Жаңы Конституциянын долбоорунда граждандарды жарандыктан ажыратуу нормасы да киргизилген. Бул норма боюнча жарандыктан ажыраган адам көпчүлүк укуктан айрылат. Кыргызстанда жашоого, шайлоо жана шайлануу укугунан айрылат. Ал жада калса өз укугун коргой албайт. Андай адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү 1933-1937- жылдардагы “эл душманы” статусуна теңелип калат. Мектепте окуй албайт, басмырланат ж.б.у.с.