Бишкек, “Саясат. kg”. Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованын атасынын тирүү кезинде эле үй камагына алынып, коомчулук менен байланышы үзүлүп калган. Айрым маалымат каражаттары Каримованын 5-ноябрда уулануудан улам каза таап, сөөгү ошол эле күнү жерге жашырылып, бейити тегизделип коюлганын Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматында иштеген жашыруун өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.