Печать
В мире
Просмотров: 183

Бишкек, "Саясат.kg". Түркия альянстын артынан сүйлөшүү жүргүзсө, бул анын аброюна сокку урарын белгилеген.

Журналисттер Украина менен Орусиянын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу Пентагон менен ЦРУнун (Борбордун чалгын башкармалыгы - Центральное разведывательное управление ) ачыкка чыгып кеткен жашыруун документтеринин чоо-жайын билишти.

Ачыкка чыккан маалыматтарды The New York Times менен Washington Post гезиттери талдап чыкты.

Документтерге ылайык, февралдын башында "Вагнер" жеке аскердик компаниясы Украина жана Малидеги согуш үчүн курал жарак сатып алуу боюнча Түркия менен сүйлөшкөн. Тараптар келишим түзгөн-түзбөгөнү белгисиз. Washington Post НАТОнун мүчөсү болгон Түркия альянстын артынан сүйлөшүү жүргүзсө, бул анын аброюна сокку урарын белгилеген.

Документте Кытайын Украинадагы согушка карата позициясы да каралган. ЦРУнун баяндамасында Бээжин НАТОну агрессор катары таанып, Орусияга колдоо көрсөтүүнү күчөтүшү мүмкүн экени айтылган.

Маалыматтарды ким ачыкка чыгарып жибергени аныктала элек. Журналисттердин белгилешинче, бул жагдай АКШнын союздаштары менен мамилесин татаалдаштырып, “Американын сыр сактоо мүмкүндүгү күмөн жарата баштады”.

Өткөн жума күнү АКШнын Коргоо министрлигинин жетекчилери жашыруун маалыматттарды алууга чектөө киргизди. Washington Post гезитинин булактарынын бири бул чара адаттан тыш экенин жана Пентагондун дүрбөлөңгө түшүп жатканын көрсөтөрүн билдирди.

АКШнын Юстиция министрлиги иликтөө иштерин баштады.