Печать
В мире
Просмотров: 113

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп АКШ коронавируска каршы вакцинага ушул жылдын аягына чейин ээ болот деп ишенерин 3-майда «Fox News» телеканалындагы маегинде айтты.

Бирок адистер вакцина бардык сыноодон өтүп, элдин калың катмарына жетиши үчүн бери дегенде бир жылдан 1,5 жылга чейин убакыт керек экенин белгилеп жатышат.

Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен оору 3,5 миллион адамга жукту, 247 миңден ашык адам көз жумду. Анын ичинде АКШда коронавирус жугузуп алгандардын саны 1,1 миллион адамдан ашты, оорудан 66 миңден көп киши каза болду.

Ушул тушта дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ондогон ири фармацевтикалык компаниялар жана изилдөө институтттары вакцинанын үстүнөн иштеп жатат. Европа Биримдиги 4-майда коронавируска каршы вакцина даярдоо жана аны дарылоого байланыштуу изилдөө иштерин каржылоо боюнча онлайн жыйын курмакчы.

Ошондой эле Британия, Канада, Франция, Италия, Япония, Сауд Арабиясы жана Европа Биримдиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен бул маселени талкуулаганы жатат. АКШ был жыйынга катышпайт. Өткөн айда Трамп уюмду «Кытайга жан тартты» деп күнөөлөгөн жана каржылоону убактылуу токтотуп койгон.

Эпидемиядан катуу жабыркаган Италия карантин эрежелерин жумшарта баштады. Испания менен Германия да кадимки жашоого кайтууда. Бирок Франция менен Британия карантин чараларын ала элек.

Источник: Азаттык