7-ноябрь – басма сөз күнү, майрам дейбиз. Майрам эмес эле акыл айран болуп турган чагы. Соңку тапта өлкөбүздө сөз эркиндигине туш тараптан кысымчылык ого бетер күчөдү. Муну президент Алмазбек Атамбаевди сындай коем деп эки миллион сом айыпка жыгылган www.maalymat.kg сайтынын ээси, журналист Дайырбек ОРУНБЕКОВ кабарчыбызга курган маегинде дагы бекем ырастады.