Печать
О чем пишут в СМИ
Просмотров: 897

Ток этер жери...

 

Акындардын таланты таш жарып, дарыядай ташкындап, көк асманды калчап турган учурда алардын ички туюмунан жана көкурөктөрунөн жаралган ырлары ташка тамга баскандай болуп, эч качан өчпөйт турбайбы. Акындар өздөрүнүн жеке турмушу менен алектенбестен, элинин бүгүнкү, эртеңки жана келечектеги жашоосуна көз чаптыруу менен, ал жашоонун ачуу-таттуусун элге түшүндүрүүгө далаалат кылышкан тура. Биз ага өз учурунда маани беребизби, бербейбизби, кайдыгер болобузбу, айтор ал ырлар акындын экинчи өмүрү менен эл арасында жашап келет.

 

Ооба окурман! Баягыда бир кыргыз айткандай: улуу кишилерди тирүүсүндө баркына жетпей, өлгөндөн кийин ал кишини эстеп, издеп-изилдеп, таазим кыла баштайбыз.

 

Мына ошол кыргыз акындарынын бири Турар Кожомбердиев деп эсептеймин. Кезинде акын Турар Кожомбердиев:

 

“Чай коюп ичсем дейт имиш,

Тозоктун куйгөн отуна”,-

деп жазган ыр саптары азыркы 25 жыл аралыгында имиштен чындыка айланып, Кыргыз мамлекетин жана кыргыз элин талап-тоноп келген бийлик адамдарына таамай айтылганы акыл калчаган кишини таң калтырат .Чындыгында бийлик азаматтары экс-президент А.Атамбаевдин президенттик башкаруусунун тушунда чексиз, жоопкерчиликсиз тайраңдашканы чындык. Ооба, чындык! Чындык жоголбогондуктан азыр ачыкка чыккан учуру, эл күбө.

 

Көрсө, кимдин карызы болуп, төлөгөнгө үлгүрбөй дүйнө салса түз эле тозокко түшөт тура. Мына кыргыз эли Кытай мамлекетине карызбыз. Эми кыргыздар дүйнө салса аркы дүйнөдөгү “Уңкур ва Манкур” сурак жүргүзүп, андан кийин кыргыздарды “карызыңар бар экен” деп тозокко сала бериши турган кеп. Ал учурда дүйнө салган кыргыздар тозок отуна күйсө, экс-президенттер: А.Акаев, К.Бакиев,А.Атамбаев, премьер-министрлер С.Исаков, Ж.Оторбаев, Ж.Сатыбалдиев, министрлер О.Артыкбаев, А.Шадиев, А.Калиев, мэр А.Ибраимов ж.б. тозоктун күйгөн отуна чай кайнатып ичишеби?

 

Ооба окурман! Алар ошентип тозоктун күйгөн отуна чай ичип келишкен жана да ичишүүдө. Өздөрүнүн чай ичкени аз келгенсип, тозоктун күйгөн отундагы чайдан үй-бүлөсү, туугандары, таяке-жээндери, куда-сөөк, аке-жакеси менен да ичишет. Алар ичкен чай кайнаганча, канчалаган кыргыз от болуп күйүш керектигине сарасеп салалалы. ТЭЦ толук модернизация болбой акча каражатынын жең ичинен уурдалышы, элдин кыш чилдеде суукта калышы, элге пайда алып келбеген жана көкөйду кескен “Кумтөр” алтын кенинин маселеси - экологиянын бузулушу, жол куруудагы акча каражатынын уурдалышы, бирөөлөр өлүктү көмгөнгө 2 кв.м жер таппай жүрсө, бирөөлөр ондогон га жер тилкесине ээлик кылышы, бир миллиондон артык тентиген кыргыз мигранттар, өлкөдө жумушсуздуктун жылдан-жылга өсүшү ж.б.; Тозоктун күйгөн отунан чай ичүү бийлик адамдарына адат болуп калууда. Алар бул адаттары, жосундук иштери үчүн үй- бүлөлөрү менен кыргыз өлкөсүнөн биротоло кетип-жоголушса жакшы болот эле.

 

Экс-президент А.Атамбаев тушундагы бийлик адамдарына эл жек көрүү сезими менен мамиле жасашууда. Анткени ММКларда айтылгандай, алардын жүргүзгөн саясаттары жана аткарган иштеринин найтыйжасында кыргыз жери кытайга өтүүдө деген каңшаар сөздөр таркалууда.

 

Бул макаланы жазып жатып, тозоктун күйгөн отуна чай коюп ичкендердин кылык-жоругуна чыдабай президент С.Ш.Жээнбековко “сунуш” жолдодум. Элди тозокко салган, мамлекетти бүлүндүрүүгө аракет кылган бийлик адамдарын  Кыргыз Республикасынын “Аскердик трибунал” соту аркылуу кылмыш жаза жоопкерчилигине тартууну.

 

Айтбай Абдыкадыров,

“Хан ордо-7 АТА” аталыгынын координатору

 

Булак: “Майдан.kg” гезити

Темы: