Түркиядагы "Достук жана маданият коому" Анкарадагы кеңсеси жабылганына карабай, Стамбулда ишин күчөтүү ниетинде. Түркияда кыргыз диаспорасы катары саналган "Достук жана маданият коомунун" мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү өлкөдөгү төңкөрүш аракетинен кийин Кыргызстанга кетип калганы кабарланган. Ошондой эле коомдун демөөрчүлөрү Фетхуллах Гүлендин жамаатына тиешеси бар деген пикирлер да айтылган.