Чен Мао Чун менен Гао Жин Вей аттуу кыргызча бир сөз билбеген кытайлык “ишкерлер” Кыргызстанда жаңжал жаратышып жүрөт. Алар кыргыздын соту, милициясы биригип алып “ишибизди” тартып алды деп Президентке дейре кайрылуу жолдошкон. Ал эмес аларды тааныбаган “тарапташтарын” митингге тартышкан. Бирок окуялардын чоо-жайы алар ишендиргендей эмес, башка өңүттө ачылып жатат.