«Агым» гезитинин 23-мартта чыккан санында жазылгандай, Нооруз майрамынын урматына депуттар шайлоочуларына сый тамак берип, элден бата алышты.
 
«Республикачы» Акылбек Эшимов болсо Кара-Суу районунда улуттук күрөш уюштуруп, 10 миң адамдын катышуусунда чоң той өткөрдү. Башбайгени ээлеген балбандарга асыл тукум жылкылар ыйгарылса, жеңилүү ызаасын тарткандар да куру кол калбай муздаткыч, телевизорго ээ болуп кайтышты.
 
Ошондой эле аталган тойго «ата журтчу» Жылдызкан Жолдошева, «республикачы» Алтынбек Сулайманов сыяктуу эл өкүлдөрү катышкан.
 
Булак : «Агым»