Печать
В мире
Просмотров: 107

Мындай пикирин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шаршембиде билдирди.

Ал радиого курган маегинде: "орусиялык саясатчынын ууланышы Кремлден түшкөн буйрутма болушу мүмкүн" экенин айтты.

Помпео бул орусиялыктар өтө өкүнүчтүү окуя болгонун баса белгиледи.

Алексей Навальный жаңы, коркунучтуу затка ууланганын, бул "Новичок" деген ат менен белгилүү уудан бир канча эсе кооптуу экенин Германиядагы "Die Zeit" басылмасы да ишенимдүү булактарына таянып, жазды. Басылма уу атайын кызматтардын лабораториясында гана жасалышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Расмий Москва азырынча бул билдирүүлөргө жооп кайтара элек.

Орус оппозициячысы Алексей Навальный 20-августта Томскиден Москвага баратып, өзүн жоготкон. Учак Омскиге чукул конуп, саясатчы "Тез жардам" ооруканасына жеткирилген. Эки күндөн кийин Берлиндеги "Шарите" клиникасына которулган.

Булак: Азаттык