Ошондуктан биз экинчи талабын - бешбармак даярдоонун бардык процессин видеотасмага алып, аны англис тилине которуп, Гиннеске жиберүү талабын тандап алдык.
“Тойдун болгонунан да болору кызык” демекчи, бир нече демилгечи жарандык коом өкүлдөрү 1 тонна бешбармак, 100 метр чучук даярдап, Гиннестин рекорддор китебине кирүү аракетин көрүп жатышкандыгын жарыя кылышканда, ишенип-ишенбей калганбыз.
Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалган бешбармак 1 тонна 464 кг, ал эми чучук 117 метр болду.