайлашты өзүңүз атын атагандан жийиркенген митингчи, пикетчи, жалкоо “кээ бир элиңиз”! Дагы эмне керек Сизге Урматтуу Президент? Же эмне, кекеткидей “кээ бир элде” ата – бабаларыңыздан калган биз билбеген кетпес кегиңиз, өчпөс тагыңыз барбы, айтыңызчы деги? Ойноп сүйлөсөңүз да, ойлоп сүйлөңүз Урматтуу Президент. Ошол сиз жаман көргөн, эмгекти сүйбөгөн “кээ бир эл” жүзүкара бийликке, боюна бүткөндөн баштап, өлгөнгө чейин чейин берип эле келатат, берип эле келатат, бирок ушул кезге чейин бийлик аларга эч нерсе бере электигин абдан жакшы билесиз. Бет тырмалыктын да чеги болуш керек да акыры. Мындан ары да кекетип, коркутуп сүйлөгөнүңүздү токтотпосоңуз Сиз даже жийиркенип атын атагыңыз келбеген “кээ бир элдин” намыстуу уулдары Акаев менен Бакиевдей кылып жолуңузга салып коёрун унутпаңыз. Себеби, Сиз айткан “кээ бир элдер” Акаев менен Бакиевге курсагынын ач калганы үчүн эмес, кадырынын тебеленгени үчүн каршы чыгышкан.
Ал күнкү өз сөзүн андан ары улантып президентибиз “баарыбыз эле акылдуу болсок, анда эмнеге жакырбыз?” деп суроо таштады. Туура маселе койдуңуз, чындап эле эмнеге жакырбыз? Ооба, элибиз акылдуу, билимдүү, керек болсо өз өлкөсүндө канча штаты бар экенин билбеген америкалыктарга, биздин окуучулар штатынын санын эле эмес, ар биринин борборлорунан бери көрсөтүп бергидей көрөңгөсү бар. Бирок, акылдуу элибиз эки жээкке бөлүнүп калганына көп болгонун Сиз жакшы билесиз да. Бир жээгинде айкөл, берешен, бирөөгө өз өлүгүн артпай тирилигин кылып жаткан, кандайдыр – бир деңгээлде дардаңбай акылдуу карапайым калк турса, экинчи жээгинде бир ууч шүмшүк, ууру, куйту, ач көз, өз көмөчүнөн башкага күл тартпаган жүзүкара акылдуу саясий элита туруп калганына көп болбодубу. Ошол көпчүлүк акылдуулар 22 жылдан бери азчылык акылдуу куйтулардын кекиртегин тойгуза албай жатканыбыздан жакыр болуп жатпайбызбы, Урматтуу Президент. Калптан эле билбемишке сала берүүнүн канчалык зарылчылыгы бар Сиз үчүн? Деги эле, Сиз өзүңүздү эл мээнетине курулган 5 – 6 заводду ит бекер менчиктештирип алган адам катары кайсыл жээктеги акылдууларга кошосуз? Жакырчылыктан кантип чыгуунун берки жээктин өкүлү катарында эң жөнөкөй рецебин айтайынбы Сизге? Ал үчүн Акаев, Бакиев, Сиз, Текебаев ж.б. башында турган саясий элитанын эски мууну саясаттан кетишиңиздер керек. Себеби, силердин шүмшүк муунуңар же эптеп революция кыла албады, же эптеп мамлекет башкара албады. Ушуну жок дегенде моюнга алыңыздарчы, бир жолу жигиттик кылып. Өзүңүз айтмакчы митингчи, корейлер менен дунгандарга окшоп эмгекти сүйбөгөн “кээ бир элдердин” өлкөсү биротоло жок болуп кете электигинде, кийинки муундар сактап калышсын.
Искендер Шайыбектегин,
"Майдан.kg" гезити
rdquo; болуп калдыбы, төө кыядан өткөн соң. Эгерде кыргыздар тынбай митинг, пикет өткөрүп жатышса, демек бийлик начар иштегенине нааразы болгонунан, өз өлкөсүндө адилеттик орносун, келечегибиз кең болсун деп өткөрүп жатышат. Анткени, бул жер кыргыздардын жери, кыргыздардын ыйык Ата nbsp;