Бишкек, “Саясат. kg”.  Ош облусуна караштуу Ноокат районунда террористтер УКМК кызматкерлерине кол салышты.

 

 

Картинки по запросу террористы 

 

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда террористтер УКМК кызматкерлерине кол салышты.

 

Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, эл аралык террористик топтун бөлүкчөсүн уюштурган адамдарды издөө иштерин жүргүзүп жаткан УКМКнын эки кызматкерине бычак сайылган.

 

Учурда бычак жеген кызматкерлерден саламаттыгы канаатандыраарлык. Кол салган террористтердин өздүгү аныкталды жана  ошол аймакта  “Перехват” операциясы жарыяланды.

 

Факт  боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду.